oКыргыз желегин желбиреткен бирөө бар
Жаныбек Аматов:

"Максатым - АКШдагы дүйнөлүк мелдеште чемпион болуу"


Жаныбек Аматов Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын тургуну. 2008-жылдан бери эрежесиз эр мушташка катышып келе жатат. Белгилүү панкратиончу Замир Сыргабаевдин шакирти. 2008-жылы Ысык-Көлдө болгон Евразия чемпионатында жеңишке жетишип, Евразия чемпиону болгон. 2009-жылы Грецияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медалды тагынган. 2010-жылы эрежесиз мушташ боюнча Кыргызстандын чемпионатында жеңишти багындырса, Түштүк Кореяда өткөн Чыгыш Азия чемпионатында да биринчи болгон. Андан кийин панкратион боюнча өткөн Борбордук Азия, Азия биринчиликтеринде экинчи, үчүнчү орундарды ээлеген. Ал эми 11-февралда дүйнөнүн 20 өлкөсүнүн катышуусунда Орусиянын Москва шаарында өткөн профессионалдар арасындагы эрежесиз мушташ (панкратион) боюнча эл аралык турнирде Жаныбек Аматов жеңишке жетишип, чемпион аталды. Кыргыздын туусу көтөрүлүп, Кыргызстандын гимни жаңырды. Москвада Кыргызстандын намысын коргоп келген Жаныбекти кепке тарттык.


- Жаныбек, үй-бүлөң тууралуу айтсаң...
- Үйдө 4 бир туугандын улуусумун. Өзүм Баткен мамлекеттик университетинин экономика жана финансы адистиги боюнча окуп атам.
- Эрежесиз мушташка кантип келип калдың?
- Кичинемден панкратион мелдештерин көрүп, мушташтын ушул түрүнө кызыкчумун. Өзүм спорттун самбо, эркин күрөш түрү менен машыгам. Ата-энем билишсе каршы болуп, тыюу салышмак. Аларга билдирбей машыгууларды өткөрүп, рингге чыгып жүрдүм. Спорт залга барам десем каршы болушчу. Бирок жаракат алган учурларымда аным билинип, үйдө дарыланып айлап жатып калган учурларым болду.
- Спорттогу ийгиликтер акчалай бааланып, спортчунун капчыгын кампайтат эмеспи. Эрежесиз мушташта бул жагы кандай?
- Катышканың үчүн 1 миң доллар беришет. Жеңишке жетишкен күндө берилчү акчалай сыйлыгы болот. Мындан сырткары көрүүчүлөр атаандаштардын бирөөсүнө жеңет деген ишеним менен акчаларды сайышат. Ал топтолгон акчалардын эсебинен да берилет.
- Спорттун бир топ түрү менен машыгат экенсиң. Рингде кайсынысын көбүрөөк колдоносуң?
- Бирөөсүн колдонуп мушташуу жарабайт. Атаандашыңа жараша болот. Ар кандай спорттун чеберлеринен болушкан атаандаштар туш келет. Ошого жараша күрөш, самбонун ыкмаларын колдонууга туура келет.
- Рингге чыкканда коркуу сезими болобу?
- Менде эч кандай коркуу сезими болбойт. Болгону жеңилип калсам кандай болот, Кыргызстанга кантип барып, мени тааныгандарга эмне деп айтам дегендей санаркоо болот. Атаандаштан муш жеп, жаракат алып каламбы деген коркуу жок. Жеңилип калган учурда жалгыз болуп, өзүмдү сооротууга аракет кылам.
- Кандай максатың бар?
- 30 жашка чейин панкратион боюнча чыгам. АКШда өтчү эң абройлуу панкратион боюнча чемпионатка катышып, жеңишке жетишсем деген максатым, тилегим бар. Ал үчүн аракеттерди азыртан көрүп жатам. Буюрса максатыма жетериме ишенем.

Бегайым Талантбекова



Ачык саясат

24-февраль, 2012-жыл






??.??