Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0217_1.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0217_1.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0217_1.htm on line 12

Сак болгула

Турганбаевге ишенебизби же криминалгабы?!


Карабалталык Алмаз Бокушевдин (Бокуш) өкүл баласы, анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Азамат Базарбаев аттуу жигиттен сак болгула! Бул жигит адамдардын коюн колтугуна кирип, алдамчылык менен шугулданган өтө коркунучтуу адам. "Бокуштун" өкүл баласы, (кличкасы Седой) уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү коомго чыгып, 24kg маалымат агенттигине келип, өзүнүн алдамчылык жол менен алган акчалары тууралуу маалымат берип, бир үлкөн саясатчыны каралап, "милиция менен пресса" кысым кылып жатат"-деп журналисттердин алдында байкуш болду. Кызыгы ал канчалаган миллиондорду алдап алганын айтпай, жашырып койгон. ИИМ министрлиги кылмышкерлер менен күрөшкөнү кайсы, эгер кылмышкерлер пресс-борбордо кең-кесири маалымат берип отурса. Бүгүн ал жарандардан алдап алган ири суммадагы акчасы тууралуу актанып отурса, эртең ИИМ кызматкерлерин каралап чыгаары айдан ачык эмеспи. Же кандай жашашты, кантип акча алышты Азамат Базарбаев үйрөтүп калганбы. ИИМ министринин орунбасары Мелис Турганбаев "Алиби" гезитине берген маегинде "Азамат Базарбаевге (Седой) издөө жарыяланды" деген маалымат берген. Ал эми Базарбаеви издөөдө эмей эле, "мен издөөдө эмесмин. Азыр бизнес кылып жатам" деп пресс-конференция берип отурганы эмнеси? Турганбаевге ишенебизби же криминалгабы? Базарбаевдин алдамчылык иштери боюнча иликтеп барган милицияны "кысым кылып жатат"-деп каралаганы эмнеси? Эгер ар бир кылмышкерлер милицияны каралап, пресс конференция берип жатса, милиция кылмышкерлер менен кантип күрөшөт?! Кошумча маалымат Азамат Базарбаевдин бир тууган иниси Максат Базарбаев Жайыл райондук ИИБнин кылмышкерлер менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерин атып өлтүрүп, учурда №1 СИЗОдо. Ачкачылык акциясын баштаган "общактардын" бири. Азыркы учурда бул ага-ининин зыяны укук коргоо органдарында иштеген бир тууган бөлөлөрүнө да тийип жатат. Гезитибиздин кийинки санында карабалталык Базарбаевдердин үй бүлөсү тууралуу кенен маалымат беребиз.




"Өзбек сепаратисттери Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен чыкчу эмес"


- Азыр эле "өзбек сепаратисттери согуш баштады, Жалалиддин Салахутдинов, Иномжан Абдрасуловдор күнөөлүү" деп айкырып жатышпайбы. Ошол сепаратисттер убагында Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен чыкпай эле, Асылбек Жээнбеков менен ары-бери басып сырдашып эле жүрүшчү. Анан мага келген сводкаларды алып туруп губернаторго: "Сооронбай Шарипович, Сизге келип жүргөн өзбек лидерлери ар кайсы жерде 100-200 адам менен кезигип жыйналыштарды өткөрүп жатат. Буларды бир чакырып тартипке салып койбойлубу" десем, ал адатынча кол шилтеп: "Сен саясатты түшүнбөйт экенсиң. Булар эртеңки парламенттик, президенттик шайлоодо бизге иштейт. Алар менен Асылбек иштеп жатат" деп жатпайбы. Мына көрдүңбү, эки жүздүүлүк каякта жатканын? Эми ушунун баарын айтып берейин деп даярдандым эле, депутаттык комиссия мени чакырып маалыматты угабы десем эч ким чакырган жок. Азыр болсо Сооронбай баш болуп "Мунун баарын сепаратисттер жасады. Биз эрдик кылдык" деп кайдагы жок калпты айтып отурушат.




Алымбеков бир дипломат акчаны эмне кылган?


...Ошондо ал кишини таш бараңга албадыбы. Мына ошол нерсени Бакыт Алымбеков уюштурган. Анткени, ал мурдагы бийликтин эң жакын адамдарынын бири болгон. Бул кишини министрдин орун басары кылып коюп жатканда дагы мен айткам, туура эмес кылып жатасыңар, комендант кылып жибербегиле деп. Өкмөттөгүлөр болсо "Алымбеков бизге Жанышты кармап берем деп жатат" деп болбой ага ишенип туруп алышты. Июнь коогалаңында болсо, УӨнүн ишенимдүү адамы катары Ошко барды. Жанында жүргөн жардамчысы бир дипломат эсеби жок акча алып жүрдү. Болбосо, эмне үчүн ошол акчадан милицияга тамак-аш алып берели деп жардам берген жок. Бүгүн ошол акчалар каякка кетти? Ош окуясы башталганга бир жума калганда замминистр башы менен милицияны иш таштоого үндөп жүрдү...
9-бет


Аманбекти өлтүргөндөр эркиндикке чыгышты


...- Уулумду сабап өлтүргөн балдарды 2011-жылдын 27-декабрында эркиндикке чыгарып жиберишти. Дааратканага алып барып сабаганы, карьерге алып барып токмоктошконун күбөлөр айтып турса дагы, тергөө органдары оюна алып да коюшкан жок. Өтүгүнүн бирөөсү көчөнүн башында, бир өтүгү бир үйдүн ичинде жатат. Балам таптакыр башка жерде өлгөн. Адвокат жалдаганга менин каражатым жок. Аларга чоң акча төлөп бериш керек экен. Айлам түгөнүп калды. Менин 16 жашар баламдын өлүмүнө ким жооп берет?! Эч ким чара көрбөсө "самосуд" кылганга аргасыз болом. Мени эч нерсе токтото албайт...
6-бет


Карапайым милиция кызматкеринин укугун коргоодон Зарылбек мырза уялып жатабы?


...ИИМ министри Зарылбек Рысалиевге буга чейин Түп милициясы биздин гезит аркылуу кенен маалымат беришкен. Бирок, министр мырза министрлик креслосунан ажырап калуудан корктубу же катардагы карапайым милициянын укугун коргоодон намыстандыбы, айтор, эч бир реакция кылган жок. Учурда СНБ менен прокуратуранын туткунунда калган милиция кызматкери Нуракун укугун коргой албай, Ысык-Көлдүн мыйзамдан аттаган сотторунун сормо сазына созулуп кетээр алдында турат. Тартип сакчысынын укугун министр коргой албаса, келгиле коомчулук чогуу коргойлу!..
3-бет




Ачык саясат

17-февраль, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0217_1.htm on line 112

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0217_1.htm on line 112

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0217_1.htm on line 112