Тараза ташында

Абековду камакка алуу - бирөөнүн буйрутмасыбы?


Коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир чылбырын УКМК алганы бир топ мамлекеттик кызматтагылардын сол чөнтөгүн көздөй жылжып аккан акча булактарынын көзү бүтөлө баштаганы чындык. Бул идеянын өзү колдоого арзыйт жана коомчулукта бир топ жылуу пикирлерди жаратты. Учурда "Алфа Телеком" жабык акционердик коомунун ичиндеги коррупциялык схемалардын бети ачылды" деген кеп эл арасында кызуу жүрүүдө. "Мегакомдун" башкы директору Азамат Мурзалиев менен кеңешчиси Алмаз Абеков камакка алынып, тергөө иштери башталды. Андан бери Мурзалиев менен Абековдун жакындары митингге чыгып, аларды үй камагына чыгаруу жана соттун ачык өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Эске сала кетсек, А.Абековго Кылмыш кодексинин 221, 166 беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, коммерциялык уюмдун кызматчысынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган, бир нече адамдардын тобу менен атайылап даярдалган алдамчылык менен бирөөнүн буюмун тартып алган деген айып коюлууда. Тергөөнүн версиясында 2011-жылдын ичинде "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун башчылыгында турган А. Мурзалиев, Абеков жана башкалар менен биргеликте, өздөрүнүн кызмат абалынан пайдаланып, акциясынын 49 пайызы мамлекеттин менчиги болгон компаниянын атынан шектүү ишканаларга керек-жарактарды сатып алууга опсуз чоң суммадагы акчаларды төлөшкөн. Мурзалиев менен Абеков биригип алып, өз кылмыштуу иштерин улантып, ОсОО "Новострой сервис" компаниясынын башкы директору Аман уулу Кенжебек менен келишим түзүп, аларга тиешелүү фирмаларга ремонт жасоо жана керектүү техниканы алдыруу кызматтары үчүн атайылап көбөйтүлгөн өлчөмдө, наркын жогорулатып заказ беришкен.

УКМК жана баш прокуратуранын кадамдарына нааразы болгон Алмаз Абековдун жубайы Бактыгүл Тилегенова редакцияга келип, Мегакомдун айланасындагы бир топ маселелерге токтолду.
Бактыгүл Тилегенова:
Алмазды 2011-жылдын башында Альфа Телекомдун үстүнө кара булут айлана баштаганда чакырышкан. Кайсыл бир саясий партиянын мүчөсү эмес экендигине карабай, Мегакомду сактап калуу үчүн, абоненттерине үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн суранып жатып, ошол орунга алып келишкен. Башкы директордун милдетин аткаруучу болуп болгону эки ай гана иштеп, мамлекеттик бюджетке бир канча миллиондук дивидендди которуу жөнүндөгү төлөө поручениесине жеке өзү кол койгон соң, 2011-жылдын 28-майында жумуштан өз каалоосу менен бошонуп кеткен. 2011-жылдын күзүндө Азамат Мурзалиевдин кеңешчиси катары кайрадан чакырышкан. Эч кандай документке кол коюуга Алмаздын акысы жок. Эч бир чечимди жекече кабыл алганга укугу жок болчу. Аты айтып тургандай, жөн гана кеңешчи. Айыптоодо ОсОО "NSI" жана ОсОО "Новострой сервис" компаниялары Алмазга тиешелүү деп айтылган. Бирок юстиция министрлигинин берген билдирүүсү боюнча бул компаниялардын Алмазга тиешеси жок. Бул фактыны УКМК юстиция министрлигинен кааласа бат эле алууга кудурети жетет эле го. ОсОО "Новострой сервис" башкы директору Аман уулу Кенжебек менен эч кандай туугандык байланышы дагы жок. Альфа Телекомдун лифт сатып алууга бул компания менен эч кандай келишими да жок, акча да которулган эмес экен. ОсОО "Новострой сервис"жеке компания болгондуктан, өз каражатын каалаган жагына жумшайт да. Айыптоодогу калган компаниялардын келишимдери Алмаз Альфа Телекомдо иштебеген мезгилде түзүлгөн. Мисалга алсак, Сайма Телеком менен Альфа Телекомдун ортосундагы келишим 2009- жылдын 15-августунда түзүлгөн. Бул жерде эмне деген айып коюлушу мүмкүн дебейсиңерби? А. Абеков жеке кызыкчылыгы үчүн атайылап жогорудагы келишимди жокко чыгарбагандыктан, Альфа Телеком 2 900 000 АКШ долларына көрө албай калган пайдачылык (упущенная выгода) түрүндө зыян тарткан деп жазылган. Бул болсо бир доллар 46,5 сомго барабар десек, 134 850 000 сомго чыгып кетип жатат. Айыптоодогу 142 миллион сомдун 134,85 миллиону ушул болуп жатат. Жогорудагы келишим боюнча карасак, бул келишим 2014- жылдын аягына чейин Альфа Телеком бир жактуу буза албагандай кылып түзүлгөн экен. Эгер бузса, 14 миллион доллар айып төлөнмөк. Ансыз деле Альфа Телекомдун жетекчилери кат жазышып, андан эч майнап чыкпагандан кийин, Сайма Телекомдун потокторун акырындап 19 дан 4 кө чейин азайтууга жетишкен экен. Бул жерде кандай жеке кызыкчылык болушу мүмкүн? Көрө албай калган пайданын суммасын кантип чөнтөгүнө салып алды деп айыптоого болот?
Менин оюмча, УКМК нын кылмыш ишин козгогону жөн гана саясий оюндардын бири. Соттук териштирүүнү ачык уюштурбаса, анда даана эле акыйкаттык жок, бул бирөөнүн буйрутмасы экендиги аныкталат. Бардык фактылар текшерилип чыгышы керек эмеспи. Алмаз "Мегакомдун" акчаларын атайылап жок кылып, же өз кызыкчылыгана эч качан жумшамак эмес. Жөн гана жалаа жаап жатышат. Илимге берилген, өмүрүн өзү сүйгөн ишине арнаган адам. Буга чейин "Бител- Скай Мобайл" компаниясы жок болуу алдында турганда компаниянын кожоюндары өздөрү чакыртып, компанияны сактап калганын эч ким тана албастыр. Коомдук биринчи каналдын башкы директорунун орун басары болуп аз убакыт иштеп, каналдын стратегиялык планын түзгөн. Көп жылдар айти тармагында билим алган адис болуп эсептелет. Казакстанга бирдиктүү салык системасын киргизүү долбоорунун башчысы дагы Алмаз Абеков болгон. Билим берүү министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы болуп 2010- жылдан бери иштеп келе жаткан. 2009-жылдан бери мультимедиялык телекөрсөтүү жолу менен кошумча билим берүү максатында Кыргызстанда биринчи жолу Алиппе ТВ долбоорунун үстүнөн иштеп келет. Бүткүл Республиканын окуучулары жашаган жерине карабай бирдей, сапаттуу билим алуусу үчүн кам көрүп келет. Бул долбоор бир нече мектептерде ишке киргени менен, бүткүл Республикага жайылтыла элек. Долбоор жаңы гана телчигип келе жатканда жетекчинин ролу өтө жогору экендиги талашсыз. Алмаз - биздин коомго пайдасы тийген жана келечекте чоң пайда алып келе турган адам. Мугалимдер жана билим берүүгө тиешеси бар адамдар Алмаздын ден соолугун жана аманчылыгын мурдатан эле тилеп келе жатышкан, анткени, Алиппе ТВ билим берүү долбоорунун калыптанышы жалгыз Алмаздын билими жана күчүнөн көз каранды жана аны менен тыгыз байланышкан. Ушундай учурда жок жерден алдамчылыкка аралаштырып, көө жаап жатканы абдан өкүндүрөт. Алмаздай адамдарды кыргыздар сактап, пайдасын көрүп алышыбыз керек эле. Бирок Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун А.А Субанкулов. аттуу судьясы Алмаз Абековду эки айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Алмаздын камалбоосу тууралуу өтүнүчтөр, кепилдиктер коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн, Алиппе ТВ каналынын, Альфа Телекомдун иш жамааттарынын, бир нече айылдардын мектеп жамаатынын, ата энелердин, бир нече депутаттардын атынан түшкөнүнө да караган жок. Коомго кызмат кылып жаткан бул адамды неге үй камагына деле чыгарып коюуга болбойт эле? Бул чечим үстү жактан келген буюртмага ылайык кабыл алынган окшобойбу. Андыктан акыйкаттык болоруна ишене албай турабыз.
Учурда Мегаком компаниясынын айланасында болуп жаткан иш аракеттер коомчулукта катуу талкууга алынууда. Азырынча бул маселени ак же көк деп айтууга эртелик кылат. Анткени, Мегаком компаниясы башта эле саясатташып, кыргыз чиновниктеринин чөп жеген акырына айланган. Атап айтсак, 7-апрель революциясынан кийин аталган компанияга Кубатбек Байболов, Аликбек Жекшенкулов өңдүү саясатчылар азуу тишин салышкан. Андан соң, Өмүрбек Бабанов да беш колун салып, Мегакомдон түшкөн миллиондорду сологусу келген. Демек, учурда компаниянын иши бир топ эле саясатташып калган десек болот. Атамбаев менен Бабановдун тирешүүсүнөн улам, Мегаком компаниясы өз ишин так алып бара албай жатканы да айтылууда. УКМКнын Мегакомго баштаган коррупцияга каршы иш-аракеттери натыйжасыз да болушу мүмкүн. Анткени, Мегаком компаниясы президенттик шайлоодо Атамбаевдин талапкерлигин колдоп беришкени чындык. Демек, Мегакомдон ашыкча кеткен чыгымдардан Президент да пайдаланган десек болот. Ал же бул дегенибиз менен бардыгын алдыда убакыт көрсөтөт. Кудайым тергөөчүлөр менен сотторго ыйман берсин. Ал эми камакка алынган Абековдун "Алиппе ТВ" программасы эң жогорку деңгээлдеги, заманбап программа экендигин баса белгилеп кетпесек болбойт.

Бегайым Талантбекова
"Ачык саясат плюс"





Ачык саясат

24-февраль, 2012-жыл






??.??