Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

УЛУТТУК БИРИМДИКке чакырган аш
Өткөн жумада Чыйырчык жайлоосунда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун демилгеси жана Тилеке баатырдын урпактарынын каржылоосу менен Тилеке баатырдын ашы өткөрүлүп, анын айкели тургузулду. Бул иш-чарага болжол менен 7 миңдей адам катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында Алай декларациясы кабыл алынып, анда "Биз, кыргыз калкы, татаал, тагдыр чечээр мезгилди башыбыздан өткөрүп жаткан учурда татыктуу Келечекке алып барчу туура багытты тандап алалы! Ал багыт-УЛУТТУК БИРИМДИКтин багыты" деп жазылат.
Тилеке баатырдын айкели ачылды
Маалыматтын жеткиликтүү эместигинен, жайлоого барабыз деген деле ой болбоптур, баарыбыз жай таман кийип алыптырбыз. Чыйырчык жайлоосу бырпыраган кара топурактуу, бөксө тоолуу, кокту-колотторго бай, ачык асман алдындагы жер экен. Айланасында бир дагы бак-шак, карагай-таш көрүнбөйт. Бөксө тоолордун беттеринде ээн-эркин мал оттоп жүрөт.
Агылган эл ар биринде бирден кызыл желек желбиреген 40 боз үйдү көздөй жөнөштү. Баштарына ак калпак кийген аталарды, неберелерин жетелеген апаларды карап туруп "Айыл эли баары бир чыйрак келет" деген ой кетти.
Биз боз үйлөрдүн жанына жеткен соң, "Эстелик ачылат" деп калышты. Айланабызды карап эстелик аттууну көрө албадык. Көрсө, Тилеке баатырдын айкели тигил Чыйырчыктын этегине, жол жээгине орнотулуптур. Биз кайрадан автоунаа менен жөнөп калдык. Айкел орнотулган дөңсөөнүн кире беришинде Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов келген ар бир адам менен кол ала учураша туруптур.
Айкелдин ачылышы болгон соң, куран окулуп, "бут коерго жер жок" адамдар эстеликке сүрөткө түшүп жатышты.
Биз кайрадан боз үйлөр тигилген тоо койнуна жөнөдүк. Атайын жасалгаланган сахнада Тилеке баатырдын иш-таржымалын камтыган театралдашкан спектакль көрсөтүлдү.
Шайлоонун алдында минтип эстелик тургузуу башка маанини камтыбайбы дегендер дагы болбой койбоду. "Сынган кылычтагы" бир эпизод эске келет. Абил бий Бекназарга "Теңирбердини алып келип кет" деп куш кат жиберет. Ошол жолугушууда "Агайын, ыракматы Жаманкул кандай адам эле?" -деп сураганы эсиңиздердеби? Абил бий башын кайгылуу чайкап: "Макул, балдары тайыздык кылды дейли, балдары тайыз болгону менен Жаманкулдун мына эли тайыздай элек. Мына, турпактан сырткары турабыз го, биздей туугандары аман, биз кылбаганда ариетин ким кылат?!"-деген. Албетте, Абил бий бада баккандан башканы билбеген Жаманкулга багыштап аш берип, өз даңкын гана көтөргүсү келген.
Эмесе, элдеги ушундай түпөйүл шектенүүгө жооп кылып Мелис Мырзакматовдун ашта сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү келтирели.
"Тилеке баатырдын арбагы козголду, биригүү зарыл"
" Кандайча Тилекенин ашы күтүүсүздөн берилип калды? Себеби эмнеде? 400 жыл илгери өткөн көсөм Тилеке баатырдын ашына атпай журтту жыйноонун мүдөөсү эмне? Көпчүлүктүн көңүлүн ушул суроо тынч койбой кытыгылап турганын жакшы туюп турам. Тилеке баатыр деген ким болгон деген суроолорго жооп кыстыра өтөйүн. Тилеке баатыр менин 9-муундагы атам. Ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын булуң-бурчунда жашап, эмгектенип жаткан кыргыздын отуз уул тукумунан тараган миңдеген замандаштатрыбыздын дагы атасы. Бүгүнкү Жогорку Кеңеште 6 урпагы дагы депутаттык милдетин аркалап, эл талабын жүзөгө ашырууда. Алар: Нургазы Айдаров, Абдрахман Маматалиев, Заир Жоошбеков, Төрөбек Зулпукаров, Нурбек Алимбеков, Турсунбай Бакир уулу. Кыргыздын бай санжырасына, кытай-фарсы тилиндеги тарыхый китептерге кайрылсак, Тилеке баатыр 17-кылымда жашап, өзүнүн бир катар иштери менен элибиздин тарыхында өчпөс изин калтырган улуу инсан. Маселен, 1610-жылдары 5 000 кишиден турган Тилеке баатырдын Турпан менен Аксууга жортуулга аттангандыгын Шах Мурад Махмуд Чурас аттуу аалым адам жазып жатат. Кыргыздын этнографиясын, санжыра-уламыштарын изилдеген улуу окумуштуу Саул Матвеевич Абрамзон Махмуд Чурас жазган Тилеке менен Отуз уулдагы Тилекенин бир эле киши экендигин ырастайт. Тилеке баатыр баштаган кыргыздардын Кашкар, Үч-Турпан, Аксуу шаарларына жортуул уюштурганы 17-кылымда кыргыздардын саясий күчкө айлангандыгын далилдейт. Биздин ата-тектин санжырасында Тилеке баатырдын душманы кокус кол салгандыгы тууралуу айтылат. Анын сөөгү мына ушул силердин көз алдыңыздардагы Чыйырчыктын белине коюлуп, 400 жылдан бери урпактарынын кароо-кайтаруусунда болуп келатат. Тилеке баатырдын улут биримдиги үчүн жасаган аракеттери азыр дагы актуалдуу маселеге айланып отурат.
Кадырлуу коноктор, кыргызда "Көрүндө жатып оодарылды" деген сөз бар. Бул кеп же нааразы же ыраазы болгондо гана айтылат. Анын сыңары, 2010-жылдын 6-апрелинен 7-апрелине оогон түнү төрт кылымдан бери козголбой жаткан Тилеке баатырдын бейити ордунан жылып, урпактарын терең бейпайга салды. Улуттун ыдыраган ошол оор мезгилинде Кыргызстанды бөлүп кетебиз деген жикчилдердин айынан Ош окуясы өрт койгондой дүрт этти. Ошон үчүн Тилеке баатырдын арбагы козголуптур. А балким, кыргыз элин кандуу күндөр күтүп турганын аян кылып өз урпактарына айткысы келгендир. Былтыр биз Тилеке баатырдын козголгон сөөгүн алып чыгып, өз колубуз менен кайрадан жерге бердик. Ошондо анын рухуна тизе бүгүп, осуятыңды дагы бир жолу жарыялап коёлу деп убада берген элек. Келгиле, бөлүнүүнү токтотолу да, кыргыз элинин ынтымагын чыңдайлы. Келгиле, түндүк-түштүк деген оорудан айыгуунун жолун издейли. Келгиле, улуттук биримдиктин улуу чыйырын салалы демекчимин",-деди өз сөзүндө Ош шаарынын мэри М.Мырзакматов.
Ж.Сатыбалдиев: "Асандын да, Үсөндүн да жери бир"
Бул ашка ЖКнын депутаттары Жылдыз Жолдошева, Турсунбай Бакир уулу, Марат Султанов, Ибрагим Жунусов, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана башка эл башындагы адамдар барышты. Булардын айрымдарынын сүйлөгөндөрүн угуп отуруп, негедир шайлоо алдындагы пиарга дагы окшоштуруп жиберип жаткандар дагы болбой койбоду. Эч качан колуна кагаз кармап сөз сүйлөбөгөн, сүйлөп жатканда ырдап жаткандай абал калтыргандай болгон, бир кездери Ош ТВнын кайсыл бир журналистинин: "Борбор тарапка кетейин деген пландарыңыз жокпу?" -деген суроосуна, "Жок, мен Ош шаарымдан эч жакка кетпейм",-деп ырчылык менен өмүрү өтөөрүнө ишеним кылган, бирок, бүгүнкү күнү ырчылыгын экинчи орунга чыгарып койгон Ибрагим Жунусов адаттагыдай эле кагазсыз чыгып сүйлөп: "Эгерде түндүктөгү Асандын кулагы ооруса, түштүктөгү Үсөндүн дагы кулагы ооруш керек. Эгерде түндүктөгү Акматтын ичи ооруса, түштүктөгү Ташматтын ичи оорушу керек", -деп элди "ынтымакка" чакырды эле, андан кийин чыгып сөз сүйлөгөн Жантөрө Сатыбалдиев минтип түндүк-түштүк деп элди экиге ажыратып кароонун кереги жоктугун сунуштады.
Мына, эл ич ара бөлүнбөгөндүгүнүн, бул саясатчылардын гана иши экендигинин далили. Керек болсо ошол отурган карапайым элдин арасында басымдуусу түндүк өрөөнүнө барып дагы көргөн эмес, өмүр бою Ош аймагын жердеп жашап келишкендер, анан кантип эл өзү бөлүнсүн? Алар керек болсо Ж.Жолдошеванын кура турган "тарыхый-мемориалдык" комплексинин түпкү максаты эмнеде экендигин аңдап-билишпейт. Мен эл аралап жүрүп, Жылдыз Жолдошева Ысык-Көлгө кура турган Курманжан датка атындагы тарыхый-мемориалдык комплекске болгон элдин пикирин сурап көрдүм. Бул сурооого деле "Аа, жакшы балам, жакшы",-дешет. Ошол сыяктуу жогоруда ашка келип алып, ар кандай саясий кызыкчылык үчүн сүйлөнгөн сөздөргө дагы карапайым эл момундугунан "аа жакшы, жакшы" деп баш ийкеп отурушту.
Аракты ким алып келди?
Биз барганда буюмдарыбызды коюп коелу деп "Журналисттердин боз үйү кайсыл болду экен?" деп издей баштадык. №12 боз үйгө баш бакканыбызда көзүмө дасторкон үстүндөгү арак урунду. Мындай көрүнүштү башка боз үйлөрдөн дагы кезиктирип, сүрөткө тартып алып жаттым, албетте баардыгында арак болду деген дагы аша чапкандык болоор. Бирок, бошогон бөтөлкөлөр боз үйлөрдөн алыс эмес жерлерде дагы жатты. Муну менен эмнени айткым келет? Элдин буту араң жеткен ушундай ыйык делген жайлоодо, баатырлар өткөн өрөөндө "жинди суу" ичүү кадимки көрүнүш болуп жатса, ал эми заманбап өнүгүүдөгү Ысык-Көлгө курула турган "Курманжан датка" тарыхый-мемориалдык комплекси чардоочу жайга, айрым чөнтөктүүлөр үчүн ыңгайлуу сойкуканага айланбайт деп ким кепилдик берет?
Азима АКУНОВА
Бишкек-Ош-Бишкек








кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??