"Кайчы пикир" кимди кайчылады?
Экс-спикер, адвокат Мукар Чолпонбаев:
"Мадумаровго окшогондор учурдан пайдаланып жатышат"
Адаттагыдай эле "Кайчы пикир" рубрикабызды уюштуруп, ага ар убак Батыштын идеологиясын, көз карашын пир тутунган ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдрахмановду жана бүгүнкү Парламенттик башкарууга каршы пикирин айтып келаткан экс-спикер Мукар Чолпонбаевди чакырган элек. Ортого "Биздин өлкө бүгүн Парламенттик башкаруу системасын башынан өткөрүп жатканы менен анын мүчүлүштүктөрү болбой койгон жок. Эмне үчүн?" деген суроо ташталды. Бирок, Ө.Абдрахманов М.Чолпонбаевдин карама-каршы ой-пикирине туруштук бере албадыбы же биздин редакцияны Жогорку Кеңештин залы элестетип алдыбы, айтор, "Сени менен сүйлөшпөйм" деп ордунан туруп, чыгып кетти. Албетте, Ө.Абдрахмановдун бул кадамын өзүн сыйлабаган адам катары кабыл алып, жеңилдик, сабырсыздык жана кызуу кандуулук деп гана бааладык.
Анда диалогду эч өзгөртүүсүз сунуштайлы:

Өмүрбек Абдрахманов:
- Дүйнөдөгү мамлекеттерге анализ кылып карай турган болсок, Европа, Япония, Индия, Сингапур, Америка Парламенттик системада. Ал өлкөлөрдө президенттин "президент" деген эле аты болбосо, премьер-министрдей эле. Азыр Американын бюджети дефолт болот деп, Парламент руксат бербей кармап турат, демек негизги багытты аныктай турган парламент болуп эсептелет. Парламентсиз президент бир дагы долларды пайдалана албайт. Ошон үчүн биздин парламенттик системага өткөнүбүз эң жакшы болду, бул биринчи гана кадам. Азыр бир монополдук күч жок. Бир гана Конституцияны кабыл алып койгон менен баары бүтүп калбайт, дагы толгон-токой иштерди жасашыбыз керек. Ошондо гана демократиянын жолуна түшүп өнүгө баштайбыз.
Мукар Чолпонбаев:
- Эми урматтуу депутаттын айтканы менен жүрө берсек, жыйырма жыл реформа жасадык, дагы 50 жыл реформа жасайбыз.
Өмүрбек Абдрахманов:
- Жыйырма жыл реформа жасаган жоксуз сиз спикер болуп туруп бир реформа жасаганыңызды көргөн жокпуз.
Мукар Чолпонбаев:
- Бул жерде айтып жатпайбы "Биз парламенттик реформага өткөнүбүз туура болду" деп. Классикалык парламенттик формада биз 70 жыл жашадык. Советтик башкаруу деген бул Параламенттик форманын классикалык башкаруусу…
Өмүрбек Абдрахманов:
- Иий, сени менен сүйлөшпөй эле коеюнчу. Келжирей бересиңби, КПСС башкарып турду, автоматын көтөрүп алып деп эле…
Мукар Чолпонбаев:
- Өзүң коммунист болуп туруп, ошону сүйлөйсүң…
Дал ушул жерден дебат үзгүлтүккө учурады. Жогоруда айтылгандай, Ө.Абдрахманов чыгып кетти. Биз Мукар Шалтакович менен маегибизди уланттык .

- Мукар агай, сиз Өмүрбек Абдрахмановичтин ушундай кадамын кандай кабыл алдыңыз?
- Мен саясатчы катары бышып жетилбеген адам катары кабыл алдым. Себеби, биз бул жерге диалог кылалы деп, ар ким өз пикирин элге жеткириш үчүн келгенбиз. Анан анын пикирине менин пикирим каршы болсо эле, тура калып качып кеткендей, биз бул жерде базарда соодалашып жаткан жерибиз жок да.
- Роза Отунбаева Конституцияны оңдош керек деп айтып жатат, сиз адис катары азыркы Конституциянын кемчиликтерин санап бере аласызбы?
- Конституциянын негизги принциптери бийликтин үч бутакка бөлүнүшү жана биринин ишине бири кийлигишпөөсү деп турат. Экинчи принцибинде жергиликтүү бийликтердин өзүн өзү башкарууга борбордук башкаруунун кийлигишпөөсү деп турат. Бирок, кайра эле ыйгарым укуктарды бөлүп келгенде, Жогорку Кеңеш прмеьер-министрди, аткаруу бийлигин дайындайт, премьер-министр Жогорку Кеңешке "подотчетный" деп турат. Мына ушул жерде принциптин карама-каршылыгы бузулуп жатат. Мындан сырткары, Кыргызстандын ички жана тышкы саясатын ким аныктаары так көрсөтүлгөн эмес. Азыр Парламенттик башкарууга өттүк деп канчалык мактанган менен мамлекеттик бийликтин структураларын түзүүдө өтө чоң жаңылыштыктар кетти. Ошол себептен Парламенттик башкаруу жалпысынан кыргыз элине сиңбей, жакпай келатат. Анын үстүнө саясатчылар өздөрүнүн иштерин так билбегендиктен, бийлик ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү туура эмес жүргүзүлгөндүктөн, кимиси эрте турса, ошонусу мамлекетти башкарам деп жатканы Кыргызстанда орусча айтканда "бардак" деген эле кеп.
- А негизи Парламенттик система толук кандуу болуу үчүн кандай механизмдер ишке ашуусу зарыл?
- Жеңген партиянын жетекчиси мамлекеттин башчысы же башминистр болушу керек эле, бийлик жана жоопкерчилик дагы ошого өтмөк. Эгер ал жоопкерчиликтен кача турган болсо, анда анын партиясы бийликтен четтетилип, демек, анын жеңген партиясы таратылмак. Мындай жоопкерчилик болбогондон кийин, бүгүнкү күнү биздин 120 депутат ар ким өзүн өз алдынча президент деп эсептейт. Ал эми премьер-министрдин бары же жогу билинбей калды. Ал эми президент иштөөгө аракет кылган өңдөнүп, кимисинин эмне кылып жатканы ошонун негизинде билинбей калып жатат. Өткөндө Алмазбек Атамбаев Россияга барып, "Бизде Россиянын жардамы менен ички дүң продукция 5,5 пайызга өстү" деп билдирди. Бул продукцияны көп чыгаргандын эсебинен өстүбү же продукциянын кымбатташынан өстүбү? Ушуну эсепке алган жок. Эгер баалардын кымбатташын эсепке алсак, бизде дүң продукциянын өсүшү болбой эле азайып кетиши байкалууда.
- Жогорку Кеңеште отурган 5 фракция Парламенттик башкаруу системасын колдобогондой, мисалы, ошол эле "Ар-Намыс", "Ата-Журт", "СДПК", "Республика" фракциялары арга жок гана кошулгандай, а эмне үчүн жалгыз гана "Ата-Мекен" партиясы Парламенттик башкарууга ыктап келе жатат?
- Убактылуу Өкмөттүн негизги тутумун эки социалисттик багыттагы "Ата-Мекен" менен "СДПК" партиясы түзгөн. Булар эл аралык "Социнтерн" деген биримдикке киришет, алардын жардамы жана инструкциясы менен Текебаевдин Конституциясы жазылган. А алар Кыргызстанда эксперимент өткөрүүнү максаттанышкан. Анын үстүнө биз жашырганда эмне, Кыргызстан, Грузия болобу күчтүү мамлекеттердин кармашынын полигону болуп эсептелебиз. А кимиси күчтүү болсо өздөрүнүн кадрларын коет да, ошол кадрлары аркылуу өз саясаттарын жүргүзөт. Убактылуу Өкмөттүн жардамы аркылуу бул Конституция референдум жолу менен кабыл алынып калгандан кийин башка "Ар-Намыс", "Ата-Журт" жана "Республика" партиялары бийликке эптеп жетүү үчүн шайлоого катышкан.
- Адахан Мадумаров кийинки күндөрү 93-жылкы Конституция тууралуу ачык эле айтып чыгууда, Мадумаров менен байланышыңыздар жокпу?
- Алгач 93тү калыбына келтиребиз деп кан какшап келаткан аз эле топ адам болчубуз. Текебаевдин Конституциясы кабыл алынып, Парламент шайланып келгенден кийин эл салыштырып карап, кайра 93-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү керектигин түшүнүп башташты. Ал эми Мадумаровго окшогондор учурдан пайдаланып кетебиз деп, элдин талабына ыктап, коньюктурный нерсени жасап жатышат.
- Жогорку Соттун судьясын тандоого өзүңүздүн комиссияга талапкерлигиңизди көрсөткөн турбайсызбы?
- Мен байкоочу катарыбы, же жаран катарыбы комиссияга кирсемби деп арыз бергем, эки күн байкап көрүп ыраазы болбой баш тарттым.
- Ушунча комиссия топтоп, шайлоодо бир нерсе өзгөрөбү?
- Мен көп деле ишене бербейм. Себеби, коррупция деген нерсени ортосунан алып эле жок кылып коюуга мүмкүн эмес. Коррупция менен эки тараптан күрөшүш керек. Биринчиси, эң жогору жакта турган бийликтин төбөсүнөн жана эң ылдый жагынан башташ керек. "Азыркы президенттин тегерегинде да коррупцияга малынган адамдар" деген сөздөр болуп жатса да, ошого маани берип койбогондон кийин демек, ал өзү да коррупцияга кириптер адам дегенге болот. Мисалы, өзүнүн жанындагы эле Эмил Каптагаевдин кичи өлкөсү болгон көлдүктөр, ЖК кайрылуу жасады. Бирок, эч унчукпай отурат, текшерүү дагы жүргүзгөн жок. Демек, унчукпай отурса эл деле ойлойт да.
- Ысык-Көл демекчи, "Курманжан датка" тарыхый комплексине кетип жаткан жер тууралуу кандай пикир айта аласыз? Биздин редакцияга "Ысыккөлдүктөр Каркырасын сатып жиберип, эми буга дагы унчукпай отурушат, деги кандай эл?" деп чалып жатышат.
- Ысыккөлдүктөр абдан маданияттуу эл, көрүнгөн менен эле чыга калып мушташып, уруша беришпейт. Алар баардыгын мыйзамдын негизинде жүргүзүп жатышат. Мына мисалы, ошол айыл өкмөтү Ж.Жолдошева менен соттошуп жатканын билебиз. Ал жер Өрнөктүн, Чоң-Сары-Ойдун элине үлүш катары дагы, менчик үй салууга дагы бөлүнбөгөн жер. Бул жер көлдүн жээгиндеги курорттук зонадагы жер, демек бул өтө кымбат жер. Ушул себептен, жергиликтүү эл дагы, биз дагы каршыбыз.
- "Жаңы агым" гезитине Ж.Жолдошева жооп жазыптыр, "Ысык-Көл" фонду мурда дагы жер сатып жиберген Назарбаевге" деп. Ушундан маалыматыңыз барбы?
- Мен ысыккөлдүктөр эмне менен алектенип жаткандарынан кабардар болууга аракет кылам. Ошондуктан, ачык эле айтып коеюн "Ысык-Көл" фондусу жер алган эмес жана саткан эмес.
Азима АКУНОВА