Үч кыргыз бириксе жаманбы?


Коомчулуктун баарын чуу кылып, Атамбаевге оңду-солду кеңеш берип келе жаткан "татар тууганыбыз" Фарид Ниязов деген бир эрен бар. Бу киши АШАга кирген - чыккандын баарын тейлеп, керек болсо кимди киргизип, кимди коерунан бери чечээрин жалпы ММК жазып чыкты. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Фарид мырза тар чөйрөдө өзүнүн жакындары менен отуруп, "үч кыргыздын башын бириктирбеш керек. Антпесе булар жаман" - деп шыбыраган экен. "Кыргыздын бүтүндүгүнө кимдер каршы чыгып жатат"-деп башыбыз айланып отурганда, Ниязовдой адамдардын жасаган кадамдары кырдаалды курчутуп жиберет эмеспи. Андан да буга чейин президенттин кеңешчиси президенттин атынан сөз сүйлөгөнүн уккан эмеспиз. Анткени, президент жокто анын ордуна иш алып барган аппарат жетекчиси бар эмеспи. Ал эми кеңешчи Фарид мырза АШАнын атынан чыгып деле сүйлөй берчү болду. Бакиевдин түбүнө Малеванная жеткендей, Атамбаевдин түбүнө дал ушул Фарид жетеби деп турубуз…

Адахан менен бириксе эле бийлик колуна тие калчудай


Кудая тобоо, бийликте турганда унчуга албай, кысчу жерлерин кысып отургандар бир заматта элдик киши боло калганына таң бересиң. Кыргызстанда 7-апрель, июнь коогалаңында жүздөгөн кыргыздардын курман болгондору аз болуп жаткансып, "атажуртчу" Ташиев таш жарчудай элди дүрбөтүүдө. Алтынбек үкөсүнөн токмок жеп кичине басаңдап калган Камчыбек көпчүлүк коалицияга кирбей калгандан бери жүргөн-турганы шойкомдуу боло баштады. Буга чейин оңолбогон Кыргызстанды оңдойм деп тим эле тилине тибиртке чыкканча гезит беттерине маек берип бүтө албай келет. Кыргызстанды ушул гана оңдоп ийе тургансып… Атамбаев кайсы Ташиев кайсы? Кыскасы орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт эмеспи. Ал эми Ташиевдин кылдат түзүлгөн планы жок революциясына кимдер катышат болду экен деген суроо туулат. Баарынан таң калычтуусу президенттик шайлоодо Мадумаровду шыбап "Бакиевдерден акча алып жатат" деген Ташиев, бүгүн аны менен эзиле кол алышып калганына жол болсун. Бу оңбогон саясатчылардын позициясын эл жакшы түшүнүп калды. Мадумаров менен кол алышканда эле бийлик колуна тие калчудай болгон Ташиевдин кийинки кадамдарын байкап туралы…

"Мени атылды, өлдү дегендер өздөрү атылып, өлүп калсын"


Келе жаткан жаз айы саясий жаңылыктарга өтө бай болот окшобойбу. Кечээ жакында "Бүтүнкыргызстанчы" Адахан Мадумаров Ошко чаап барып, Ош шаарынын Батыш кичи районуна жайгашкан "Береке" базарына үч жүздөй адамды чогултуп, тим эле тили тишине тийбей сүйлөп, "Мени атылды дегендер өздөрү атылып калсын, мени өлдү дегендер өздөрү өлүп калсын. Кагылайын Ош элим, жакында бийлик биздин колго өтөт. Мына аз гана убакыт калды" - деп элди дүрбөлөңгө салды. Сыягы элди коңшу айылдардан алып келген окшобойбу. Чогулган эл шаарлыктар эмес экендиги байкалды. Баарынан да элди айланып атчандар жүргөнү коркунуч жаратты. Мындан улам чын эле жакын арада Мадумаров менен Ташиев бир балээнин үстүнөн чыга тургансып калды. Неси болсо да карапайым эл саясатчылардын саясий куралы болуп калбай, провокациядан алыс болсо экен. Буга чейин саясий курал деле болуп көрбөдүкпү. Азыркы саясатчыларды ээрчисек, бизге эч кимиси жакшылык алып келбейт. Атамбаеви да, Текебаеви да, Ташиеви да, Мадумарову да бир казандан чыккандар. Андан көрө өз камыбызды ойлойлу.

Бизди кандай адамдар башкарып жатат?


"Мыйзамчы" Текебаев 20 жылдан бери эле кургак сөз менен мамлекеттин, элдин, бийликтин башын айлантып, өзүнө курал катары пайдаланып келе жатыптыр. Бечара кыргыз Текебаевди 5 чакырылышка депутат, СССР Жогорку Советине депутат кылып шайлашыптыр. Акыркы учурдагы бардык ашмалтай Башмыйзамдардын жазылышына дал ушул кишинин салымы тоодой. 2010-жылы түштүк коогалаңы от алып, эл кансырап жатканда Отунбаева экөө "Бакиевчилер парламенттик башкарууну көрө албай кан төгүүгө барды" деген кепти көтөрүп чыгышты. Ошонун аркасы менен үйүнөн чыга албай жаткан элдин атын жамынып "бүлүтөн" жасап отурушуп каалаган максаттарына жетишти. Эми ошол эле Башмыйзамдын өткөөл беренесинде 20 жылга чейин Башмыйзамдын негизги беренелери өзгөртүлбөөгө тийиш деген норма жазылып турганына карабай Текебаев президент Атамбаев менен бирге жаңы оюндарды баштаптыр. Эгер Атамбаев Текебаевге спикерлик кызматты бере турган болсо, анда Текебаев сот тармагын, тышкы саясатты президенттин карамагына өткөрүп берүүгө макул экен. Мына кызык! Башмыйзам Текебаевдин менчигиби деп суроо берген эч ким жок. Ошол эле Текебаев Бабановду өкмөт башчылыгынан кантип түшүрүүнүн амалын жасап, "Республика" фракциясынын балдарына кантип кылмыш ишин ачып, түбүнө жетүүнүн амалдарын Атамбаевге үйрөтүп жатыптыр. Анын артынан Темир Сариев экөө биригип, Кулов менен кеңешип, Алмазбек Атамбаевге кантип көр казуунун амалын пландашса, ошол эле Темир Сариев менен Феликс агасы менен бирдикте Алмазбек Атамбаевге кирип: "Биз Чүйдүн кулундарыбыз, бийлик дайыма биздин колдо болушу керек. Акырындап баарын сүрүп чыгабыз" деп шыбырашат экен. Көрдүңөрбү бизди кандай адамдар башкарып жатышат?..

Атамбаев коррупцияга байланышкан "киттерге" күчү жетеби??


Акыркы кездери колунан келбесе дагы кооз пиар жасагандан упай топтоп келе жаткан Атамбаев бийлиги "коррупциянын алкымын тыям" - деп бакылдады. Атайын кызмат түзүп, бир нече адамды "пара алды" - деп камаганга дагы үлгүрүштү. Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов, Нурлан Сулайманов, Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиевдерге кылмыш ишин козгоо үчүн "кол тийбестигин алып бергиле, камай салалы" - деп Башкы прокуратура парламентти чарк айланып жүргөн чагы. Эгер андай боло турган болсо учурда өкмөттү башкарып жаткан Өмүрбек Бабанов менен Энергетика министри Аскарбек Шадиевге окшогон бир катар чиновниктердин аркасынан чубалган имиштерчи? Өткөн жайда Баткенден Тажикстанга ташылган контрабанда күйүүчү майлардын чырын, Бабановдун айланасында айланган 100 миллиондогон долларлык имиштерди, Каптагаев менен Отунбаеванын тиешеси бар делген ячейкадагы акчаларды териштире алышабы же "карга карганын көзүн чукубайбы?". Эгер Атамбаев баарына калыс карайм десе тегиз камап, тартипке салганга неге аракеттенбейт деген суроо туулбай койбойт экен. Эр болсо ошентип баарын камап көрсүнчү "майда пул" доолаган "чабактардан" күчүн чыгарбай...

Отунбаева кайда, Лондондо!


Илгери Байдылда акын "Чыңгыз кайда, Москва, Париж, Лондондо!" - деп жазган ырындай эле болуп жатат. Өткөн жылы ажолук тактысын тапшырганына сүйүнүп Ак үйдөн чыга качкан экс-ажо айым эс алуу учурунда Батышты түрө кыдырып, болочоктогу фондду түптөөнүн камында жүрүптүр. Өткөн жылы Атамбаевдин инаугурациясын утурлай "Бийликти тынчтык жол менен өткөрүп кетип калды. Отунбаева азамат экен" - деп бакырып жаткан бийлик ММКлары бүгүн жаңы ажонун жосунсуз жоруктарын көрүп ооздорун ачып отурган чактары. Кечээ мактап жаткан Отунбаеваны бүгүн бирөө эстеп койбойт. Бакиевди "үй-бүлөлүк башкаруу жүргүзүп жатат" дешип Германияга элчиликке жөнөтүлгөн иниси Марат Бакиевден бери Роза Отунбаева баш болгон оппозиция лидерлери кыйкырып келишти эле, 7-апрелге чейин аты-жыты билинбеген Болот Отунбаевди айга-күнгө теңеп, бир кездеги Марат Бакиевдин ордуна отургузушту. Ии баса, 2005-жылы Бакиев бийликке келгенден кийин Тышкы-иштер министри болуп иштеген Роза Отунбаева Марат Бакиевди Германия элчилигине өзү сунуштап, апендинин кызындай мактап жөнөткөн экен. Буга чейин биз мактап келген Отунбаеванын кандайча дипломат болуп чыккан тарыхын бир аз ачыктап койсок балким окурмандарга кызык болоор. Көрсө ошол кезде эле жүзүң курган жердешчилик деген ит оору өкүм сүрүптүр. 1985-жылы бийликке келген Михаил Горбачевдун таасирдүү адамдарынын бирине айланып, тышкы саясатта ага кеңешчи болууга жетишкен залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов ошол кезде өз ишин тың аткарып, чоңдордун көзүнө тез урунган тыкан, кичине бойлуу, чет тилдерин жакшы билген Кыргызстан КП БКсында жооптуу кызматтарда иштеп жүргөн жердеши Роза Отунбаеваны Михаил Горбачев аркылуу Кыргыз ССРинин Тышкы-иштер министри кылып дайындатууга жетишет. Мына ошентип, Роза айымдын карьерасы башталган. Андан кийин Чыңгыз агасы аркылуу СССРдин ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү, СССРдин Малайзиядагы элчиси болуп иштеген. Андан кийин эгемендүү Кыргызстандын тарыхында чоң дипломатиялык кызматтарды аркалады. Ал кызматтарда Отунбаева мамлекетке кандай пайда алып келгенин тарых таразалайт. Бирок жок нерсени жомокко айлантып жүргөн адамдар кечээ эле аны мактап жүрүп отуруп, бийликтен кеткенден кийин унутуп калышканы кызык. Эгер ошол адамдар Отунбаеваны дүйнөлүк лидерлердин катарына кошобуз дешсе анын тарыхына кичине үңүлүп коюшса кичине беттерине кызыл жүгүрөт беле деген эле ой.

"Ачык саясат плюс"




Жеке адамдын кызыкчылыгы үчүн акчага алданып митинг өткөрүүнү токтотуу керек, - "Апрель байрагы"


"Апрель байрагы" элдик кыймылы, 17-февралда АКИpress агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп, бүгүнкү күндө коомчулук майда-барат маселелери үчүн деле митингге чыгууну адатка айлантып алгандыгына нааразы болушту.
Жыйындын катышуучусу Тариэль Искаков билдиргендей, Кыргызстанда бир жылда 1500 митинг өттү. Алардын ичинен 5-6сы гана глобалдык маселелерге байланыштуу болуп, калган митингдер өлкө үчүн эч кандай мааниси жок жана 200-300 сомго азгырылып, жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн өткөргөн митингдер болду. "Учурда наарызычылык акциялар, митинг, пикеттер көп болуп, аны эл адатка айлантып алды. Муну менен Кыргызстан чет мамлекеттердин арасында өзүнүн имиджин жоготуп алуусу мүмкүн жана чет өлкөлүктөр деле бизге келгенден коркушат. Майда-барат маселелер үчүн деле чыга берүүнүн кажети барбы? Ак үйдүн алдында күндө митинг", - деди ал. Т.Искаков буга мисал катары казинолордун жабылышына каршы өткөн митингди айтты. "Казинолор жабылат деген мыйзам кабыл алынгандан кийин бүттү да, бул демилге коомчулук үчүн жакшы иш. Жеке адамдын кызыкчылыгы үчүн акчага алданып митинг өткөрүүнүн токтотуу керек", - деп билдирди ал. Ошондой эле, жыйындын катышуучулары элди улам-улам митинг өткөрбөөгө чакырып, 7-апрель революциясы өз максатына жетүүсү керек экендигин белгилешти. "Андан көрө азыркы өкмөткө, президентке жана Жогорку Кеңешке убакыт берип, иштөөсүнө мүмкүндүк түзүү зарыл. Биздин ишеничибиз акталып, жакшы жыйынтык жыгаарына ишенебиз", - деп айтышты алар.

Булак: "Баракелде"




Ачык саясат

24-февраль, 2012-жыл






??.??