Кулак кагыш
Азыранкулов, сүйүнчү!
Чүйдө Исмаил, Латифа жана Ханийфа аттуу үч эм төрөлдү
Республиканын аймагында акыркы эки-үч жыл ичинде бир нече үч эм эгиздер төрөлдү. Үстүбүздөгү жылдын 27-январында Чүй областынын Москва районунун Беш-Өрүк айылында дагы үч эм эгиздер төрөлүп, ата энесин, туугандарын кубанычка бөлөп турган кездери. Бирок, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн бирөө басып келип жаш үй бүлөнүн абалын сурап койбогондугу өкүндүрөт. Ошондой эле буга Москва районунда үч эм биринчи жолу төрөлүп жатат. Атамбаевдин эрке баласы, Чүй губернатору Айбек Азыранкулов үч эмдин төрөлгөнүн укпаган сыяктанат. Үч эмди эмес, ал өзүнүн кантип губернатор болуп калганын алигиче түшүнө албай башы маң болуп жаткан чыгаар. Тактап айтканда ЖКда СДПКдан депутат болуп турганда бир да мыйзамдын автору болбоптур жана элден анын наамына бир да кайрылуу түшпөптүр. Москва районунда төрөлгөн үч эм Азыранкуловго кызык болбосо да, биздин редакцияны кызыктырды. Анткени үч эм дайыма эле төрөлө бербейт эмеспи.


Жарык дүйнөгө жаңы гана баш баккан эгиздердин атасы Бердибек Асымбаев 33 жашта, апасы Эльянора Жаманкулова 27 жашта. Москва районунун Беш-Өрүк айылынын жашоочулары. Алты жашар уулу Абубакир жана үч жашар кызы Софиядан кийин минтип үч эм эгиздүү, беш балалуу болуп отурушат. Эльянора кош бойлуу болгон күндөн тартып өзү жашаган аймактык оорукананын дарыгерлеринин кылдат көзөмөлүндө болуп, көз жарарда борборубуздагы №6 төрөт үйүнө келип түшкөн. Көзүнүн агы менен тең айланып караган врачтарга эми да ыраазычылыгын айтып бүтө албай, чын дилден алкап келет. Алгач уул бала төрөлүп, жарым сааттан соң ортосу он мүнөттүк аралыкта эки кыз жарыкка келген. Баарынан кызыгы үчөө тең буту менен, анан да өпкөсү ачылбай, ыйлабай түшүшкөн. Дарыгерлер дары берип ыйлатып, өпкөсүн ачышкан. Бир жарым килограмм салмакта төрөлгөн эгиздер учурда бир килограмм сегиз жүз грамм салмакка келип, ден соолуктары жакшы. "Бир тондо жаткан киндиктеш эгиздер болгондуктан бир ыйласа экинчиси кошо ыйлайт"-дейт азырынча төрөттөн кийин өзүнө толук келе албай жаткан Эльянора.

Ат коюу өзүнчө философия...
Буга чейин үч эм төрөлгөндөргө саясий ишмерлердин ысымын ыйгаруу салтка айланып бара жаткан. 2005-жылы эгиз наристелерге ошол учурдагы тандемдин атынан Курманбек жана Феликс деп коюлса, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында Кадырбек Айдаров менен Ирина Койполованын үй бүлөсүндө туулган үч эм эгиздерге Өмүрбек, Роза, Алмазбек деген ысымдар ыйгарылган. Ал эми Баткенде төрөлгөн эгиздерге Алмазбек, Өмүрбек жана Ахматбек деп ошол кезде каолицияга кирген фракция лидерлеринин аты берилген. Бердибек Асымбаев бул салтты улантпастан, баласына Исмаил, кыздарга Латифа, Ханийфа деп ат койду. Үй бүлөсү менен намаз окугандыктан ырымдап мусулман аттарын ыйгарып, балдарына өмүр тилешүүдө.

Кимдин тукумунда эгиздер бар?...
Бири кызынын, экинчиси келининин жанынан чыкпай, чарк айланып жүргөн чоң апасы Тоту Асымбаева жана таенеси Батыш Сүйөркулова "кимдин тукумунда эгиз бар" деп божурашып отурган кездери. Алардын айтымында эки тарапта тең эгиздер болгон экен. Чоң апасы он беш неберелүү болдум деп кубанып , он баланы тарбиялап өстүргөн Баатыр эне, таенеси Батыш апа тажрыйбасы менен бөлүшүп, наристелерди кошо кармалашып жүрөт. Пайгамбар жашынан ашкан апалар келмесин оозунан түшүрбөй, Эльянораны тыңытабыз деп кам көрүп, улуу эки баласын дагы багып жатышат. Мээрим төгүп, ичи элжиреп, чын дилден берилип неберелерин караган апаларды караган киши суктанат.

Эч ким көңүл бөлгөн жок...
Үч эм балдар төрөлдү деген маалымат телеканалдар аркылуу кетер замат, өкмөт тараптан кандай реакция болор экен деп карап жаттык. "Үч эмдерге 50 миңден акча, жер тилкеси менен кошо беребиз" деген Бабановду экрандан байкай алган жокпуз. Бердибектин балалуу болгондугун премьерди мындай кой, губернатор, аким да кызыгып, куттуктап койгон эмес. Баягы, "Жыргаганыман жылкычы болуп жалданыптырмынбы " демекчи байлыгы ашып-ташып жаткан болсо бийликтен жардам сурап не кылышмак. Тилекке каршы, Бердибек жубайы экөө айылда батирде жашашат. Эки бала менен билинбей жашап келишкени менен, эгиздер менен шарты жок, суук тамда жашоо кыйын экендиги белгилүү. Айла жок учурда борборго ысык суусу бар батирге кирүүгө мажбур болушууда. Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринен жүз элүү АКШ долларына батир таап, беш баласы менен көчүп киришкени менен эч жерде иштебеген Бердибек акчасын кантип төлөрү белгисиз. Мисалы, Светлая Полянада төрөлгөн эгиздерге губернатор айылдан 250 миң сомго үй сатып берген. Ал эми райондун акими 50 миң сом акчалай жардам беришкен. Баткенде туулган Алмазбек, Өмүрбек, Ахматбектерге облус жетекчилиги узак мөөнөткө жашап турууга батирдин ачкычын тапшырышкан. Ал эми Асымбаевдерди бирөө чалып куттуктап, көнүл буруп сураган эмес. Москва районунун мурдагы жетекчисине кайрылган Бердибекти, "акимдерди шайлагандан кийин айтам" деп узаткан. Андан көп өтпөй аким шайлоо болуп, ордуна жаңы администрация башчысы келген. Эми кайрадан жаңы акимге киремби деп таң калат, өзү да түшүнбөй калган Бердибек.

Редакциядан:
Буга чейин төрөлгөн үч эмге акча жана башка жардамдар берилип келсе, учурда Бердибек менен Эльяноранын балдарын караган киши жок. Балким балдарына саясатчылардын атын ыйгарышканда көңүл бөлүнөт беле... Айтор Кыргызстанда бардыгы саясатташып кетпедиби. Жок дегенде макаланы окуган соң, Чүй облусунун губернатору Айбек Азыранкулов көңүл бөлөөр.

"Ачык саясат плюс"




"Рахат" соода борбору Текебаевге тиешелүүбү?


Акыркы мезгилде Бишкек шаарында жайгашкан карапайым адамдардын павильондору алынып, ордуларына чиновниктердин заңгыраган соода түйүндөрү курулууда. Шаардын Калык Акиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде көздүн жоосун алган "Рахат" соода борбору курулуп, учурда соода түйүн ишин жүргүзүүдө. Жогоруда аты аталган соода түйүндүн ичин көрүп кетүү үчүн киргенибизде ал жерге кирген чыккандын баарысы "Текебаев салдырыптыр. Аялы иштетет экен. Соода борбордун жарымы казактардыкы тура" - деп жатышты. Карапайым эл мэр Иса Өмүркуловго жалдырап, алакандай камокторуна тийбөөсүн суранып, жеп жаткан нандарынан айрылгылары келбей, тиштеринин кирин соруп жатса, депутат, чиновниктер каалагандай тайраңдап, соода борборлорун ачып, айымдарына бизнес ачып бере баштады. Деги биздин аткаминерлер уялбай деле калышты.


Жоопкерчиликсиз депутат жоголуп кетсе болобу…


Белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун уулу "атамекенчи" Райхан Төлөгөнов атасын тартпай, тентек чыккан окшобойбу. Текебаевдин тизгининен чыкпай, анын камчысын чаап, "дежурный" депутат болуп жүргөнүн билчүбүз. Анан эле 7-апрелдеги тополоңдо талап-тоноочулукка катыштыгы бар экендиги ММК беттеринде жайнап чыкты. "Ой бул Төлөгөн аксакалдын уулуна эмне жетпейт, атасынын ар-намысына шек келтирбей, депутаттык мандатын өткөрүп эле бербейби" дегендер да жок эмес. Биздин редакция Райхан Төлөгөновго бир нече суроо узатсак, "эмне суроолор боюнча" - деп сурады. Биз учурда ал тууралуу айтылып жаткан айыптар боюнча десек, "эртең саат 11:00дө ЖКга кире калгыла" деп, ошол бойдон телефонун өчүрүп салса болобу. Жоопкерчиликсиз депутаттын жосунсуз жоругу таң калычтуу болду. Анан он күндөн бери таптырбай, телефон чалсак да албай айлабызды кетиргенинен гезитке берүүнү туура көрдүк. Эгер депутат мырза окуп калса же кимдир бирөөлөрдөн угуп калса, байланышка чыгаар... Белгилүү адамдын уулу мынчалык жоопкерчиликсиз болгонуна караганда, артында бир мандем бар го деп турубуз.


Мыктыбек Абдылдаев "Ачык саясаттын" суроолорунан эмнеден коркот?


Учурда "Ата - Журт" фракциясынын ичиндеги депутаттар ортосунда ажырымдар көп болуп жаткандыгына жана фракция лидери Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаров менен биригип жаткандыгына байланыштуу "атажуртчулардын" пикирин билели деген ой менен баарынан мыктысы Мыктыбек го деп, ага байланышсак "суроолоруңарды салып жиберсеңер. Мен окуп көрөйүн. Азыр бир нерсе айтсам эле эртең мына Абдылдаев минтип айтып чыкты дешет" деген эле. Анан депутат мырзанын сөзүн эки кылбай даяр суроолорду жазып, электрондук дарегине жазып жибергенбиз. Анан эле Мыктыбек мырза "Ачык саясаттын" суроолорунан коркконбу же башка да бир мандеми барбы айтор, Мыктыбек аты айтып тургандай мыкты эмес экен. Эгер журналисттин суроосунан качып, "сен мага тийбе, мен сага тийбейин" деген принцип менен жашаса, анда элдин тагдырын чечкен депутат болуп ЖКда эмнеге отурат? Бекер убактысын кетирип... Кыскасы ЖКда мындай "дежурный" депутаттар толтура.

"Ачык саясат плюс"