Аял дебе, Аял эне,


дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың...


Асылзат айымдар сынагы!!!


Урматтуу замандаштар, "Ачык саясат+" гезити чыкканына алты ай болсо дагы өз окурман журтуна ээ болуп, эл арасындагы эң көп окула турган басылмалардын катарында. Өзүңүздөр байкагандай, "Ачык саясат+" баардыгын ачык жана так жазат. Окурмандар аудиториясы дагы интеллектуалдык, инсандык сапаты бийик, саясатты терең талдай билген орто муундун өкүлдөрү. Сүйүктүү гезитиңизде ушул сандан баштап "Аял дебе, аял эне, дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың" деген аталыштагы асылзат айымдар конкурсу жыйынтыкталат. Конкурстун шарты боюнча, жеңүүчүлөр 2012-жылдын 8-март майрамынын алдында аныкталат. 3 номинация боюнча асылзаттар аныкталып, жеңүүчүлөргө Ысык-Көлгө жолдомо ыйгарылат.
Демөөрчү "Ысык-Көл журналисттер" коому.


Блиц-анкета
Аты-жөнү: Кабылакунова Чынара Абдрахмановна
Туулган жылы: 1965-жыл, 13-февраль
Жылдыз белгиси: Суупери
Үй-бүлөлүк абалы : Бир уул, эки кыздын энеси
Билими: Медициналык окуу-жайын бүтүргөн
Статусу: Өзүнүн менчик чачтарачын жетектейт
Хобби : Комуз, темир комузда ойноп, ыр жазуу менен алектенет
Жашоодогу урааны : Күн сайын жакшы жашоого умтулуу!
Саясатка көз-карашы : Саясатты уксам жүрөк ооруйт
Артыкчылыгы: Намыскөй
Кемчилиги: Көп ойлонот
Сулуулугунун сыры: Жылдыздуу, мээримдүү эне болгондуктан дайыма сулуу көрүнөт
Бекем үй-бүлөнүн сыры эмнеде : Кагышпаган казан-аяк болобу?
Ошондуктан кечиримдүү бололу.
Ынтымактуу, ызы-чуусуз жашасаң,
Бакыт кушу ар бир үйгө конбойбу!
Конкурска катышуу максаты : Конкурс аркылуу акылдуу ата-энелер менен таанышып, баарлашкысы келет
Рецепт
" Беш бармак" салаты
200грамм унга 2 жумуртка кошуп, катуу кылып камыр жуурабыз. Мантынын камырынын калыңдыгындай кылып жайып, узун-узун кылып кесебиз. Кесилген кесмени касканга салып, бууга бышырабыз. Бышырып алган соң, 200 гр майы жок этти узун тилке кылып туурап аралаштырабыз.Сиздин салат өзгөчө даамга ээ болот.
Балдарыма
Уулума, кыздарыма кубат берсин!
Энелеп, апакелеп эркелесин.
Энелүү эрке жетим деген сөз бар.
Андыктан ушуларга кубат берсин!

Таянсам таянарга таяктарым,
Жөлөнсөм жөлөнөргө жөлөктөрүм.
Силер бар "силер үчүн" жашап келем,
Кудайым бир өзүмө кубат берсин.

Уулум сен, аска-зоомсуң тиреп турган,
Кыздарым андан өткөн булаксыңар.
Чырпыктарым аман-эсен жетилсеңер -
Мөмөлүү көк тиреген дараксыңар.


Окурмандардын эсине!
Эгерде Сиздин укугуңуз тепселип, сот, прокуратура, бийлик тараптан акыйкатсыздык болуп жаткан болсо, "Ачык саясат плюс" гезитине кайрылыңыз. Биз журналисттик иликтөө жүргүзүп, ак кайсы, кара кайсы экендигин аныктоого аракет кылмакчыбыз.
Сизден кат, арыз, кайрылуу жана кылмыш иштерине тиешелүү соттук процесстердин документтерин күтөбүз. Ошондой эле, "Ачык смс" рубрикасы сиз үчүн кызмат өтөйт, бул үчүн 0554 96-17-97 номерине "смс плюс" деген сөз менен маалыматтарыңызды калтырып койсоңуз болот. Мындан сырткары, (0 312) 66 21 71 номерине чалып байланышыңыз.
Урматтуу окурман!
Көөдөнүңүздү мите курттай жеп, жүрөгүңүздү түйшөлткөн суроолоруңузду, арыз-муңуңузду сот жана бийлик органдарына жеткирүүгө "Ачык саясат плюс" гезити көмөктөшмөкчү.
Биз Сизге жардам берүүгө даярбыз!

Жазылуу индекси 68 493

Урматтуу окурман!
Сиз сүйгөн "Ачык саясат плюс" гезитине жазылуу жүрүп жатат.
Өлкөдөгү саясий кырдаалды ачык жана таамай жазган, сот, прокуратура, милиция органдарынын мыйзамсыз иштерин, чектен чыккан фактыларын, ошондой эле криминал дүйнөсүн коркпостон чагылдырган сүйүктүү "Ачык саясат +" гезити сиздер менен.
"Ачык саясат плюс" гезити - маанилүү жана көйгөлүү маселелерди терең иликтейт!
"Ачык саясат плюс" гезити - кайсы бир саясатчынын камчысын чаппаган, эркин гезит!
"Ачык саясат плюс" - адилеттиктин, акыйкаттыктын жарчысы!
Урматтуу кыргыз элим!
Эгер Сиздер Кыргызстандын, кыргыз элинин келечегине кайдыгер болбосоңуздар, биз менен дайыма бирге болуп, жүрөк өйүткөн маселеңерди бирге чечели.





Ачык саясат

24-февраль, 2012-жыл






??.??