Ат жалында

Марат Султанов, ЖК депутаты:
"Азыр Кыргызстанда 1 миллиард 700 миллион доллар резерв бар"
Марат Султанов финансы жана банк тармагында дасыккан адис. Биз Кыргызстандагы акча саясаты, валютанын абалы жана атасы Абдразак Султанов тууралуу ат жалында маектештик.

- Экономиканы жакшы түшүнгөн финансист катары Кыргызстандын экономикасын көтөрүүнүн потенциалы кайсы тармакта деп эсептейсиз?
- Учурда Кыргызстанда билим берүү жаатында алгылыктуу жылыштар бар. Эгерде биз көңүл коюп ушул тармакка терең карай турган болсок келечекте билим берүү системасы аркылуу Кыргызстандын экономикасын жетиштүү деңгээлге көтөрүп алсак болот. Мисалы АКШдагы бир нече университеттердин бюджети биздин ички дүң продукциябыздан көп. Ошол эле Стэнфорд университетинин бюджети 6 миллиард долларды түзөт. Эгерде биз билим берүү тармагын жолго коюп алсак бул биздин элибиздин деңгээлин, аң-сезимин дагы жогору көтөрөт эле. Бир нерсе болсо эле дароо Кумтөр алтын кенин мисалга тартышат. Кумтөрдүн болгон потенциалы 1,5 млн. АКШ доллары. Мен дайыма айтып келем, ошол эле гуугл, фейсбук сайттарын студент, аспирант балдар түзүшкөн. Скайпты деле жаштар түзүшкөн. Мисалы гуугл 2005-жылы түзүлгөн. Азыр анын акча айлануусу (обороту) 23 миллиард доллардан ашуун. Фейсбуктун акыркы 10 айдагысы 1,2 миллиард доллар. Учурда бул эки сайт дүйнөнү өзүнө багынтып алды. Мындай сайтты Кыргызстанда кыргыздар өздөрү түзсө болбойбу? Албетте болот. Гуугл менен фейсбукка жетпесек дагы чаканыраак бюджет менен социалдык тармак түзүп алсак Кыргызстандын ички дүң продукциясын кескин түрдө көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк алат элек. Эгерде мунун баарын акырындык менен жолго коюп ала турган болсок. Анда биз өзүбүздүн жаратылыш байлыктарыбызды, экологиябызды сактап калат элек. Мисалы АКШ, Европанын өнүккөн өлкөлөрү өздөрүнүн жаратылыш байлыктарын иштетпестен туруп эле өнүгүп жатат.
- Бир кезде финансы саясатынын башында турган адам катары учурдагы кыргыз валютасынын абалына кандай баа бересиз?
- 1993-жылы азыркы КМШ аймагында улуттук валютаны киргизген эң биринчи мамлекет биз болгонбуз. Мурдагы СССРде эң биринчи болуп 1992-жылы Эстония өзүнүн валютасын киргизген. Мен анда Улуттук Банкта жаңыдан гана иштеп баштагам. Анан ошол кездеги төрагабыз Кемелбек Касымкулович Нанаев мени чакырып, ошол жакка Кыргызстандын атынан өкүл кылып жиберди. Ошондо эстондордун көкүрөгүндөгү ишенимине абдан таң калдым. Баары бир ооздон "биз валюта түзөбүз, ал туруктуу болот" дешти. Ал эми СССРден баргандар "Силер түзө албайсыңар, алтын коруңар жок, кайра эле бизге келесиңер" деп жатышты. Алар болсо "Силер макул болсоңор дагы, болбосоңор дагы биз муну жасайбыз, болгону силер менен кеңешели дегенбиз" деп акыры улуттук валюта киргизишти. Ошентип алардын кронасы туруп калды. Андан соң бизде дагы ишенич пайда болду. Себеби ошол учурда Россиядан атайын реформаторлор келип бизди өзүбүзчө төлөм жасоо укугубуздан ажыратып салган. Мисалы бизге ошондо накта акчалай банкноттор керек болсо аны Россиядан алчубуз. Алар болсо берчү эмес. Кыскасы баш аламан болуп, банк системасы куурап бара жаткан учур болучу.
Мына ошондой учурда эң чоң жоопкерчиликти алып, эрдик жасаган Аскар Акаевич болду. Анан албетте ага жардам берген Кемелбек Касымкулович менен Турсунбек Чыңгышевич болду. Мен ал учурда орун басар элем. Ошентип СНГ аймагында күтүүсүздүк менен улуттук валюта-сомду кабыл алдык. Алгач кээ бир коңшуларыбыз шылдыңдап, кээлери бизге таарынды. "Силердин акча коруңар, алтыныңар жок, кризиске тушугасыңар, таш-талканыңар чыгат" деп ар тараптуу сөздөрдү айтышты. Арадан убакыт өтүп, кимдин саясаты кандай болгону көрүнүп калды. Ошондо биздин финансы резерв болгону 18 гана миллион доллар эле. Азыр Кыргызстанда 1 миллиард 700 миллион доллар резерв бар. Тактап айтканда 100 эсе өстү. Биздин сом түзүлгөн учурдан баштап болгону 10 эседен ашыгыраак гана төмөндөдү. Ал эми коңшуларыбыздын валюталары бери дегенде 100 эседен төмөндөдү. Бул биздин сомдун туруктуулугун далилдеп келе жатат. Ошол убакта финансы жаатында такшалган команда иштеп, реформаны алар мүмкүн болушунча туура жана табигый жол менен жүргүзүштү. Эгерде ошондогу президентибиздин чечкиндүү аракети болбогондо мунун баары бүгүн сөз болушу мүмкүн эле. Анда дагы азыркыдай болуп бир нерсе сунуштасаң баары эле "буга убакыт жете элек, бул жомок, реалдуу эмес, даяр эмеспиз" дей беришчү. Андан кийин банк системасы жаатында абдан чоң ийгиликтер жүрдү. Бүгүн дагы бизге ошондой чечкиндүүлүк, батылдык жетишпей турат.
- Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында менчиктештирүү купондору элге таратылып берилгени менен анын пайдасын бир ууч топ гана көрүп калды эле...
- Бул нерсе Улуттук Банкка тиешелүү эмес болучу. Приватташтыруу купондорун ошол кезде Россиядан Анатолий Чубайс ойлоп тапкан. Ага ылайык анын тажрыйбасы бизде да жүргүзүлдү. Купон бардык жарандарга таратылып берилген. Мисалды биз ошол купондорго ыраматылык атамдын квартирасын сатып алганбыз. Бирок башкалар квартираларын бекер эле алышты. Негизинен бул жагынан туруктуу эмес саясат жүргүзүлүп, бир топ адилетсиздиктер болгон. Бул саясаттын аркасы менен бир ууч адамдар гана байып алышты.
- Сом жаңы киргизилген тушта бир тоннадан ашуун алтын Швейцарияга чыгарылып кетти, ошол алтынды тапкыла деп бир топ аксакал депутаттар кыйкырып чыгышпады беле. Бул тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Ал мындай болгон. 1,7 тоннанын тегерегиндеги күрөөгө коюлган алтын Улуттук Банкка кайра кайтарылган. Ал азыр ордунда турат. Аталган алтынды чыгарып, кайра киргизип жатканда Прокуратуранын, СНБнын жана башка органдардын комиссиялары иштеп, мыйзам чегинде өткөрүп алышкан. Аталган операция жүрөөрдүн алдында биз тиешелүү адамдар менен атайын Швейцарияга барып, ал жак менен Кыргызстандын атайын кызматтары баарын иликтеп, тактап туруп жасашкан. Бирок союз маалынан калган алтындын бир бөлүгү бажысыз, Улуттук банксыз текшерүүдөн өтпөй туруп чыгарылып жиберилгендиги боюнча сөздөр бар. Бирок мен муну билбейм. Ал эми Улуттук Банктын карамагындагы алтындын баары мыйзам чегинде кайтарылып алынган. Аскар Акаевичтин демилгеси менен атайын комиссиялар түзүлүп, ачык-айкын иш алып барганбыз.
- Сиздин атаңыз ыраматылык Абдразак Султанов тууралу коомчулукта абдан жакшы кептер айтылып жүрөт. Ал киши тууралуу азыноолак айтып бербейсизби?
- Атам ыраматылык өзү абдан шайыр, тамашакөй, жайдары мүнөз, ак пейил адам эле. Ал кишинин карьерасы дагы кызык болгон. Атам 60-жылдары түштүктөгү Алмалык көмүр разрезинде иштеп жүргөн кезинде 700 рубль айлык алчу экен. Ошол убакта Кыргызстандын КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевичтин айлыгы 350 рубль экен. Бир күнү атамды Ош обкомунун биринчи катчысы Султан Ибраимович чакырып обкомго иште десе атам "менин кесибим өзүмө жагат, мен ушул жерде эле иштей берейин" десе Султан Ибраимович: "Абдразак, сенин аталарың дайым элге кызмат кылган адамдар болгон. Демек сен дагы элге кызмат кылууга милдеттүүсүң" деп көндүрүп жатып обкомго алып кетет. Ошону менен кийин Компартияда бөлүм башчылык кызматка чейин көтөрүлгөн. Өзү абдан ишенчээк, ар бир нерсени жүрөгү менен кабыл алган адам болгондуктан тез эле инфарктка чалдыгып калды. "Перестройкадан" кийин Москвадан жиберилген "десант" кадрлардын шовинисттик аракеттерине каршы чыгып, ошол убактагы Кыргыз ССР КГБсынын төрагасы генерал В. Рябоконь, Кыргызстан Компартиясынын 2-секретары Киселёвдор менен катуу тирешкенге чейин барышкан. Акыры алар биригип туруп атамды кызматтан кетиргенге үлгүрүштү. Мына ушунун баарын ал киши жүрөгүнө катуу кабыл алып алды. Алматыдагы 1986-жылдагы Желтоксон окуясын колдой коём деп дагы канча суракта жүрдү. Кызматтан кеткенден кийин деле коомдук иштерге, пленумдарга барып катышып турчу. Бир ирет Улуттук кардиология борборунда жүрөгү ооруп жатканда мен жанында карап тургам. Себеби ошол убакта БКда пленум башталып, атам ошол жакка бара албай турган. Мен эч жакка алаксыбай жакшылап дарылансын деп кайтарып отурганыма карабай мени баласынтып бир нерсеге жибере коюп өзү кийинип алып пленумга кетип калыптыр. Барып алып келейин десем ал жакка киргизбейт. Коомдук иш-чараларга катышып, ар бир процессте пикирин билдирмейинче турчу эмес. Ошентип жүрүп жүрөгү кармап каза болуп калды. Атамдын тажыясында бата кылганы келгендердин арасында Аскар Акаевич менен Феликс Шаршенбаевич дагы бар болучу. Алар менен ошол жерден таанышкам. Алар атамдын жакын санаалаштары болучу.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА




Нысапсызга кашык салсаң беш ууртайт
Парламент спикери Ахматбек Келдибеков 10-июль күнү Малайзия, Индонезия, Сингапур, Филиппин мамлекеттерине депутаттар менен учуп бара жатып "Манас" аэропортунун депутаттар залынын өзгөчө меймандар тамак иччү кабинасында 40 миң сомго тамак ичиптир. Баарынан кызыгы, бул чыгымдын баарын карапайым чортаман элдин эсебинен чогулган салыктын эсебинен жабышат. Анткени, бул дасторконду жайган "Манас" аэропорту кеткен чыгымдын баарын Жогорку Кеңештин эсебинен төлөтүп алат экен. Ал эми Жогорку Кеңеш бул олчойгон сумманы бюджеттен алып берет. Мындай куу тумшук адат буга чейин эле тээ Акаев заманынан калыптанып келе жатыптыр. Деги эле спикер ар дайым аэропорттон учканда, анан кайра кайтып келип конгондо депутаттык залдын жабык кабинасында 40 миң сомдук дасторкон жайылып, тамак-аш төгүлүп, спикер мырзага жагалдангысы келген аэропорттун лөктөрү эпилдеп-жепилдеп күтүп алышат. Жакында спикер жогорудагы бир жумалык сапардан кайтып келе жатканда дагы ушундай чыгым менен тойлоптур дешет. Демек спикердин нары-бери сыртка чыгып-кирген ар бир сапарында аэропортко тамак-аш үчүн эле 80 миң сом коротушат бу нысапсыз чоңдор. Демейде кылдан кыйкым издеген батышчыл бей өкмөт уюмдар менен оппозициялык маанайдагы айрым депутаттар бул ирет оозуна талкан сугунуп алгандан бетер "молчок" болуп калышкандары кызык.