Кыргыз Республикасынын Президенти
Алмазбек Атамбаевге

Ачык кат



Урматтуу
Алмазбек Шаршенович!
Мен, Максат Кунакунов, Жогорку Кенештин мурдагы чакырылышынын депутаты катары Сизге ачык кат менен кайрылып жатам. Буга чейин сиз жана сиздин жактоочуларыңыз тарабынан мага карата "бакиевчил", "акжолчу", "аферист" деген айыптоолор коюлуп келди. Антсе дагы жалпы кыргыз жарандарынын бири катары, сиздин адамгерчилигиңизге үмүт артып, бир өзгөрүштү күтүп келгем. Элибизде " бетке айткандын заары жок" демекчи, сиз бүгүнкү күндө эл ишеничин актай алган жоксуз. Мейли, сиз мени канчалык далилсиз караласаныз да мен таарынбайм, бирок мындан ары минтип жашоого болбойт. Ошого байланыштуу өзүмдүн жеке кайрылуумду сизге кат аркылуу жолдоп олтурам.
Алмазбек Шаршенович, качанга чейин элдин эртенкисин алдап, өлкөнүн тагдырын тобокелге салып келесиз? Бакиевдин убагында калк канча кыйынчылыкты башынан кечирди дегенибиз менен, эки жыл аралыгында Убактылуу Бийлик аталган журт башчылары , андан соң Роза Отунбаева (сизге кол жоолук болгон), бүгүнкү жетекчи катары сиз эч нерсени өзгөртө алган жоксуңар. Мамлекетибизге кадам шилтебей калган инвесторлор мындай турсун, кадр маселеси коомчулуктун өкмөт башчыларына ишенимин жоготуп, ансыз да жүрбөй жаткан арабаңызды артка тартты. Өлкөбүздө парламенттик башкаруу зарылдыгы жеке сиздин сунушуңуз менен ишке ашканы баарыбызга белгилүү. Бир кезде:"Бийликти акыйкаттык менен жүргүзөбүз. Мурдагыдай жетекчилердин өзүм билемдиги болбойт. Коррупция менен катуу күрөшөбүз", - деп алтын шилекейиңерди чачыратып, арбак алдында ант бергениңер эсиңерден чыктыбы? Учурда ар бир министр сизден жана премьер-министрдин алдынан "каттоодон" өтүп, андан кийин гана кызматка ээ болуп жатканы коррупция эмеспи? Мамлекет үчүн мындан дагы оор коркунучтар бар. Эн негизгиси сиздин туура эмес иш алып барууңуздун айынан мамлекетибиз беш коркунучтун босогосунда турат:
Сиздин февраль айындагы Россияга болгон расмий сапарыңыздан кийин эки мамлекеттин карым- катнашына жарака кетирдиңиз. Өлкө үчүн жооптуу шайлоо учурун баштан кечирип жаткан Россиянын жетекчилигине ошончо орой мамиле жасоонун кереги бар беле? Бүгүнкү күндө миңдеген кыргыз жарандары ошол өлкөдө баш калкалап, үй-бүлөлөрүн багып, малекетке чоң киреше түшүрүп жатышканын, башыбызга түшкөн оор күндөрдө биринчилерден болуп кол сунганын, өлкөбүздүн келечегине кошуна өлкөлөрдүн жөлөгү менен гана бара аларыбызды кантип танабыз? Эгемендүү өлкө экенибиз ырас. Мындан келди, биринчи элибиздин суроо талабын аткарып, эртеңкисин ойлошубуз керек эле да. Ачка турган элдин эртең көтөрүлүп чыгып, үчүнчү революцияны жасабасына ким кепил боло алат? Мени дагы бир таң калтырган нерсе, айланаңыздагы аттуу-баштуу кеңешчилериңиздин миллиондогон кыргыз жарандарынын Россияда баш калкалап жатканын эске алуу керектигин, өкмөт башчысы катары сиздин орой мамилеңиздин арты менен ошол жактагы жарандарыбыздын жабыр тартып каларын эсиңизге салбагандыгы болуп жатат. Алар кайтып келишсе жумуш, маяна менен камсыз кыла албасыңызды, же адаттагыдай бирөөну күнөөлөгөн шылтооңузга бул жолу коомчулук ишенбөөсүн да унутпасаңыз. Тилекке каршы, кыйналган элдин акыркы чыдамын түгөтүп, катарлаштарыңыз менен жагымсыз саясатты жүргүзүп келе жатасыз. Мамлекеттин ички саясатын ушунчалык алсыз болгонуна байланыштуу кээ бир өлкөлөр биздин мамлекетке да Косово кейпин кийгизгенге ашыгып жатышканы да белгилүү. Анткени алар үчүн биздин алсыздыгыбыздан улам абдан ыңгайлуу шарттар түзүлүп, баскынчыларды издөө, эркиндиктин душмандарын издөө менен алектенишери бышык. Борбордук Азияга баары муктаж. Анткени ал чоң саясат талаасында чоң роль ойнойт. Мунун баарын көрсөңүз да көрмөксөнгө салып жатканыңыз калкты ойго салууда.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө социалдык-экономикалык жакырчылык коомчулук үчүн көнүмүш адатка айланып, анын аягы оңдолгус жыйынтык менен бүтөрү шексиз. Карышкырды туңгуюкка камаса, болгон күчү менен мергенчиге тап берет эмеспи. Сиздин кеңешчиңиз болбосом да айтаарым, иш планыңыздан тышкары эл менен жолугушууларды өткөрүп, журт аралап көрсөңүз, эл эмне менен дем алып, кандай абалда жашап жатканына күбө болмоксуз. Ал эми бийлик сүткорлуктан чыга албай, кандай жол менен казынага кол салуунун жолун издеп жаткандай.
Коалиция жолу менен түзүлгөн бийлик элди уруу-урууга, кокту-колотко, түндүк-түштүккө, партияларга бөлүп тынды. Кадрлар маселеси баягы Мамайдын көрү. Сиздин системаны алмаштыруу керектигин кан какшаган оюңуз да ишке ашпай келет. Бийлик иштеп чыккан кезектеги "бийик деңгээл" структурасында, ар бир министрлик өзүн өзгөчө көрсөтүп, башкалардан айырмалануунун үстүндө гана иштеп жатышканы билинди. Чындыгында, бул татаал учурдан чыгуунун жолу жөнөкөй эле. Кесибин жакшы өздөштүргөн адамдарды алмаштыруу керек. Жаш деп эле тууган-туушкан, тааныш-тамырларды жыя берүүнү токтотуш керек. Мамлекет башында билимдүү жаштар келүү менен баары ордуна келип мамлекеттин иши алдыга жүрөрү бышык.
Сиз коррупцияга каршы иштөө планыңыз менен тескерисинче ага кенен жол ачып бердиңиз. Тилекке каршы кадрлардын баары коррупцияга каршы күрөшчү жайга кирип, "тез байып кетүүнүн" амалын ойлоп калышты. Анткени коррупциянын негизги маңызы, май-талканы ошол жерде болуп жатканын өз көзү менен көргөндөр аз эмес. Ушуну кантип коррупция менен күрөшүүнүн булагы дегенге оозуңуз барат?
Мамлекетибиздин эң кооптуу маселеси - бул түндүк-түштүк маселеси. Азыркы бийлик менен оппозиция бир пикирге эч качан келишпейт. Мамлекеттин башчысы катары ушул маселени бир жаатка келтириш сиздин бирден бир негизги милдетиңиз. Сиз тескерисинче ушул оор маселенин өрчүшүнө өнөктөш болуп олтурасыз. Кезегинде күнөөлүүнү четтен издеп, колуңузга илингенин соттоп, камап жатканыңыз да белгилүү. Өлкө башчысы катары элдин ортосунда данакер болуунун ордуна кагылышууларга жол берип жатасыз. Акыл калчап, калк арасындагы коркунучту токтотпосоңуз, өлкөнүн эртеңки тагдырын оор абалга алып келесиз.
Сиз ээрчитип келген бийлик төбөлдөрү, баягы эле бир кезде Акаев, Бакиевдердин бутун сүрткөн алдамчы келемиштердин, акылсыздардын тобу экени бул далил. Бүгүнкү күндө "алар кантип жеп калуунун гана жолун" издеп жатышкандай. Айланаңызды кирдетип, жолуңуздан тороп, туура эмес маалыматтарга тойгузуп коюшса, сиз элди жакшы жашап жатат деп ойлобоңуз.
Албетте сиздин мага жооп айтарыңыз бышык. "Депутат болуп жүргөндө кайда элең, ошондо эмне талкан сугунуп алгансып олтурдуң?" -деп. Ооба мен сизге жооп берем: "Мен ошондо айткам, кыйкыргам. Мени азыркы сиз сыяктуу эле эч ким укпай койгон. Учурунда сиз да мени колдогон эмессиз".
Урматтуу Президент, Конституциянын гаранты, журт башчысы катары бул баш аламандыкты сиз гана токтото аласыз. Бир кезде Улуу Петрга да айтышкан: "Таажны эл кийгизет, ал эми элди Кудай жараткан" деп. Дайыма Кудайды оозуңуздан түшүрбөй сүйлөгөнүңүз менен, кудай алдында эл үчүн эч нерсе жасай албай жатасыз.
Ойгонуңуз! Эгер алыңыз жетпесе, анда мамлекетибиздин күчтүү жаш кадрлары, коррупцияга малынып, эски сүткорлордун кучагынан чыга албай жаткан Кыргызстанды алдыга алып чыгууга жардам беребиз. Жаштарга көмөк көрсөтүп, улуттун чыныгы уулдарына жардам берсеңиз, өлкөбүздүн тарых барактарында атыңыз, мамлекеттеги Улуу бурулуштун башчысы катары каласыз. Ойлонууга дагы да болсо убактыңыз бар.

Сизди терең урматтоо менен
Кыргыз мамлекетинин жараны
Максат Кунакунов






Кыргыз Республикасынын Президенти
Алмазбек Атамбаевге,
Премьер-министри Өмүрбек Бабановго,
УКМК төрагасы Шамиль Атахановго
"Сасыган түштүктүк" деген сөзү үчүн жазасын алууну талап кыламын"

Кайрылуу


Урматтуу бийлик ээлери! Кыргыз Республикасынын ар бир жакшы жана жаман, бай жана кембагал, түштүктүк жана түндүктүк жарандын айткан кебин, баскан кадамын чектеген жагдайларды жасалма түрдө пайда кылуучу кызмат адамдарынын акысы, укугу барбы?
Конститутциянын мыйзамдарынын алдында улутуна, тил өзгөчөлүгүнө, жашап турган айлына карата кемсинтүүгө бийликтин кызматкери Молдакун Абдылдаевге ким укук берди?
29-февраль күнү болжол менен саат 16лардан өткөн учурда, мен Бекмуратова Ыргалай Ак үйдүн коомчулуктун өкүлдөрүн Президенттин жана Премьер-министрдин кызматкерлери кабыл алуучу бөлүгүнө барып, абдан "сыйлуу" абалга туш болдум.
Элдин маселелерин угуп жаткан кызматкерди көрүп, мен дагы өз көйгөйүмдү айтмай болдум. "Чу" дегенде эле "Кайсы жерликсиң?"-деп сурады. Мен "Лейлектенмин"-деп жооп бердим. Ал түгү козголгондой абалга келе түшүп "Сасып бул жакта эмнеге жүрөсүң? Жериңди тажиктерге сатып, тепсетип, темселебей, кетпейсиңби Лейлегиңе. Сенсиз да сасыган түштүктөрдөн көңүл айланат" деген заар сөздөрүн чачты. Сөздөрүн угуп, мен дагы бакырдым. Бей-бечаралардын акыркы тыйынына чейин кагып алып, жыйынтыгында талаага таштап зарлаткан Молдоканова Сайрагүл, Сулайманова Рита, Бакашев Тилек деген жер саткычтар тууралуу даттанайын деп баргам элем.
Дал ушул Абдылдаев Молдакунга окшогон мурдунун кырынан ары жакты көрбөгөн жасалма азаматтар элди бөрүп-жарып, бетине түкүрүп, көчүгүнө тээп тургусу келгенин ачык айтып турганда Кыргызстан эч качан оңолуу жолуна түшпөйт. Бишкекте түштүктүктөр жүрбөсүн деген арам пикирди тутунган Абдылдаевдин чыныгы жүзү бийлик башындагыларга белгисизби?
Молдакун мырза өзүн "ак карга"деп, түштүктөн келгендерди "мокочо" катары көрсө, бийлик башындагылар кызматкерге марыган экен.
Кыргыз Республикасынын эркин жараны катары Абдылдаев Молдакундун мени "сасыган түштүктүк" деген акылдуу сөзү үчүн жазасын алууну талап кыламын. Бул адамдын жогорку кызматта отурууга моралдык укугу жок.

Ыргалай Бекмуратова




Кыргыз Республикасынын
Билим берүү министри
Канат Сыдыковго

Кайрылуу


Биздин Улуттук университетте студенттердин жогорку деңгээлдеги билим алуусунда мүшүлүштүктөр жаралууда. Жыйырма биринчи кылым болгондон кийин, биздин заман жаңы технологиялардын заманы. Студенттер заманбап технолгиянын эсебинен татыктуу билим алгылары келет. Биздин университеттин башкы корпусундагы факультеттерде интернет оңчулуктуу тартпайт. Болгону google кызматына кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Анын иштөөсү да жай. Жарым саат бою бир материлды издеп отуруп, араң дегенде көчүрөсүң. Башка сайттарга кирүүгө чектөө коюлган. Кээде почта аркылуу башка жакка документ жибериш керек болуп калат. Андай учурда, борборубуздун эң алдыңкы окуу жайларынын катарына кирген Улуттук университетинин студенттери интернет-клубдарын издеп жөнөйбүз. Ректорат бул маселе үстүндө чара көрбөй жатканынын себеби, алардын территориясында WI-FI кызматы тартат. Алар ошол кызмат аркылуу бүт жумуштарын бүтүрүшөт.
Канат Жалилович, университеттин бүт корпустарына жогорку ылдамдыктагы интернет кызматын киргизип берүүнүздү өтүнөбүз!
3-курстун студенти