Асанакунов Ысык-Көлдүн жарымын сугунуп койбосун…


Ысык-Көл районунун тургуну Керимбаева Фатима облус губернатору, СДПКчы Мирбек Асанакуновдун Бишкек шаарынын Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан 300 орундуу заңгыраган рестораны - ал жердеги тургундарга тынчтык бербей жатканын билдирди. СДПК партиясында эптеп эрмешип жүргөн Асанакунов ресторанды кайсыл акчасына салган? Же көзгө көрүнүктүү бизнеси болбосо. ЖКда депутат болуп турганда бир да мыйзам долбоорун сунуштабаган, бир да кат, кайрылуу кабыл албаган СДПКчы кантип эбегейсиз байлыкка ээ болуп калды? Же Ысык-Көлдө жатып алып, Кумтөрдөн түшкөн акча каражатын оңду-солду чачып, калганын өз чөнтөгүнө солоп жатабы? Бу партиялашына, Президент Атамбаев тезинен чара көрбөсө болбойт го… Болбосо, Ысык-Көлдүн жарымын сугунуп койбосун.

Турсунбай улутун чандыбы?


Жогорку Кеңештин депутаттары ойлонулбаган кадамдары менен элди көп капалантчу болду. Парламентте маанисиз маселелерди көтөрүп, анысы аз келгенсип улуттун аброюна шек келтиргенге чейин жетишти. Тактап айтканда өмүр бою Турсунбек Акун менен абысындай айтышып келе жаткан "арнамысчы" депутат Турсунбай Бакир уулу паспорттогу улуту ким деген графаны алып салып, ал жерге жөн гана кыргызстандык деп жазып коюуну сунуштады. Пайгамбар жашына келейин деп калган депутат өз улутун чанганы эмнеси? Ансыз да мамлекетибиз жок болуп кетүү коркунучуна кабылып, улутубуздун улуулугу сакталбай, башка улуттар тарабынан Уур-тепкиге алынып жатканда, кыргыздын уулу улутун тааныгысы келбей жатканы коркунучтуу эмеспи? Деги Турсунбайдын теги ким, улуту ким? Сабатсыз, жаш депутат болсо да унчукпайт элек, бакандай болгон депутат улутун чанып жаткандан кийин айтаарга да сөз таппай калдык. Редакциябызга Турсунбайга нааразычылыктарын билдирип, телефон чалгандар көбөйдү. Ансыз да түштүк коогалаңынан кийин, мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн, улут маселесине этият карап жатканда, тилин тишине катып турган кыргыздарды козгобосок кантет, депутат мырза?

Бактыбаев Жалал­-Абад прокурорлугуна чуркап жүрөт…


Башкы прокурордун кызматтан алынган биринчи орунбасары Рыскул Бактыбаев Чүй областынын прокурорлугуна катуу жүгүрүп, бирок, тилеги ашпай калыптыр. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, учурда Жалал­-Абаддын прокурору болом деп таманы тешилгенче жүгүрүп жүрөт дейт. Эске сала кетсек, Бакиевдин учурунда Бактыбаев Жалал­Абадга прокурор болуп турганда, анын айынан бухгалтерине иш козголуп, соттолгон. Эми Бактыбаев Жалал­Абадга кантип барганы жатканы белгисиз…

Жантөрө ээрден шыпырылабы?


Президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жакын арада кызматынан кетиши мүмкүн экен. Анын ордуна башка адам каралып жатыптыр. Эми аппарат башчылыгына нааразычылык, сын-пикир менен келген Жантөрөнүн абалы кантээр экен? Аны кызматтан кетирүүнүн негизги себептери - ишти жакшы алып бара албай жатканында экен. Кантсе да аксакал болуп калган адамга аппарат башчылык кызматты аркалоо кыйын эле болсо керек. Президент Атамбаев шайлоодо пайдалангандарын жакшы кызматтарга койгону менен, Бакиевдин ыкмасы менен кайра чаап түшөт окшобойбу. Учурда Бабановду кетирип, Нариманды алып келүү боюнча иш-аракеттер да жүрүп жатыптыр. Неси болсо да бүгүн бирди, эртең эки сүйлөгөн Алмаз мырзадан тегерегиндегилер сактанып жатышкан чыгаар.

Алибаевдин орун басарлары кетип капаланууда


ИИМдин кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Алибаевге карата суроолорубуз арбын болгондуктан, аны менен байланышууну көздөгөн элек. Бирок, тилекке каршы, Алибаевге жолуга албадык. Пресс - кызматына чалсак "ана келет, мына келет" менен эки күн өттү. Андан соң, Алибаевдин "настроениеси" жок экенин айтышты. Көрсө, Тилек мырзанын орун басарлары алынып, жаңы кадрлар дайындалыптыр. Ошол "ордун баскандары" кетип калып капаланып, кабинетинен чыкпай жатыптыр. Демек, Тилек мырза капаланганына караганда жакын арада өзү кошо кетет окшобойбу. Сыягы ага нааразы болгон кызматкерлеринин үнү Кудайга жетип жатса керек… Тактап айтканда бизге жеткен маалыматтар боюнча Конгантиевдин маалында себепсиз кызматтан кеткендер, революциядан кийин кайра кызматтарына келишиптир. Анан эле тынч иштеп жаткан балдарга Алибаев мырза тиш кайрап, айрымдарын иштен бошотконго чейин жетиптир. Алибаев өзү ошол жигиттердин аркасынан, революциянын шары менен кызматка келгенин унутуп калган окшойт дегендер да жок эмес… Кыскасы, Алибаевге биздин редакциядан суроо абдан көп…

Калп оорусаңар, жумуштан кетесиңер!


Бизде мамлекеттик орто кызматта отургандар арасында капыстан "ооруп калуу" сыяктуу адаттар арбын кездешет. Адатта журналисттик иштер менен чиновниктерге чалып, аларды таба албай, жумалап, он күндөп, ал тургай айлап "ооруп" калган учурларга күбө болуп жүрөбүз. Мындай жагдай жоопкерчиликтен качуунун, жасалма документтер менен эс алуунун бир жолу болуп келгендигин өкмөт башчысы өткөндө салыкчылар менен болгон жолугушууда "жакшылап эскертти". "Калп ооруган мамлекеттик кызматкерлерге жасалма бюллетень жазып берип жүргөн фактыларды таап чыгууну Каржы полициясына тапшырам ", -деди премьер-министр Ө.Бабанов. Кызык, эми жалган ооруп, анын эсебинен эс ала койгон чиновниктер кантээр экен?

Раззаковго "Эл Баатыры" наамын берүү демилгесин колдойлу


"Ак шумкар" партиясынын жаштар канаты Исхак Раззаковго "Кыргыз Эл Баатыры" наамын берүү демилгесин көтөрүштү. Аталган партиянын жаштар канатынын мүчөсү Адилет Айтикеев "коомдук-саясий ишмер Исхак Раззаков Кыргызстандын өнүгүшү үчүн бардык тараптан жан үрөп, адилет, ак кызмат кылган. "Исхак Раззаков тарыхта калтырган бейнесин таза туткан, чындык үчүн садага чабылган инсан, ошондуктан, тарых алдындагы парзыбызды аткаруу кийинки муун-биздин милдетибиз" дейт. Албетте бул жаштардын Жогорку Кеңештин депутаттарына караганда алда канча маанилүү маселени көтөрүп жатышканы кубандырат. Ансыз да "Эл Баатыры" наамы акыркы мезгилде татыксыз адамдарга берилип, аталган наамдын да баркы кетти. Айрыкча Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү мамлекетибиздин атынан берилчү наам, сыйлыктарды кол жоолуктай көрүнгөнгө ыйгарышканын тарых кечирбейт. Кызмат үчүн бийликке каршы чыгып, наам алган саясатчыларыбыздын жүздөрү кызарбай келет. Раззаковду кеч болсо да эскерип, жаштар талап кылган наамды ыйгарып койгонубуз дурус болоор.

Атамбаев Ибраевди да кетирди


Мамлекет өткөөл кырдаалда туруп, кыйын­ кезеңди башынан кечирип жатканда Убактылуу өкмөт Баш прокурорлук кызматка Байтемир Ибраевди дайындашкан эле. 7­-апрель, Түштүк коогалаңынын учурунда абалды көзөмөлгө алып, мамлекетибиздин бүтүндүгү, биримдиктин чыңдалышы үчүн жан аябай иштеген Байтемир мырза абал тынчыган соң жумуштан айдалган. Президенттик шайлоодо да Байтемир Ибраев кызматсыз калса да, Атамбаевге нааразычылыгын билгизбей, ал тараптык болуп бергени белгилүү. Атамбаев президент болгон соң, Байтемир мырзаны Башкы прокурордун орунбасарлык кызматына дайындап, эки ай иштеп­иштебей жатып кайра алып түштү. Атамбаевдин саясаты кадимки эле Бакиевдин саясатынын жолу менен кетип бара жатканы өкүнүчтүү болууда. Не демекчибиз, кандай болгон күндө да Атамбаев ушинтип санаалаштарын четтетип отуруп, акыры Бакиевдин кейпин кийип калбаса эле болгону…