Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Жаратылышты сактоо бардыгыбыздын милдетибиз

" Кыргызстан "Кумтөрдүн" алтынынан жыргап
деле кеткен жок"
Акыркы учурда Ысык-Көл областында экологияны жөнгө салуу абалы абдан оорлоп, анын кесепетинен касиеттүү көлгө да зыяны тийип жатат. Жаратылышты коргоодо, экологияны жөнгө салууда мыкты адистер четте калып, кайра эле акчалуулар кызмат орундарында отурушат. Ал эми экология жана жаратылышты коргоо абалы оорлогондон оорлоп турганда кайдыгер карап койгонубуз болбос. Биздин редакция көз карандысыз эколог, экология боюнча Кыргызстандагы жападан-жалгыз эң мыкты адис Дөөлөт Салмакеевдин кеңсесине баш багып, учурдагы экологиянын абалы туурасында сөз козгодук.

- Дөөлөт мырза, айтсаңыз, Ысык-Көл областында экология жана жаратылышты коргоонун абалы кандай?
- Эми мен көз карандысыз эколог катары оюмду айтсам, азыркы мезгилде финансылык каражат аз болгондуктан, жаратылышты коргоо колго алынбай, өз деңгээлинде иш алып бара албай жатат. Чолпон-Ата, Балыкчы, Караколдун иштетилген сууларын кайра иштетүүнү реконструкция кылыш керек. Бул абдан чоң маселе. Мисалы, Каракол шаарынын акыр-чикирди топтоочу жайы Каракол суусунун жээгинде жайгашкан. Эгер ал жай ачылчу болсо дароо көлгө кошулат. Каракол шаарынын жашоочулары сууну арыктан алып ичип жатышат. Демек механикалык, идеологиялык тазалоо жок. Бул коркунучтуу ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Ал эми Чолпон-Атанын суу тазалоочу жайлары союз убагында курулган. Азыркы учурда механикалык гана тазалоо болуп жатат. Жакында Кара-Ой айылынын да эли ушул маселени көтөрүп чыгышты. Эң орчундуу маселе сууну тазалоодо сууну кайра өйдө көтөрүп чыгаруучу насостук станция көлдүн жээгинде жайгашкан. Бул чоң насос иштен чыкса андан акыр-чикирдин бардыгы көлгө куюлат. Мына ушул чоң маселеге эртерээк көңүл бурулушу керек.
- Азыр бизде "Кумтөр" алтын кени иштеп жатат. Кандайдыр бир деңгээлде көлгө зыяны тийип жатса керек?
- Сөзсүз тийет. Себеп дегенде биринчи кезекте тоо-кенди иштеткенде абдан көп чаң чыгат. Бул жан-жаныбарларга абдан чоң зыян алып келип жатат. Ар бир жаратылышта жан-жаныбарларга миграциялык себеп түзүлөт. Анткени тоону жардырганда жаныбарлар алыс качып кетишет. Андан сырткары машинелерден эмне деген уулуу заттар чыгып жатат. Мунун баары Ысык-Көлүбүзгө таасирин тийгизип жатат. Мен экология тармагында иштеп жүргөндө бул маселе боюнча көп жолу билдиргем. Эч натыйжа чыккан жок. "Кумтөрдүн" таштандылары да ар кайсыл жерлерде. Таштандыда тамактын калдыктары, "бытовой" таштандылар, заводдон чыккан таштандылардын баары бар. Культивация жок. Эң коркунучтуусу "хвоста хранилище" мөңгүнүн үстүндө турат да, эгер жылуулук болуп, окумуштуулар айткандай планета ысыса негативдүү процесстер башталат. Өзүңүздөр билгендей, Нарын дарыясынын башталышы ушул жерден башталат да. Биздин ата-бабаларыбыз бул кенди иштетпей эле сактап келишкен. Андан да Кыргызстан "Кумтөрдүн" алтынынан жыргап деле кеткен жок. Токтотуш керек муну. Экономикалык кризистен чыгуунун башка жолдорун издеш керек да. Мына экологиялык-экономикалык менеджмент киргизиш керек. Андан сырткары өзүбүздүн мөмөлөрүбүздү экологиялык таза продукт катары Россияга экспорттошубуз керек. Карапайым калк мына ошентип эле өз жанын багып жатпайбы. А эмне үчүн мамлекет бул ишти өзү колго албайт? Ысык-Көлдүн карагаттарын, малиналарын, өрүктөрүн жыйнап алып, вагондор менен жөнөтүшчү. Эмне үчүн мамлекет азыр бул ишти кайрадан жандандырбай жатат? Экологиялык таза продуктыларыбыз кайра иштетилбей таштандыда калып жатат. Ошондуктан кичи заводдорду курушубуз керек. Бизде акылы бар, билими бар адистерибиз толтура, мына ошолорду ишке тартышыбыз керек. Ошондо жумуш орундары түзүлүп, жаштар иш менен камсыз болушат. Жөн жаткан жерлерге мөмө-жемиштерди отургузуш керек. Негизи ушундай бир саясат жүргүзүү керек. Ушуну колго алсак эң сонун болоор эле. Ысык-Көл областын ЮНЕСКО экологиялык област катары кабыл алган. ЮНЕСКО экологияны сактап калалы деп Ысык-Көл биосфералык аймагы деп түзүп, 2000-жылы ушул проект иштеп баштаган. Эмне үчүн ушул проект колдоого алынбайт? Атайын мыйзам турат. Ал эмне үчүн ишке ашпайт? Эгер ушул мыйзам иштесе экологияда өнүгүү болот деп ойлойм.
- Демек бул түздөн-түз Токой-чарба агенттигине тиешелүү, мына ошолор иштөөчү иш экен да?
- Сөзсүз. Мына Алмаз Шаршенович өзү экологияны жакшы түшүнгөн киши. Мында өкмөт жергиликтүү бийлик менен биргеликте жогоруда мен айткан иштерди жүргүзүшү керек. Мыйзамдарды аткарууну реализация кылыш керек болду. Анан кесибин мыкты билген, бош жүргөн эколог адистерин тартып, пайдаланыш керек.
- Көл өрөөнүндө токойлордун жок болуп кетип жатканы өкүндүрөт. Бул көйгөйлүү маселени алдын-алса болот беле. Азыр да кеч болбосо керек?
- Туура айтып жатасыз. Ысык-Көлдө акыркы он беш жылдын ичинде абдан көп жер көлдүн жээгинен берилип кетти. Ушул жерлерди карап анализдеп көрсөңүз бүт эле эки-үч кабаттуу коттедж, имараттар салынган. Ал имараттын баары эмнеге салынды? Ошол эле биздин көлдүн карагайына салынды. Ошол эле бийликтегилер, күч органдагылар көлдүн карагайларын кыянаттык менен беш-он тыйынга сатып алышып, кайра ошол имарат куруп жаткан адамдарга кымбат сатып байышты да. Токойлорду сактап калуу үчүн мурдагы токой чарбасынын статусун бериш керек. Азыр көлдөгү токой чарбасын бирөөндө да трактор жана керектөөчү шаймандары жок. Механикалык токой чарбасын кайра түзүп, токой чарбасына техникаларды кайра алып келиш керек. Токой чарба өсүмдүктөрдү өстүрүп кайра элге бериш керек. Мунун да өзүнүн иштөө методу бар. Мына ушул саясатты жүргүзүш керек. Көлдө эмне деген жерлер бар. Жаштар, карапайым эл тактай ала албай жүрөт. Ал эми кызматтагылар алат. Бул эмне деген көрүнүш. Жер алгандар кызматкерби же кызматкер эмеспи токой чарбасына заявка жасап, эл катары акчасын төлөп алыш керек да. Карагайды түбү менен 1300 сомдон сатып жатышат. Токой чарба ушул эле карагайды өзү тилип, даярдап кубун 5000 сомдон сатса эмне деген пайда алып келмек. Эмне үчүн ушул жагын карашпайт. Токой чарбасындагы тракторлордун, шаймандардын баарын сатып жиберишкен. Бул деген кыргыз элине кылган кыянаттык.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Ысык-Көл-Бишкек




  Мыйзам алкагында

Шакир уулу Атай, Ош областтык прокурорунун орунбасары:
"Кылмышкер өзбекпи, татарбы, кыргызбы, тажикпи - жоопко тартылат"
- Атай мырза, Ош областында иштегениңизге канча болду?
- Мен бул жакта 2008-жылдан тарта иштеп келе жатам.
- Коогалаңда жабырлангандар прокуратура кызматкерлерине нааразы болушууда. Мындай нааразычылыктар эмнеден улам келип чыгууда?
- 2010-жылы башаламандык башталганда кылмыш иштерди козгоп, тергөө жүргүзүү үчүн тергөө топторун түздүк. Ош шаары боюнча тергөө тобунун башчысы Исманкулов Марат болсо, Ош областы боюнча тергөө тобунун жетекчиси болуп, прокуратурадан мен дайындалгам. Мыйзамга ылайык бардык иштерди жасадык. Ошол кезде кырдаал абдан курч болгондуктан сапаттуу тергөө жүргүзүлбөй калган учурлар болгон. Анын баарын кийин биз кайрадан толуктап, тереңирээк иликтедик. Мындай кемчилик соттук кароодо көп зыян алып келди. Башкача айтканда соттон материалдар артка кайра тергөөгө келген учурлар кездешти. Негизинен максималдуу түрдө КЖКнын талаптарын сактап, бардык амалдарды жүргүздүк. Кээ бир иштерге тергөө жүргүзүп жатканда кылмышка тиешелүүлөр табыла элек болчу. Башта аларды табыш абдан кыйын болгон. Шектүү адам кармалгандан баштап, анын укугун сактап, биз сөзсүз түрдө ЖПКнын негизинде аны жактоочу менен камсыз кылып, айыбы угузулгандан кийин сотко алып барып, соттон баш коргоо чарасын тандалды. Бул процесске айыпталуучунун өзүн жактоочусу менен бирдикте катыштырып, мыйзам бузулбаш үчүн бардык аракеттерди жумшадык. Негизинен адамды күнөөлүү экендигин далилдөө үчүн мыйзамдагы амалдардын бардыгын пайдаланышыбыз керек. Ал күнөөлүү же бул күнөөлүү деп айтыш оңой. Аны далилдеш жана айыбын угузуу кыйын. Айыпталуучуга тергөөчүдөн башка адам айып угуза албайт. Анын күнөөсүн далилдөөчү өзүбүздүн мыйзамдуу процедураларыбыз бар. Ошонун негизинде тергөө жүрөт. Эгерде адамдын өлүгүн таба албай калсак, анда кантип биз ал адамды өлдү деп айтабыз. Азыр кармалгандар "дайынсыз жоголгон адамды биз өлтүргөнбүз" -деп көрсөтмө берип жатышат. Тилекке каршы сөөк табылбай жатпайбы. Балким жанагы таанылбаган сөөктөрдүн арасында бар болушу керек. Учурда алардын ДНКлары экспертизага жиберилип, аныкталып жатат. Анын баарын болжол менен айта албайбыз. Кылмышка шектүү адам ИВСте жылдап отура бербейт да. Ошол себептүү биз ал балдарды "массалык башаламандыкка катышы бар" деген негиз менен сотко жөнөткөнбүз. Учурда экспертизанын корутундулары чыгып жатат. Таанылбаган сөөктөрдүн өздүгү аныкталганда гана адамды өлтүргөнгө катышы барларды кайра тергөөгө алып, күчөтүлгөн айыбын угузуп кайра сотко жөнөтөбүз. Азыр кээ бирөөлөр түшүнбөй, нааразычылыктардын көпчүлүгү ошондон пайда болуп жатат. Карапайым эл мыйзамды анча түшүнбөйт да.
- Айыпталуучулар тарабынан кыйноо фактылары боюнча арыздануулар болдубу?
- Айыпталуучулар тарабынан так ушул учурда, башкача айтканда соттук кароо болуп жатканда "кыйнап мойнубузга алдырды" деген тактикага өтүп, соттун алдында актануулар көп болуп жатат. Убагында коомдук укук коргоочулардан ошондой сигналдар түшүп жатканда, Президенттин кеңешчиси Черноморец баш болгон бир топ адамдар менен бирдикте айыпталуучуларга жолукканбыз. Ошондо бирөө да арызданган эмес. Текшерүү учурунда да кайрылышкан эмес. Ошол убакта жактоочуларынан да арыздануу болгон эмес. Негизинен айыпталуучулар жаткан убактылуу кармоочу жайды спецпрокуратура көзөмөлдөп турат. Спецпрокуратура түздөн-түз Башкы прокуратурага баш ийет.
- Кылмышка шектүү деп кармалган адамдын иши канча сааттын ичинде сотко барышы керек?
- Мыйзам боюнча кармалган адамды кырк сегиз сааттын ичинде сотко алып барышыбыз керек. Ал жерде баш коргоо чарасын тандап жатканда биринчи сот аны суракка алат. Жанында жактоочусу, прокурор болот. Айыпталуучуларды өздөрүнүн көрсөтмөлөрү менен гана айыптабастан, кошумча далилдерди да тапканбыз. Мисалы тиешелүү күбөлөрдү, видео материалдарды таптык. Жетимиш беш ишти сотко кетирсек, анын ичинен алтымыш төртү азыркы учурда каралып, айыптоо өкүмдөрү чыккан. Жогорку сотко чейин жетип, өкүмдөр күчүнө кирип жатат. Эгер биз күнөөсүн кыйноо жолу менен далилдесек, соттор жанагындай оор жазаларды бербейт эле да. Азыр соттор деле адилеттүү карап калды.
- Чет өлкөлүк уюмдар "көбүнчө өзбек улутундагылар жоопко тартылууда"-деп жатышат. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Бул туурасында айтаарым, мен прокуратура органында он үч жылдан бери иштеп келе жатам. Көп иштер колуман өттү. Биздин биринчи принцип: биз үчүн кылмышкердин улуту жок. Биздин тергөө иликтөөлөрүбүздүн негизинде кылмыш иши ачылып калса, анын улутуна карабастан айыбын угузуп, сотко жөнөтөбүз. Сот органы гана аны "кылмышкер же кылмышкер эмес" -деп табат. Тилекке каршы, статистикалык цифралар өзбек улутундагылар көп камалгандыгын айтып жатат. Бирок, мунун баары биздин багыттан эмес. Атайын жасалган иш эмес. Кылмыш болуп, адам өлтүрүү фактысы катталганда алгач биз билбейбиз да ким өлтүргөнүн. Кылмышкер өзбекпи, татарбы, кыргызбы, тажикпи күнөөсү далилденсе жоопко тартабыз.
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Ош-Бишкек





кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??