Ачандиктен ачык маек
Тилекбай Алибаев:

"Бокушевдин үйүндө видеокамералар турат"


Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына карата ой пикирлерин айткан окурмандар редакцияга көп кайрылып жаткандыктан, замандаштарыбыздын жана өзүбүздүн суроолорубузга жооп алуу максатында Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы (ГУУР) Алибаев Тилекбай Муслимович менен жолугушуп, маектештик.

- Республика боюнча кылмыштын кайсыл түрү көп катталууда?
- Талап-тоноочулук, үйлөрдү бузуп кирүү, уюлдук телефондорду уурдоо, мал уурдоо аябай көп катталууда. Көчөдөгү кылмыштуулук артып баратканы жашыруун эмес. Өзгөчө мектеп окуучулары, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси курчуп барат. Мектеп рекетинен канчалар жабыркап жатышат. Мугалимдер өздөрү жашырып отуруп, күчөтүп салышууда. "Борбордогу кадыр-барктуу мектеп" деген атына доо кетпесин деп жашырып жүрүп, кылмыштуулуктун тамырын жайылтып жиберишүүдө. Бүткүл күчтү өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту токтотууга жумшоо турмуш талабы. Жакында эле Бишкекте порнографиялык мультфильмдерди дисктерге жаздырып саткан адамдарды колго түшүрдүк. Мындай дисктер болгону 20-30 сом турат. Анын ичин көрө турган болсоң, айтканга дагы оозуң барбайт. Бул деген биздин келечекти жок кылып жатпайбы. 12-13-жашар балдар порномультфильмдерди көрүп, уятсыздыкка тарбияланып жатат. Ушунун баарын жазып, коомчулукка алып чыгуу керек. Башкача айтканда коомчулук, милиция, депутаттар, журналисттер, ата- энелер, мугалимдер жапа тырмак киришүүсү керек. Жаш балдарга залалын тийгизген кылмышкерлерге жаза мөөнөтүн күчөтүү керек. Дал ушул биздин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, канчалык татаал экендигине карабай өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүн түздүк. Дагы да айтарым бүткүл коомчулук биргеликте, ынтымакта тыгыз байланышта иш алып баруусу керек. Бүгүнкү күн менен гана жашоо туура эмес. Канчалык ачуу болбосун чындыкты өз убагында айтып, көйгөйду токтотуп калуубуз абзел. Эртеңки жаштар, келечек муун бизден сурайт. Биз жооп беребиз.
- Кылмыштардын бетин ачууда сиздер үчүн көбүнчө эмнелер тоскоол болууда?
- Тоскоолдуктар жок, бир аз кыйынчылыктар гана болот. Кинодогудай тез эле кылмыштын бетин ачып коюу оңой эмес. Көп эмгекти, чеберчиликти талап кылат. Күн-түн дебей иштеп, бардык майда-бараттарды эске алуу менен гана жыйынтык чыгарылат. Көп нерсени каалайбыз, бирок реалдуу жашоодо баары ойлогондой боло бербейт да. 2011-жыл жалпы элибиз үчүн татаал болду. Өткөөл мезгилди башыбыздан кечирдик. Канчалаган митингдер болуп жатты. Оперлер катаал шарттарда иштешти. "Канчалаган таштар биздин короого ыргып", милициянын дарегине эмне деген гана кептер айтылган жок. Бирок, милиция кызматы жалпысынан өз милдетин так аткарды. Бир топ уюшкан кылмыштуу топтор колго түштү. Канча кылмыштын бети ачылды. Кылмышкерлер дагы жылдан-жылга өзгөчөлөнүп барат. Качан эле 70-80-жашар кемпирди зордуктачу эле. Бул эмне деген шумдук?! Апа, эже, асылзат деген аял кишини, эң ыйык кишини кордойт деген эмне? Бул бүткүл адамзат үчүн кечирилгис нерсе, жапайычылык. Мурда улуу адамга каяша айтпагыла деп үйрөтчү эле, азыр айтышмак тургай жөөлөп өтүп, колунан келсе мыжып салганга даяр жаштар бар. Он жыл мурун эле улуу киши бир сөз айтса, кичүүсү унчукпай макул болчу.
- Оперлер издөөдө жүргөн кылмышкерлер менен келишимге келип, ай сайын акчасын алып кармабай жүрө беришет деген кеп эл арасында байма бай айтылып келет?
- Балким, болушу дагы мүмкүн. Менде бирок далилдер жок. Ушундай факты катталып, далилдене турган болсо мыйзам чегиндеги бардык чаралар көрүлөт. Ушундай көрүнүшкө күбө болгон жарандар бизге кайрылса, дароо кызматтык иликтөө жүргүзүп, аныктап чыгабыз. Андай кызматкер бул жерге иштебейт.
- ГУУРдун карамагында канча автоунаа бар?
- Аз эле машина берилген.
- Күн сайын ушул жол менен өтүп, жол бербей көчөнүн эки жээгинде тизилип турган кымбат баалуу, чет өлкөнүн авто унааларын көрөбүз. Же ГУУРдун кызматкерлери айлык акыны көп алышабы?
- Бул имаратта биздин эле ГУУРдун кызматкерлери отурган жок. Биздин имаратта биздикинен башка да бөлүмдөр бар. Машиналардын бардыгы Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына тиешелүү эмес.
- Сизге ГУУРдун ар бир кызматкери ай сайын белгилүү суммадагы акча берип, "белгиленип" кетет деп айтышат. Буга эмне деп жооп бересиз?
- Бул деген кылмыш иликтөө кызматы. Андай болушу дагы мүмкүн эмес. Башка кызматтардагыдай акча булактары болбойт. Биздин иштин кандай экендигин баарыңыздар билесиздер. Биздин оперлер менен сүйлөшүп, сураштырып көрүңүз. Чындап ошондой болсо айтып беришет да.
- Сиз революцияга чейин жаныңызда жүргөн балдарды кызматка алыптырсыз. Биздин редакцияга, "өзү менен келген балдарды акча бергиле деп опузалап, алар принципке туруп бербей койгондон чыр чыгып, акыры аларды жумуштан кетирген" деген маалымат келип түшкөн?
- Мунун баары көрө албастыктан улам айтылган сөздөр. Далилдүү факт болсо айткыла, мен толугу менен айтып берем. Жумушка жоопкерчилиги жок болсо, же кандайдыр бир мыйзам бузуулары үчүн жумуштан кеткендер ушул сыяктуу кептерди чыгарса керек менимче. Жумуштан кетирген жетекчини бирөө да мактабайт да, туурабы? Бул кадыресе эле көрүнүш. Негизи адам баласы өз күнөөсүн моюнга алгандан качат эмеспи.
- Кечээ жакында эле Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев, "Алиби" гезитинин кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, Карабалталык уюшкан кылмыштуу тобунун лидери Алмаз Бокушевдин өкүл баласы "Азамат Базарбаевге (кличка Седой) издөө жарыяланды" деген эле. Ал эми Азамат Базарбаев өткөн жумада журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Муну кандай түшүнсөк болот? Кимге ишенебиз, министрдин орун басарынабы же Базарбаевгеби?
- Учурда ушул маселе боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Жакын арада тактап маалымат беребиз.
- Ошол эле пресс конференцияда Азамат Базарбаев, "эгерде менден курал же баңгизат табылып, иш козголо турган болсо, буйрутма деп түшүнгүлө. Милиция атайын "подстава" кылышы мүмкүн" деп билдирди. Эмне биздин милиция ушундай ыкма менен кылмышкерлерди кармайбы?
- Бирөөнүн чөнтөгүнө наркотик салып кармоо деген милиция үчүн уят нерсе. Биздин кызматкерлер андайга эч качан барышпайт. Фактыны көзүнө сайып көрсөтүп, эч качан артка кайта албагандай далилдер менен чыныгы кылмышкерди кармаган опер- мыкты опер деп эсептелет.
- Сизди Алмаз Бокушевдин "крышасы", жердеш катары түз телефон менен сүйлөшөт деген кептер айтылууда?
- Биз Алмаз Бокушевге 2010-жылы согуш жарыялаганбыз. Ушул жерге эки жүздөн ашык адамды чогултуп, мени жумуштан кетирем деп чуркап жүргөн душманымды мен колдойт бекенмин? Бул эми күлкү келерлик нерсе да. Биз Алмаз Бокушев менен канчадан бери күрөшүп келе жатабыз. Биздин кызматкерлерди сабап канча ызы-чуу болду эле.
- Ошол учурда сабалган кызматкерлериңиз сотко кайрылыштыбы?
- Сабаганда дагы таш бараңга алышкан. Алар сотко кайрылышкан. Ушул күнгө чейин аягына чыга элек. Бир соттон экинчисине өтүп келе жатат. Биздин кызматкерлерге каршы туруп, таш жаадырган адамдар жооп бериши керек. Биз акырына чейин күрөшүп, күнөөлүүлөр жазаланышын талап кылабыз.
- Бокушевдин аялы Анара Жумагулова, "ГУУРдун балдары үйгө басып кирип, 70 миң доллар, алтын сөйкө-шакектерибизден бери чыгарып кетти" деп айтып чыккан. Ушул факты далилдендиби?
- Жок, далилденген жок. Ал аял өзүнүн көрсөтмөлөрүнөн баш тартты. Анткени биз андай талап-тоноонун болбогондугун далилдеп бердик. Бокушевдердин үйүндө видеокамералар турат. Биздин кызматкерлер жакын дагы жолошкон эмес. Кийин жаңылып калдык деп өздөрү баш тартышты.
- Бокушев эркиндикке чыккандан кийин, ушунун баарын Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Парманкулов уюштуруп жатат деп айтып чыккансыздар. Азыр Парманкулов менен мамилеңиз кандай?
- Биз мындай интервью берген эмеспиз. Парманкулов менен жакшы эле мамиледебиз. Мен Парманкуловду эки жылдан бери көрө элек болчумун. Сегиз ай мурун жолугуп калдык. Кадимкидей учурашып, саламдашып жакшы сүйлөштүк.
- Сиз революцияга чейин кайда иштегенсиз?
Мен өмүр бою кылмыш иликтөө бөлүмүндө (уголовный розыск) иштеп келем. Революцияга чейин ушул эле жерде орун басар болчумун.

Маектешкен
Бегайым Талантбекова





Ачык саясат

24-февраль, 2012-жыл






??.??