"Бөрк ал десе баш алып"

"Атаханов атамды таап берсин!"


Атамбаевдин коррупцияга каршы иш-аракети жакшы гана жыйынтыктарды бербестен, элдин толкундоолорун жаратып, жада калса адамдын өлүмү менен коштолду. Ак-карасын ажыратып, жыйынтык чыгарууга али эрте. "Кыңыр иш кырк жылда" демекчи, бардыгын убакыт таразалайт.

Гезитибиздин өткөн санында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын СИЗОсунда каза тапкан Бишкек шаардык Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери, ага лейтенант Айбек Эшпаевдин өлүмү коомчулукта толкундоолорду жаратып, Эшпаевдин туугандары Кадамжай районунда жолду тозуп, УКМКнын кызматкерлерин жазалоону талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат бергенбиз. Айбек Эшпаевдин асылган жансыз денеси 13-февраль күнү таңкы беште УКМКнын убактылуу кармоочу жайында табылган. Ага лейтенант 11-февраль күнү "пара алганга аракет кылган"-деп кылмышка шектүү катары кармалган.
Көп өтпөй МАИ инспектору Эшпаевдин кесиптештери Ак Үйдүн алдына чыгып, нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Жыйыктык чыкпаган соң УКМКнын имаратынын алдына келип, УКМК төрагасы Шамиль Атахановду элдин алдына чыгып, жооп беришишин талап кылышкан. Алардын талабына ылайык Ш.Атаханов МАИ кызматкерлеринин алдына чыгып, айтылган суроолоруна жооп берип жатып, "Эшпаев өлөм десе, СИЗОдо эмес, башка жерде да өзүнүн жанын кыймак" - деп жооп берген.
17-февраль күнү Эшпаевдин туугандары төраганын акылга сыйбаган сөзүнө жооп беришин жана аны өлтүргөн кызматкерлерди тез аранын ичинде ачыкка чыгарып, жазалоону талап кылып, УКМКнын имараты жайгашкан Жибек-Жолу менен Орозбеков көчөлөрү кесилишкен жолду эки саатка жакын торошту. "Өлдү деген маалыматты бергенден кийин, 8 сааттай УКМК убактылуу кармоочу жайында кармашты. Аялын киргизип көрсөтүшкөн жок. Өлүкканада деген жалган кепти айтып жатышты" - деп жакындары ыйлап турушту.
Айпери Тажибекова, маркумдун кызы:
- Атамды пландаштырылган жол менен кармап, камерага отургузуп, көгөртө уруп өлтүрүштү. Колдоруна болушунча уколдорду сайып, муунтуп өлтүрүшкөн. Эгер чындап асынып өлгөн болсо, мойну бүт тегерете көгөрүп, так калмак. Көзү, тили да бери чыгып калат эле. Атамдын сөөгүнөн андай эч нерсе байкаган жокпуз. Эмне үчүн чындыкты бетке айтпай, жаап-жашырып бизди алдап жатышат? Эмне биз Атаханов үчүн атасыз калышыбыз керекпи? Бизди ким тарбиялап өстүрөт?!
Шарипа Усманова, маркумдун эжеси:
- Иним 1986-жылдан бери органда иштеп келген. Жумушунда буга чейин эч кандай мыйзам бузуп, катачылыктарды кетирген эмес. Эгер болсо, кечээки түзүлгөн депутаттар тобу таап чыгат эле го. Алар тапкан жок. Мен бир тууганымдын мындай өлүм менен кетип жатканына чыдабайм. Бою 190 см, салмагы 90 кг болгон адам кичинекей шарфка муунуп өлүптүр деген жалган-жалаа. Ал жерге шарф кайдан барып калды? Мыйзамга ылайык камакта отурган адамдын бүт буюмун, жада калса ботинкесинин боосуна чейин алып коюшат. Аялдын шарфы камерага барып калганы таң калыштуу. Өздөрү эле атайылап өлтүрдү. Биринчи венасын кескенде ооруканага алып барышканда доктурлар "таштап кеткиле" дегенине болбой кайрадан камерага тыгып салышкан. Биз №4 ооруканага барып доктурлардан өзүбүз сурап келдик. Жаралуу болуп жатканына карабай, кайрадан камагандай менин иним эмне фашист беле? Өзүнүн жанын кыйгандай психикалык жактан оорулуу эмес болгондой кийин, мындай жолго барбайт болчу.
Айбек кызы Бурул, маркумдун кызы:
- Менин атамды таап беришсин. Атам өлбөсүн. Атамды өлтүргөндөрдү табышсын. Атаханов өзү чыгып, чын жоопторун айтсын. Мен эми кимди ата дейм? Мага башка бирөө ата болуп бермек беле? Атамдын өлгөнүнө ишенбейм. Бул калп.
Айбек кызы Асел, маркумдун кызы:
- Мен атамдын кызымын. Атамды кайрадан алып келип берсин. Аны өлтүрүп салгандар табылсын, жазалансын, өлтүрүлсүн. Эми бизди ким багат? Атаханов, атамды таап берсин!
Шаангүл Эшпаева, маркумдун келинчеги:
- Беш баласы туруп, Айбек бизди таштап кетмек эмес. Өтө камкор ата эле. Кичүүсү араң эле бир жарым жашка чыккан. Булар чындап эле ишти бурмалашууда. Камактан чыккандан кийин формасы канга боелуп кызыл-ала болуп чыккан эле. Ал эми сөөгүн бизге бергенде, жууп туруп беришти. Кандай себеп менен сөөктү жууп-тазалап салышкан? Кийимдеринин чөнтөгүн кесип алышыптыр, буга эмне себеп болгон? Биздин талабыбыз тез аранын ичинде күнөөлүүлөрдү таап, жазасын берсин. Атаханов жооп бермейин тынчыбайбыз. Эмне себептен бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн башкалар жесир, жетим калышы керек? Акыйкаттык деген барбы?
УКМК имаратынын алдына төрага өзү эмес, орун басары, полковник Аман Мамбетсейитов чыгып, Эшпаевдин туугандары менен жолугуп, суроолоруна жооп кайтарды.
- Бул факты боюнча ведомстоволор аралык комиссия түзүлүп, кылмыш иши козголгон. Мыйзам талаптарына ылайык төргөө жүрүүдө. Тергөө иши бүткөндөн кийин күнөөлүүлөр өз жазасын алат.
- Биздин негизги талап, кылмышкерлерди таап, күнөө­лүүлөр тууралуу ММК аркылуу маалымат бересиңер. Тергөө качан бүтөт?
- Мыйзамга ылайык эки айдын ичинде жыйынтыкталат.
- Кылмышкерлерди силер эмне үчүн бул имаратта кармайсыңар?
- Адамды өлтүрдү деп азырынча жыйынтык чыга элек да. Далилдене элек.
- Кызмат абалыңардан пайдаланып, МАИ кызматкерин бул жерге камаганга акыңар барбы?
- Биринчиден, биз камаган жокпуз. Шаардык прокуратура менен Каржы полициясы алып келди. Алар токтом алып келишти. Аны кабыл албоого биздин акыбыз жок. Биздин милдет, соттун чечими чыкмайын кармап туруш керек болчу.
- Эмне үчүн аялын, адвокатты киргизген жоксуңар?
- Силер телефон номуруңарды калтырбаптырсыңар.
- Биз дем алыш күнү бул имаратты айланып жүрдүк го. Киргизбей коюшту.
- Мыйзам боюнча уруксаатты тергөөчү бериш керек болчу.
- Эмне үчүн ооруканадан кайрадан алып чыгып кеттиңер?
- Биринчи суицид болгондон кийин, ооруканага жеткирилген. Доктурлар карап, успокоительный сайышкан. Доктурлардан "жаткыралыбы?"-деп сураганыбызда, "жок, алып барып камай бергиле" - деп жооп беришкен.
- Эмне үчүн Атаханов "каалаган жайынан асынып өлөт эле" - деп айткан? Демек, бир нерсе бар да. Анын мындай сөздү айтышка кандай акысы бар?
- Мен мындай сөздү айткандыгын билбейт экенмин. Бул тууралуу эч нерсе айта албайм.
- МАИ кызматкерлери кайгырып, тынчтык митингин өткөрүшсө эмне үчүн аларды жумуштан айдадыңар?
- Погончон келгендиги үчүн.
- Анда Айбек Эшпаев деле формачан келсе, өлтүрүп туруп, формасы жок чыгардыңар го?
- Аны өлтүрдүбү же өзү өлдүбү айтышка эрте. Айтпадымбы иш аскер прокуратурасында. Видео жазуулардын баары ошол жерде. Сурап көрсөңөр болот.
- Эмне үчүн Атаханов өзү чыккан жок?
- Ал киши бул жерде жок. Иштери менен кеткен.
- Бирдеме сураса эле билбейм дейсиз. Билбесеңиз эмне үчүн чыктыңыз?
- Билем.
- Адвокаты, аялы келгенин билбейм дебедиңизби?
- Ал киши тирүү кезинде бул жакка эч ким келген жок да.
- Эмне үчүн сегиз саатка чейин кармадыңар?
- Себеби, аскер прокуратура, шаардык прокуратура, ведомство аралык комиссиядан келип, иш болгон жерден осмотр кылышты.
- Силердин адам жегенге акыңар барбы?
- Биз адам жеген жокпуз.
- Сизди деле өлтүрүп койсо кандай болот?
- Анда өлтүргүлө.
- Эркин Чыныбаевди кармадыңарбы?
- Тергөө ишин биз жүргүзбөй элебиз да.
- Эмне үчүн ишти башында аскер прокуратурасына берип кайрадан шаардык прокуратурага бердиңер ?
- Резонанс болгон үчүн ушундай текшерүү болуп жатат.
Таттуу момпосуй жеп, ойноп-күлүп отургандын ордуна атасынан айрылып, сыздап турган мончоктой кыздарды көргөндө чындыгында жүрөк ооруйт. Ким эле жакынынан айрылгысы келсин. Күнөө кимде экендиги, Айбектин өлүмүнүн себеби акыры ачыкка чыгаар. Бирок өз балдары үчүн атасынын ордун эч ким алмаштыра албайт. Биздин гезит да Эшпаевдин өлүмү тууралуу иликтөө иштерин жүргүзүп, тергөө ишинин адилет болуусун күтөбүз. Бүгүн МАИ кызматкери болбогон бир акча үчүн өлүп жатса, эртеңки келечегибиз кантет? Атамбаев коррупция менен ушинтип күрөшкүлө деп, СНБга чоң укук берип койгонбу?
Барчын Асанова





Ачык саясат

24-февраль, 2012-жыл






??.??