Ачык маек
Жылдыз Жолдошева:

"Карамушкина бизге акыл үйрөткөндөн көрө, өзүнүн акылын толуктап алсын"


Редакциябыздын бүгүнкү коногу, Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева. Бул депутат айым парламенттеги мырза депутаттардан өйдө туруп, акыркы мезгилде коомдогу терс көрүнүштөрдү ачык айтып чыгып, эл оозуна алынууда. Кыргыз тили тууралуу маселе көтөрүүдө да анча-мынчалардын оозун басып коюп жатканына да эл ыраазы.

- Жогорку Кеңеште тил маселеси көтөрүлүп, катуу талкууга алынды. Эмнегедир ушул маселе көтөрүлгөндө эле дайыма Ирина Карамушкина каршы чыгат. Бөлүп-жарган ойлорду айткандыгы үчүн ага карата чара колдонсо болбойбу?
- Кайсы улуттун өкүлү болбосун, башка улуттун үрп-адатына, салтына, улуттук баалуулуктарына, баш кийимине, тилине мындай акаарат көргөзбөш керек. Бир улут экинчи улуттан бийик же төмөн болбойт. Ошондуктан улуттар арасындагы бири-бирин урматтоо, бири-бирине толеранттуу мамиле жасоо, менимче, ар бир улуттун өкүлүнө таандык.
Ирина Карамушкина жөнүндө сөз козгосом, албетте, экөөбүз кесиптешпиз. Ирина Карамушкинанын мүнөзүндө жакшы сапаттары да бар. Ал дагы, мен дагы Жогорку Кеңештин депутаты. Бирок кээде акылга сыйбаган сөздөрдү айтып, же кыймыл аракеттерди жасап коет. Мисалы, биздин депутаттар Финляндия өлкөсүнө барганда, депутат Надира Нарматова Финляндиянын Парламентинин аппарат жетекчисине ак калпак кийгизип жатып төмөнкүлөрдү айтат: "Мына бул биздин улуттук баш кийим -калпак. Аны биз абдан сыйлаган гана адамдарга тартуу кылабыз" деген сөздөрдү айтып жатканда, Карамушкина алардын сөзүн бөлүп: "Больше пользы будет, если Вы оденете калпак в сауне"- деп официалдуу жерде кыргыздын улуттук баш кийими жөнүндө ушинтип айтыптыр. Экинчиси, официалдуу сый-тамак учурунда, Финляндиянын тышкы иштер министринин орун басары менен "брудершафт" ичип, көпкө өбүшүп, ушундай жүрүш турушу менен Кыргызстандын эл өкүлдөрүнүнө моралдык жактан доо кетирген.
Ал чыры бүтө электе эле, кыргыз тили боюнча кандай ызы-чуу болду. Жогорку Кеңеште "Министр болобу, мейли анын орун басары регламент боюнча улуту кыргыз болгондон кийин кыргызча жооп берсе жакшы болмок. Башка улуттун өкүлү болуп, кыргыз тилин билбесе, анда мейли орус тилинде сүйлөй берсин. Бирок, кыргыз болуп туруп кыргызча сүйлөбөсө туура эмес болуп жатат" деген маанидеги маселени депутатыбыз Урмат Аманбаева туура эле көтөрүп чыкты. Мына ушундай регламент боюнча айтылган жөнөкөй эле нерсени Карамушкина ММК аркылуу чоң талкууга алууга түрткү берди. Кыргыз тили болобу, орус, казак, өзбек ж.б бул-эне тили. Эне тилиң бар-улут бар, эне тилиң жок-улут жок. Улут жок болгондон кийин, ошол улуттун атын алып жүргөн өлкө жок. Эне тилибиз болгондон кийин Кыргыз Республикасы деген мамлекет бар.
Үчүнчүсү, Карамушкинанын тил боюнча чыры бүтө электе эле Жогору Кеңеш тарабынан кабыл алган 9-июнундагы токтомду апрель-июнь окуясына укуктук баа берүү жөнүндө маселени карап жатканда, ордунан туруп "Ата-Журт" фракциясына асыла кетти. Силер билгендей эле, "Ата-Журт" партиясы парламенттик шайлоодо биринчиликти ээлеген. Парламентте башка партиялардын өкүлдөрүнө салыштырмалуу эң көп депутат биздин фракциядан-28 депутат. "Ата-Журт" партиясынын депутаттарына, Ош окуясы туралуу акаарат көргөзүп, бизди башкарып, туура эмес сөздөрдү айтты. Албетте, таң каласың. Бизге акыл үйрөткөндөй Карамушкина ким? Бизге акыл үйрөткөндөн көрө, өзүнүн акылын толуктап алсын демекчимин. Биздин фракциясынын атынан спикерге, Чыныбай Турсунбековго, жеке өзүмдүн атымдан Карамушкинанын кылык-жоруктары тууралуу Алмазбек Атамбаевге кат жолдоп жатам. "СДПК" партиясынын атынан депутат болуп жаткандан кийин, жүрүм-турумуна гана эмес, ар бир сөзүнө жооп бериш керек. Атамбаевдин партиясынан депутат болуп жаткандан кийин, тура эмес кадамдары сөзсүз түрдө президентин атына терс сөздөрдү алып келерин Карамушкина абдан жакшы билет.
-Бүгүнкү күнгө чейин Ош коогалаңына мамлекеттик деңгээлде баа берилбей келет. Жыйынтык чыгарууга эмне тоскоолдук болууда?
- Апрель, июнь окуяларынын жыйынтыгы чыгып, күнөөлүүлөр жазасын алмайын өлкөдө стабилдүүлүк болбойт. Депутаттар кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдуу түрдө иш алып барууну карап жатабыз. Дагы бир иретте айтып кетейин, күнөөлүүлөр жазаланмайын, элдин көксөөсү суубайт. Биздин талабыбыз-элдин талабы. Эл өкүлү болгондон кийин, элдин мүдөөсүн аткарганга аракеттенүүдөбүз.
- Саясий оюндар учурунда эле Ош коогалаңын көтөрө калышат. Бул окуя саясий куралга айланып калдыбы?
- Бул ой туура эмес. Карамушкина да жыйын учурунда: "Силер, Ош окуясы менен шантаж кылып жатасыңар" деп айтты. Эч ким, эч кимди шантаж кылган жери жок. Эмне жалганбы, апрель-июнь окуялары болгону? Бүгүнкү күнгө чейин эч бир күнөлүүлөр жазага тартылган жок. Ошондуктан апрель жана Ош коогалаңындагы трагедияларына чекит коюлмайын бул маселелер көтөрүлө берет.
- "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров биригип, оппозициялык топ түзүп жатышат" деген маалыматтар таркоодо. Бул фракция лидеринин чечимиби же баарыңар эле колдойсуңарбы?
- "Ата-Журт" менен "Бүтүн Кыргызстандын" биригиши-бул мезгилдин талабы. "Ата-Журт"партиясынын үч лидеринин бирөөсү Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодо ат салышпадыбы. Мадумаров экөөңөр биригип, чогуу иш алып барсаңар жакшы болот эле деп эл сунуш кылды. Эки саясатчынын биригиши-жакшы нерсе, элди экиге бөлбөй. Саясат өзү - консенсус. Бирде атаандаш болсо, бирде биригишет. Мисалы, Атамбаев менен Сариев эч качан жүз көрүшпөйбүз дешти эле, азыр кайрадан биргеликте иш алып барып жатышат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Фракция ичинде ар кимдин көз карашы ар башка. Менин жеке оюм, бүт Республикадагы саясий күчтөр биригишип, мамлекет эл үчүн иштешсе жакшы болмок. Себеби элибиз өтө кыйналып турат.
- Камчыбек Ташиевдин кыргыз тилдүү гезиттердин бирине берген интервьюсунда "Бабанов келгени күрттөрдү ээрчип калдык" деп айтыптыр. Бул пикирге көз-карашыңыз кандай?
- Мен Камчыбек Ташиевди дагы, Өмүрбек Бабановду дагы кыргыздын мыкты уулдары катары билем, сыйлайм. Экинчиден, кайсы бала энени сыйлабайт. Баарыбыз тең энеден жаралдык, энелерди сыйлайбыз. Мен Ташиевди Ош окуясынан кийин, партияга кошулгандан жакындан биле баштадым . Ташиев энелерге өзгөчө мамиле кылат. Менимче Ташиевдин айткандарын саясатчылар бурмалап жатат. Себеби, буга чейин президенттин , премьер-министрдин тегерегинде башка улуттун өкүлдөрү айланып келген. Акаевдин, Бакиевдин учурунда еврейлер алардын айланасын ороп алышкан. Бул да факт. Ал эми бул сөз ошол мааниде айтылса керек. Себеби, мен Бабановдун энеси күрд эмес, түрк элинин кызы экенин билем. Айтылган сөз энелерге тийиштүү эмес. Эми Бабанов менен Ташиев жолугуп, чыныгы мырзалар катары сүйлөшүп алса жакшы болмок.
- Парламент мөөнөтсүз таркашы керек деген ойго кандай карайсыз?
- Парламент тарашы керек деген ойго мен түз караштамын. Парламент жаман иш алып барып жатат деген ойдон алысмын, себеби, жакшы эле иштерди алып барып жатат. Эгерде коалициялык көпчүлүк көтөргөн маселелерди, 61 добуш менен бекитишип, эл үчүн эмес, бир гана лидер үчүн иштесе, анда бул парламенттин "Ак Жолдон" кандай айырмасы бар? Эгерде мындай жагдай жаралса, Парламенттин тарашын мен колдойм жана биринчилерден болуп айтып чыгам. Тараса дагы "Ата-Журт" чоң күч менен кайрадан келет. Анда өлкөдө көп кырдуу чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Кандай кырдаал болбосун, саясий чордондо "Ата-Журт" партиясынын орду чоң. "Ата-Журтту" эч ким аттай албайт. Кайсы саясий күчтөр болбосун, биздин партия менен эсептешишет. Себеби биздин партияда тажрыйбасы мол, чыныгы кыргыздын духу бар азаматтар топтолгон.
- Үчүнчү революция жакындап калды деп жатышат...
- 2005-жылы, 2010-жылы өткөн саясий окуялар, менимче революция эмес, төңкөрүш болду. Бизге эч кандай революциянын, төңкөрүштүн дагы кереги жок. Эл тынч жашашы керек. Эл көтөрүлбөшү үчүн бийлик таза иштөөсү зарыл. Баягы коррупциалык системасынан арылып, болгон каражатты элге жумшаганда, о.э. бийлик төңкөрүшкө жол бербеш үчүн элге акыйкат, адилет, теңдик мамиле жасашы зарыл. Баягы күнү Россиянын бир телеканалынан "90-жылдардагы" жарандарга таандык объектилерди, иш каналарды, арзан менчиктеп алышкан олигархтар байлыгы менен жок дегенде оорукчан балдар менен бөлүшүшү керек" деп катуу коомчулук талкуулап жаткан ойлорду мен колдойт элем. Биздин өлкө да ушул тартипте иш алып барса абдан туура болмок.
- Бабанов башында турган өкмөткө кандай баа бересиз?
- Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгүнө, жаңы өкмөткө баа бериш азырынча эрте. Ишке киришкенине бир айдан гана кичине ашкан убакыт өтпөдүбү. Ө. Бабановго "Жүз күндүк" программасы менен баа берсек тура болот го.
Биздин эгемендүүлүктү алганыбызга жыйырма жылдан ашып калды. Ошол жыйырма жылдан бери талкаланып турган өнөр-жайды калыбына келтириш менимче оор нерсе. Жүз күндүн ичинде абалды оңдоо мүмкүн эмес. Байкашымча, Өмүрбек Токтогулович жаштык кылып шашылып, мөөнөттү өтө тар кабыл алып алды. Жүз күн эмес, балким эки жылдын аралыгында кандайдыр бир оң жылыштарды жасаса болот. Бирок, жүз күндө эмес. Өнөр-жайлар иштебейт, күнүмдүк оокатка керектүү буюмдун баары чет өлкөлөрдөн келет, газ жок, электр энергиясына да Өзбекстан менен Казакстанга көз карандыбыз, кен-байлыктарыбызды өзүбүз казып чыгара албайбыз. Ушул маселелерди эске алып, "Жүз күндүк программасы" менимче Ө. Бабановдун өзүнө муш болот го...

Маектешкен
Барчын АСАНОВА