Ачык маек

Экс-вице-спикер, Кубанычбек Исабеков:
"Танаев келишимге мас абалында кол койгон"
Кыргыз элинин энчисине Теңир өзү белектеп, миң сан жылдар ата-бабабыз кан-жанын аябай коргоп келген бейиштей сулуу жерибиз, ал жер астындагы миң жылдык баалуу кен байлыктарыбызды эл башындагылардын өз кызыкчылыгына жараша соодалап жибергенин кан какшап айтып келебиз. Мисалы, дүйнөдөгү алтын кендеринин алдыңкы тизмесинде турган "Кумтөр" алтын кени ачылганы жалпы кыргыздын чекеси жылый элек. Алтынды кимиси алып, кимиси сатып жатканы белгисиз. Белгилүүсү ошончо жылдардан бери Кыргызстан уттургандын, алдангандын гана үстүндө келе жатканы. Бул боюнча кыргыз кен байлыктары үчүн күйүп-бышкан экс-вице-спикер, коомдук ишмер Кубанычбек Исабеков менен маек курууга туура келди.....
- Кубанычбек мырза, "Кумтөр" ачылганы биз эмне пайда таптык? Уттукпу, уттурдукпу?
- Суроону дал өзүнөн бергениң менен мен бир аз кененирээк жооп берүүгө туура келет. Сыймыктанам, жакшы жашоого үмүт артканым, бизде 2226 жерде алтын кени бар. Демек, алтын бар жерде күмүш бар, жез бар, калай бар дегендей. Кудай алтынды кыргыз жерине буюргандан кийин, бул кендер жалпы эл үчүн иштетилсе жакшы болмок. Бирок, мен ачыгын айтайын-"Кумтөр" башынан эле криминалдык жол менен иштеп, коррупция менен башталган. Чындык үчүн айтайын, Чынгыз Айтматов кандай залкар киши? Бирок, ошол агабыз, уулу Санжар экөө эл аралык аферист, Россиядан, Украинадан, Өзбекстандан кубаланып чыккан шылуун Бирштейн деген еврейди алып келип, Акаевге тааныштырышкан. Ал киши тез эле ага, Ак үйдүн 7-кабатындагы өз кабинетинин дал маңдайынан иш бөлмө берип, мамлекеттик кеңешчи кылып алган. Ал тургай анын учагына 1 тонна, 800 килограмм алтынды мындай эле жүктөп бергени да тарых чындыгы. Бирок, ошол чуулар өз учурунда эле, баягы легендарлуу парламент учурунда башталып, "Кумтөр" кени боюнча атайын иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Алар "Канадалыктарга 33 пайыз көп берип койдуңар" деген доомат менен ошол кездеги Өкмөт башчысы Турсунбек Чынгышевди кызматтан алышкан. Чындыгында, 66,76 пайызы кыргыздыкы, 33,24 пайызы канадалыктардыкы болгон. Бирок, алтын азгыруусуна алдырган Акаев элдик легендарлуу парламентти күч менен же башкача айтканда теңин арыз жаздыртып, теңин башка шылтоолор менен кыйнап таратып жиберген. Алтын чуусун көтөргөн Усубалиевге мамрезиденциядан үй берип, Кыргыз "Эл Баатыры" кылып, мамлекеттик жеңилдиктер менен алдаган. Өтө катуу турган Дастан Сарыгуловду "Кыргыз Алтын" мамлекеттик концернине президент кылган, алтын чуусун иликтеген Топчубек Тургуналиевди ректор кылган. Ошону менен булардын ооздору басылып, тынчышкан. Тынчыгандан да Дастан Сарыгулов көп кылыктарды жасаган. Бир мисал, "Камэко" компаниясы "Кумтөр" кенин казуу үчүн 1070 гектар жерди өзүнө алат. Бул боюнча дагы бир сенсация бар, кийин сөз кылалы. Бирок, ошончо жылдардан бери 10 тыйын жерге болгон салыгын, жайыттар жана чарба жерлери үчүн компенсация төлөп берген эмес. Мен 2005- жылы депутат болуп келгени, Жарандык Кодекс боюнча үч жыл мурдагыны төлөтүү боюнча мыйзамга таянып, 2002-жылдан беркини көтөрүп чыктым да, соттошуп отуруп, 201 миллион сом жер салыгын төлөттүм. Ошондой эле бизде "Бийик тоолуу коэфициент" деген бар. Сарыгулов муну ойлоп да койгон эмес. Мына ушул жылга чейин "Кумтөрдөн" 36 адам ар кандай жүрөк ооруулары, авария, кырсыктардан улам каза тапты. Буларга тиешелүү компенсациялар өз деңгээлинде төлөнгөн жок. Ошонтип, өз ишмердигинде алтын казып көрбөгөн, уран иштетүү менен алектенген канадалык "Камэко" компаниясы бизди чокуга чапкандай эле алдап келе беришти. Башындагы келишим боюнча кен иштетилип баштаганына 10 жыл толгондо алар, "Кумтөрдү" бизге толук өткөзүп бериш керек эле. Жок, алар бекер алтынды бергилери келген жок. Кашайып, Акаев өкмөт башына Танаевди алып келгени тигилердин чырагына май тамат.
- Кыргыз Өкмөтү "Камэко" менен иштеп келе жаткан. "Центерра" кайдан чыкты?
- Аны деле ушул кыргыз чыккынчылары ойлоп табышкан.
- Кантип?
- "Камэконун" иштөө мөөнөтү бүтүп баратканда, ошол Танаев баштаган команда канадалыктарга идея берип, натыйжада "Центерра" уюшулган. Ал жерде азыр биз 67 пайыздан 33 пайызга шыпырылып калганбыз. Бул "Центерра" Монголиядагы "Боро", "Гатсурд" жана АКШнын Невада штатындагы "Рен" деген алтын кендерин жан киши барып көргөн эмес. Өкмөт башы Танаев 2003-жылы 31-декабрда келишимге мас абалында кол койгон. Тигил үчөөнү бириктирсең да, "Кумтөрдөн" алты эсе кичине. "Демек, биз "Кумтөр" көптүгү менен да, акциянын пайызы жагынан да алданып калганбыз. Мен Танаев баштаган, жанагы "Центерранын" башчысы Хаменюк дегендердин артынан жакшы эле түшүп, керек болсо Багама аралдарындагы эсеп-кысапсчетторунан өйдө таап чыккам. Танаевди ИНТЕРПОЛ аркылуу издетип, алар болсо аны 10 күн камап жатып, кое беришкен. Биз бул жерден алардын коррупциясын мамлекеттик деңээлде аныктап бергенде, эл аралык соттон коркпой утуп алмакпыз. Ага болсо бийлик кызыктар болгон жок.
- Сиз Монголия, АКШга чейин барып иликтеп келгендей болдуңуз эле?
- Ооба, парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, жетекчилигине мен шайлангам. Ошол эле Отунбаева биздин комиссиянын мүчөсү болгон. Монголияга барып биз өзүбүз көрдүк, жалгыз эле "Боро" иштеп атыптыр. Анын запасы 42 тонна, 36 тоннасы казылып, сатылыптыр. Монголия өлкөсү бир пайызы жок туруп, 62 миллион доллар салык түрүндө алды. А биз 33 пайыз акциябыз менен эки жылдан бери бир тыйын ала албай отурабыз. Ал эми берки "Гасттурддун" иштер-иштебеси белгисиз. Анын үстүнө ал жерде өкмөттүн бир дагы акциясы жок экен, бардыгы "Центерра" менен кээ бир жеке адамдарга тиешелүү экен. Ал эми Невада штатындагы "Рен" болсо 62 эле пайызы "Центеррага" карайт экен, калганын "Барик голд" компаниясына сатып жибериптир. Ал жерден биз ишенип барган тараптар "Рен" кени тууралу эч жардам бере алган жок. Биздин депутаттык комиссия Кыргызстанга учуп кетип, еврейлердин кысымына карабай жулунуп жатып жалгыз мен калдым. Элчиликтен тилмеч алып, барбаган жерим калган жок. Эч кимиси "Рен" тууралуу маалымат беришкен жок. Анан Нью-Йоркко БУУга чыктым. Ошолор аркылуу "Рендин" ТЭОсу колума тийди. Иштеп жаткан "Барик Голд" компаниясына караштуу кенди көрсөтүп, алдоого аракет кылышты эле, мен болсо "жок, биздин "Рен" кенин көрсөткүлө. Анын да 33 пайызы биздики, демек менин көргөнгө акым бар" деп көшөрүп туруп алдым. Көрсө "Ренде" бир сайылган таякчадан башка эч нерсе жок экен.
- Кен казууда экологияны калыбына келтирүү аларда кандай жүрүп жатыптыр?
- Жакшы суроо. Ушул жерден айтайын, "Камэко"ошончо жылдан бери экология маселесин ойлонгон эмес, тескерисинче алар биздин жаратылышка оңбогондой зыян алып келишкен. Айталы, дүйнө жүзү боюнча "рекультрационный фонд" деген бар. Биздин дагы "Зыяндуулук жөнүндө" мыйзамда чет элдики болобу, мамлекеттик ишкана болобу, кенди иштетүдө ошол "рекультрационный фондго" тиешелүү акчаны салып коюшу керек. кийин канадалыктар жерди, тоону талкалап салып басып кетсе, ким аны калыбына келтирет? Муну эч бир бийлик ойлонгон эмес, еврейлер болсо "эсиңерге ылайым жара чыксын" -деп тиленип келе беришкен. Айтайын, акыркы эле 2007-жылдагы Атамбаев Өкмөт башчы кезиндеги келишимди алалы, ал жерде "рекульрационный фонд" тууралуу бир да сөз жок.
Моңголдор болсо ошол кен иштеген тоолордун капталы менен суу чуркатып, чым тизип, бак-дарак отургузуп жатканын көрдүк. Ошондон улам бул маселени көтөрүп чыгып, Хаменюкту жарга такап, "эсеп-кысап счетторду Лондонго эмес, Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Улуттук банкка ачкының, "рекультрационный фондго" салып койгунуң"-деп салгылашканмын. Мына 1998-жылы Барскоонго цианид төгүлгөндө канча мал кырылды, экология канча зыянга учурап, көлгө туристтин буту аттаган жок. Анда да биздин бийлик, "компенсация" демиш болуп, элди көлдүн берки жээгине бир аз эс алдырып, алдап коюшкан. Компенсацияга деген 187 миллион сомду Акаев, Танаев жеп алганын эмнеге айтпашыбыз керек?! Ошол эле маалда 187 миллион мындай чоң кырсык үчүн болбогон эле тыйын эле. Башка мамлекеттердин жаратылышына ушундай зыян келтирсе, ошол замат буларды банкрот деп жарыялап, баарын тартып алышмак.
Алардын дагы бир аферасы, "Центерраны" түзүп жатканда кыргызга деп алып калган акциянын 18 пайызын кайрадан "Камэкого" сатышат. Сатканда да эки еврейдин атын айтып, "ушулар брокердик контора кызматы аркылуу сатты" деп, 96 миллиондун 10 миллионун аларга төлөдү кылат да, 86 миллионго сатышат. Бир тыйын салык төлөбөй 10 миллионду кулкунга куюшкан да.
Кийинки бир аферасы, 2002-жылы "Кумтөрдө" жер кулап, жумушчу каза болгон. Алардын 67 пайыздык "страховой" суммасын эч ким доолаган эмес. Анткени, булар эл аралык "страховой" компанияга киришкен. Демек, ар бир кызматчы үчүн олчойгон акча төлөп берүүгө тийиш эле. Көрсө аны бийликтегилер доолап жүрүптүр, 2004-жылы 24-июнда "Кыргыз Алтындан" 11 миллион доллар түшөт. Ал кезде концерндин президенти Кудайбергенов инсульт болуп, ооруканага оор абалда жаткан, анын колун окшоштуруп коюшат да, баягы түшкөн акчаны Танаевдин буйругу менен африкалык бир фирмага которушат. Акча барып түшкөндөн кийин, беш күн өтпөй ал фирма жоюлуп кетет. Демек, муну да жешти. Бул боюнча далилдүү материалдардын баарын Башкы прократурага өткөрүп бергенмин.
- Сиздин оюңузча, "Кумтөр" аферасы боюнча кимдер керт башы менен жооп бериши керек?
- Албетте, Акаев, Танаев, Сарыгулов. Ошондой эле, Апас Жумагулов кол койгон документтер да бар. Мындан тышкары, Санжар Айтматов, Нелли Бейшеналиева деген кореянка, ошондой эле бир кезде Ак үйдө юридикалык бөлүмдү жетектеген Элеонора Белковская деген еврей аялдардын атын ачык эле атай алам. Мындан башка да ысымдар бар, бирок, азыр алар тууралуу иликтөө жүргөндүктөн ачык айта албашым мүмкүн. Негизинен эле мен кыргыз атуулу, Ысык-Көлдүн кулуну катары бул чууларды чубай баштаганы өмүрүмө да бир топ коркунучтар болду. Москвадан үчүнчү кабаттан секирип, аман калгам. Үйүмдү талкалашты. Акыркысы 7-апрелде иш кабинетимдеги ошол "Кумтөр" боюнча документтер сакталган сейфти талкалап, атайын уурдап кетишти. Көп документтер ошол жерден жоголуп, ишти кыйындатып турат.
- Учурдагы маселеге келсек, биз жанагы бюджет тартыштыгына делген 10 миллиард сомду "Кумтөрдөн" таба алабызбы?
- Албетте, табууга болот. Бул жерден Атамбаевдин "33 пайыз акциясынын ээси, ири акционер катары "Центерранын" ишин биз кароого алышыбыз керек" дегенинин чындыгы бар. Атаганат, 33 пайыз эмес, 40-50 пайызын ээлесек деле кандай жакшы болмок. Бирок, азыркы келишимге ылайык АКШ менен Монголиядагы кендеринен түшкөн пайданын да 33 пайызы биздики болуп эсептелет. Бул чоң жетишкендик. Мисалы, Монголиядагы "Боро" алтын кени 2010-жылы эле 39 тонна алтын казып алды. Анын 33 пайыз кирешеси биздин толук пайдабыз. Бирок, сурап алып келүү керек. өзүңөр билгендей, азыр алтындын баасы күн санап өсүп турган маалда бул олчойгон акча эмеспи. Демек, биз акыркы эки жылдан берки өзүбүздүн үлүшүбүздү доолап алганга ушул жылы толук акылуубуз. Азыр Өкмөт акчаны кайдан табабыз дебей, ошол даяр акчаны алганга аракет жасашы керек. Биз алардан 2 жылдын отчётун талап кылышыбыз керек.
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ