Кыргызчылык


Жарма патриот


болбогулачы, байболгурлар…



Кыргызчылык деген сөз акыркы убакта шылдыңга айланып баратат. Чындап эле шылдың менен айтышат. Жасалган кемчиликтердин баарын этегинде кыргызчылыкка шылтап коюп, баса беришет. Өзү күнөөлүү болсо дагы ал үчүн жалпы кыргызды күнөөлөйт. Ага дагы себеп бар. Анткени бирөөнүн атын ачык айтып күнөөлөө кыргыз коомчулугунда абдан орчундуу көйгөй алып келет. Баары эле акылдуу. Айрыкча депутаттар. Азыркы Жогорку Кеңешке сөз жок. Баары эле улутчул көрүнгүсү келет. Бирок улутчулдук деген кеңири түшүнүк, жоопкерчиликтүү маселе экенин билишпейт.

Мисалга ала турган болсок, ошол эле улутчулмун деп кыйкырып жүргөн депутатты карасаң, ара-чолодо эки сөзүнүн бирин орусча сөздөр коштойт. Жанагы "только", "потом", "вообще" деген сыяктуу нан чайнагандай сүйлөнгөн күнүмдүк сөздөрдү кошпогондо деле оркойгон акцентине карабай туруп орусча сүйлөп акылдуусунганда күйбөгөн жериң күл болот. Эгерде ошол адамдар менен кеңири сүйлөшчү болсоң, алты сүйлөмдөн кийин кыргызчага өтүп кетет. Себеби билбейт да. Биз аларды күнөөлөп, улутчулдукка каршылык кылуу оюбузда жок. Бирок улутчулдук дегенде бизде жапайы формада эмес, мамлекеттин кеңири улутчулдукка багытталган кыйыр саясаты болушу керек. Өзүн улутчулмун деп төш кагып жаткан адам трибунага чыгып акыл үйрөтүүдөн мурда өзүн күзгүдөн карап, улутчулдук эмне экенин билип алышы абзел. Туура, улутчулдук десе Адольф Гитлерди, Бенито Муссолинини элестетип. Айкырык салгандар аз эмес. Аларды дагы түшүнсө болот. Бирок улутчулдук дегенде, өз улутунун, мамлекетинин камын көрүү деген түшүнүктөрдү айкалыштырышыбыз керек. Мисал катары жакынкы тарыхыбыздагы Исхак Раззаковдун жүргүзгөн саясатын эле алалы. Ал киши Мустафа Кемаль Ататүрк сыяктуу тогуз жолдун тоомундагы перспективдүү мамлекетти башкарган эмес. Ал киши жарым феодалдык коомдо жашап жаткан тоонун арасындагы кичинекей күнкор республиканын жетекчиси болгон. Өзү өмүр бою Өзбек ССРинде жетекчи кызматтарда жүрүп, Кыргызстанга Өзбек ССРинин ошол кездеги биринчи катчысы Усман Юсуповдун сунуштамасы аркылуу которулуп келген. Ал киши Кыргызстанга келгенде жергиликтүү кыргыздарды өзүнүн бийик интеллектуалдык касиети, билими, ошол эле учурда кыргыз тарыхын, маданиятын терең тааныгандыгы, түшүнгөнү менен таң калтырган адам болгон. Тоо-ташта койдун артынан жүргөн жергиликтүү кыргыздарды шаар жерлерине чогултуп, көп кабаттуу үйлөрдү бөлүп берүүгө жетишкен. Кыргыз жаштарына Москва шаарынан бюджеттик билим алууга квоталарды, ар кандай жеңилдиктерди алып берген. Кыргызстандагы ошол кезде ачылган бирин-экин жогорку окуу жайларда башталгыч курстагы студенттер үчүн кыргыз тилинде окуу усулун киргизген. Республикада кыргыз мектептери көбөйүп, орус жана өзбек мектептерине кыргыз тили сабактары милдеттүү түрдө окутула баштаган. Ал эми башталгыч класстагы балдарга түшкү тамак киргизилген. Мына ушундай аракеттери үчүн 1961-жылдын 2-майында Исхак Раззаков Кыргызстан КП БКнын саткындарынын жардамы, Москванын көрсөтмөсү менен атайын жыйында кызматтан алынып, анын реформаларын колдоого алган Кыргыз ССР министрлер советинин төрагасы Казы Дыйканбаев кызматынан төмөндөтүлгөн. Исхак Раззаковдун убагында, "Манас" эпосу элдик эпос катары таанылып, анын маселесине акыркы чекит коюлган. Ошондой эле Манас эпосунун 1100 жылдыгын белгилөөгө аракеттер көрүлө баштаган. Тилекке каршы, орус шовинисттери жана кыргыздын ошондогу айрым саткын бюрократтары тарабынан тоскоолдук көрсөтүлүп, акыры ишке ашпай калган. Мына ушул сыяктуу маңыздуу тарыхый эрдиктердин баарын Сталиндин доорунда бийликке келген Исхак Раззаков колунан келишинче мыйзам чегинде ишке ашырган. Ал киши азыркы депутаттарыбыздай ооз көптүргөн эмес. Көрө албастарды өзүнүн бийик адамгерчилиги, дипломаттыгы, чечендиги менен жеңген. Мунун баарын мисалга тартып жатканым, бизге мына ушундай куруучулук, жаратмандык коштогон улутчулдук керек. Тилекке каршы, азыркы улутчулмун деп, бакырып жаткан депутаттарыбыз "Манас" эпосунун канча сабын окуду болду экен? "Кулаалы таптап куш кылган, Курама жыйып журт кылган" деп Манас бабабызды айга-күнгө теңеп мактап жаткан президентибиз Алмазбек Атамбаев жок дегенде эпостун кыскартылган кара сөз түрүндөгү жомок вариантын окуду бекен? "Биздин Манасыбызды Кытай мамлекети тартып алды" деп жер сабаган адамдар ЮНЕСКО деген сөздүн чечмесин билет бекен жок дегенде? Мына ушундай бир катар суроолор бар. 14-март күнү парламенттин пленардык отурумунда Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов катышкан маданият маселеси боюнча угууда билгени деле, билбегени деле маселе көтөрүп, жагынуунун амалын кылганы өкүнүчтүү. КСДПчы бир депутат айым Таластагы "Манас Ордо" комплексинин маселесин көтөрүп жатып "ал жердеги тоону кайсы жылы казышты эле бизнесмендер?" деп Ибрагим Жунусовдон сурап жатат. Эми депутат болгондон кийин атайын жардамчы, консультант, кабинет, интернет, компьютер деген мүмкүнчүлүктөрү бар туруп, коюлуп жаткан маселени тактап, өзү айткандай, ал тоонун аталышын, казуунун кайсы жылы болгонун тактап алса болот эле да. Биринчиден, ал тоонун аты "Кароол Чоку" деп аталат. Ал жерге 2004-жылдан баштап Грузия мамлекетинин атайын археологдор коштогон бизнесмендер тобу казуу иштерине уруксат сурап кайрылганда мурдагы президент Аскар Акаевдин каршылыгы менен маселе жабылган. Кийин Курманбек Бакиевдин убагында идеология дегенден түшүнүгү алысыраак президенттин башын айлантышып, ошондогу мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жана президенттин кеңешчиси болуп турган Чолпонбек Абыкеев деген агаларыбыздын кийлигишүүсү менен казуу иштери башталып, ал жергиликтүү тургундардын, саясий акциялардын каршылыгы аркасында токтотулган. Эми ушул маалыматтарды Эркингүл айым google.kg сайтынан заматта таап алса болот эле да. Андан кийин сөз алган Камила Талиева Лейлек районундагы 100 жыл мурда курулган эки музейдеги баалуу буюмдар тууралуу айтып жатып, аларга каражат бөлүнүшү керектигин айтып чырылдаганы жакшы. Бирок каражат эмнеге бөлүнүшү керектигин, анын сметасы канча, мына ушунун баарын атайын кеңешчиси, жардамчылары менен кат жүзүндө даярдап, министрликке, өкмөткө сунуштап, андан кийин гана талап кылса болот эле да. Анткендин ордуна эптеп бир нерсени айтып элге улутчул катары көрүнүп калуу аракетин жасашат. Урматтуу депутаттар, билермандар, улутчулдук деп силер мисалга тартып жаткан аракеттер мамлекетти кыйроого гана алып келет. Эгерде биз мамлекетти күчтөйбүз, жаңы идеология калыптандырабыз десек, анда жаратмандыкты туу тутушубуз керек. Негизи эле өзүн билимдүү, акылдуу эсептеген адамдарыбыздын тышкы келбети Европанын маданияты аралашып, орусча сүйлөп, акылдуусунгандары менен ички туюм-сезимдери 16-кылымдагы феодалдык доордогу түшүнүктөрдөн айырмасы деле жок. Эл алдында баары ынтымак, биримдик, мамлекеттик өнүгүү сыяктуу кооз сөздөргө жык толгону менен көшөгө артына кирер замат уруу-урууга бөлүнмөй, түндүк-түштүк сыяктуу жаралуу маселелердин ичегисин чууруп киришет. Өздөрү бийликти абдан сындашат. Непадам, өзүнүн кемчилигин ачыктап койчу болсоң, териңди тескери сыйырып киришет. Мисалга "Ата-Мекен" партиясынын Американы сүйгөн батышчыл депутаты Өмүрбек Абдрахманов бийликти туздаганда ага эч ким жетчү эмес. Бирок өткөн жылы "Манас" эпосу, Курманжан датка, Исхак Раззаков, кыргыздын улуттук баалуулуктары, калпак, элечек тууралуу мага көзмө-көз айткан шылдыңдуу, терс сөздөрүн коомчулукка чыгара койдум эле, каны кайнап, мамлекеттик ММКларда ортого салып, ар кандай айла-амалдарды колдонуп эле жатып калды. Заматта кабинетине Манастын бала чагынан баштап бир топ сүрөттөрдү пачкасы менен алып келип иле коюп, мандатын сактап калуу максатында актанып кирди. Жакында эле интернет баракчасында Ширин Айтматованын терс аракеттерин сындай коем деп балээге калгам. Бул биздин "элитанын өкүлдөрүбүз" деп төш каккан адамдар. Өзүбүз шайлаган депутаттар, эл башчылар ушундай аракеттери менен кыргызга кантип жол көрсөтүп, кантип элге үлгү болот? Анан эле жасаган жамандыктардын баарын жалпы кыргызга шылтап, өздөрүн актап киришет. Дагы кабинеттерине Исхак Раззаковдун сүрөтүн илип алгандарын кантесиң. Жок дегенде ошол инсандын тарыхын, өмүр баянын билип алсаңар болмок. Же бул дагы кыргызчылыкпы?

Адилет АЙТИКЕЕВ