Абдылда Капаров:

"Өзбек сепаратисттери Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен чыкчу эмес"


"Ачык саясат плюс" гезитинин 2011­-жылы 26-­августта чыккан N13 санында түштүк коогалаңы учурунда Ош шаарына комендат болгон милициянын полковниги Абдылда Капаров менен болгон маек жарык көргөн. Учурда парламентте түштүк коогалаңы тууралуу маселе көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу маекти кайрадан окурмандарга сунуштоону туура таптык.

- Абдылда агай, 2010-жылдагы июнь коогалаңынын чыгыш себептери коомчулукта ар түркүн пикир жаратып келе жатат. Окуянын чордонунда жүргөн тартип коргоо органынын мурдагы өкүлү катары Сиздин пикириңиз кандай? Ким күнөөөлүү?
- Бул окуя кыргыз тарыхындагы эң кайгылуу окуялардын бири болду. Тилекке каршы биз жүздөгөн жакын адамдарыбыздан айрылып калдык. Бирөөгө жакса дагы, жакпаса дагы мен чындыкты айтууга мажбурмун. Мага азыр деле эч кандай кызматтын кереги жок. Аталарыбыз айткан "Бөөдөй чындык төөдөй жалганды жеңет" деп. Анын сыңарындай болгон чындыкты айтып бербесем арбак кечирбейт.
Өткөн жылдагы 7-апрель ыңкылабынан кийин мен мурдагы губернатор Мамасадык Бакировго барып "Кырдаалды көрүп жатасың, Кушбак Тезекбаевди губернатор кылып шайлайлы. Сен эми туура түшүнүп ордуңду бошотуп бер" десем ал дароо түшүнүп макул болду. Биз ошентип кырдаалды колго алып, иштеп жатканда "Мени Убактылуу Өкмөт жиберди" деп азыркы губернатор Жээнбеков келди. Булар ошол кезде Оштун аянтына 20-30 адамды жыйнап алып өздөрү сүйлөп, 2005-жылдагы митингдердеги чогулган элдин фонун видеомонтажга кошуп, Убактылуу Өкмөттү алдады. Иниси Асылбек Жээнбеков болсо "Түштүктүн эли агам үчүн тур десе туруп, жат десе жатып турган чагы" деп жалган маалыматтарды берип, кыскасы түштүктө алар бир гана Жээнбековдор менен эсептешип, алар берген маалыматтарды гана алып жатышты. Ошол чакта өзүңөр билесиңер, Бакиевдер Ошто жөн жүргөн эмес. Жаныштын адамдары, башка крим чөйрөнүн өкүлдрү барып ар кандай кандуу провакацияларды жасаганга аракет кылышты. Биз ошолордун баарынын алдын алып, июнь окуясына чейин күнү-түнү иштедик…
- Сөзүңүзгө аралжы. 2010-жылдын 7-апрели күнү кечинде Бакиев Ошко барганда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кандай кабыл алды?
- Курманбек Салиевич куралдуу жан сакчылары менен Ошко барганда түштүктү бөлүп алып өзүбүзчө башкарып кетебиз деген аракетине биз ошол убакта элдин жардамы менен эч кандай жол берген жокпуз.
- Азимбек Бекназаров айтпады беле, "Бакиевди кууган адамдар Мырзакматовдун балдары болучу. Мелистин жардамы абдан чоң" деп. Атайын уюштурулган деген сөз жүрөт. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Бул эми туура эмес сөз. Ал жерде эл чындап эле нааразы болуп Бакиевди кууп чыккан. Мени таң калтырганы, Ош окуясы боюнча маселени караган депутаттык комиссия жооптуу адамдарды суракка алып жатканда мени чакырабы деп күтүп жаткан элем. Докладымды, рапортумду жазып даярдап турат элем, негедир чакырышкан жок. Кыргыз элинин алдында ким күнөөлүү деп сурап калса деп мен дагы айлап даярдандым. Мени чакырышмак түгүл Жогорку Кеңешке кире алган жокмун.
Баарынан кызыгы, ошол жерде парламент трибунасында, кыргыз элинин алдында Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков оозу мурду кыйшайбай туруп: "30дан ашык милиция кызматкерибиз менен жыгачтан дубинка жасап отуруп коомдук тартипти сактап калдым. Калган кызматкерлер качып кеткен" деп кайдагы жалганды апыртып атат. Ошол жерден бүт кыргыз элин, президентти, депутаттарды, өкмөт башчысын бала бакчанын балдарын алдагандай алдабадыбы. Ага депутаттар ишенип калышты. Мен ошол кездеги Ош облустук ИИБинин начальниги катары ал кишиге 30дан ашык кызматкер бөлүп берген эмесмин да. Эч кандай милиция качпай, толук курамда эле иштеп жаткан. Болбосо эмне үчүн өзүнүн канча аким шайлаганын, кимден канча акча алып, кайсы кызматты кандай бөлүштүргөнүн айтпайт? Бул Сооронбай Шариповичтин биринчи апыртмасы эмес. Булар башынан эле жалган айта башташкан иниси экөө. 2010-жылы май айында Ошто кырдаал солкулдап араң турганда УӨнүн бир мүчөсү келди. Мен ал кишиге кырдаалды толук түшүндүрүп, милицияны тоюндуруп, ток кармаш үчүн, оперативдүү иштеш үчүн майга, запчастка, тамак-ашка акча керек болуп жатканын, 2000 кызматкер күнү-түнү иштеп жатканын айтсам "акча ала келдим" дегенинен бухгалтерге айтып кириштеп коелу дедим. Ал киши болсо "губернаторго барып ошол жерден бөлөбүз" дегенинен 2 кызматкериме акчаны көтөртүп алып губернатордун кабинетине бардык. Ал жерге барсак иниси Асылбек Жээнбеков губернатордун эс алуу бөлмөсүндө отуруптур. Ал жерге кирип барганыбызда тиги өкмөт мүчөсү менен Асылбек мушташып кете жаздап жакалашып урушушту. "Кырдаал оор болуп жатканда силердин минтип ыркырашканыңар жакшы болбойт" деп агалык сөзүм менен аларды ажыраттым. Андан кийин Сооронбай Жээнбековго "Акча келди. Коомдук тартипке жумшайлы, бухгалтеримди чакырып алып кириштеп, алып кетейин" десем "Ай, бул башка багытка жумшала турган акча. Сен муну унут, саясатты такыр түшүнбөйт турбайсынбы" деген сөзүн уктум дагы кайрылып кетип калдым. Мына ошондон бери бир жарым жыл болоюн деп калды. Ушул акчаларды сураган адам жок. Кийин тактасам, ошондо 3 миллион доллар барган дешти. Эми карабайсыңбы, 3 миллион сомду кайда жымырганын эч ким билбейт дагы, сурабайт дагы. Ал эми бир бечаралар 1 сотка уурдаганы үчүн 3-4 жылдан мөөнөт алып отурушат. Эми булардын аракетине ушунчалык зээниң кейийт да. Эгерде ошол акчалар убагында өз жолу менен тартипке жумшалганда 500-600 адамдын канына забын болгон окуяга алып келбейт беле деп ойлоп кетем. Кийин парламенттен айтып жатышпайбы, "Баланча акчаны түштүктө тартип орнотконго жумшаганбыз" деп. Мисалы мен Ош облмилициясынын ошол кездеги жетекчсиси катары эч кандай акча алган эмесмин. Анан каякка жумшашты булар, аны бир гана кудай билет.
- Өзбек сепаратисттери жөнүндө эмне айта аласыз?
- Азыр эле "өзбек сепаратисттери согуш баштады, Жалалиддин Салахутдинов, Иномжан Абдрасуловдор күнөөлүү" деп айкырып жатышпайбы. Ошол сепаратисттер убагында Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен чыкпай эле, Асылбек Жээнбеков менен ары-бери басып сырдашып эле жүрүшчү. Анан мага келген сводкаларды алып туруп губернаторго: "Сооронбай Шарипович, Сизге келип жүргөн өзбек лидерлери ар кайсы жерде 100-200 адам менен кезигип жыйналыштарды өткөрүп жатат. Буларды бир чакырып тартипке салып койбойлубу" десем ал адатынча кол шилтеп: "Сен саясатты түшүнбөйт экенсиң. Булар эртеңки парламенттик, президенттик шайлоодо бизге иштейт. Алар менен Асылбек иштеп жатат" деп жатпайбы. Мына көрдүңбү эки жүздүүлүк каякта жатканын. Эми ушунун баарын айтып берейин деп даярдандым эле, депутаттык комиссия мени чакырып маалыматты угабы десем эч ким чакырган жок. Азыр болсо Сооронбай баш болуп "Мунун баарын сепаратисттер жасады. Биз эрдик кылдык" деп кайдагы жок калпты айтып отурушат.
Ал эми 2010-жылы 13-14-майда Ош, Жалал-Абад облустук администрациялары Үсөн Сыдыковдор тарабынан басылып алынгандан кийин "Бишкекте Нариман Түлеев бийлик орнотуптур" деген маалымат тарай баштаган. Ошондо Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков мени чакырып алып: "Нариман Түлеев бийликке келиптир. Бул жакты Үсөн Сыдыков басып алыптыр. Убактылуу Өкмөттүн күнү бүттү. Нариман менен кантип жолугушсак болот?" деп айтып атпайбы. Көрдүңбү булардын жүзүн. Анан ушундай адамдарга ишенип облустун тагдырын тапшырып койгон өкмөткө таң калбаска айла жок.
- Ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбековдун ишмердүүлүгү туурасында ар кандай сөз жүрөт. Сиз бул тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Ички иштер министрлигине оор учурда жетекчи болуп Болот Шерниязов барбадыбы. Ошондо эл кыжырданып турган маалды биринчи жолу ал киши Жалал-Абадка барды. Ошондо ал кишини таш бараңга албадыбы. Мына ошол нерсени Бакыт Алымбеков уюштурган. Анткени мурдагы бийликтин эң жакын адамдарынын бири болгон. Бул кишини министрдин орун басары кылып коюп жатканда дагы мен айткам, туура эмес кылып жатасыңар, комендант кылып жибербегиле деп. Өкмөттөгүлөр болсо "Алымбеков бизге Жанышты кармап берем деп жатат" деп болбой ага ишенип туруп алышты. Июнь коогалаңында болсо УӨнүн ишенимдүү адамы катары Ошко барды. Жанында жүргөн жардамчысы бир дипломат эсеби жок акча алып жүрдү. Болбосо эмне үчүн ошол акчадан милицияга тамак-аш алып берели деп жардам берген жок. Бүгүн ошол акчалар каякка кетти? Ош окуясы башталганга бир жума калганда замминистр башы менен милицияны иш таштоого үндөп жүрдү. Анын оюнча өзүнөн башка министрликке татыктуу адам жок экен. "Болот Шерниязовго баш ийбегиле. Иштебегиле, Алымбеков министр болсун деп талап кылгыла" деп Жалал-Абадда үгүт жүргүзгөн. Апрель, май айларында болсо күндүзү тартип орноткон киши болуп, түнкүсүн Бакиевдер менен жолугушуп жойпуланып жүрдү. Мен Ош облустук УВДнын жетекчиси катары буга жол берген жокмун.
Ал эми июнь коогалаңы башталган чакта Ош облустук УВДнын имаратын штаб кылышты. УӨнүн атайын өкүлү 12-июнь күнү чогулуш өткөрүп, "Өзбекстан тараптан полковник Кудайбердиев 1000 боевиги менен келе жатат" деп маалымдагандан кийин эле ошол жерде отурган Бакыт Алымбековду таппай калдык. Ошол күнү Ош шаардык УВДнын имаратынан 100 чакты кызматкер коргонуп келгенинен мен "Өз ордуңарга барып иштегиле" деп киргизбей койгом. Бир убакта Бакыт Алымбеков оозеки буйрук берип аларды киргиз деди. Мен солдат болгондон кийин буйрукту аткарам да. Каршы болгон жокмун. Ошол буйрукту бергенден жарым саат өтпөй Алымбеков белгисиз багытка карай качып кетти. Бир күндөн кийин Кыргызстанга күйгөн патриот болуп кайра пайда болду. Ошентип биз ызы-чуу болуп бир штабда быкпырдай кайнап жаткан чакта генерал-майор Өмүрбек Суваналиев менин ордума УВДнын начальниги болуп келди. Ач, жылаңач, акчасы жок жүдөңкү абалда иш алып барып жатканыбызды ал дагы көргөн. Ал киши менден кызматын өткөрүп алгандан кийин жанагы жерди штаб кылып тыгылып отургандардын баарын туш-тушка кууп чыкты. Ош шаарнынын мэри Мырзакматовду, Ош облусунун губернатору Жээнбековду, УӨнүн атайын өкүлү Исмаил Исаковду баш кылып баарын иштеген жерлерине кууп таратты.
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен Адилет АЙТИКЕЕВ