Генерал Абдыгул Чотбаев:

"Эгерде элди атканымда, азыр чет жерде жүрмөкмүн"
Айтылуу Абдыгул Чотбаев 35 жашында генерал болгон аскер адамы. Анын бешенесине жазылган тагдыр жолу өтө кызыктуу. Ошондуктанбы коомдо кандай гана кырдаал болбосун, генерал бийликтеби же бийликте эмеспи ар дайым кадырман журттун көңүл борборунда. Эл үчүн чыныгы күйгөн эр жүрөктөр ушинтип элдин жүрөгүндө жашайт турбайбы. Биз генералга жолугуп, бүгүнкү абалы, ой-сезими, саясатка болгон көз карашы тууралуу маектешип кайттык.

- Абдыгул Чотбаевич, сиз жөнүндө абдан көп жазылды. Биздин гезиттин окурмандары үчүн кантип аскер дүйнөсүнө келип калганыңыз тууралуу айтып бербейсизби?
- Жакшы болот. Менин жеке оюм боюнча, аскер дүйнөсүнө жөнөкөй адамдар келбесе керек. Бул тармакта чыдаган адам чыдайт, чыдабаганы башка тармакка өтө качышат.
- Сизде ушундай кырдаалдар болдубу?
- Чынын айтайын менде андай кырдаалдар болгон жок. Ооганстанда ок кечип жүргөндө да, 2005-жылкы төңкөрүштө төңкөрүшчүлөрдөн таяк жеп эсимди жоготуп, ден соолугумдан ажыраган күндө да аскердик тармакты таштайм деген ой пайда болгон жок. Себеби, аскердик иш менин тагдырым, менин тирүүчүлүктөгү моюнга жүктөлгөн вазийпам. Бала чагым советтик доордо өтпөдүбү. Ал учурдун балдары кичинекейибизден аскер адамы же болбосо космонавт болууну кыялданышчу. Анан ошол кыялы менен Алматыдагы жогорку окуу жайында билим алдым. 21 жашымда Өзбекстандын Термес шаарындагы 180-полкко тиешелүү 30 солдатка взводдун командири болуп иштедим. Ошол жактан кан күйгөн Оогастанга жөнөтүштү.
- Оогастанга баратканыңарды ачык айтышты беле?
-Каяктан? Бирок, ал жакта согуш жүрүп атканы тууралуу маалыматыбыз бар болчу. Достук көпүрөсү аркылуу өткөндө гана Ооганстанга баратканыбызды билдик. Өзүм жаш болсом, "албетте, Кабул шаарындагы биринчи көрүнүш түбөлүккө эсимден кетпейт" деп айтып калам. Биз Кабулга түн ичинде барганбыз. Эртеси жерге жарык түшкөндө айланада жаткан өлүктөр, асманды каптаган уюлгуган кара түтүн, ошондо гана каякка түшүп калганымда чындап сезгем. Анан четинен оор операцияларды аткара баштадым. Үйдөгүлөргө кат жазабыз, бирок, каякта жүргөнүбүздү тууралуу айтууга уруксат жок. Эсимде бир ирет Кабулдагы СССР элчилигинде үйүмө телефон чалууга мүмкүнчүлүк болуп калды. Апама кыргызча сүйлөп каякта экеним тууралуу айтайын деп турам. Бирок, мен кыргызча сүйлөй баштаганда эле телефонду өчүрүп коюшту. Ооганстанда 1 жыл 3 ай болдук. Бул убакта баштан өткөн окуяларды, биз аткарган өмүргө коркунуч алып келчү жашыруун операцияларды баарын баяндап бере албайм. Бирок, Кудайдын куттуу күнү Ооганстандагы өмүр менен өлүмдүн ортосундагы жүргөн күндөрүм эсиме түшүп турат. Алгачкы аскердин ыраазычылыкты да ошол Ооганстандан алгам. Эки жолу минадан колумдан, бутумдан жаракат алып, контузия да болдум. Канчалаган жолдошторумду жоготтум. Алардын элестери ар дайым эсимде. Бүгүнкү күнгө чейин ооганчылар союздун деңгээлде чогулуп, жолугушуп, Оогандагы күндөрү, согушта курман болгон жолдошторубузду эскерип турабыз.
- Менимче, Оогандагы күндөрүңүздүн кийин акыбети кайтып, Акаев учурунда жакшы эле сыйга бөлөндүңүз окшойт?
- Баары эле ушинтип айтышат. Албетте, улуттук гвардияны жетектеп турдум. Бирок, Акаев мени жердеш катары эркелетип, башыман деле сылаган эмес. Бир ирет эки бөлмөлүү үй дагы мага буюрбаса керек. Кайсы бир гезит алакандай макала чыгарды. "Акаев Чотбаевди эркелетип жатат" деген мааниде. Абдан жиним келди да, ошол гезиттеги макаланы кайчы менен кесип алып, Акаевге "Мага үйдүн кереги жок" деп кат жазгам. Ошентип, анда үй дагы албай калдым.
- 2005-жылкы төңкөрүштө сиз Акаевди коргоп жатып аз жерден өмүр менен кош айтышып кала жаздадыңыз го?
- Эми ал күндү маңдайга жазган окшойт. Эмне болгон күндө да мен Аскар Акаевичке өтө ыраазымын. Анткени, ал кырдаал өтө курчуп жатканда да "Элге карай ок чыгар " деп буйрук берген эмес. Эгер ал ошондой буйрук бергенде азыр мен дагы үй бүлөм менен чет жерде качып жүрмөкмүн.
- Төңкөрүштөн кийин Акаев менен жолугушууга мүмкүнчүлүк болдубу?
- Атайын ага жолугам деген максатым деле жок болчу. Бир ирет Москвага барганда Айдар менен иштеген балдар менен ресторанга кирип калгам. Алар дароо телефон чалып коюшса керек. Аскар Акаевич өзү кой союп конокко чакырып "Мени сени эркелетет деп көп айтышчу, бирок, мен эркелеткендер кийин сатып кетишти. Сени эркелеткен эмесмин. А сен болсо акыркы учурга чейин туруп бердиң" деп ыраазычылык айткан.
- Кайсы бир гезитте сизди 2005-жылкы төңкөрүштө элдин ур-токмогунан аман алып калган сизге таарынган маеги чыкты эле.
- Менде ал күнкү окуя боюнча көп далилдүү материалдар бар. Мага чындап жардам берген жигиттерди ыраазы кылганмын. Дегеле ошондой дооматтар менен көп келишет. Мен дароо ошол күнкү сүрөттөрдү, видеолорду көрсөтөм, ушул жерден өзүңөрдү тапкыла дейм. Көп жигиттер жөн гана акча сындырыш үчүн келгендерин мойнуна алып, кечирим сурап кайтышат.
- Алдыда президенттик шайлоо, сиздин да талапкерлигиңизди сүрөгөн күчтөр бар экенин угуп жатабыз?
- Андай күчтөр бар, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп, ойлонуп жатабыз. Аскер адамы катары айтсам, бул азырынча сыр боюнча калсынчы.
- Маек бергениңизге ырахмат!
Маектешкен
Баян КӨЛБАЕВА