Саясат

Кыргызстандыктар өз сөздөрүн айтууга даяр
Социологдордун маалыматтары боюнча, президенттик шайлоодо шайлоочулардын 69дан 93% га чейини катышууга камданууда.
Жакындап келе жаткан президенттик шайлоонун алдында республикада белгилүү "М-Вектор" социологиялык агенттиги Кыргызстанда калкты кезектеги кеңири масштабдуу сурамжылоо жүргүздү. 85 калктуу пункттан 2000 респондент суроолорго жооп берип, иргеп алуунун катасы 2,2%ды түздү.
Социологдорду кызыктырган нерсе бул ирет кыргызстандыктардын социалдык акыбалы, ошондой эле жакындап келе жаткан президенттик шайлоонун алдындагы алардын электораттык маанайы болду.
Акыркы убактарда көпчүлүгүбүз күндөлүк түйшүктөрдөн улам болуп жаткан оң өзгөрүүлөрдү байкабай эле көр тирликке наалымайга көнүп калганбыз. Ошентсе да, социологиялык сурамжылоо жердештерибиздин улам көбүрөөгү келечекке үмүт менен карай баштагандыгын тастыктады.
Сурамжылоонун жыйынтыктары көргөзгөндөй, акыркы жыл ичинде коомдо социалдык оптимизмдин деңгээли кыйла өскөн. Жарым жыл мурда гезиттер менен саясат таануучулар элди коркутушкан акыр заман жөнүндөгү божомолдор барган сайын эл ичинде колдоо таппай бара жатат. Анда сандардын кургак тилине өтүп көрөлүчү.
Суралгандардын 11 %ы өз жашоолоруна ыраазы, 35%ы негизинен жактырат. Дагы 35%ы жарым жартылай жактырып, жарым жартылай нааразы. 18% гана өз көр тирлигинин көйгөйлөрүнө өтө нааразы. Ощол эле учурда суралгандардын төрттөн үчү жыл ичинде кырдаал жакшы жагына карай ооду десе, жарымы жакшы да, жаман да жакка эч кандай өзгөрүүлөрдү сезген эмес. Пессимисттер азчылыкты түзүшкөн.
Сурамжылангандардын көпчүлүгү өлкө экономикасындагы позитивдүү жылыштарды Өкмөттүн Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында иштеп жаткандыгы менен байланыштырышат. Жалпысынан Кабинеттин ишин суралгандардын 68 %ы позитивдүү баалашат (терс - 30% жана 2 % жооп бергилери келген эмес). Атамбаевдин жеке өзүнүн иш-аракеттерин негизинен 63 % кубатташат. Анын жетишкендиги катары бюджеттегилердин маянасына "атамбаевдик" кошумчаларды, Россия менен жакшы мамилелерди жөнгө салууну, социалдык-экономикалык кырдаалды жалпы турукташтырууну санашат. Премьер-министрдин имиджине республиканы күйүүчү-майлоочу майлар менен жабдуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча анын ийгиликтүү аракеттери да позитивдүү таасирин тийгизди.
Суралгандар канчалык деңгээлде чын жүрөктөн жооп берип жаткандыгын түшүнүү үчүн социологдор прогресс алардын ою боюнча, тактап айтканда кайсы чөйрөлөрдө жетишилгендигин так көрсөтүүсүн өтүнүшкөн. Респонденттер өлкөдө жолдор ремонттолуп жана жаңылары курулуп, туристтик индустрия, тейлөө чөйрөсү өнүгүп жаткандыгын, турак-жай куруу башталгандыгын жана башкаларды белгилешкен. Бул калктын түйшүгү азайды дегенди түшүндүрбөйт. Мисалы, калктын 61 %ын жумушсуздук көйгөйү түйшөлтөт. Бул деген "кара эчкиге - жан кайгы, касапчыга - мал кайгы" деген кеп. Өкмөттүн ордунда мен болсом, бул сан жөнүндө жакшылап ойлонмокмун.
Иликтөөнүн жыйынтыктары эл Өкмөттөн бир катар багыттар боюнча кыйла активдүү иштөөсүн күтүп жаткандыгын айгинелейт. 47 % Өкмөт жумушсуздукту ыкчамыраак кыскартса дешсе, 46 % баалардын өсүшүн токтотсо дейт, 22 % - мамаппараттагы коррупция менен эффективдүүрөөк күрөшсө дешсе, 10 % - айыл эмгекчилерине жакшыраак жардам көрсөтүлсө дешет. Канткен күндө да жалпы жакшылыктын жышааны байкалып эле турбайбы.
Иликтөөлөр алдыда келе жаткан президенттик шайлоо боюнча суроолор топтомун да камтыган. Анын ичинде "эгерде шайлоо жакынкы жекшембиде өтө турган болсо, Сиз кимге добуш берер элеңиз?" деген салттуу суроо да берилген. Электорат жан тарткандардын ана башы премьер-министр Алмазбек Атамбаев болуп чыкты (айткандай, ал өзү али расмий түрдө президенттик кызматка аттанары жөнүндө жарыялай элек болсо да). Ага сурамжылангандардын 31 % добуштарын бермек экен.
Экинчи орунду 11 % менен кыйла артта калса да Камчыбек Ташиев ээлеген. Үчүнчү-төртүнчү орундарды 9 % менен Адахан Мадумаров жана Өмүрбек Бабанов бөлүшкөн. Бешинчи орунда - Феликс Кулов. Ал үчүн өз добуштарын беришерин суралгандардын 8 %ы билдиришкен. Калган талапкерлердин электоралдык келечектери жөнүндө, алардын рейтингдерине карап көрсөк, азырынча сөз кылуу анча маанилүү деле эмес: фавориттерге олуттуу атаандаштык түзүү үчүн алар өтө эле белгисиз адамдар. Өнөктүктүн учурунда, албетте, таштын жаракасынан чыга калгансып, кимдир бирөө күтүүсүз озуп чыккан учурлар да болот, бирок, мындай казустар өтө сейрек кездешет. Анын үстүнө шайлоо боюнча өз талапкерин тактай электердин үлүшү анча деле көп эмес - болгону 7 %.
Саясатчылардын антирейтинги да кызыктуу. Антирейтингдин лидери - Өмүрбек Текебаев. Кандай жагдай болгон күндө дагы ал үчүн суралгандардын 17 %ы добушун бермек эмес экен. Экинчи орунда кайрадан Камчыбек Ташиев - 8 %; үчүнчү Феликс Кулов - 6%.
Аналитиктер алдыдагы шайлоодо аймактык фактор чоң роль ойнорун бир ооздон белгилешүүдө. Бул болсо түндүк менен түштүктүн тирешүүсүнө алып келүүсү мүмкүн. Чындыгында эле шайлоодо негизинен айрым аймактардын шайлоочулары колдой турган талапкерлер ат салышканы турат. Бул көрүнүшкө сыйбай турган талапкер - жалгыз Алмазбек Атамбаев болуп саналат, эгерде, албетте, ал президенттик марафонго катышам деп чечсе. Анын электоралдык колдоосу түндүктө бир кыйла жогору (Бишкек боюнча 29%, Чүй жана Ысык-Көл облусу боюнча 38%, Таласта 45%). Түштүктө аны жактагандар бир аз азыраак (Ош облусу - 20%, Жалал-Абад - 28%, Баткен облусу - 14%), бирок ошентсе да бул чындыгында татыктуу эле көрсөткүч. Башкача айтканда, Атамбаевдин ишенимдүү шайлоочулары бүт өлкө боюнча бирдей деңгээлде чачылган деп айтсак болот экен.
Эгерде анын негизги дымактуу конкуренттерин карап көрсөк, анда Камчыбек Ташиевдин электоралдык базасы Жалал-Абад (29%), Ош облусу (12%), Баткен (22%) болуп саналат, бирок анын рейтинги Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында өтө төмөн, статистикалык катанын деңгээлинде. Башкача айтканда, аны колдоо ачык-айкын көрүнүп тургандай аймактык мүнөзгө ээ да, мунун өзү Ташиевдин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүнө кыйла күмөн туудурат.
Анын үстүнө ошол эле мейкиндикте башка талапкер - Адахан Мадумаров да ойнойт. Ал дагы биринчи кезекте түштүк облустарынын электоратына таянат, анын үстүнө Ташиевге караганда ал бир кыйла тандоо менен мамиле кылат: Баткен (33%), Ош облусу (18%), Жалал-Абадда азыраак (10%) жана Ош шаарынын өзүндө (12%). Азырынча Мадумаров түндүктө эч кандай колдоо тапкан жери жок, ал жакта ага добуш берүүнү каалагандардын саны 1 %ды да түзбөйт.
Феликс Куловдун акыбалы да оңой эмес. Салыштырмалуу алганда ал үчүн Ош шаары (11%), ошондой эле Бишкек (12%) жана Чүй облусу (13%) түзүк добуш бериши мүмкүн. Бирок ошол эле учурда көптөгөн аймактарда - Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарында анын электоралдык рейтингинин төмөн түшүп кеткендиги байкалган.
Жогоркудай сандардын көрсөткүчтөрү боюнча, оюбузду жыйынтыктасак, кайсы талапкер алардын жашаган аймагына жана улутуна карабастан бүткүл өлкөнүн шайлоочуларынын симпатиясын жеңип ала алса, ийгилик ошол тарапта болот десек жаңылышпайбыз. Ал эми шайлоого келип катышуу көрсөткүчү өтө жогору болору болжолдонууда: сурамжылангандардын 69%ы шайлоо участокторуна келүүгө даяр экендиктерин так, даана билдиришсе, дагы 24%ы "негизи келем го" деп айтышкан.
Демек, бардыгыбызды алдыда кызыктуу да, татаал да таймашуулар күтүп турат.
Жедигер СААЛАЕВ,
юридика илимдеринин кандидаты, доцент, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы