Мыйзам алкагында

Прокурорду милиция каралап жатабы, же прокурор милицияныбы?


Редакциябызга Чүй областтык Ички иштер башкармалыгынын "Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү" бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Прокуратура органдарынын кээ бир кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана мүчөлөрү менен байланышып, алар менен биригип, бизге тоскоол болууда" деген кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууда Чүй областтык прокуратурасынын бөлүм прокурору Алмаз Жусуповду айыпташкан. "Ачык саясат плюс" гезитине келген ар бир кайрылуу арыздануусу журналисттик иликтөө жүргүзүлмөйүнчө гезит бетине чыкпагандыктан, жогорудагы укук коргоо кызматкерлеринин кайрылуусун иликтеп көрдүк.

Жогорку Кеңештин төр­агасы Асилбек Жээнбековго жолдонгон кайрылууда кыскача төмөндөгүдөй маалыматтар жазылган:
- ИИМде уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгы түзүлгөндөн бери карабалталык Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 14 мүчөсүн кармадык. Бокушевдин аялы Жумагулова Анара Садыбакасовна (1966-жылы туулган) тараптан туугандары төмөндөгүлөр:
- Джумагулов Нурлан Тургунбекович 1971-жылы туулган. Кличкасы - "Чудо". КЖКнын 246-беренесинин негизинде кармалып, №1 СИЗОго камалып, ал жерден ден-соолугуна байланыштуу каза тапкан.
- Жумагулов Рустам Мырзабекович 01.03.1984 ж.т. кличкасы- "Мойщик"
- Жумагулов Руслан Доктурбекович 11.04.1980 ж.т. кличкасы- "Монгол"
- Калбаев Кубанычбек Асанович 07.06.1973 ж.т. кличкасы - "Пластмасс"
Жогоруда айтылган кармоолордон жана Н. Жумагуловдун өлүмүнөн кийин Бокушевдин аялынын жакындары нааразы болуп, тууганы, Чүй областтык прокуратурасынын тергөөчүсү жана Чүй областынын куратору Жусупов Алмаз Аалиевич (28.08.1978) кызмат өтөгөн Чүй областтык прокуратурасы тарабынан Чүй областтык ИИБнын УККБ кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Алмаз Жусупов учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө тобун жетектеп, күбө катары өтүп жаткандарга кысым көрсөтүп, жеке өзүнүн жана уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыктарын көздөп жатат.
А.Жусупов Токмок шаарынын прокурорунун жардамчысы болуп иштеп турганда УКМК кызматкерлери тарабынан кызматтык кылмышы (пара алгандыгы) үчүн кармалып, бирок жетекчилик кызматтагы, атасынын агасы, Чүй областынын губернатору Кубанычбек Сыйдановдун аркасы менен кылмыш жоопкерчилигинен буйтап өтүп, прокуратура органдарында ушул күнгө чейин иштеп келет.
Окуя курчуп, күч органынын кызматкерлери арасындагы тирешүү эмненин негизинде жүрүп жатканын билүү үчүн Чүй областтык прокуратурасынын бөлүм прокурору - Алмаз Жусуповдун пикирин угуп, суроолор менен кайрылдык.

Алмаз Жусупов,
бөлүм прокурор:
"Апамдын сиңдиси Бокушевдин келинчегинин агасынын аялы болгону үчүн күнөөлүүмүнбү?"
- Алмаз мырза, сиздин үстүңүздөн Чүй ИИБне караштуу УБОПтун оперлеринен кайрылуу келген эле. Алар эмне себептен Сизге каршы чыгып жатышат?
- Чүй областтык Ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин бул кадамдары кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко берилегенден кийин башталды. Эгер чындап нааразычылыктары болсо, иш 3 ай тергелип жатканда келип наразычылыктарын билдиришет эле го. Ал убакта эч кимиси унчуккан да эмес.
- Эмне болгон кылмыш ишин айтып жатасыз? Оперлер кылмыш кылышканбы?
- Иштин башы мындай, Чүй областтык уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери шаарыбыздын борборунда жайгашкан "Fire and Ice" түнкү клубунда 2011-жылдын 26-октябрь күнү эс алышат. Алардын бири Чыңгыз Курманалиев мас болуп уктап калып, таңкы саат беште ойгонсо жанында тапанчасы жок болот. Тапанчаны ким алганын билбей туруп эле клубдун кызматкерлерин официанттан баштап, ашпозчуларын жана чогуу эс алган эки кызды кабинетине алып барып, бир сутка бою иш козголбосо дагы негизсиз жана мыйзамсыз кармашкан. Андан кийин СБ кызматкери болуп иштеген 3 баланы алып барып, "Тапанчаны кимиңер алдыңар?" деп кысым жасап, Султан жана Адыл аттуу кызматкерлер ур-токмокко алышат. Мыйзам боюнча автоматикалык тапанча жоголуп жаткандан кийин, дароо билдирип, регистрация кылышы керек эле. Бирок, кызматкерлерди кылмышты жашырып, өзүлөрү тапканга аракет кылышат. Жыйынтык чыкпаган соң, СБ кызматкери Алмамбет уулу Адилетке ошол түнү көлдүк Улан аттуу агасы келип жолугуп кеткенин угушат. Ошол маалыматы менен жабырлануучу Адилетти БМВ үлгүсүндөгү авто унаага кыйнап туруп, ой-боюна койбой отургузуп, Ысык-Көлдү көздөй жөнөшөт. Эки күн уктабаган бала узак жолдо көзү жумулуп уктап кетсе, "Сенин уктаганга укугуң жок" деп башка, төшкө ургулап сабашат. Жабырлануучу эки күн дайынсыз жоголуп кеткенде, агасы келип бизге арыз жазат. Арыздын негизинде Чүй райондук прокуратурасы 2011-жылдын 2-ноябрында иш козгогон. Жабырлануучу Адилет өзү келип дагы арыз менен бизге кайрылган. Түшкөн арыздан кийин соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөндө, жабырлануучу баш мээси чайкалып жеңил жаракат алганы аныкталат. Жабырлануучунун айтымында, аны Аламүдүн базарынынын жанына таштап жатып: "Эгер тапанчаны сенден тапсак, ошол менен атып өлтүрөбүз" деп коркутушкан. Анан бизге жабырлануучудан кайрылуу түшүп жаткандан кийин, УБОПтун балдары экен милиция турбайбы деп тергебей карап отурмак белек. Же милицияга кылмыш жасай берсе болобу? Алар жазаланбашы керекпи?
- Сизди "Алмаз Бокушевдер менен тууган. Ошолорду колдоп жүрөт" дегени кандай?
- Тууган болгондо кандай экенин айтып берейин. Менин апамдын сиңдиси Алмаз Бокушевдин аялынын агасына турмушка чыккан. Эмне мен ошол үчүн күнөөлүүмүнбү? Мен прокуратурада иштейм, ажырашып кетиңиз дейинби? Ал убакта мен прокуратурада иштей элек да болчумун. Алар менен бир жылда бир жолу жамандык-жакшылыкта гана көрүшсөм көрүшүп калам. Эми УБОПтун балдары үстүнөн козголгон ишти эмне кылаарын билишпей, мага асылып, жерге-жээк, тууган туушкандарымдан бери асыла башташты. Бул деген жөн гана адамды каралоо. Эми мен да мыйзамдын негизинде өз укугумду коргоого алам. Тактап айта кетүүчү нерсе, УБОПтун балдарынын үстүнөн козголгон кылмыш ишин мен эмес башка тергөөчү тергеп, сотко өткөргөн. Бул жакта жөн гана бет тырмоочулук болуп жатат.
- Балким сиз прокуратурада иштегендиктен оперлер иштерин жабуу максатында, сизди колдонолу деп, туугандарыңар менен "шантаж" кылып жатышкан жокпу?
- Билбейм. Мен да азыр иликтөө иштеримди жүргүзүп жатам. Ар бир айтылган каралоонун артын далилдеп берүүлөрү керек.
- Сизди мурда "пара менен кармалып, Кубанычбек Сыйданов губернатор болуп турганда жардам берип, куткарган" дешүүдө?
- Бул ишке Сыйдановдун эч кандай тиешеси жок. Ал - менин атамдын бир тууган агасы. Биз үй-бүлөбүз менен тартип, ыйман көргөн адамдарбыз. Менин ишим 2010-жылы августта болгон. Ал эми Сыйданов губернаторлуктан 2009-жылы сентябрда кеткен. Мен ал кишини өз иштериме аралаштырбайм. Менин ишим кокусунан болуп калган. Ал ишке тиешем жок болчу. Ал боюнча тергөө иштери жүрүп, сот тарабынан акталгам.
- Эмне себептен Сизди бул ишке аралаштырып, кызыкчылыгыңыз бар экенин айтышууда?
- Алманбет уулу Адилет бизге арыз жазып, тергөө иши жүрүп баштаганда, кабинетте Адилетти оперлер кысымга ала баштаган экен. Мен дароо барып, "андай кылганыңар болбойт"-деп жабырлануучуну алып чыгып кеткем. Ошондон тартып, оперлер "Алмаздын кызыкчылыгы бар экен"-деп, мага асыла башташты.
Алмаз Жусуповдун пикиринен кийин Чүй областтык прокуратурасына кайрылып маалыматты тактадык. Көрсө, Алмамбет уулу Адилеттин арызынын негизинде биринчи Чүй областтык уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Чыңгыз Курманалиев, Жыпаркул уулу Адылга жана дагы башка оперлерге кылмыш иши козголуптур. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, суракка алынган тарапты 20 саат бою негизсиз кармап, ур-токмокко алып, оперлер Чыңгыз Курманалиевдин атына жазылган "АПС" СВ-1674 үлгүсүндөгү тапанчаны алгандыгын мойнуна алдыруу максатында жасаган иш-аракети жана бирөөнүн укугун тепселешкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексинин 305-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту жана 305-1, 306-берененин 1-бөлүгү каралып, иш тергөөгө алынган.(2011-жылдын 2-ноябрында чыккан токтом). Кийинчерээк тергөө ишинин негизинде башка кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, жалгыз Жапаркул уулу Адылбекке жана Чыңгыз Курманалиевге кылмыш жасагандыгы үчүн 2012-жылдын 1-январында чыккан токтомунун негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда токтомго ылайык иш сотко өткөрүлгөн. Мыйзамга ылайык орган кызматкерлерине сурак берүүчүлөрдү кыйнап, физикалык жана психикалык жактан кысым жасоого болбойт.
Окуянын негизги каарманы болгон, жабырлануучу Алмамбет уулу Адилет дагы редакциябызга келип, иштин чоо-жайын айтып берди.
Алмамбет уулу Адилет,
жабырлануучу:
"Арызыңды алып койбойсуңбу" - деп акча сунушташты"
- Чүй областтык УККБнын кызматкерлери 26-октябрь күнү биздин "Fire and Ice" түнкү клубуна келип эс алышкан. Мас болуп уктап калып, тапанчасын жоготуп жиберген милиция кызматкери Курманалиев Чыңгыз кесиптештери менен клубда СБ кызматында иштеген 3 баланы иш ордуна алып барып, ур-тепкиге алышкан. Кимдир бирөөдөн ошол түнү көлдүк Улан аттуу байкем келгенин угуп алышып, менин каршылыгыма карабай, "БМВ" үлгүсүндөгү авто унаасына салып алышып, Ысык-Көлдү көздөй бет алышты. Жолдо баратып көзүм жумулуп, уктап кетсем, башка, төшкө ургулап, мазакташты. Көлдөн байкем менен жолугуп, мени машинадан түшүрүп салышып өзүнчө сүйлөшүштү. Бишкекке келерим менен Чүй областтык прокуратурасына арыз жаздым. Тергөө иши жүрүп жатканда милиция кызматкерлери келип, "Арызыңды алып койбойсуңбу" - деп акча сунушташты. Мен макул болгон жокмун.

Чүй областтык Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине биринчи жолу эмес, буга чейин дагы кылмыш иши козголгону маалым болду. Свердлов райондук сотунда 2010-жылдын 3-февралында эки милиция кызматкери жабырлануучуларга кысым көрсөткөндүгү үчүн кылмыш иши козголгонун "Кылым шамы" адам укуктарын коргоо борбору маалымдаган. Укугу тебеленген балдар жардам сурап укук коргоо борборуна кайрылышкан. Жыпаркул уулу Адылга жана Төлөгөн уулу Рустамга КЖКнын 305-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту жана 305-1 беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин сот Жаңыл Мамбеталы караган.
Орган кызматкерлеринин спикерге кайрылуусу интернет барактарында байма-бай жарыяланып жаткан маалымат боюнча Башкы прокуратура Чүй областтык прокуратура кызматкери Жусупов Алмаздын үстүнөн кызматттык иликтөө жүргүзүп, кайрылуудагы маалыматты жокко чыгарган. Жокко чыгаруу маалыматы "Вести KG" сайтында жарык көргөн. Жусупов Алмаз эч кандай ОПГ мүчөлөрү менен байланышы жоктугу аныкталып, таптакыр башка кызматты ээлеген, жумушунда кадыр-баркка ээ болгон адам экендиги жазылган.
Биздин редакция жогоруда прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, иши сотко өткөрүлгөн милиция кызматкери Жыпаркул уулу Адылды редакциябызга чакырып, суроолорубузга жооп алдык.

Жыпаркул уулу Адыл, Чүй облустук ИИБнин УКККнын (УБОП) кызматкери:
"Жусупов бир тууган бөлөсү "Седойду" чыгарып кеткен"
- Эмне себептен тергөө жүрүп жаткан үч ай аралыгында эмес, иш сотко өткөндөн кийин кайрылдыңыздар?
- Прокурордук тергөө ишинин алдында эмес, Кудай алдында мен өзүмдүн күнөөмдү сезген жокмун. Чындык бар, адилеттүүлүк болот деп эле жүрө бердим. Мен күнөөмдү сезсем албетте барып, кечирип кой деп алдынан өтүп, кыргыздын салтын жасамакмын. Өзүмдүн ак экениме ишенип жүрө бердим. Унчукпай жүрсөк кызматкерлер жумуштан кетип эле жатат, келип эле жатат. Мени аңга эле түртүп жаткандай сезиле баштады. Прокурордун өзүнө чыктык. Биздин чоңдор аркылуу кайрылуу деле жасадык. Ак жерден эле ушундай кыла берсе болобу деп тыянак чыкпагандан кийин, ушул кадамдарга бардык. Бул айла жоктун иши болду. Куралын жоготуп алган мен эмес, чогуу иштеген Курманалиев деген бала болгон.
- Ал азыр жумуштан кеткенби?
- Ооба, ал жумуштан кеткен.
- Курал жоготуп алганы чынбы?
- Мен ошол учурда жанында болгон эмесмин. Чынын айтсам, билбейм. Ал эми тигил баланы сабады дегени жалган. Эч кандай сабаган эмеспиз. Курал жоготкон боюнча Биринчи май райондук ИИМде кылмыш иши козголуп, "уурдоо" деп каралып жатат. Азырынча ачыла элек. Курманалиев арыз жазган боюнча, чогуу иштегенден кийин жардамдашып жүргөнбүз. Сиздер деле кесиптешиңер бир нерсе болсо жардамдашасыңар да, туурабы? Иштин изин суутпай таап калабызбы деген аракеттер көрүлө баштады. Балдар чогулушкан, бирок мен аягында келгем. Кечкисин чогулдук, ошондо уктум. Алмамбет уулун менин алдымда эле 15-20 мүнөт мурун алып келишиптир. Урду деп жатышпайбы? Албетте, тилде сөөк жок деген жакшы сөз бар го. Айта берсе сөз кете берет экен, каалагандай. Бирок, сот адилеттиги, "Кудай бар да. Мен ойлойм, ак ийилет бирок сынбайт го" - деп. Алдыда бир топ териштирүүлөр жүрөт. Прокуратура бир жактуу, Алмамбет уулу тарапта экендиги бештен белгиүү болуп калды. Себеби, Алмамбет уулу биринчи арыз жазып жатат да. Бизден кеткенден кийин эки-үч күндөн кийин экспертизадан өткөн. Баш-мээси чайкалган (ЗЧМТ) деген жыйынтык чыгарып беришкен. Денесинде эч кандай көк ала жок.
- Канча күн кармадыңар эле?
- Ошол түнү эле болгон окуя. Андан кийин мен кетип калгам. Ошол моментте биз аларга кайрылдык, тергөө болуп жатат, макул экспертизадан өтүптүр, ден соолугуна жеңил жаракат келтирилген. Бул жеңил жаракат деп саналат. "Мээси чайкалганбы чайкалбаганбы кайра кайрылуу жасайлы, кайрадан комиссиялык экспертизага берели" десек макул болбой койду. Чын эле сабалганбы билип коюш, 21-кылымда оңой эле да. Эгерде, ишти объективдүү карай турган болсо, биздин үнүбузду угуп, биздин кепке да кулак салмак. Биздин үнүбүз прокуратурага угулбагандан кийин баары түшүнүктүү болду.
- Бир гана прокурор Алмаз Жусупов кысым көрсөтүп жатабы же бүткүл Чүй областтык прокуратурабы?
- Былтыр февралда президенттин жарлыгы менен ГУБОП түзүлдү. Ал түзүлгөндөн баштап, 7-февралда бардык кызматкерлерге приказ чыкты. Ошол күндөн тартып биз Чүй областын тейлегенибизге байланыштуу, Чүй областында тизмеде, каттоодо турган ОПГ мүчөлөрүнүн бардыгын биз колдон келишинче кармадык. Ошол камалгандардын ичинен 14 кишиси кара-балталык Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү болгон. Камалгандардын ичинен Жумагулов Нурлан, кийин каза болуп калды (Кличкасы Чудо). Дал ушул кишини мен камаган элем. Камаган учурда, ага чейин деле Алмаз менен тааныштыгым жок эле. Камалгандан кийин так айта албайм, кыска убакыттын ичнде мээсине кан куюулуп, СИЗОдо каза болуп калды. Ал кайтыш болгондон кийин туугандары дагы кичине нааразы болушуп, биздин үстүбүздөн арыз жазышты. Биздин кабинетте эмес, СИЗОдо каза болду. Тергөө жүрдү. Кийин билсек, ошол өлгөн бала Алмаз Жусуповдун бөлөсү экен.
- Сиздер бизге жазган кайрылууңарда каза болгон Нурлан Жумагуловду Жусуповдун кудасы деп бергенсиздер. Азыр бөлөсү деп жатасыз. Биздин билишибизче маркум Жумагулов Бокушевдин аялынын иниси эмеспи?
- Ооба. Өлгөн бала "Бокуштун" аялынын иниси. Иши кылып туугандык жайы бар экен. Тергөө иликтеп, бизден эч кандай күнөө тапкан жок. Туугандары арызданып жүрүштү. Мен тарапка ар кандай коркутуулар болуп жатты. 16сынан 17сине караган түнү машинамды өрттөп кетишти. Эртең менен короодо12 машина турган.Хулигандар дейин десем, так менин машинамды келип өрттөп кетишеби? Ал боюнча арыз жазылып, Октябрь районунда иш каралып жатат. Бул 2011-жылы октябрда болуп жатат.
- Сизге маркумдун туугандары кысым кылдыбы же Жусупов кысым кылдыбы?
- Маркумдун туугандары тарабынан кысым болду.
- Алмаз Жусуповдун ОПГны колдоп, иш кылганын факты менен далилдеп айта аласызбы?
- Ооба. Өткөн жылы Жусуповдун бир тууган бөлөсү, "Бокуштун" уюкан кылмыштуу тобунун мүчөсү (Кличкасы Седой) Азамат Базарбаевди бажы постунан кармаганбыз. Ошондо Алмаз Жусупов келип, "силер мыйзамсыз кармап жатасыңар. Прокуратура менен милиция бири-бирибизди ушинтип калдык беле"-деп чыгарып кеткен. Азыр ал тууралуу СНБга түшүнүк жазып жибердик.
- Сизге мурда да кылмыш иши козголгон турбайбы?
- Ооба. Ал НПОшниктердин айынан болгон. Өзүңөр деле билесиңер да учурда НПОшниктердин заманы болбодубу. Ошентип эле көрүнгөнү келип кысым кыла берсе, биз бандиттер менен кантип күрөшөбүз? Милицияга НПОшниктер, прокуратура кысым кылат. Байкуш милициянын укугун ким коргойт? Учурда Чүй областтык прокуратурасы дагы эки кызматкерибизге кылмыш ишин козгоду.

Редакциядан:
Жогоруда сөз болгон милиция менен прокуратура тараптын пикирлери менен окурмандар таанышып, таразалап алышаар. Азырынча бир жакты ак же кара дегенден алыспыз. Бирок, ушул жерден баса белгилеп кетүүчү жагдай прокуратуранын кызматкери Алмаз Жусупов таежеси Алмаз Бокушевдин кайнагасынын келинчеги болуп калгандыгы үчүн күнөөлүү эмес чыгаар. Жеке кызыкчылыктар болуп жатканда үй-бүлө мүчөлөрүнүн аброюна, ар намысына шек келтирбесек демекчибиз... Эгерде прокуратура кызматкери ОПГнын мүчөлөрүнө жардам берип жаткандыгы далилденсе, ал да өз жазасын алууга тийиш. Неси болсо да жыйынтыгында сот органы гана акыркы чекитти коет. Биздин редакция жогорудагы ишти тереңирээк иликтөөнү колго алат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жогоруда сөз болгон милиция менен прокуратуранын ишине ИИМ министри Зарылбек Рысалиев, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Экономика жана монополияны жөнгө салуу министри Темир Сариев, ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын бир кызматкери аралашып, мурдуларын салып жатышыптыр.

Баян Көлбаева





Ачык саясат

24-февраль, 2012-жыл






??.??