Үшкүрүк

УӨнүн убадалары унутта калды.
Кыргыздар дагы алданды
2010-жылдын 7-апрелине чейин өздөрүн коомдогу эң таза периштелер катары сүрөттөп, элдин башын айлантып, асмандагы айды алып берчүдөй асыл убадаларды берип келишкен Бириккен Элдик Кыймыл деген уюмдун лидерлери бийликке келип, Бакиевсиз мамлекет башкарып, өлкөнүн ашмалтайын чыгарып келе жаткандарына 2 жылга чукул убакыт болду.

Бакиев бийлигинин кандуу колуна чырактай жаш балдарды тирүүлөй салып берип, 90 азаматтын арбагын тебелеп, маркумдарды жерге берүү каадасында "Ата-Бейит" комплексинде бир кезде кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн маркумдардын алдында, адал иштөөгө ант беришкенин алар өздөрү унутушса дагы эл унута элек. Ошол калабалуу күндөрдөгү Бакиев бийлигинин тагдырын, курман болгон баатырлардын арбагын эске салып аз күн муфтийдин милдетин аткарган Абдышүкүр ажынын "Урматтуу жаңы бийлик төбөлдөрү, кан төгүүнүн арты кандай болоорун көрдүңөр. Кеткен бийликтин өкүлдөрүндөй дүнүйө жыйнагандын ордуна элге берген убадаңарды аткаргыла. Эртели-кеч мобу азаматтардай болуп биз да акырет көздөй жөнөйбүз. Кепиндин чөнтөгү жок, тапкан дүнүйөнү акыретке алып кете албайсың. Ушунун баары силерге сабак болсун" деп көз жашы кылгыра сүйлөгөнүн алиге чейин аңыз кылып айтып жүрүшөт.
Мына ошондон бери бир жарым жылдай убакыт өтүптүр. Ошондо көгүлтүр экранды карап көздөрүнөн жаш кылгыра жаңы бийликтен бийик аракетти, жакшы заманды үмүт кылып карап отурган карапайым кыргыз калкына берген убадаларынын дээрлик бардыгы сөз жүзүндө калды. Ошол кезде 76 баланы катар кырып салып, учурда аны 90го жеткирген Бакиев кандуу жол менен бийлигин алдырган соң түштүктө 9 күн жүрдү. Болгондо дагы ар кайсы аймакка жылып, кары-картаңдарды, аялдарды коргон кылып, адалсынып митинг өткөрүп дегендей. Мына ошол убакытта бир эмес беш жолу барып кармап алчудай мүмкүнчүлүктөр болгонун орган адамдары айтып эле жүрүшөт. 2010-жылдын 7-апрель күнү кечинде өздөрүн-өздөрү расмий бийлик катары жарыялаган №1 Декретинде өлкөдөгү жалпы жоопкерчиликти моюндарына алабыз деген УӨ мүчөлөрү ошондогу кырдаалга шылтап, Бакиевди тышка чыгарып жиберип кутулушту. Болуптур, кырдаалга жараша Курманбек Бакиевди экс-президент катары Казакстан, Орусия, АКШ президенттери, БУУнун Баш катчысы ортого түшүп жатып куткарышыптыр. Буга түшүнүү менен мамиле кылсак болот. Ал эми агасын жандап жүргөн №1 канкор Жаныш Бакиевди ким кое берди? Эмне үчүн коё берген адамдарга чара көрүлбөйт? Ошол убакта өлкөдө мыйзам катары эсептелген УӨнүн легитимдүү декретин негиз кыла турган болсок Жаныш Бакиев коркунучтуу кылмышкер да! Ал эми коркунучтуу, болгондо дагы массалык адам өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталып жаткан кылмышкер адамды коё берген адам дагы кылмышкер катары жоопко тартылууга тийиш эле да. Анткендин ордуна УӨ мүчөлөрү бири-бирине шылтап, ошол убакта СНБнын орун басар төрагасы болуп иштеп жаткан Артур Медетбековду кызматтан айдагандан башка эч нерсе кыйратышкан жок. Бакиев учуп кеткен соң дүрбөшүп, эртең Тейитте атайын операция жасап, Бакиевдерди кармайбыз деп теледен "качкындарга" атайын эскертүү жасаган соң гана азыраак милицияны баштап барган Болот Шерниязов өзүнүн кызыл шапкечендеринен таяк жеп кайтты. Ошол учурда Убактылуу Өкмөттү жетектеген Роза Отунбаева укук коргоочуларды ортомчу салып: "Бакиевге айткылачы, чыгып кетсин. Болбосо ага дагы, бизге дагы кыйын болот. Кандай шарт менен болсо да кое беребиз" деп жалбарганын айтып эле жүрүшөт. Бүгүн элди аткандар, буйрук бергендер эмес, 6-апрель түнү Алмазбек Атамбаевди үйүнө тергөө үчүн СНБга алып кетүүгө атайын күчтөрдү баштап барган Алмаз Жолдошалиев сот жообуна тартылуу алдында турат. Бул дагы болсо учурдагы бийликтин кекчилдигин билдирет. Болбосо Бакиевдин ишенимине кирип, аны менен кошо саясий чечимдерди кабыл алууга катышкан Элмурза Сатыбалдиев боштондукта сайрандап жүрсө, Оксана Малеванная менен Каныбек Жороевди көрмөксөнгө салышып качырышты.
Баарынан кызыгы, 7-апрель күнү кечинде ак үйдүн ичине бийликти өткөрүп алуу үчүн кирген Роза Отунбаева менен Темир Сариев өкмөт башчы Данияр Үсөновдун отставкасын кабыл алып, аянтта болгону 19 бала каза болду деп атайын протоколго кол коюп туруп чыгып кеткени эмнени каңкуулайт? Ал эми ошол убакта 76 адам каза тапкан. Демек калган азаматтарды ким атты деген суроо туулат да. Данияр Үсөновдун отставкасын кабыл алган соң аны эмне үчүн камакка алышкан эмес? Же апрелдеги кан төгүүгө анын тиешеси жокпу? Андай болсо эмне үчүн качып кеткенден кийин издөө жарыялашты?
Убактылуу Өкмөт Бакиевдердин ичкен жегенин кустурабыз, казынаны толтурабыз деп убада берген. Бүгүнкү күндө коррупция менен канча министр же экс-министр кармалды? Бюджеттин тартыштыгы 21 миллиард сом менен башталган. Учурда айлык, пенсия үчүн 4-кварталдын каражаттары төлөнүп жатат деп соцфонддун кызматкерлери баш чайкап жатышат. Былтыр жайда УӨ төрайымынын орун басарлары Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин 1 миллион доллардын изин жашыруу тууралуу сүйлөшкөнүн Россиянын атайын кызматтары интернет сайттарына чыгарып жиберишкен. Камырабаган УӨ аны жаап-жашырып, монтаж деп кутулду. Алардын айтымында ошол эле сайттагы Максим менен Жаныштын сүйлөшүүсү монтаж эмес экен. Байкагандар болсо эстейт чыгар, Темике менен Азике бир миллион доллар тууралуу сүйлөшүп жатып "Бул дагы өткөндөгү миллиондой болуп калбасын" деген цитатанын артында эмне жатат? Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн банктагы Бакиевдерге тиешелүү ячейкалардагы акчалардын каякка жумшалгандары белгисиз болсо дагы ал миллиондор кумга сиңген суудай дайынсыз кеткени эмнени каңкуулайт? Жакында "Азаттык" үналгысына берген маегинде Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Абдумалик Мырзаев Убактылуу Өкмөттүн Азимбек Бекназаров баш болгон айрым өкүлдөрү Азия Универсал банкынан күчтөп акча чыгарып кеткенде ошол кездеги каржы министри Темир Сариевге чалганын, ал камырабай туруп: "Сен бул жерге тумшугуңду салба, алысыраак бол" деп өктөм жооп кайтарганы эмнени билдирет? Же Убактылуу Өкмөт элди ушинтип тоноп, мамлекетти азыркыдай абалга кептеш үчүн келди беле?
Бир кезде сот, прокуратура тармагын тейлеп, коррупционерлерди камайм деп күпүлдөгөн Азимбек Бекназаров 2005-жылы аксылык туугандарды алдагандай дагы бир ирет элди алдап, коррупционерлерди кое бергенине карабастан учурда тоону томкоргонсуп, Конституциялык палатанын судьялыгына талапкер болгон. Ушундай адамдын Конституциянын гаранты болгон бийик органга шайланганга моралдык акысы барбы?
Ал эми өткөн жылдын жайындагы түштүк окуясындагы шалаакы аракеттерди айтып түгөтө алчудай эмеспиз. Ушул жерден бир окуя эсиме түштү. Аскар Акаев маалында Алайда жер көчүп, 30дай адам, анын ичинде жаш балдар көчкүнүн астында калганда ошол кезде Алай районунан Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайланган Исмаил Исаков Президент катышкан жыйында: "Союз маалында 30 адам эмес, 30 койду көчкүгө алдырып жибергендер жоопко тартылышчу. Бүгүн 30 адам көчкүнүн астында калса бирөө кың деп койгон жок. Бул эмне деген шумдук?" деп үстөл муштаганда баракелде деген элек. Тилекке каршы былтыркы июнь окуясында Коргоо министри катары түштүктөгү кырдаалды жөнгө салууга чамасы жетпеген Исмаил Исаков ЖК депутатары бир кезде өзү айткан сөздү айтып, жоопкерчиликке чакырып жатышса "Биз болгон аракетти жасадык. Чоң иш кылдык. Акыры коогалаңды токтоттук. Албетте өлүм болду. Мындай жерде жоготуу болбой койбойт экен" деп камырабай кутулуп кетти. Болбосо бул ирет 30 адам эмес, 3 миң адамдын өлүмү жөнүндө сөз болуп жатпады беле. А силер бирөөңөр дагы ошол окуя боюнча жазаланмак тургай эскертүү алган жоксуңар го Исмаил аке?! Ошол окуя боюнча кимиңер алгылыктуу жооп бердиңер? Анткендин ордуна "Силер деле 90 баланы өлтүргөн Бакиев менен колтукташкансыңар" деп реваншисттер менен парламент трибунасында ачык соодалашпадыңар беле?
Албетте бул сыяктуу мисалдар жер жайнайт. Мен жөн гана учурдагы кырдаал менен айкалыштырып эсиме түшкөнүн жазып, шайлоонун алдында окурманымды ойлонууга чакырдым. Ал эми бир кездеги революциялык дух менен карапайым элге "Бакиевдик кандуу бийликтин коррупционерлери менен аеосуз күрөшөбүз" деп убада берген "ыңкылапчылар" бакиевчилердин бандасы менен колтукташып алып ажо жарышка аттанышты. Бул ирет элге эмне шылтоо айтып, кандай убадаларды берээр экен…
Баян КӨЛБАЕВА