Зомбулук

Арадай ишти чарадай кылган тергөөчүлөр


Ушул жуманын Шейшемби күнү Назира Садырбаева аттуу айым редакциябыздын босогосун аттап, көз-жашын төгүп башынан өткөн окуясын айтып берди. Сокулук райондук Ички иштер башкармалыгынын "тергөөчүсүнүн кысымына кабылдым" деген Назира айымдын ишин иликтөөгө алдык. Гезитибиздин кийинки сандарында кененирээк иликтеп беребиз.

2011-жылдын 31-декабрында Назира Садырбаева 33-19 мамлекеттик номерлүү "Мицубиси Паджеро" маркасындагы авто унаа сатып алган. Машина саткандар Уулкан Султанбекова жана Исраил Атакулов аттуу жарандар болгон. Кийин тастыкталгандай унаанын баштапкы ээси Сокулук районунун Жаңы - Жер айылынын тургуну Абуслим аттуу адам, Абуслим Евгений аттуу орус улутундагы адамга сатат. Евгенийден Кадырбек аттуу жаран сатып алып,бирок ишеним кагаз кимдир бирөөгө сатууга жол бербейт (безотчуждения). Назира жолдошу экөө машинаны сатып алган соң, Исраил Атакулов, анын Иса аттуу досу, Назиранын жолдошу Нурбек үчөө Дэн Сяопин 254 дарегинде орун алган нотариалдык конторага барышкан. Ал жерден Боронбаева Гүлнара Качкынбаева аттуу нотариус машинанын сатылгандыгын күбөлөндүргөн. Унаанын кемчиликтери көп болгондуктан, өз ара келишимден соң эки жарым миң долларга бааланып, Садырбаева акчаны Исраил менен Исага санап берген. Өз кезегинде Атакуловдор машинаны үйүнө чейин айдап, киргизип берип кетишкен. Буга Садырбаеванын кесиптештери, кошуналары күбө болушкан. Дөөтүнү жууп, кубанып жүргөндө 16-январь күнү бейтааныш Искендер аттуу адам келип, машинанын чыныгы ээси экендигин айтып, силер "угон" кылдыңар деп күнөөлөп баштаган. Башкача айтканда аты аталган машинанын үчүнчү ээси Кадырбектин бажасы болот. Машина алган учурда Садырбаева Кадырбекти көргөн эмес. Ишеним каты менен Уулкан менен Исраил саткан. Негедир таптакыр тааныбаган Кадырбек атту адам булардын үстүнөн арыз жазып, "машинаны уурдай качты" деп күнөөлөгөн. Ушул арыздын негизинде Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Талант аттуу жаран, жана Ново-Павловка айылынын участкалык милициясы Айбек деген жигиттер келип, коркутуп-үркүтүшкөн жана кызматтык күбөлүктөрүн да көрсөтүшкөн эмес. Назира "менде бардык документтерим, "гендоверенность бар" деп барбай койгон. 18-январь күнү Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнөн Мурадил Станов аттуу опер келип Назиранын жолдошу Нурбекти күч менен алып кеткен. Назира дароо ИИМди көздөй бет алат. Ошол күнү ИИМдин кабылдамасында олтурган Халибаев атту кызматкер Сокулук ИИБсинин начальниги Улан Боромбаевге байланышып, ишти көзөмөлдөөнү тапшырган.
Сөгүнчөөк тергөөчү Абдылдаева кимдердин адвокаты?
Сокулукка барган Назираны Мурадил Станов орой кабыл алып, кагып-силкип, ишти тергөөчү Венера Абдылдаевага өткөрүп берген. Ал эми Венера Абдылдаева кирген жерден Садырбаевага атырылып, оозго алгыс уят сөздөр менен ашата сөгүп, абийирине шек келтирген. "Өз ыктыярың менен машинаны бересиң, бербесең өзүңо эле жаман" деген кептер менен машина саткандарды жанына отургузуп алып кысым көрсөтүп, "берчи көрөйүн документтериңди" деп алдап, алып койгон. Документтер колуна тийген соң "машина МАИге издөөгө берилген, айдай албайсың, унаа токтотуучу жайга алып келебиз" деп Назираны кетирип жиберген. 20-январь күнү барып машинаны үйдөн чыгарып кетишет. "Чындыгында эле талаш унааны стоянкага токтотуп коёт болуш керек, эми менин арызымды карайт го" деген Назиранын тилеги таш каап, "өз ыктыяры менен кайтарып берди" деп ишти жаап койгон. Ошонун эртеси эле Назира сатып алган 33-19 мамлекеттик номерлүү "Мицубиси Паджеро" маркасындагы машина Ново-Павловка айылында "Продаю" деп жазылып, сатыкка коюлган.
Үмүтү үзүлгөн Садырбаева УКМКнын имаратына келген. Алар Чүй областтык ИИБсине жөнөткөн. Бирок, Чүй ИИБсинин Сокулук району боюнча куратору Махабат аттуу айым, Венера Абдылдаева менен телефондо сүйлөшүп, "тезирек бүтүрөт" деп кайрадан ИИМге жөнөтүп койгон. Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмүнүн начальниги Норузбаев Садырбаеваны өзү кабыл алып, ишти Абдыразаков аттуу тергөөчүгө табыштаган. Абдразаков ишти экиге бөлүп, Венера Абдылдаевага карата жазылган арызды Сокулук райондук прокуратурасына, машина саткан Уулкан Султанбекова менен Исраил Абдыкуловдун үстүнөн жазылган арызды Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБсине жөнөткөн. Ал эми жасалма документтерди даярдаган нотариус Г.Боромбаеваны эске алышкан эмес. Кызыктуу факты нотариус Назиранын үстүнөн арызданып жаткан Кадырбектин өз келини болот экен.
Назира Садырбаева:
"Венера 200 доллар берсең ишти сенин пайдаңа жаап берем деген"
Мен эми кимге кайрыларымды деле билбей калдым. Кимдин акчасы болсо иши бүтө берет экен. Уулкан тааныштарын салып өзү каалаганын жасап жатат. Ал алдап кеткен он чакты адам арыз жазалы дешсе Венере Абдылдаева кабыл албай жатат. Венера менин көзүмчө, Уулканга "карызыңды доолап келгендерге урушпай эле, берем деп тил кат жазып берип кой, эч нерсе кыла албайт, иш козголбойт", деп менин көзүмчө үйрөтүп жатат. Мен эч качан өз ыктыярым менен машинаны бербейт болчумун, күч менен алып ишти жаап коюшту. Венера мага кайрадан байланышып, "200 доллар берсең ишти сенин пайдаңа жаап берем" деген эле. Ушунчалык чарчап, кыйналып кеткенимден, мейли берсе берейин деп берип салгам. Балдарым кичинекей, жумушка барбай эле милицияда сагаалап жүргөндөн өзүм да чарчап кеткен элем. Абдылдаева акчаны, менин паспортумду кошо алып калып, эми деле бербей келет. Же ишти жапкан жок. Болгон күнөөм акча берип жатканда тил кат алган эмесмин. Буга чейин канча жолу машина алып жүргөм, эч качан тил кат жазчу эмесмин, берчү да эмесмин. Эми минтип же акчамдан, же машинамдан жок калдым. "Мощенниктердин" күнү тууган кандай жашоо бул өзү?!
"Жашоо ушул экен, жумуш жок болсо..."
Чыркырап, чындыкты издеген мекендешибиздин айтуусуна караганда, биздин мыйзам сакчыларынын кезектеги "беспредели" кайталанган сыяктанат. Бир тараптуу маалымат бербестен, экинчи тарапты угуу үчүн Уулкан менен Исраилге жолугуу максатында аталган жарандар арыз жазып жаткан Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБсине бардык. Уулкан Султанбекова менен сүйлөшө албадык. Исраил Атакулов болсо "эч нерсе айтпайм, неге гезитке жазасыңар, тим эле койбойсуңарбы" деп сүйлөшүүдөн баш тартты. "Машинанын ээси башка, Кадырбек. Ал азыр Токтогулда, бизге тиешеси жок. Менин аялым бирөөлөрдөн кредит алып төлөй албай калган экен. Мага айткан эмес. Ошол боюнча жүрөбүз" деп кошумчалады. "Жашоо ушул экен, жумуш жок болсо. Акча табуу кыйын да" деген сөзүн кошту Уулкандын жакындары.
Гезиттен качкан тергөөчүлөр
Дарегине бир топ терс пикирлер айтылып жаткан Сокулук районунун тергөөчүсү Венера Абдылдаева менен байланышсак, гезиттен экенибизди угаар замат телефонду таштап койду. Гезит чыгаарга чейин бир нече жолу байланышып дагы ала албадык. Чүй областтык ИИБинин Сокулук району боюнча куратору Махабат аттуу айымга билдирсек, "ишти ИИМ карап жатат" деп кутулду. ИИМге байланышсак Р. Абдразаков эч кандай комментарий бербей тургандыгын түшүндүрдү. Сокулук районунун прокурору Б.Токтогонов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Назира Садырбаеванын айтымында, прокуратура В.Абдылдаевага "кызматтык текшерүү кылып, сөгүш беребиз" деп айткан экен.
Редакциядан:
Учурда бул иш боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер бөлүмүндө тергөө амалдары жүрүп баштады. Тергөө бөлүмүнүн начальниги өзү көзөмөлгө алды. Ким ак, ким кара, ким жабырлануучу ким айыпкер акыйкаттык менен аныктайт деп ишенип туралы. Жогорудагы мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү органдар чара көрөт деген ойдобуз. Биздин редакция азырынча кимдир бирөөнү күнөөлөп, же чечим чыгаруудан алыспыз. Болгону иштин мындан аркы жүрүшүнө байкоо салып турмакчы.
Бегайым Талантбекова





Стратегия социальной экономики-рыночной

"Экономика"-управление хозяйством - совокупность производственных отношений, а ее "стратегия"-практичное искусство регулирования механизма экономической политики.

Экономическая роль государства - использование имеющейся в его рапоряжении рычаги осуществления перераспределения материальных, финансовых и иных ресурсов странгы, принимая меры по укреплению экономической позиции республики и недопущении эспансии иностранной монополии во всех сферах жизнидеятельности страны.
Достижение экономических высот-профессионализм и ответсвенность тому залог, а иллюзия - "запад поможет"-дала плоды зависимости.
Для обеспечения стабильности развития экономики республики в условиях рыночных отношений необходимость серьезной стратегии во всех сферах жизнедеятельности страны "ригорически" созидания, а не "риторически"-высокопакорности-приведшей республику "хочу то-не зная что".
К примеру: нам 12 лет назад через СМИ было предложено обложение прогрессивным налогом более обоготившуюся, а регрессивным налогом менее обеспеченную часть населения вчасти регулирования доходов, оставшейся без реакции. Ныне богатейшая США поднял вопрос применения прогресивного налога на миллионеров и миллиардеров, чтобы компенсировать бреши бюджета.
Предложим несколько вариантов стратегии реалии полезной необходимости:
Транспортные артерии сообщения
В республике из-за рельефных неудобств механизированное перемещение населения между Ферганской и Чуйской долинами затруднено и потому транспортные ведомства в поиске альтернативной обходной дороги осуществимой автомагистрали пока несбыточной. По идее обезопасить автотрассу Бишкек - Ош регулярной эксплуатации непрерывного потока сообщения автотранспорта потребность только в возведении сооружений железобетонной конструкции усиленно качественной "Галерии" в местах хронически лавиноопасной наклонности вдоль автотрассы в разделе расстоянии 20 км. Устранить помехи круглогодичной стабильной сообщении населения с юга на север и на юг.
Железнодорожный тупик нерешительности
НЕ разрушен связь транзитной железнодорожных перевозок через Казахстан и Россию, а Узбекистан в одностороннем порядке перекрыл ранее курсирующий транзит "Бишкек-Ташкент-Ходжент-Джалал-Абад" при действующей взаимосвязи среднеазиатских республик через надобности водных артерий потребления пресных стоков на 3 млрд.долл. в год по мировым ценам признанной товаром, анклавами сообщений беспрепятственно, пастбищами, беспордонно выкачивающих нефть на нашей территории, автотрассой в Китай через Иркештам сооруженной Узбекистаном за счет кредитования Кыргызстана на 30 млн.долл.нами возмещаемой. При таком раскладе взаимосвязи соседства Узбекистан потребляя водные ресурсы даром считая как дар природы им прибиваемой но взимающей со своих потребителей плату, нам отпускают природный газ как товар всего то на 90 млн.долл. с претензиями.
При родственном перемещении народонаселения среднеазиатских республик нарушается во первых Узбекистаном, их нравы и бытовые устои связей, на что транзитный экспресс проезд поезда по пути следования Бишкек- Ташкент-Джалал-Абад не такая угроза и затрата для соседней страны, даже подсоединение укороченной ветви с Намангана в Джалал-Абад.
Кроме того по заинтересованности Узбекистана и Китая немеренно провести через территорию Кыргызстана железнодорожное полотно "Китай - Узбекистан" кредитуя нас заочно на 2,5 млрд.долл. сметной стоимости, так как строительство проекта намерения вторжение китайского армейского стройотряда, где разве мы в состоянии контролировать за такой миграцией и производимыми затратами, чтобы возместить кредит сулящий нам грезы кроме сближения дополнительной ветви "Торугарт-Балыкчы" к нашим природным ресурсам как залежа открытой добычи железной руды запаса в 5 млрд.тонн и алюминевой руды 150 млн.тонн в пересчете только в залеже на 500 млрд.долл. не считая других природных ресурсов и дикой живности исчезновения. Когда даже для добычи металлолома, добрались до островной Англии. Такова дальность стратегии Китая, начиная с безобидной, но завершения глобальной. Не лучше ли нам самим пустить мини литейные заводы и домны плавильные.
Аскарбек Асаналиев
Директор компании "Центр идеи экономики"
(Продолжение в следующем номере)