Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0224_1.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0224_1.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0224_1.htm on line 12

Жан кыйкырыгы


Кыргызды кыргыз буттан алып турат,
Бийиктесе бут тосуп чалып турат.
Чоңдору эли менен иши болбой,
Казынага арам колун салып турат.
Кемпир-чалдын көз жашы агып турат,
Мигранттар ата-энесин багып турат.
Күн сайын өнүктүк, өстүк дешип,
Башкаргандар мээңди кагып турат.
Кыйкырып бирин-бири сөгүп турат,
Абийирлерин айрандай төгүп турат.
Бийлик үчүн кыргызымды акмактар,
Түштүк менен түндүккө бөлүп турат.
Эй акмактар, ачкыла чоң көзүңөрдү,
Унуттуңар элге берген сөзүңөрдү.
Алдап-соолап кыргызымды кыйнасаңар,
Аябайт эл, кууп чыгат өзүңөрдү.
(Патриот кыргыз)





Тилекбай Алибаев:

"Бокушевдин үйүндө видеокамералар турат"...


...-Биз Алмаз Бокушевге 2010-жылы согуш жарыялаганбыз. Ушул жерге эки жүздөн ашык адамды чогултуп, мени жумуштан кетирем деп чуркап жүргөн душманымды мен колдойт бекенмин? Бул эми күлкү келерлик нерсе да. Биз Алмаз Бокушев менен канчадан бери күрөшүп келе жатабыз. Биздин кызматкерлерди сабап канча ызы-чуу болду эле. Сабаганда дагы таш бараңга алышкан. Алар сотко кайрылышкан. Ушул күнгө чейин аягына чыга элек. Бир соттон экинчисине өтүп келе жатат. Биздин кызматкерлерге каршы туруп, таш жаадырган адамдар жооп бериши керек...
6-бет


Жылдыз Жолдошева:

"Карамушкина бизге акыл үйрөткөндөн көрө, өзүнүн акылын толуктап алсын"


..."Мына бул биздин улуттук баш кийим -калпак. Аны биз абдан сыйлаган гана адамдарга тартуу кылабыз" деген сөздөрдү айтып жатканда, Карамушкина алардын сөзүн бөлүп: "Больше пользы будет, если Вы оденете калпак в сауне"- деп официалдуу жерде кыргыздын улуттук баш кийими жөнүндө ушинтип айтыптыр. Экинчиси официалдуу сый-тамак учурунда, Финляндиянын тышкы иштер министринин орун басары менен "брудершафт" ичип, көпкө өбүшүп, ушундай жүрүш турушу менен Кыргызстандын эл өкүлдөрүнүнө моралдык жактан доо кетирген...
9-бет


"Мени атылды, өлдү дегендер өздөрү атылып, өлүп калсын"


...Келе жаткан жаз айы саясий жаңылыктарга өтө бай болот окшобойбу. Кечээ жакында "Бүтүнкыргызстанчы" Адахан Мадумаров Ошко чаап барып, Ош шаарынын Батыш кичи районуна жайгашкан "Береке" базарына үч жүздөй адамды чогултуп, тим эле тили тишине тийбей сүйлөп, "Мени атылды дегендер өздөрү атылып калсын, мени өлдү дегендер өздөрү өлүп калсын. Кагылайын Ош элим, жакында бийлик биздин колго өтөт. Мына аз гана убакыт калды" - деп элди дүрбөлөңгө салды. Сыягы элди коңшу айылдардан алып келген окшобойбу. Чогулган эл шаарлыктар эмес экендиги байкалды. Баарынан да элди айланып атчандар жүргөнү коркунуч жаратты. Мындан улам чын эле жакын арада Мадумаров менен Ташиев бир балээнин үстүнөн чыга тургансып калды...
2-бет




Ачык саясат

24-февраль, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0224_1.htm on line 124

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0224_1.htm on line 124

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0224_1.htm on line 124