Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0.htm on line 12

Кылмыштуу топ милицияга ок чыгардыбы же опер оперге ок аттыбы?


...Сөздүн башында айтып өткөндөй, редакциябызга "оперлер бири-бирин атып алышып, күнөөнү айыпкерлерге оодарып жатышат. Ок жеген милиция майып болуп калды" деген тариздеги анонимдүү билдирүү келип түшкөн...

Кыяз Медетов:

"Биз аларды ок чыгарат деп күткөн эмеспиз"


Ушул окуянын тегерегинде көп сөз айтылып жатат. Ар кандай ушак айыңдарды тараткандар дагы жок эмес. Биз кылмышкерлерди кармаган учурда карап тургандай сүйлөшөт. Колго түшкөндөрдүн арасында мурда соттолгондору да бар. Мыйзам боюнча аларды катуу жаза күтүп жатат. Эми ар кандай интрига кылып жатышат да. Биз колундагы куралын байкаган эмеспиз, ок чыгарат деп дагы күткөн эмеспиз. Мен өзүңөр көрүп тургандай, басып жүрөм, жумушка келип жатам. Алган жараатым акырындык менен айыгып келе жатат. Майып болсом үйдө жатат элем да.
7-бет




Оппозиция баш көтөрдү. АШАдан кабар жок


Ташиев баштаган оппозиция баш көтөрдү. Бирок АШАдан кабар жок. Баягы Бакиевге коюлгандай талаптар экенин Мадумаров баса белгилеп жатат. Бирок Атамбаев ак же көк дебеди. Жалал-Абаддагы митингде беш миңден ашык адам чогулду. Демек, азыркы бийликке, өкмөткө нааразычылык бар. Беш миң адамдын талабы менен эсептешпей койгондун өзү туура эмес. Митингде эл "Бабанов кетсин! Биз электр энергияны өз наркында алабыз! Бабанов, 7% кредит кана?" деген лозунгдар менен чыгышты. Демек, Атамбаев коңулда коңурук тартып жата бербей, Өкмөттүн иштерине көз салып, оппозиция көтөргөн эл менен эсептешип коюу керек. Болбосо акырындап башталган эл толкуну сел болору белгилүү. Ал эми улам бир делегатты, улам бир мамлекеттин башчыларын тосуп, жыргай берсек, эртең эл алып түшөт.




Таластан кабар берди


Гезит басмаканага кетип жатканда Таластан кабар келип түштү. Оппозиция Жалал-Абаддагы митингде 15-апрелде Таласка чогуларын билдиришкен эле. Ошол себептүү демократияны туу туткан таластыктар Таласта Ташиев менен Мадумаровду жактагандарды кууп чыгарын билдиришти. Кандай болгон күндө да тынчтык болгой эле…




Ээрчишип эс алган ага-ининин түшүнүксүз саясаты


Баарынан да азыр тышкы саясатты ким жүргүзүп жатканы белгисиз. Конституция боюнча парламенттик өлкөбүз. Бирок тышкы саясатка президент Атамбаев аралашып, Россиянын мойнун толгоп карызды өндүрүп, керек болсо Канттагы авиабазасын да чыгарып жиберүү боюнча пикирин билдирип жиберди. Эртең Россия ГСМдин оозун бууп койсо, Бабановго күч келет. Анткени өлкөнүн экономикасына Бабанов жооп берет. Ошол себептүү Атамбаев аз күндө оппозиция гана эмес, Бабановдун да каршылашына айланышы мүмкүн. Ошондуктан эркелешип эс алган ага-ини ээрчишип тамактанып жүрө бербей, Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарын тактап алышы керек…




Б.Матмусаев:

"Көлбаевге тиешелүү "Джип-Шевролет" автоунаасын өткөзүп алдык"


...Бир дагы фирманын жетекчиси, пансионат директору же бизге келген инвесторлордон, жергиликтүү масштабдагы жетекчилерден арыз түшкөн жок. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан же Акматбаевдин, Бокушевдин, Абакировдун, Батукаевдин балдары тарабынан кысым болуп жатат деген маалымат болгон жок. Көлбаевге тиешелүү "Джип-Шевролет" автоунаасын өткөзүп алдык. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ичинен алтоо сот жообуна тартылды. Мисалы, ошол эле Көлбаевдин туугандарынын арасында...
6-бет




Рысбек тирүү болгондо Жетигенов шыбамак түгүл шымына ...


..."Арнамысчы" депутат Бакыт Жетигенов кыргыз тилдүү гезиттердин бирине коркпостон эле карабалталык уюшкан кылмыштуу топтун лидери болуп жүргөн Алмаз Бокушевди (каймана аты "Бокушту") "Алмаз Бокушев менин досум, анын криминалга эч кандай тиешеси жок" - деп билдириптир. Мына сага демократия! Депутаттар криминалды коргой башташты. Президент, премьер-министр, ИИМ министри эмнени карап отурасыңар? Криминалдын достору криминал досун актап, жактап Жогорку Кеңеште отурса. Мына кызык тамаша. Алмаз Бокушевдин криминал болбогонун Бакыт Жетигенов эл алдында кантип тастыктап берет? Маркум Рысбек Акматбаевдин, Тынычбек Акматбаевдин арбагына шек келтирип, болушунча шыбаптыр. Кайран гана Рысбек. Көзү тирүү болгондо Жетигенов Рысбекти шыбамак түгүл аны көргөндө шымына кое бермек....
3-бет




Жапаровдун жаагы басылбады. Шиши толду көрүнөт…


..."Атажуртчу" Жапаровдун жаагы депутат болгондон бери басылбады. Же жасаган тыңыраак иши жок, же жердештерине, жок дегенде өз айылына жардам берип, көлдүктөрдүн көңүлүн ала элек. Ар бир шайлоо өткөн сайын көлдүк жердештерин "Ата Журтка" үгүттөп, айласы алты кетет. Же бир көлдүк Жапаровго жан тартсачы. Иши кылып, Садырдын аброю Ысык-Көлдө нөл. Муну илибой көлдүктөн сураса айтып берет. Оппозиция кийинки митингди Караколдо кыларын билдирди. Садырга ишенип, Ысык-Көлгө барган Ташиевдерди көлдүктөр жумуртка менен башынан ылдый шыбап, кууп чыкпаса эле болгону. Айтор, бул жигит минтип отурса, Ысык-Көлгө батпай калчудай. Анткени "ойноп сүйлөсөң да ойноп сүйлө" деген учкул сөз бекеринен айтылган эмес. 7-апрелде көлдүк жигиттер да курман болушкан. Учурда 7-апрелде Жапаров колдоп жүргөн Бакиев бийлигинен ок жеп жарадар болгон Садыр Жапаровдун жердеши Максат...
2-бет







Ачык саясат

13-апрель, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0.htm on line 130

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0.htm on line 130

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/achyk/12/0.htm on line 130