Кумтөр

"Жети-Өгүз районунан 16 миң гектардан ашык жерди сатып жиберишти"


Акыркы күндөрү катуу талкууга алынып, чыр-чатак менен коштолуп келген "Кумтөр" алтын кенинин иш алып баруусу, азыркы абалы туурасында "АКИпресс" маалымат агенттигине экс-вице спикер, коомдук ишмер Кубанычбек Исабеков маалымат жыйынын өткөрүп, жакында жарык көргөн "Кумтөрдөгү алтын мафия" аттуу китеби менен тааныштырып, журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

- "Кумтөр" алтын кени мыйзам чегинде иш алып барышы керек. Өзүңүздөр билгендей эле, "Кумтөр" СССР учурунда эле изилденип, түстүү металлургия жана геология министрлиги аркылуу бекитилген. СССРдин кулашынан кийин, бул уникалдуу жерде "аңчылар" көбөйөт. Себеби "Кумтөр"кени дүйнө жүзүндөгү эң ири кендердин катарына кирет. Дүйнө жүзү боюнча жетинчи орунда, СССР ичинде төртүнчү орунда турган.
Иш алып баруудагы эң негизги кемчилик- мурунку Акаевдин бийлиги учурунда "Камэко"компаниясы менен түзүлгөн келишимде. "Камэко" компаниясы дүйнө жүзүндө уран иштетүү боюнча экинчи орунда туруп, эч качан алтын өндүрүшү менен иштеген эмес. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Санжар Айтматов "Сиабеко" компаниясынын жетекчиси Борис Бриштейнди президент Аскар Акаевге алып келип тааныштырат. Маалымат үчүн айта кетсем, ошол учурда Россия, Украина, Казакстан өлкөлөрү еврей улутундагы Бриштейнге "нон-грата" жарыялаган. Ал эми биздин президент аны кастарлап, мамлекеттик кеңешчи кылып дайындап, Ак үйдүн жетинчи кабатынан орун берет. Бриштейн акырын отуруп алып, "Камэкону" тарта баштайт. "Камэко" менен "Сиабеко" бир тууган эжелердей жакын компаниялар. Эң негизги өкүндүрө турган нерсе "Камэко" менен келишим түзүлүп жатып, пайдага иштейбиз деп макулдашылган. Пайдага түшкөн акча көмүскө жол менен жеке чөнтөктөргө кетип, мамлекет аз гана бөлүгүнө ээ болгон.
Кумтөрдө алтындан башка күмүш, жез өндүрүлөт. Кыргызстанда Менделеевдин таблицасындагы бардык металлдар бар. Жаңы бийлик келген сайын эле алтын кенин текшерүү боюнча комиссия түзө беришет. Мен билгенден комиссиялык топтун саны отуздан ашты. Акыркы парламент 8 ай аралыгында эле 3 комиссия түзгөнгө жетишти. Мен "Кумтөр" алтын кенин басып алабыз деген ойдон алыс болушубуз керектигин айткым келет. Таластагы "Жер үй" алтын кенин ичип алган жаштар барып, тоноп, контейнерлерди өрттөп, жумушчуларды сабап кетишкенде жыйынтыгы эмне болгонун өзүңөр билесиңер. Бүгүнкү күндө менин "Кумтөрдөгү алтын мафия" китебиме кызыгып, сурашкан саясатчылар абдан көп. Депутаттар менен чогулуп, тизмеси 48ге жетип калды. Китеп 2011-жылдын май айында жарык көргөн. Китепте ар бир жазылган сөз факты, материал, анализ, иликтөөлөр менен бекитилген. Ооба, азыркы учурда "Кумтөр" менен иштешсем деген уюмдар четтен саналат. Бул материалдарды түшүнүш үчүн геолог, юрист, салыкчы жана башка кесиптердин ээси болушу керек.
- "Кумтөр" кенинин иштетүүсүн токтотуп койсо болобу?
Эч кимди урушуп, башын ооруткум келбейт. Кээ бир саясатчылар баш болуп, "Ой, барып эле басып алабыз" - деп акылсыз кептерди айтып жатышпайбы. Биринчиден, "Кумтөр"өзгөчө сактоодо турган объект. Куралчан адамдар кайтарат. Ал кенде 2975 кыргыз жараны эмгектенет, алардан тышкары подрядчик жана субподрядчиктер абдан көп. Жалпысынан алганда республика боюнча 4000ден ашык адам эмгек менен камсыз кылынган. Эгер, басып алабыз дешсе, алар "Биздин үй-бүлөнү ким багат?" деп ызы-чуу салып чыгышат. Түзүлгөн комиссиянын курамына кирген кээ бир адамдар өз кызыкчылыктары менен бул суроону көтөрүшүүдө. Кээ бири миллиондогон суммага кредит алып алышып, ошол жерде соодалашып отурушат. Айрымдарды жумуш менен камсыз кылууну соодалашышат.
Экинчиден, алтын кенинин ордунда казылган аң, карьер калды. Ал эмне болот? Андан тышкары Кыргызстандын имиджине доо кетет. Басмачылык менен алектенсек, экономикалык жактан жабыр тартабыз. Былтыркы жылы бюджетке 8млрд киреше түшүрдү. Республиканын бюджетинин он пайызынан ашыгын "Кумтөр" берет. Эң коркунучтуусу кенди басып алсак, талап-тоноочулук кылышпайт деп ким кепилдик берет. Акыркы жылдары болгон төңкөрүштө анын барына өзүбүз күбө болдук. Алтын кенин казып алып жаткан ишкананын токтотуп койсок, убакыт өткөн сайын жарактан чыгып, кийин калыбына келтириш үчүн көп каржатты талап кылат. Дагы бир коркунуч Суу сактагычтын шлюзун жаап салса, суу Нарын дарыясына барып куят. "Алтын кендин кереги жок, жаап салабыз" деген маселени көтөрүп жаткандарга, андан көрө чет өлкөнүн компаниясына салыкты көп төлөгөнгө мажбурлаш керек деп айткым келет.
- "Кумтөр" кенин бул абалга келишине кимдин күнөөсү бар?
- Теңирчилик деп сүйлөп калган Дастан Сарыгуловдон тартып бир топ ошол кездеги бийликтин, азыркы бийлик ээлеринин күнөөсү чоң. Тизмеде Данияр Үсөнов, Игорь Чудинов, Турсунбек Чыңгышев жана башкалар бар. Убагында Жети-Өгүз районунун беш айыл өкмөтүнүн 16 миң гектардан ашык жерди сатып жиберишкен. Биринчи китебимде камтылбай калган фактылар, буюрса жакында орус тилинде жарык көрчү экинчи китебимде жазылат. Биздин жарандар эмес, Израилдин эки жараны "Кумтөр" кени үчүн соттошуп жатышат. Биз бул жерде кыймылдабай отурабыз. "Кыргыз алтын" жөнүндө да сөз кыла кетсем. "Кыргыз алтын" жөн гана ортомчулук кызматты аркалап келет. Кызматкерлеринин айлык акысы депутаттардыкынан үч эсе чоң.
- Акцияларын 10 жылга бериши туурабы?
- 10 жылга деп мөөнөттү узартып бериш туура эмес.
- Сиздин оюңуз боюнча канча жылга берсе болот?
- Жыл менен эсептегенге болбойт.
- Кыргыз тилдүү бир гезитке берген интервьюңузда "Атамбаев кабинетиме киргени "Кумтөргө" тиешелүү бир топ документтерим жоголгон" деп айтыптырсыз. Бул маалымат чынбы?
- Жок, мен андай маалымат берген эмесмин. Бурмалап, туура эмес чыгарып коюшуптур. "Кумтөргө" тиешелүү документтерим жоголгону чын, бирок Атамбаев алды деп айткан эмесмин. 7-апрель окуясы башталып калганда, кабинетиме көп күн кире албай калгам. Атамбаев жана башкалар кирип жүрүшкөн. Документти ким алганын билбей калдым.
- Өткөн жумада ОПГ мүчөсү Азамат Базарбаев "24KG" агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, сиз жактан кысым болуп жатат деген маалыматты таркатты.
- Бул жерде менин оюмча "Кумтөр" менен байлашыштуу саясий кызыкчылык бар. Базарбаевдин аркасында бирөө турат. Шайлоо кампаниямда иштегени чын. Бирок, мен анын криминал менен байланышы бар экендигин билген эмесмин. Экс-ОПГ мүчөсүмүн деген маалыматты таратты, чындыгында азыр деле ОПГ мүчөсү экен. Кара-Балтага эл менен жолугууга барганда Базарбаевдин ата-энеси менин программам жагарын, колдоорун айтышып, сыйлап, жада калса кафеге алып барышкан. Айтып жаткан спорт залы түшүп калган сарай болчу. Шайлоо бүткөндөн кийин оңдотуп берем деп убада бергем. Ондотуп бердим. "Сизге иштеп беребиз"- деп акча алганы чын, бирок акчаны алып шайлоо бүтө электе эле телефонун өчүрүп качып кеткен. Бул туралуу документтер бар. Ошол учурда иштеген бухгалтеримди чакыртып, кагаздарды дайындатып жатабыз. Болгон нерсени унутуп эле калгам, азыр өзү чыгып алып мени каралагысы келет.Уяты жок, бети жок деп айткым келет. Алмаз Бокушевден уруксаат алып келип, маалымат жыйынын өткөрүптүр. Бул эмнени билдирет? Азыр ОПГ мүчөлөрү бийлик жүргүзүп башташты. Укук коргоо органдары ОПГ мүчөсүнө маалымат жыйынын өткөргөнгө мүмкүнчүлүк берип, эмнени карап отурушат?
Даярдаган
Барчын Асанова




Абдылда Капаров, милициянын полковниги:

"Алымбеков күндүз Убактылуу Өкмөткө, түнкүсүн Бакиевдерге иштеп жатты"


"Ачык саясат плюс" гезитинин 2011­-жылы 26-­августта чыккан N13 санында түштүк коогалаңы учурунда Ош шаарына комендант болгон милициянын полковниги Абдылда Капаров менен болгон маек жарык көргөн. Учурда парламентте түштүк коогалаңы тууралуу маселе көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу маекти кайрадан окурмандарга сунуштоону туура таптык.


(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)
- Бакыт Алымбеков тымызын Бакиевдерге иштеп жатты дедиңиз. Муну кантип далилдей аласыз?
- Эми өзүңөр ойлосоңор, Бакиевдерди кармайм, тартипти орнотом деп УӨнүн жетекчилерин алдап, Жалал-Абадда башка иш-аракет жүргүзүп жатпадыбы. Анын жардамчысынын жанында дагы бир чемодан акча бар болучу. Ал каякка кетти? Кайсы тартипке жумшады? Анысы аз келгенсип Болот Шерге каршы милицияны тукуруп, бир-эки ирет провакация кылды. Анан ушундай аракеттери менен андан жакшы нерсени үмүт кылганга болобу? Мурда Жаныш жат десе жатып, тур десе туруп, чапан жаап, тебетей кийгизип эле жойпуланып жүрчү. Анан кантип ал Бакиевдер менен заматта эле жаман болуп калсын?
- Исмаил Исаковго дагы Улуттук комиссия бир топ күнөөлөрдү такпадыбы. Сиз кандай нерселерди байкадыңыз?
- Баарынан мени таң калтырганы, 2010-жылдын июнь айынын башында, июнь коогалаңына бир жума калганда Исмаил Исаков Ош облусунун айланасындагы блокпостторду алдырып салды. Ошол кезде Бакиевдер, башка террористтик күчтөр ар кандай провакациялык аракеттерди жасап жибербесин деген чочулоо менен мен Ош шаарынын айлана-тегерегине 18 жерге блокпостторду койгом. Мына ошол блокпостторду "алып сал" деп оозеки буйрук берди. Муну элдин баары билет. Биз ага чейин блокпосттордон Бакиевчилердин, Жаныш-паныштардын ары-бери тайраңдагандарын тартипке сала баштаганбыз. Биз бул блокпосттордун жардамы менен Үсөн Сыдыковду кармаганбыз. Биз генпрокуратуранын ориентировкасы менен ал кишини 8 куралдуу жансакчысы менен Ноокат районундагы блокпосттон кармадык. Мына ушундай көп профилактикалык иш-чаралар болуп жаткан. Андан тышкары киши уурдагандар, уюшкан кылмыштуу топтор, Алайдан 100 килограм героин ташыган адамдар, андан тышкары бир топ кылмышкерлер кармалып, биздин өздүк курам өз милдетин жакшы аткарып жаткан. Ошентип иштеп жатканыбызды, абалдын тынч эмес экенин көрүп туруп ал киши Коргоо министри, УӨнүн түштүктөгү ыйгарым укуктуу өкүлү катары буйрук берип, кырдаал тынч, блокпостторду "алып сал" деп жатса тапшырманы аткарбай кое алган жокмун. Эгер блокпосттор алынбаганда, Ош окуясын өз маалында токтотуп калууга мүмкүнчүлүк болмок. Ал эми ал кишинин эмне үчүн антип буйрук бергенин алиге чейин түшүнө албай келем.
Дагы бир жагдай эске түштү. Май айынын этегинде биз үчүн абдан татаал убакыт болду. Коомдук тартип солкулдап турган. Ошондой иш кычап, кырдаал кыл үчүн турганда, 26-май күнү ошол кездеги Кара-Суу РИИБнин башчысы, маркум Адылбек Султановду Бишкекке Бакыт Алымбеков менен Исмаил Исаков чакырды. Мыйзам боюнча алар мага телеграмма жөнөтүп, мен аркылуу чакыртыш керек эле. Ал жигит канткени менен тартип көргөн жигит эле. Мага келип түшүндүрүп айтып, эмне кылайын дегенинен уруксат берип жөнөткөм. Ал келгенден кийин айтты, "Мага кызматтарды сунуш кылып жатышат. Министрликке чакырышты, Ош ОИИБны башкар дешти. Мен "Абдылда Капаров бул жерге татыктуу, мен өз ордумда эле иштейм деп айттым" деди.
- Алар Сизден кутулуунун амалын жасаштыбы?
- Кеп анда эмес. Бул жерде кептин баары кызматтык этикада болуп жатпайбы. Эгер алар мыкты болсо эмне үчүн бул нерселерди менин бетиме айтышпайт? Эмне үчүн кырдаал айрыкча Кара-Суу аймагында оор болуп жатканын көрүп туруп аны түндөп чакырышат? Ушубу алардын эл үчүн күйгөнү? Эгер ушул Исмаил Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Алымбековдор бөлүнгөн акчаларды орду менен жумшап, чындап эле милдеттерин түз аткарганда мынчалык каргашалуу окуялар болбойт эле да. Анткендин ордуна миллиондогон долларларды кайда иштетип жатканын эч ким билбейт. Жалал-Абад облусуна июнь коогалаңы маалында Мелис Турганбаев, Кубатбек Байболовдор келгени кырдаал жакшырып, иш жыла баштады. Муну моюнга алышсын. Ага чейин Бакыт Алымбеков күндүзү Убактылуу Өкмөткө жалган отчет берип, түнкүсүн Жаныштар менен жолугуп эле жүрчү. Мага оперативдүү маалыматтар өзүмдүн каналдарым аркылуу келип жатты. Анан эми мекенчил боло калганына таң каласың. Ал эми июнь коогалаңында Өмүрбек Суваналиев облустук ИИБнын башына келгенге чейин баары эле ошол жерди штаб кылып кофе ичишип, эл өлүп жатса ыңгыранып отурушпадыбы сигарет чегип. Эгерде ал киши келбесе кандай абал болот эле кудай билет.
Жээнбековдор боюнча дагы кайталап коеюн. Былтыр май айында Бишкекте Нариман Түлеевдин, түштүктө Бакиевдердин жактоочулары митинг кылып, облустук администрацияларды ээлегенде Убактылуу Өкмөттүн бийлиги солкулдап араң турган. Ошондо Сооронбай Жээнбеков мени чакырып калды. Барсам айтып атпайбы, "Убактылуу Өкмөттүн күнү бүттү. Бишкекте Нариман Түлеев бийликке келиптир. Сен ага чыга аласыңбы, ошол киши менен иштешпесек болбой калды. Отунбаева, Атамбаевдердин күнү бүттү" деп. Мына ушундай адамдар дагы деле оозу-мурду кыйшайбай бүгүнкү бийликтин түштүктөгү ишенимдүү адамы болуп отурат.
Кызыктуу маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдиребиз!

Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ





Ачык саясат

24-февраль, 2012-жыл






??.??