Маек төр
Ахматбек Келдибеков, ЖК депутаты:

"Жулик" каалаганын кылып жатат.


Ал "жуликтин" ким экендигин баарыңар эле билесиңер"


Акыркы кезде саясаттын чордонунда жүрүп, кечээ жакында интриганын курмандыгы болгон "Ата-Журт" фракциясынын депутаты, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетитин төрагасы Ахматбек Келдибековго коомчулукта пайда болгон бир катар суроолорду узаттык.

- Ахматбек мырза, жакында атайын чакыруу менен Америка Кошмо Штатына барып келдиңиз. Бул сапарыңыз тууралуу коомчулукта ар кыл пикирлер айтылып жатат...
- Бул чакыруу Конгресс тараптан болду. Жыл сайын ар кайсы мамлекеттен саясатчыларды чакырып турушат экен. Бул ирет 130 өлкөдөн чакырышыптыр. Ошол адамдардын катарында барып келдим. Мунун тегерегинде дагы көп сөз болуп жатат, "Сатылып кетиптир, акча алып келгени жатыптыр" деген сыяктуу. Мен тууралуу дагы канчалаган жомокторду жазып жатышат. Жакында эле "Алиби" гезити жазыптыр "Келдибековдун баланча үйү, түкүнчө дүнүйөсү бар экен" деп. Бул эми айтылып келген жомоктордун бири. 7-апрелден кийин канчалаган жомокторду илип жатышты. Мунун баарына көнүп деле калганбыз. Эми саясатчы болгондон кийин көп жерге чакырышат экен. Биринчи Сиздерге маалымат катары айтайын. Жакында Москвага дагы чакырып жатышат. Буюрса ал жакка дагы барып келем. Эң негизги максат, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо. Саясатта боломбу же жокпу, бул эң негизги милдет. Ал эми кээ бир саясатчыларга окшоп бир мамлекетке барып бирди, башка мамлекетке барып экини сүйлөгөн бул туруксуздук деп эсептейм. Ошондуктан мындай чакыруунун баарын эле ар кандай божомолдор менен кооздой берген туура эмес. Мен кайсы жерге барбайын, ким менен жолукпайын, эч качан мамлекеттин кызыкчылыгынан өзүмдүн кызыкчылыгымды жогору койгон эмесмин жана койбойм дагы.
- Кечээ жакында бюджет жана финансы комитетинин жыйынында "Бабановдун өкмөтү бюджет маселесин түшүнбөйт. Профицит деп элди алдады" деп айтып чыктыңыз. Ушунун чоо-жайын түшүндүрө кетсеңиз?
- Былтыр биз бюджетти кабыл алганда 21 миллиард дефицит менен кабыл алганбыз. Жыл этегинде 17 миллиард дефицит калды. Мамлекеттик ишканаларда жыл аяктаганда кызматкерлер ала албай калган кассадагы калдык акчалар болот. Ал акчалар салыктан жана башка тармактардан келип түшөт. Мына ошол калган акчаларды булар профицит деп чыгышты. Бул деген өкмөттүн бюджет маселесиндеги элементардык маселелерди түшүнбөгөндүгүн билдирет. Эч кандай профицит жок. Официалдуу маалыматта 17 миллиард доллар дефицит менен жүрөт. Өкмөт бюджетти аткарган жок.
- Учурдагы өкмөттүн кадр саясатына көз карашыңыз кандай?
- Өкмөттүн кадр саясаты мурдагы эле нукта кетип баратат. Аны баары билишет. Өткөндө өкмөттүн курамын алып келгенде депутаттар: "Эмне үчүн Акаевдин, Бакиевдин кадрларын алып келип жатасыңар?" деп сураганда алар айтышкан: "Мындан кийин Акаев, Бакиев деп бөлгөндү токтотолу. Баарыбыз биргеликте Кыргызстанды көтөрөлү" дешкен. Азыр болсо "Бул тигинин адамы, тигил мунун адамы" деген пас түшүнүктүгү кадр алмашуу менен 2 айдан бери алектенип жатышат. Мына, азыр 5 миллион жараныбыздын 1 миллиондон ашыгы чет жактарда мигрант болуп жүрүшөт. Жада калса Миграция министрлигин дагы "бул жерде башка партиянын өкүлү министр болуп отурат" деп жоюп жиберишип, башка министрликке каратып коюшту. Акимдерди шайлоо кандай болгонун көрдүңүздөр. Жада калса ушул райондун акимдерин дагы партияларга бөлгөнү бул алакандай элдин ынтымагын ыдыратып жатат. Райондук кеңештин депутаттарын акчага сатып алганын кандай түшүнсө болот? Кыскасы бизде кадр саясаты жок десе болот. "Бул менин жакыным, бул башка партиянын адамы" деген гана саясат. Андан башка ырааттуу саясатка умтулган жетекчилерди өкмөттөн көрө албай жатам.
- Өткөн жылы Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү деп атайын иш-чара жарыялашканы менен учурда бир дагы криминалдык авторитет соттолгон жок. Жакында президент Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызмат ачты. Бул кызмат коррупцияга бөгөт коеруна ишенесизби?
- Бакиевдин убагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшөбүз деп бардык функцияларды мыйзам аркылуу финполицияга алып беришкен. Эми антикоррупциялык кызмат деп түзүп жатышат. Эч кандай мыйзамы, бюджети жок эле жөн гана түзүп коюшту. Убагында айтышкан "Жаңы өкмөт ишке киргенде текшерүүчү органдарды азайтабыз" деп. Андай болсо финполицияны түп тамырынан бери жоюп салыш керек да. Анын ордуна антикоррупциялык кызмат иштесин. Анан бир нерсе болсо 1 миң сом, 4 миң сом, 500 сом алган адамдарды кармап, ким акча алат болду экен деп мектептин мугалимдерине чейин аңдып жүрүшөт. Бул нерсе коррупцияны жоймок түгүл кайра күчөтөт. Эмне үчүн кызматка орношууну каалагандардын баары эле полицияга, МАИге, бажы тармагына, салык тармагына умтулушат? Себеби ал жерде коррупцияга жакшы шарт түзүлгөн. Ушуну күчөтүштүн кереги барбы? Ишкерлер менен мамлекеттин мамилеси бир гана салык кодексинин тегерегинде болушу керек. Ал эми бюджеттик мекемелер Эсеп Палатасы менен гана иш алып барып, калган текшерүүчү органдардын баарын жоюп салышыбыз керек. Ошондо гана биз ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүк түзүп беребиз. Азыр айыл өкмөтүнө чейин кирип кетишти. Анан кайсы коррупция менен күрөшөбүз?
- Негедир пара берген адамды эмес, пара алган гана адамды кармашат. Балким былыктын баары ушул жерде жаткандыр...
- Ал норма мурда мыйзамда бар эле, алып салышыптыр. Жакында Мыктыбек Юсупович экөөбүз сүйлөштүк. Пара берген адамдын жоопкерчилиги пара алган адамдыкына караганда 2 эсе жогору болсун деген норма киргизели деп жатабыз. Сиз абдан туура ойду айтып жатасыз.
- Жакында "Ата-Журт" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясы негизинен бир пикирге келишкенин Камчыбек Ташиев айтып чыкпадыбы. Бул биримдиктин келечеги кандай болот?
- Эгерде саясаттагы бардык күчтөр оппозиция, позиция дебей иш алып барса албетте бул жакшы нерсе. Учурда бийликте отурган адамдар: "Бийлик биз менен сүйлөшпөй жатат. Биз айткан ойду укпай жатат. Бир столго отурбай жатышат" деп бакырып келишкен. Бүгүн бул адамдар ошол бийликтин кейпин кийип алышты. Кайсы оппозиция менен сүйлөшүп жатышат? Оппозициянын кайсы жакшы сунушун кабыл алып жатышат? Сын-пикир айтсаң эле баары туш-туштан аарыга окшоп жабылып, ар кайсы жактан каралап жатып калышат. Бул тилекке каршы биз 20 жылда басып өткөн жол. Бүгүнкү күндө сот системасын президенттин карамагына алып берели деген аракеттер болуп жатат. Ошондой эле тышкы саясатты президентке алып берели дешет. Андай боло турган болсо элге чыгып айтыш керек эле: "Келгиле Конституцияны өзгөртөлү. Бизге парламенттик башкаруу туура келбейт экен, артка кайталы" деп. Бүгүн элдин кыжырына тийип, тээ убагында Акаевге, Бакиевге "жуликтенип" жүргөн "жуликтер" Конституцияны, мыйзамды уруп ойнобой каалаганын кылып жатат. Мени таң калтырганы ошол. Ал "жуликтин" ким экендишин баарыңар эле билесиңер.
- Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековдун мамилеси начар деген пикирлер бар...
- Эми начар болгудай биз үй-бүлө эмеспиз да туурабы? Саясатта өйдө-ылдый болот. Сын-пикирлер айтылат экен. Качан гана бир үй-бүлөдөгү эки адамдын мамилеси начар болгондо ошону айтса болот. Ал эми биз саясаттабыз. Кээде эки башка пикирлер айтылса эртеси эле кыйкырышып чыгышат, "Экөөнүн мамилеси бузулуп кетиптир" деп.
- Камчыбек Ташиев Сизди досум деп бир нече ирет айткан эле. Бүгүн дос катары мамилеңиздер кандай?
- Дос катары мамилебиз жакшы. Бүгүнкү күндө экөөбүздү бөлгүсү келген көп кызыктар күчтөр бар. Мунун баары суу кечпеген ойлор.
- Түндүк-түштүк мамилесин чечүүнүн кандай жолдорун сунуштай аласыз?
- Бүгүнкү күндө муну орчундуу маселе кылып көтөрүп жатышат. Негизи бул саясатчылардын жеке кызыкчылыктарынан чыккан маселе. Карапайым эл бөлүнбөйт. Мунун баары бийликтеги адамдардын саясатынан келип чыгып жатат. Мисалга кечээги эле президенттик шайлоону алалы. Элди ачык эле бөлүп жатышпадыбы. Ушул эле Чүй боорунда жүргөн түштүктөн келген улуту, теги бир кыргыз жарандарын каттоодон алып салуу эмне деген акмакчылык? Анысы аз келгенсип, Ташиев келсе Бакиевди алып келет экен деген кепти чыгарышты. Кайра Бакиевге эң жакын кызмат кылып, учурунда Ташиевди кызматтан кетиргендерге жардам берип жүргөндөрдү алып келип кызматка коюп жатышат. Бул эмне деген шумдук? Бул эки жүздүүлүк. Мен мындан артык баа бере албайм.
- Келээрки президенттик шайлоого катышасызбы?
- "Генерал болууну самабаган солдат солдат эмес" деп коюшат орустар. Саясатта бардыгы болушу мүмкүн. Атамбаев деле ойлобосо керек мен президент болом деп. Же болбосо ошол эле Бабанов премьер-министр болом деп ойлобогондур. Ошондуктан муну саясат, кырдаал, эл өзү алып келип, пешенеге Кудайдан буюрса ошондо көрөбүз.
- Жазга карата ар кандай тополоңдор болот, революция кайталанат деген пикирлер коомчулукта көп айтылып жатат. Буга пикириңиз кандай?
- Мен дагы ошону көп угуп жатам. Оппозицияга өткөндөн кийин эл келе баштайт экен. Элдин арасында бүгүнкү күндө нааразылык аябай көп. Мен спикер болгондо дагы айткам, азыр дагы айтам. Элдин үнүн укпаган жетекчинин келечеги жок. Эл жөн эле чыга бербейт. Өздөрүнүн талаптары ишке ашпай, аргасы түгөнгөндө чыга баштайт. Акыры бийлик укпай калганда аргасыз чараларга барып, революцияга себеп болот. Мына азыр эле Сиздин алдыңызда дагы бир катар адамдар менен жолуктум. Алардын көтөрүп жаткан бир катар нааразычылыктары бар. Ошол нааразычылыкты учурунда чечиш керек. Учурда электр энергиясы, Кумтөр кени жана башка толтура социалдык маселелер турат. Ошондуктан мен жазга карата тополоң болбойт деп кепилдик бере албайм. Бул өкмөттүн келечеги жок.
- Мындан эки жума мурда Камчыбек Ташиев парламент жыйынында "Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги ликер арак заводун 300 миң доллар пара берип жарым баасына сатып алды" деп билдирди. Буга эмне үчүн укук коргоо органдары чара көргөн жок?
- Биз фракциядан бул маселени териштиргенбиз. Алар айтып жатышат, Камчыбек Ташиев бийликти жаман көрүп калган үчүн эле көтөрүп жатат деп. Ал туура эмес. Ошол заводдун акционерлери келгенде мен дагы суроо бердим баасы канча турат деп. Алар айтышты, заводдун өзү эмес, территориясы гана 3 миллион доллардан кем эмес турат деп. Ал эми сатып алгандар 50 миллион сомдон ашыгыраак акчага гана алды. Андан тышкары акционерлерди эске алышкан эмес. Бул улутташтырылган объект болгондон кийин конкурс аркылуу гана сатылышы керек эле. Бийлик болсо муну өзүнчө банкротко чыгарып, каалагандай сатып жиберди. Эми "не пойманный не вор" деген принципке салып эле каалаганын кыла беришпесин да. Ким канчага алып, ким канчага сатканын, ортодо канча пара берилгенин эл айтып жүрөт. Эгер калп болсо териштирсин. Ошондой эле сатыла турган объектилердин баары аукцион аркылуу гана кетиши керек.
- Беш жылдан кийинки Кыргызстанды кандай элестетесиз?
- Эгер мындай жол менен кете берсек мен эч кандай элестете албайм. Роза Отунбаева бийликте турганда мен айткам: "Кыргызстанда негизги саясатты аныктаган 20-30 гана саясатчы бар экен. Мына ошонун баары бир столго отуруп мамлекеттин жоопкерчилигин тең бөлүшүп, бир бүтүмгө келели" деп. Тилекке каршы бул дагы сөз бойдон калды. Кайсы гана мамлекет болбосун, анын бийлиги адилет башкаруу жүргүзмөйүнчө коомдо стабилдүүлүк, мамлекетте өнүгүү болбойт.
Маектешкен
Баян Көлбаева




Ачык саясат

24-февраль, 2012-жыл






??.??