Шумдугуң кур...

Эшпаевдин өлүмүнө күзөтчүлөр жооп берип калабы?!


МАИ кызматкери Айбек Эшпаевдин өлүмү бүгүнкү күнгө чейин коомдо күмөн ойлорду жаратып, массалык маалымат каражаттарында анын өлүмүнүн себеби жана асынып өлгөн шарф тууралуу маалыматтар бир нече вариантта тынымсыз жарыяланып келет.
Эске сала кетсек, 2012-жылдын 11-февраль күнү "Пара алганга аракет кылган" деп кылмышка шектүү катары МАИ инспектору Айбек Эшпаев каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына алып келинген. Буга чейин өз жанын кыйганга аракет жасаган ага лейтананттын асылган жансыз денесин 13-февраль күнү таңкы беште убактылуу кармоочу жайдан табышкан. МАИ инспекторунун өз жанын кыйганына ишенбеген жакындары "Эшпаев өз өмүрүн кыйышы мүмкүн эмес, аны УКМК кызматкерлери өздөрү эле өлтүрүп коюшту. Биз эч качан ишенбейбиз! Бизге акыйкаттык керек!"деп, нааразы болушуп, бир топ митигге чыгышкан. Нааразычылык акциясын уюштурган маркумдун туугандары менен кесиптештеринин талабы менен УКМК төрагасы Шамиль Атаханов чыгып: "Эшпаев өз жанын өзү кыйган", - деп жооп берген.Төраганын эл менен жолугушуу учурунда "Ал каалаган жеринен асынып өлмөк" деген сөзү жакындарынын кыжырына тийип, бир топ кыжырданууларды жаратты.
Учурда тергөө ишин Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат.


Тергөө иши жыйынтыкталганга чейин ашыкча маалымат бергенден корккон Аскер прокуратурасынын ишти тергеген тергөөчүсү Рустам Сейдакматовго кайрылдык. Бирок, ал суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартып, ооз учунан кыска гана жооп берди:

Ачык саясат плюс: -Тергөө иши тууралуу сөз кылсаңыз...
Тергөөчү: -Бул окуя боюнча 14-февралда УКМКнын алдындагы Убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлерине карата КРнын КЖКнын 316-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын чыгарганга дагы бир нече материал жетишсиз болууда. Бир-эки күндүн ичинде тергөө иши боюнча жыйналыш өткөргөнү жатабыз. Коомдо резонансты жараткан маселе болгондуктан, бизге ашыкча маалымат бергенге болбойт...
А.С: -Бизге жеткен маалыматтар боюнча, күнөөнү иштеги шалаакылыгы үчүн жалгыз күзөтчү жигитке илип жатыпсыздар?
Тергөөчү: -Жок, бул маалымат туура эмес. Биринчи күзөттү өткөргөн жана күзөттү өткөрүп алган экинчи тараптын кызматкерлерине кылмыш ишин козгогонбуз.
А.С: -МАИ кызматкери асынып алган шарф-аялдын шарфы деген маалыматтар чынбы?
Тергөөчү: -Эч кандай аялдын шарфы эмес эле, эркек адамдын шарфы. Эшпаевдин жубайынан "Бул шарфты тааныйсызбы, жолдошуңуздун шарфыбы?" - деп сурадык. Жубайы жолдошунун шарфын таанып, "Ооба" - деп жооп берди. Узундугу 135 см болгон боз түстөгү шарф. (Түктөрү сапсайып чыгып турган эркек адамдын шарфы экендигине өзүбүз күбө болдук).
А.С: - Шарф орган кызматкерлеринин формасына кирген шарфпы?
Тергөөчү: -Жок, кадимки жарандар тагынган шарф. Укук коргоо органдарынын формасына кирбейт.
А.С: -Биринчи суицидтен кийин, Эшпаев жаралуу болуп турганына карабай, кайрадан убактылуу камоочу жайга алып барышканы чынбы?
Тергөөчү: -Биринчи суицидден кийин, кайрадан камоочу жайга алып барышканы чын. Эшпаев биринчи жолу өлгөнгө аракет кылып, кан-тамырларын кескенде, аны тез жардам менен республикалык оорукананын кан-тамырлар бөлүмүнө жеткиришкен. Кан-тамырларын тигишип, тез жардам көрсөтүлгөндөн кийин, УКМК кызматкерлери дарыгерлерден "Эшпаевди алып кете берсек болобу же госпитализация кылыш керекпи? - деп сурашканда ак халатчандар: "Алып кете берсеңер болот. Магистралдык кан-тамырлар кесилбептир. Тигүү учурунда эч кандай кан чыккан жок. Ден соолугуна коркунуч туудурбайт", -деп жооп беришкен. Дарыгерлердин көрсөтмөсүнөн кийин инспекторду алып кетишкен.
А.С.: - Тийиштүү видеолор сиздердеби?
Тергөөчү: - Ооба. Камерага ким, канчада кирип-чыкканын айкындоочу видеолор бар. Тергөө ишин жүргүзүүдө видеонун салымы чоң. Баарын кылдат иликтеп, буюрса, бир-эки жуманын ичинде иликтөө ишинин жыйынтыгын чыгарабыз.

Редакциядан:
Бизге жеткен маалыматтар боюнча, эч нерседен капары жок жумушка келип, күзөтүн өткөрүп алган күзөтчүгө кылмыш ишин козгоп жатышыптыр. Тагыраак айтканда, мажбурлап, карапайым күзөтчүнү кылмыш ишин мойнуна алдыруу жолу менен. Эшпаев биринчи күзөт учурунда же экинчи күзөт учурунда өлүм менен коштошконун эч ким билбейт. "Эки дөө согушса, ортодо чымын өлөт" демекчи, эмнеси болсо да, тергөө иши таза жүргүзүлүп, ак-карасы аныкталышын күтөбүз. Антпесе, жөн жерден өйдөдө "крышасы" жок байкуш жарандар эле кыйналып калууда. Ишти көзөмөлгө алып, журналисттик иликтөөбүздү улантмакчыбыз.
Барчын АСАНОВА