Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Сот залынан

Кылмышкерлер жазаланмайынча, Мээрим арабызда тирүү бойдон
Жолдо баратып ушуну ойлондум. Диндик ишенимдерде бейкүнөө өлгөндөрдү "шейит кетти" деп коюшат го. Балким, Мээримдин жаны азыр деле арабызда учуп жүргөндүр. Балким, өзүн өлтүргөн кылмышкерлер жазаланганда гана анын жаны жай табаар…

Гезитибиздин №5 санында жарык көргөн "Акыйкатсыздыктан чарчадым, "самосуд" кылууга даярмын" деген темада материал жарык көргөн эле. Анда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун тургуну, жабырлануучу Ибраева Калбүбү кызынын өлүмүнө күнөөкөрлөрдүн жазаланышын талап кылып кайрылган билдирүүсүн жарыялаган элек. Анда зордукталып, андан соң тирүүлөй өрттөлүп кеткен Ибраева Мээримге байланыштуу соттук процесстин 15 жолу болгону дагы белгиленген.
Ушул ишке байланыштуу 19-июлда дагы бир соттук процесс болот деп кабарлашкандыктан, Чүй областтык сотун издеп жөнөп калдым. Сырты эски, терезе туштары урап түшкөн имарат сүр сала күтүп алды. Анын алдында башына топу кийип, бир чекитти теше тиктеп ойлуу отурган башка улуттагы адамды көрүп, "бечара бул дагы жакынынын азабын тартып жүргөндүр" деп ойлондум. Аңгыча алардын жанына мурутчан, орус улутундагы бир киши басып келип учурашып туруп калышты, кийин билсем ал Лужанский деген жактоочу экен. "Кезиксеңиз ала кириңиз, баары бир энемин да", - деди алардын жанында турган аял, колго бышырылган куймактарды целофан баштыкчага салып берип жатып. Алардын жанында чымыр денелүү жигит жүрдү. Көрсө, булар айыпталуучу Арипов Рызанын ата-энеси жана агасы экен.
Аңгыча Ибраева Калбүбү эже бир секелек кызды ээрчитип келип калды, ал Мээримдин кызы экен. Жанында туугандары дагы чогуу келишиптир. Алгач көргөнүмдөгүдөй эстен тана жыгылып, буркурап ыйлабастан, көзүмө бир эсе сабырдуу да, бир эсе кайраттуу дагы көрүндү.

"Жабык эшик, журналист катышпасын" дешти
Биз соттук залга киргенде Чүй областынын үч соту отуруптур. Кызды өлтүргөнүн мойнуна алган Нуржанов Махмудду жана шектүү делинип жаткан Арипов Рызаны темир торго алып келишти. Бул баралына толуп турган жигиттердин бири Махмуд Нуржанов "Журналисттин катыша берүүсүнө макулсуңарбы?" деген суроосуна "Каршылыгым жок", -деп жооп берди. Ал эми Рыза Арипов караманча каршы болду. Жактоочулардын бирлери макул болушса, бирлери каршы болушуп отуруп, акыры соттор бир сөзгө келишип, мен сотко катышуу макулдугун ала албадым.
Рызанын апасы сот залынан чыгаарым менен түшүнбөстүк мененби же ачуусу мененби мага бир тийди. Ушул жерден эскерте кетүүчү нерсе, ал ойлогондой биздин редакция жабырлануучу К.Ибраевадан акча алып, анан ушул иштин изине түшүүнү максаттанган жерибиз жок. Же ушул окуядан "чыгарма" жазалы деп ниеттенген жокпуз. Болгону ак кайсыл, кара кайсыл ажыратып билип, элге чындыкты билдирип, мындай иштердин аягы эмнеге алып келээрин жеткирүү.
Мен Рызанын апасын кепке тартканымда, аты-жөнүн атагысы келбей, төмөндөгүлөрдү гана кыска-кыска айтты: "Ким мага жооп берет? Булар дагы бизди душмандарындай карап жатышат. А чыныгы адам өлтүргүчтү өздөрү акча алып туруп, самолетко отургузушуп "бул жерден жогол" деп бошотуп жиберишти. Ошондо мен чыныгы кылмышкердин артынан түшкөнүмдө, эшигимди талкалап кетишти. Мен бул боюнча арыз менен кайрылгам. Алар мага "Акчаң барбы, кел. Сен кимсиң? Сен түрксүң, бар унчукпай эле отур" дейт. Биз машинаны Жаңы жылдын алдында эле сатканбыз, а булар тергөө учурунда деп жазып жатышат. Кантип ушинтип жазышат, мага айткылачы?" -деди.
Башка соттук процесстерге келип, убактыларын күтүп отургандар дагы биздин кепке аралашып, акыры кылмышкерлер жазаларын алуу керектигин, керек болсо азыр мууздап салуу да ашыкча эместигин айтып жатышты. Редакциябызга дагы бир топ телефон чалуулар болгон, чогулуп барып кылмышкерлердин жазаларын берели, керек болсо чогулуп барып "самосуд" кылуу керек дешкен. Бирок, мындай кызуу кандуулукка барып, ата-энелерин, жакындарын сабоо, уруу, үйүн өртөө дагы туура эмес. Жабырлануучу К.Ибраева менен чогуу келген иниси "Мына биз сот чечсин" деп күтүп отурабыз деп үшкүрүнгөндөй эле, акыйкат соттук чечим болуусу абзел. Ар ким өз күнөөсүнө жараша өзү гана жазасын алуу зарыл. Биз соттун жыйынтыкталаар убактысын күтүп отурганда, жаныбызда Мээримдин кызы же ойноорун, же тим отураарын билбей жер чукуп отурду. Мына бул наристе, мына бул болочок аялзаты эч кимдин тепкисинде, эч кимдин кордугунда калбасын деп тилеп отурдум ичимден.

Иш кайрадан Сокулук
районунда каралат
Аңгыча Калбүбү Ибраева менен адвокаты Жумакан Бакасов дагы чыгып калды. Мен ага диктафон сунганымда ал "Соттун 2011-жыл 30-майдагы иш кайра тергөөгө кетсин деген токтомун бузуп, Сокулук районуна башка соттук курамга жиберди", -деди. "Эки айыпталуучудан башка дагы адамдар болгон деген маалыматты айтып жатышат го..?" -деген сурообузга "Жок, андайды билбейм. Башынан бери эле ушул экөө эле болуп келатат", -деп жооп берди. Ал эми Ибраева Калбүбүнүн айтымында, мындай пикирлер баш айлантуу, эптеп кылмышкерди бошотуп, анан качыруунун амалын издөө. "Түрк дагы деле мойнуна албай жатат. Эптеп Рызаны Түркияга качыра албай жатышат. Алар берчүсүн берип, Махмудду "мойнуңа өзүң ал, кийин боштондукка чыгарып алабыз" деп түрк балдар сабап, коркутуп жатыптыр", -дейт К.Ибраева. "Эже муну ким айтып жатат?" -деп суроого "Имиштер айтылып жатат", -деди.

Оозуна талкан жутуп алгансыган Лужанский
Мен Арипов Рызанын жактоочусу Л. А. Лужанскийге эки-үч суроо менен кайрылганымда, ал бир дагы жолу оозун ачпады. Албетте, маалымат алууга журналисттин укугу болсо, маалымат айтпоого анын укугу бар деңизчи, бирок… анын бул турушун "тажрыйбалуулуктан" деп баалабас элем.
Ошентип, аны Рызанын туугандары менин жанымдан алыс алып кетти. Жабырлануучу К.Ибарева: "Лужанский сүйлөбөй койдубу, ал сүйлөбөйт. Ал долларлап алат деп уктук. А биз жактоочубузга анчалык каражат дагы бере албайбыз",-деди. К. Ибраеванын жактоочусу дагы өтө кыска билдирүү кылып, шашып баса беришти.
Иш абдан татаалдай сезилди. Бир жыл бою созулуп келаткан бул иштин түйүнү кайда?

Махмуд башында эле
мойнуна алган
Зордукталып, ал аз келгенсип тирүүлөй өрттөлүп кеткен Ибраева Мээрим 29 гана жашта болчу. Ал турмушка чыгып, бир уул, бир кыздуу болгон соң, күйөөсү менен ажырашып, Бишкекке иштеп жан багуу үчүн келип, чач кырккыч болуп жумушка орношуп, борбордун жаңы конуштарынын биринде жашачу.
Мурда белгилегендей, Махмуд Мээримге өз атын жашырып Максат деп таанышкан. Мээрим аны курбу кызы менен тааныштырып, башка курбуларына дагы ал тууралуу айткан. 2010-жылдын 10-мартында Максат менен жолугууга чыгып баратып, курбуларына айтып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Максат кармалган соң, өзүнүн көрсөтмөлөрүн бир нече жолу өзгөрткөн. Башында ал Мээримди өлтүргөнүн мойнуна алган, андан соң ал өлтүрбөгөндүгүн айтып, жөн гана аралаштыгы бар экендигин, кылмышты башка адамдар жасагандыгын, кийин таптакыр бул окуяга катыштыгы жок экендигин айтып, жөн гана Ариповдун БМВ үлгүсүндөгү автоунаасын да уктап жаткандыгын айткан.
Ал алгачкы көрсөтмөлөрү боюнча, окуя төмөндөгүчө жүргөн. Махмуд-Максат өзгөчө пландарды деле түзгөн эмес, баардыгы шайтандын иши менен гана болгон. Мээримге досу Рыза менен барган. Кымкуут жерге келгенде Рыза машинаны токтотот ("Ошол кымкуут жерди алар мурда дагы билиштери мүмкүн, бул иш балким биринчи жолку окуя эмес", -дейт Мээримдин апасы Калбүбү Ибраева). Ошентип, Махмуд досун машинадан чыгып туруусун суранып, келин менен эркин сүйлөшүп алуу ниетин билдирет. Күтүүсүздөн Махмуд келинди басып жыгылып, зордуктап кирет. Муну көрүп калган Рыза четте калгысы келбейт. Максат-Махмуд ага каршы болбойт. Мээрим алардын кылыгына чыдабай, эртең эле милицияга кайрылаарын билдирет. Ошондо алар Мээримди эс-учунан танып калганча тепкилеп-сабашып, акыры Рызанын машинасындагы 3 литр бензинди алып чыгышып, Мээримдин денесине жаба куюшуп, ширенке чагып жиберишет да, кылмыш иши болгон жерден качып кетишет. Окуя түнкү 02:00 дор чамасында болгон. Бул иш балким жабылуу бойдон калат беле, бирок, Калбүбү Ибраеванын бир тууган агасынын айтымында, ошол жерге жакын жашаган бир чабан кыздын чаңырып-кыйкырып жаткан үнүн угуп калат.

Өлгөн соң, башы
кесилип көмүлгөн
Өлүктүн ким экендигин аныктоо иштери тынымсыз жүрүп жатканына карабай, аны издеп эч ким кайрылбаган. Көрсө, Мээримдин туугандары "ушул өлүп эле калды го" деген ой менен Бишкектин моргдорунан издей беришип суй жыгылышат. Бирок, Мээримдин жансыз денеси Сокулук районундагы моргдо сакталып, кийинчерээк башы кесилип алынып, жерге жашырылган. Акыры иштин чоо-жайын билген Мээримдин энеси кызынын сөөгүн өлгөн соң үч ай өтүп кайрадан каздырып алып, өзүнүн туулган жери Жети-Өгүз районуна алып барып көмүшкөн.

Эркиндик көзүнөн
учкан Рыза
Бирок, Арипов Рыза бул ишке катыштыгы бар экендигинен карандай баш тарткан. Анын жактоочусу Лужанскийдин ходатайствосунда ошол каргашалуу түнү үйүндө болгондугун далилдей турган көптөгөн күбөлөр бар экени айтылган. Бирок, тергөөчү тарабынан жабырлануучунун кийиминен табылган кан биологиялык экспертизадан өткөрүлүп, жыйынтыгында Рызанын канынын тобуна тиешелүү деген тыянак чыгарылган.
Бирок, Ариповдун адвокатынын ходатайствосунда Арипов Рызанын ал күнү үйүндө болгонун жана БМВ үлгүсүндөгү автоунаасы менен 17:00дор чамасында туугандарына Кара-Балтага чыгып кеткени тууралуу анын туугандарынан күбө катары суралбагандыгын жазат. Эгерде аталып жаткан БМВ үлгүсүндөгү Рызага тиешелүү автоунааны жаңы жылга чейин сатып жиберишкен болсо, анда жактоочу Лужанскийдин бул ходатайствосунда кайсыл БМВ тууралуу сөз болуп жатат?
Жабырлануучу Калбүбү Ибраеванын айтымында, Рызанын туугандары БМВ үлгүсүндөгү машинаны окуя болгондон кийин саткан, бирок, тергөөчүлөр сатылып кеткен соң, арестке ала алышпастыгын билдиришкен.
Биз тергөөчү Руслан Абдылдаев менен байланыша албадык. "Ал Ош шаарына 2 айга иш сапар менен кеткендиктен, бул жолку соттук процесске дагы катышкан жок. Келчү убактысы деле болуп калды", -дейт К.Ибраева.
P.S. Кийинки сот отуруму эми качан болоору белгисиз. Эми Сокулук районунун соттору жетиштүү далилдерге таянып чечим чыгара алышабы же жокпу? Убакыт көрсөтөт...
Азима АКУНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??