Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0302_1.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0302_1.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0302_1.htm on line 12

Чолпонбаев 250 миң долларлык Джип алды. Эл өкүлү кимден коркуп жатат?


Жогорку Кеңештин "атажуртчу" депутаты Улан Чолпонбаев (каймана аты "Хоп") 250 миң АКШ доллары турган, акыркы үлгүдөгү Джип автоунаасын алыптыр. Гезитибиздин өткөн сандарында бул "атажуртчу" эрендин элдин суроолорунан качкандыгын айгинелегенбиз. Ошондой эле Улан мырзаны бизнеси кантип уланып жаткандыгы боюнча кенен маалымат берүүнү убада кылган элек. Учурда депутаттын бала чагынан тарта азыркысына чейин, ошондой эле кантип түнкү клубдардын кожоюну болгонун, криминалдык чөйрөгө кантип байланышып калганын, "Хоп" аттуу каймана атка кантип ээ болгонун, 2011-жылдагы жаңы жылда "Каприз" эс алуу жайына эмне себептен барганын (өзү айткандай мыйзамдагы ууру менен жердеш катары жолуккан эмес) иликтөөнү колго алган журналистибиздин ден соолугуна байланыштуу материал чыкпай токтоп турат. Жакын арада Чолпонбаевдин түнкү клубдарын татынакай сүрөттөрү менен чагылдырабыз. Белгилеп кетүүчү жагдай, Чолпонбаев 250 миң долларлык машинесинен сырткары, дагы бир 100 миң долларлык машине алып, күзөтчүлөрүнө бериптир. Айтор "атажуртчулардын" көкүрөк күчүк депутаты коопсуздугун коргоого катуу белсенди дешет. Кызык, ал кимден коркуп сактанып жатат болду экен? Саясаттын сазайын берген активист депутат дейин десек, депутат болгону ЖКнын трибунасында бир да жолу ооз ачып сүйлөгөнгө жараган жок. Неси болсо да эл өкүлдүгүн жамынып бизнесин сактап жүргөн депутаттын маскасы акыр бир күн сыйрылар. Ал эми диджейди сабап өлтүргөн Максат Эралиев Чолпонбаевдин "Бакарди" түнкү клубун караган досунун жардамчысы болот экен.




Он предъявил России счет не за ту военную базу


...Киргизский президент Алмазбек Атамбаев, на днях открыто обвинивший Россию в хронической неуплате аренды за авиабазу Кант и даже пригрозивший Москве ее закрытием (интервью с ним "Ъ" публиковал 27 февраля), оказался в досадном положении. Напомним, господин Атамбаев заявил, что "база только тешит самолюбие российского генералитета, не платит аренду, обязательств не выполняет". "Зачем нам это надо?" - задавался вопросом киргизский лидер. Как выяснилось, громкие заявления и угрозы не имеют особых оснований. По словам собеседников "Ъ" в МИД РФ и Минобороны, киргизский лидер "то ли невнимательно читал, то ли вообще не открывал" двухстороннее соглашение "О статусе и условиях пребывания российской авиационной базы на территории киргизской республики", в котором зафиксированы условия пребывания в Канте военных РФ. В частности, статья 5 этого документа начинается со слов о том, что российские военные размещаются там на безвозмездной основе...
2-бет


Калпакты шылдың кылган Карамушкинанын айдоочусу карыянын өмүрүн кыйды


...Кырсык болгон жерге келген милиция кызматкерлери, катуу урунган унаанын калдыктарынан иномарканын түсүн, үлгүсүн аныкташып, кылмыш ишинин изи сууй электе, "Тойота-камри" үлгүсүндөгү унааны издөөгө алышкан. Арадан бир саат өтпөй, ИИМ кызматкерлери тетиктери канга боелуп, капоту урунган, маңдайкы айнектери чачырап кеткен акыркы үлгүдөгү "Тойотаны" ГЭС-5тин жанындагы айланма жолдон кармоого аракет кылышып, кылмышкерден унаасын токтотууну талап кылганда, чектен чыккан айдоочу ылдамдыгын жогорулатып качып кетүүгө үлгүргөн...
5-бет


Ташиевдин бомбаларына суу куюлуп кетмей болду


Буга чейин Жалал-Абаддын экс-губернатору Бектур Асанов "менде бомба бар"-деп жүрчү эле. Парламентте Алтынбек Сулайманов: "Сиздин бомбаңыз качан жарылат? Бомбам бар эле бомбам бар дейсиз", - десе, Бектур мырза кебелбей туруп: "Бомбага суу куюп жиберишти", -деп кутулган. Эми "атажуртчу" Ташиевдин бомбалары чыга баштады. Ал бир нерсе болсо эле: "Бизде компроматтар бар. Коррупция тууралуу фактылар көп, баарын чыгарабыз", - деп коркутканды адат кылып алды. Анын компроматтары чыкканча, бомбаларына суу куюлуп кетмей болду. Жөн эле көкүрөк кага бергендин да чеги болор. Ташиевде компромат бар экени чын болсо, ал эбак эле жарылып түшмөк. Жок үчүн улам кыйкырып, Ошто митинг өткөрүп жатат да. Болбосо, элдин кызыкчылыгын ойлогон эр азамат компроматты дароо алып чыгат да, өз кызыкчылыгына пайдаланбай…



Ачык саясат

2-март, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0302_1.htm on line 103

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0302_1.htm on line 103

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0302_1.htm on line 103