Менин милициям мени кордойбу?
Тырмак алдына ийне сайган кыйноолор…
Түштүккө барган сапарыбызда Кадайжай районунда болуп өткөн окуя тууралуу маалымат алып, төбө чачыбыз тик турду. Эч кандай толук далилдүү фактылары жок, кыйноо жолу менен Асамидин Жумабаевге оор кылмыш болуп эсептелген адам өлтүрүү фактысын мойнуна алдырышкан. Жумабаевдин беш манжасынын тырмактарына кадимки ийне менен сайгылап, ал аз келгенсип денесине сайгылап, көк-ала койдой сабашкан. Карапайым адамдардын тагдырын бир тыйынчалык да көрбөгөн Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Калтарбек Кыдыров кылмыш ишин шашылыш карап, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарып койгон.

Түшүнүктүү болуш үчүн окуяны башынан баяндайлы. 2009-жылдын 18-апрелинде Баткен областына караштуу Кадамжай районунда Валакыш айылында Зарина Исакованын жансыз денеси үйүнөн табылган. Бул тууралуу милицияга кайнатасы билдирген. Окуя болгондон тарта милиция кызматкерлери адатынча айылдагы балдардын баарын чогултуп, элүү төрт баланы суракка алышкан. Бирок, милициялар эч кандай далил таппагандыктан кармалгандар кое берилген. Арадан үч ай өтүп өтпөй, 2009-жылдын 6-июлунда ошол эле Валакыш айылында жашаган Абдимомунованын үйүнө ууру кирип, ачык турган терезеден уюлдук телефонун алып жатканда терезенин түбүндө жаткан үйдүн жашоочусу Умерова чочуп ойгонуп, уурунун колун тиштеп калууга үлгүргөн. Ошентип бул окуя тууралуу милицияга билдирилип, милициялар колунда тагы бар балдарды издеп жөнөшкөн. Акыры коңшу айылдын жашоочусу курулушта иштеген, мурда соттолбогон, 1982-жылы туулган Асамидин Жумабаевди колундагы жиптин изинен улам, шектүү катары камакка алышкан. Бирок, жабырлануучу Умерова бул адамды тааныбастыгын айткан. "Колго түшкөн коенду кое берген оңобу" дегендей, ачылбай жаткан иштердин бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери Асамидин Жумабаевге ар кандай ыкмаларды колдонуп, мойнуна алдырууга аракет жасай башташкан. Жумабаевдин артында сурап алаары жок, бечара экендигин билген милициялардын көктөн издегендери жерден табылгандарына кубанышып, уурулук фактысынын үстүнө 2009-жылы Валакыш айылында болгон адам өлтүрүү фактысын да илип коюшкан. Ошентип бир ок менен эки коенду аткан милициялардын айынан учурда Асамидин Жумабаев өмүр бою эркинен ажыратылып отурат. Ошондой эле Жумабаевди 10-июлда камакка алышса, протоколду 13-июль менен толтурушкан. Мыйзам боюнча шектүү деп камакка алынган адамдын кылмыш иши үч күндүн ичинде аныкталбаса бошотулушу керек. Ал эми Үч-Коргондук милициялар ары-бери ишти карап, Асамидинди кыйнап, кошумча адам өлтүрүү фактысын илгенче үч күн өтүп, анан милициялар өз абийирлерин жабыш үчүн протоколду 13-июль менен толтурууга туура келип, 15-июлда санкцияга алып барышкан. Судья Дилшат Хамидулина Жумабаевдин кыйноого алынганына карабастан камакка алуу чечимин чыгарган. Ошентип кылмыш иши тергелип прокуратурага андан Кадамжай райондук сотуна өткөрүлүп, райондук соттун судьясы Космос Сыдыков соттолуучу Жумабаевди 16 жылга эркинен ажыраткан. Соттолуучунун адвокаты Кудайберди Сатимкулов Баткен областтык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылган. Облсоттун судьялары Абдилатов, Карабаев, Токтосунова 16 жылдын үстүнө төрт жыл кошуп, жыйырма жылга эркинен ажыратышкан. Мындай чечимге нааразы болгон соттолуучу тарап Жогорку Сотко кайрылышкан. Жогорку Сот 2010-жылдын 20-сентябрында тергөөдө толукталбай калган мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн кылмыш ишин кайра тергөөгө жиберген. Артка кайтарылган кылмыш иши терең иликтенбестен, тергөөдө кеткен мүчүлүштүктөр жоюлбастан Кызыл-Кыя шаардык сотунда каралып, соттук териштирүү жүргүзүлбөстөн, соттолуучу Жумабаевдин мыйзамдуу жактоочулары катыштырылбастан чечим кабыл алынып, судья Калтарбек Кыдыров 2011-жылдын 29-июлунда Асамидин Жумабаевди өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн окуган. Ал эми милициялардын кыйноо фактылары көмүскөдө калган. Мыйзам боюнча эки тараптын жактоочулары катышпаса чечим мыйзамсыз деп табылаары анык. Демек милициялардын абийирин жабууга аракет жасаган соттордун ишине кандай баа берилээри белгисиз…

Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Кадамжай-Бишкек




  Эл пикир

Президенттикке кимди татыктуу деп эсептейсиз?
Рабия ТУРАЕВА:
- Алдыда боло турган шайлоодо мен Кубанычбек Исабековго добушумду беремин. Бул инсанды мен көп жылдардан бери жакшы билемин, иштин майнабын чыгарып кылат. Ошондой эле, юридикалык билимге ээ, буга чейин бир топ жогорку кызматтарды аркалады, Жогорку Кеңеште вице-спикер болуп иштеп турду. Мына ошол учурларда Кубанычбек Сатымбекович өзүнүн мекенге күйгөн адам экендигин айгинеледи. Мындай кишилер чанда кездешет, кайсыл гана кесип же илим болбосун так билет. Демек, Президент болсо менин ишенимим чоң, элдин үмүтүн актаарына толук кепилдик болот. Эл талабын аткарып берээринен өзү дагы шек санабайт. Башка талапкерлерге дагы ийгилик каалаймын, Президент болбосо да, арасында эртең элге кызмат кылчу лидерлер жок эмес.

Майрам ЧЕРЧИЕВА:
- Президенттикке Алмазбек Атамбаевден башка татыктуу киши жок. Бизди түйшөлткөн эң эле негизги маселе - экономикалык кризис. Мына көрдүңөр, жарым жылдан бери болгон аракетин экономиканы алдыга жылдыруу үчүн жумшап жатат. Эми буюрса ушул кишиден гана үмүттөнүп жатабыз. Башкасы келсе деле ошол Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевдин кейпин кийет да, башка эмне кылмак эле? Алар ошол Бакиев тушунда иштеген, Бакиевдин бирден бир ишенимдүү адамы - Адахан Мадумаров. Жерди саткан киши эртең кантип элди сатпай коёт эле? Албетте, элди да сатып жиберүүдөн кайра тартпайт. Ошондуктан, мен ойлойм жеп-ичпеген, элди-жерди сатпаган киши президент болсо деп.

Ирсали ИБРАИМОВ:
- Мына азыр жалпы журтка кимдер президенттикке талапкерлигин коюп жатканы белгилүү болуп жатат. Эми мен ошолордун арасынан президенттикке татыктуу деп Камчыбек Ташиевди атаар элем. Себебин билесиңер, Ош, Жалал-Абад окуясы өтө курчуп турган учурда мекенге күйгөн атуул экендигин далилдеп өттү. Ошол эки эл бирин-бири көзгө илбей салгылашып жаткан учурда, ушул жигит эки элдин ортосуна туруп "токтоткула, эгер токтопсоңор мени атып атып өткүлө" дегенде эки тарап тең тып токтоп калган. Албетте, бул чыныгы мекенчил жигиттигинин далили десек болот. Ошол учурда "Ата-Журт" партиясын түптөп, шайлоого катышып эң көп добуш алып, элдин колдоосуна арзыды. Ошондой эле, кечээ жакында "Ата-Журт" партиясынын съезди болуп элдин баары бир добуштан Камчыбек Ташиевди президенттикке талапкерлигин колдоп беришти. Эми мен ойлойм президент болсо, жакшы жактарын көрсөткөнгө аракет жасайт деп.

Айзада ШЕРБЕКОВА:
- Мен азырынча бул болсун, тигил болсун деп кесе айта албайм. Чындыгында, бизге чыныгы мекенге күйгөн жигиттер керек болуп жатат. Албетте, башкаруунун жолун билген жаштар болсо дурус болот эле. Биздин байкообузга караганда баары эле "мен болом" деп алдыга умтулуп, жанталашып атышат. Президент болом деген киши баарынан мурда мамлекетти башкарыш үчүн элге күйгөн инсан болуш керек да. Анан ат салышка чыгат десе эле чыга беришет. Президент болгондон кийин, өлкөнү экономикалык кризистен алып чыгып жана элдин коопсуздугун камсыз кылышы керек деп эсептеймин, бул биринчиден. Ал эми экинчиден болсо, Кыргызстандын тышкы саясатын күчкө келтиришибиз керек. Анда кандай болот? Ал жерде мамлекет башка мамлекеттер менен тыгыз алакада болуп, алар менен тең ата болуп иштеш керек. Ошол биздин тилегибиз.

Сатар ОСМОНОВ:
- Кыскача айтканда, Камчыбек Ташиевди татыктуу деп эсептейм, мен эле эмес элдин көпчүлүк пайызы колдоп жатат ушул жигиттин талапкерлигин. Чындыгын айтканда, мен буга чейинки мамлекет башкарган жетекчилерди көрдүм, бирок, алар канча жыл мамлекетти башкарганы менен ушул жигиттей болуп эл үчүн күйүп койгон жок. Азыркы чиновниктер деле ошол эле Акаев, Бакиевдин мезгилинде иштеп келишти бирок, булардын дагы пайдасы тийген жок. Ошондуктан, жалпы эл бир максатта болуп бир кишини колдоп беришибиз зарыл болуп турат.
Даярдаган Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ