"Ташиев жакында төңкөрүш кылат экен" деген маалыматтар элдин үрөйүн учурууда. Бул боюнча оюңуз кандай?
Турсунбай Бакир уулу,
ЖК депутаты, "Ар-Намыс" фракциясы:
- Камчыбек менен мен кечээ эле учурашып, сүйлөштүм. Өзүнөн бул маалымат тууралуу эч нерсе уккан жокмун. Өз оозунан эч нерсе укпагандан кийин комментарий бере албайм. Маалыматты биринчилерден болуп сизден угуп жатам. Маалымат сайттарында жүрө бериши мүмкүн, бирок адамдын өзүнөн такташ керек.


Турат Мадылбеков
ЖКдепутаты, "Ата Мекен" фракциясы:
- "Төңкөрүш кылам" деген сөзүн бийликте иштеп кеткен чоң чиновник, саясатчы катары туура эмес деп көрөм. Бир бийликти кетирип, экинчи бийликти алып келүү жагынан алганда, кыргыз элине туруктуулук керек. Бүгүнкү өкмөт, президент, парламент менимче, бардыгы өз жумушун жасап жатышат. Жыйынтыкты убакыт көргөзөт, туурабы? Оппозицияда калдык деп эле чамына бербей, оппозициянын нанын жеп, кийимин кийип көрүп, анан тең салмактуу сөздөрдү айтса болот. Мындай сөздөрдөн качышыбыз жана коркушубуз керек. 4-март- жеңиштин күнү, майрамдайбыз" деген нерселерди туура эмес көрөм. Ар бир айткан сөзүбүздү тең салмактуу кылуу чыныгы саясатчынын иши.Элге жаман ойлорду таратпай, тескерисинче, сазда тыгылып калган арабабызды чогуу тарталы деген ой менен элди бириктириш керек. Мен ошого чакырып кетем.

Мамытбай Салымбеков,
ЖК депутаты, "СДПК" фракциясы:
- Демократиялык республика болгондон кийин, ар бир адам өзүнүнүн кадамдарын жасайт да. Бирок, кадамдар мамлекеттин бүтүндүгү, ынтымагы, жакшылыгы үчүн болушу керек. Эгер чындап өлкөнү "бөлүп-жарам" - деп, башкача идея менен иш алып барып жатса, анда "эл душманы" катары жоготуш керек. Бүгүнкү күндө эл үчүн чын дилинен кызмат кылган азаматтар абдан көп.

Замир Бекбоев,
ЖК депутаты, "Ар-Намыс"фракциясы:
- Ал кишинин төңкөрүш кылганы жатканын өзүнөн уккан жокмун. Кээде-кээде катуу, бетке айтылган сөздөрү болбосо. Интернет барактарында тарап кеткен "4-март-биздин жеңиштин күнү" деген сөз, бул жакында шайлоо болот эмеспи ошондо "утабыз, ийгиликке жетишебиз" деген үмүт, ишеним менен максаттуу айтылган сөз. Меним оюмча азыр төңкөрүш кылганга эч негиз жок. Башка маалыматтар тууралуу эч нерсе айта албайм.

Алмазбек Баатырбеков,
ЖК депутаты, "Республика"фракциясы:
- Эгер кылып жаткан кадамдары чын болсо, анда туура эмес. Себеби, Кыргызстанга тынчтык гана керек. Эл төңкөрүш сыяктуу нерселерден тажап бүттү. Менин бул маселе боюнча так маалыматым жок.




Эл пикири

Коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди кандай баалайсыз?


Артык Абай уулу:
(сүрөткө түшүүдөн баш тартты)
- Коррупцияга каршы күрөш десе эле сөзсүз түрдө бирөөнү кармап, камабаш керек. Коррупция менен күрөшүүнүн дагы өзүнчө жолдору бар. Аны мыйзам чегинде алып барыш керек. Бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан иш-аракети жөн гана "показуха". Элдин алдына чыгып алып, өзүнчө шоу кылып иш алып барып жатышкандай.Бул жерде саясий оюн жүрүп жатат. Акырына чейин күрөшүп, ийгиликке жетишерине ишенбейм.

Курманбек Мамбетов:
- Атамбаев баш болгон коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан иш-аракеттерге түз эле көз караштамын. Катуу күрөш жүргүзүүгө убакыт келди. Эми мындай да, жалгыз президент күрөшүп, арылта албайт. Эл чогуу жардамдашы керек. Азыр майда-барат коррупция менен алектенип келгендерди гана кармап жатышпайбы, алы ошого эле жетип жатат да. Чондору менен күрөш жүргүзүү мезгилине жетиш үчүн убакыт талап кылынат. Бир күндүн ичинде эле баары колго түшүп бере койбойт. Элдин колдоосу менен ийгиликке жетишүүгө болот. Бир коррупционерди кармап алышса, эртеси жакындары чыгып, "Биздин аппак иштеп жаткан балабызды каралап жатасыңар" деп Ак үйдүн алдына келип алып, ызы-чуу салып жатышат. Ушул туурабы? Минтип отурсак коррупция тескерисинче гүлдөйт, өнүгөт.

Нурсунай Уктубаева:
- Коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттерди колдойм. Беш кол тен эмес да, ар кимдин өз пикири болгондуктан, кээ бири жактырат, кээси жактырбайт. Иш-аракеттер адилеттүү жүргүзүлүп жатабы, же жокпу убакыт далилдейт. Балким, ушинтип отуруп, коррупция деген балээден арыларбыз.

Александр Николаевич:
- Сурооңорго жооп бериш кыйын. Эгер Атамбаев чындап күрөшүп жатса, анда иши чабал болуп жатат. Биз жакшы жыйынтыктарды көргүбүз келет. Төмөндөн колдоо болбогондон кийин, жалгыз адамга чоң саз менен күрөшүү кыйын болуп калат.Советтер Союзу учурунда да, Батыш өлкөлөрү Германия, Англия, Франция коррупцияга каршы иш алып барып келе жатат. Коррупцияны түп-тамыры менен жок кылыш, менимче, жомокто гана кездешет. Ал эми биз, жоготпосок дагы, санын кыскартсак болот.

Максат Аденов:
- Өзүм искусство адамы болгондон кийин, мындай саясий иштерге көп көңүл бура деле бербейм. Саясат өзү ыплас нерсе, андан алысыраак болгонго аракеттенем. Андан көрө керметтүү жаратылышты сүрөткө тартканым артык. Коррупцияга каршы жүргүзүлгөн аракеттер кандай деңгээлде жүргүзүлүп жатканын чындыгында билбейм.

Медет Кубанычбек уулу:
- Бийликтегилер жөн гана көз боемочулук менен элди алдап, жакшы көрүнүмүш этип жатышат. Ар бир нерсенин чеги болгондой эле, коррупция менен жан баккандарга чек коюлса, менимче жакшы эле болмок. Бирок, ал каалоолорубуз ишке ашпай эле. Себеби, бийлик майда-чүйдө акча алып кармалып калгандарды эле бетке такап, мактанышууда. А чындыгында ким кандай коррупция менен бизнес куруп жатканын өзүлөрү жакшы билет. Себеби, өздөрү ошондой жол аркылуу келишкен.

Иманалы Абдымомунов:
- Кандай деп айтышты да билбей турам. Себеби, иш абдан чулгандуу болуп жатпайбы. Эгер көзгө көрүнгөндөй кадамдарды жасашса баа берет элем. 100 АКШ доллары менен кармалган МАИ инспектору Айбек Эшпаевдин өлүмү дагы мен үчүн табышмак. Балким, орган кызматкерлеринин да күнөөсү бардыр.

Мээрим Жапарова:
- Коррупция мурдагыдай эле күчүндө. Окуу -жайларда пара алып, экзамендин баасын койгон мугалимдерди жок, жоголду деп ким айта алат? Баары эле күчүндө да. Мурунку бийликтер деле жакшы эле чамынымыш болушкан, бирок акырына чыккан жок. Менимче бул бийлик деле ошол тепкич менен ылдый көздөй кетет.

Замиркул кызы Асель:
- Коррупцияга күрөш баштагандан кийин, биринчи кадамдарды бийликтен башташ керек эле. Ал эми бүгүнкү күндө кичинекей пара алгандыгы үчүн кармалган адамдарды кечке ММК аркылуу жарыялашууда. Коррупцияга малынып бүтүп калгандар кантип эле коррупция менен чынчыл күрөшсүн? Биринчи, өзүлөрүн тазалашсын. Аткаминерлердин ар биринин коррупция жолу менен алган сөзсүз бир бизнеси, жок дегенде үйү бар. Анан беттери кызарбай, мактанып коюшат.

Манапбай Калыков:
(сүрөткө түшүүдөн баш тартты)
- "Коррупция менен күрөштү киттерден эмес, чабактардан баштады"деген эл арасында таркаган маалыматка кошулам. Иш жүзүндө ошондой эле болуп жатат. Өздөрү кап-кап байлыктарды коррупция жолу менен болбогондо, кайдан үйүп алышмак эле. Жада калса, кичинекей балдар бакчасында коррупция чырмалышып, отурукташып алган. Балаңды акча бермейин албайт. Коррупция жоголуп, акыйкаттык өкүм сүрсө, жашоо бир топ эле оңолмок.

Даярдаган Барчын АСАНОВА