Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кырдаал

Мирсулжан Намазалиев, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институтунун башкаруучу директору, саясый экономист:
"Бажы Союзуна кирүү - Кыргызстан үчүн экономикалык дагы, саясый дагы капкан"
- Бажы Союзу боюнча акыркы маалымат кандай?
- Бажы Союзу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек. Күзгө маал чечим кабыл алынуусу керек. Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин бул союзга кирүүгө жанталашып жатканына карабай, көптөгөн ишкерлер буга каршы. Карапайым калк болсо азырынча бул бирикменин жакшы жана жаман жактарын талдап көрүшө элек. Эртең баалар өсүп кеткенде гана, бул союзга кирбей эле койсок болмок дешпесе болду.
- Кыргызстан Бажы Союзуна кирсе, анда пайдалуу жактары барбы?
- Эң алгач - муну түртүп келген саясатчылар көптөгөн пайда табышат. Биринчиден, Кремлдин колдоосуна алынат. Экинчиден, Кремлсиз саясат жүрбөй калгандыктан, анын колдоосундагылар чоң ийгиликтерге жетишет. Ал эми, калайык калкыбыз болсо баалардын өсүүсүнө, эгемендиктеринин жоготуусуна дуушар болушат деп корком. Себеби, "импорттук пошлиналар" бул союзда бизден дээрлик эки эсе көп, андыктан товарлардын баалары дагы кымбаттайт. Билсеңиздер керек, казакстандыктар чуулдашып бизден автоунааларды сатып алып жатышты. Себеби, Бажы Союзунун эрежелери толук кандуу иштеп баштагандан кийин, баалар асманга чыгат.
Жакында эле Алматыда ал түгүл бул союзга каршы демонстрация болду. Катышуучулар бензиндин, автоунаалардын жана тамак-аштын кымбатташына ушул бирикмени күнөөлөштү.
- Бажы Союз ошончолук эле коркунучтуубу?
- Бажы Союзунун эрежелери өнүгүп жаткан дүйнөдөгү эң протекционисттик (сооданы чектөө боюнча өкмөт көп баш багып келген) өлкө болуп эсептелген Орусиянын эрежелеринен келип чыккан.
Протекционизм болсо ички базардагы баалардын жогорулашына, товарлардын сапаттарынын начарлашына алып келет. Айтор протекционизмдин экономикалык аргументи жок. Бир гана саясатчылар шайлоодо колдоо табуу үчүн артык кылабыз деп тыртык кылып келишет.
Бажы Союзу Кыргызстаныбыз үчүн экономикалык дагы, саясый дагы капкан. Себеби, биз ага кирүү менен экономикабызды мындан дагы чолоңдотобуз. Баалар кымбаттайт. Бир топ бизнестерибиз менен кош айтышабыз. Дордой, Кара Суу, Таатан жана башка базарлар күчтөрүн азайтат, тандоо азаят. Азыр соода тармагында 14 пайыздай калкыбыз иш менен алектенет, алардын жумуш ордулары тууралуу ким ойлонот? Анан баягы казактар Дордойго келип арзандыгына сүйүнүп кийим алгандай болуп, тыш жакка чыкканда кийимге чуркайбыз.
Саясый капкан дегенимдин себеби, Орусиянын торуна эми толук кандуу түшөбүз. Ансыз деле биздин парламенттик системага өткөнүбүзгө, эркиндикке жеткенибизге каршы болуп жүргөн Кремль, эми моокуму канганча бизди койнуна алат. Дүйнөдөгү бир дагы өлкөнүн Орусия менен бирге болгонунан өнүккөнүн байкай элекмин. Гонконг жана Жаңы Зеландия өлкөлөрү Британиянын алдында болуп келишкен, Түштүк Корея менен Тайвань өлкөлөрү Американын алдында дүркүрөп өсүп келишкен. Ал эми биз болсо нефтисинин акчасына курсагын кампайтып келген Орусиядан эмнени үйрөнөбүз, дале түшүнүксүз.
- Канткенде Бажы Союзуна кирүүнү токтото алабыз?
- Бул нерсени токтотуу кыйын. Ар дайым Орусияга барып кайырчылап жүргөн жаныбыз, алардын суранычын аткарбай койгонго кудуретибиз жетпесе керек. Алигече, эгемен деп аталганыбыз менен, атыбыз бар затыбыз жок болуп келатабыз.
Чындыгында, кирбей коюу чечимин кабыл алуу опоңой эле. Эң негизгиси, биздин бийликтегилер улам эле убада бере беришпесе, элим чечет дешсе, анан, биздин эл бул маселени карап чыгып, чечим кабыл алса - анда биз өзүбүздүн эркиндигибизди сактап кала алабыз деп ойлойм.

Маектешкен
Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ




  Акыйкат издеген ачкачылык

Ак үйдүн алдынан Абдыкеримди сабап кетишти
Ак үйдүн алдында 12-июндан бери Баткен облусунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн келген Сатыбалдиев Абдыкерим ачкачылык жарыялап отурганын биз сиздерге өткөнкү саныбызда кабардар кылган элек. Биз ошол акыйкаттык издеп ачкачылык жарыялаган Абдыкерим аксакалдын бир жума бою Ак үйдүн алдында түнөп да калып жатканына күбө болдук. Мына ошол түн жамынып, каңырыгы түтөп отурган Абдыкерим аксакалды белгисиз бирөөлөр ур-токмокко алып, ал гана эмес чөнтөк телефондоруна чейин шыпырып алып кеткен. Бул ирет биз сиздерге Абдыкерим аксакалдын маселесин кененирээк баян этебиз.

Сатыбалдиев Абдыкерим:
- Айтсаңыз, белгисиз бирөөлөр сабап кетти деп жатасыз, алар кимдер деп ойлойсуз? Дегеним, мүмкүн сизди аңдып жүргөн тарап өчөшүп, ушундай буйрук болгон чыгаар?
- Туура айтасың, мен ушул маселеге кенен токтолгум келип жатат. Өзүң көрүп жатасың, апта башынан бери акыйкаттык үчүн ачкачылык жарыялап, түн жамынып так ушул Ак үйдүн алдында акыйкаттык күтүп отурамын. Мен бул жерде тургандан бери Ак үйдүн айланасындагы жалаң тескери окуяларга күбө болдум. Ал эми окуя мындай болду, жуманын 6-күнү эле түнкү саат 1 менен 2нин ортосу болгон кезде бир жигит келди, колуна пиво кармап алган экен, анан жаныма отуруп, өзүн "Ички Иштер Министри Зарылбек Рысалиевдин бир тууган жээни болом, атым Замир", -деп тааныштырды. Мен үн каткан жокмун, мага "Жүрүңүз байке, мен тамак алып берем, Жибек-Жолунда кафем бар", -деди, анысына мен макул болгон жокмун. "Мен ачкачылык жарыялап отурам тамак ичкенге дитим барбайт", -дедим. Ага карабай эле "Анда кофе алып берейин", -деп калды, макул анда барса барып кофе ичип келейин деп жөнөдүк. Бир кезде Панфилов паркынын ичинде баратып эле артыма өтө калып мойнумдан толгоп кирди. Мен тамашалап жаткан чыгар деп бир-эки кой-ай кылсам чындап эле муунтуп кирди. Анан эле өзүмдү жоготуп баратканым да тепкилеп кирди, өзүм араң турганымда "өлгөнгө көмгөн кылып" чөнтөгүмдөгү көзайнек, эки соткамды тартып алды. Ордумдан тура калып эле далбастап, качканга аракет жасап чыгып кеттим. Чындыгында кайра келип алып, бир топко көз жашым төгүлүп, бийликтегилерге жиним келди, коомду ушул абалга жеткиргенге ушулар себеп деп. Элдин курсагы ток болсо эч ким мындай абалга тушукпайт эле да. Ак үйдүн ичинде жеп-ичерлер оозун тыйса болмок. Мына ушул кесепеттин айынан Кыргызстан оңолбой турат. Болбосо кандай кооз жерибиз бар, элибиздин пейли кенен эле.
- Биз өткөн ирет келгенибизде, "маселе чечилбесе үй-бүлөмдү алып, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетем" дедиңиз эле, эми эмне кылмакчысыз?
- Азыр менин эки кызым мага кошулуп Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Миң-Чынар айылында ачкачылык жарыялап отурат. Булар жанынан тойду дегендик эмес да, бул деген эл башчылары эсине келсин дегенге жатат. Ал жерде "ай караган текедей" болуп отурган эки кызыма бир жан барып "абалыңар кандай" деп сурап койгонго жарабаптыр. Эми муну мен милдет кылбайм, болгону жетекчилердин кенебестигинен улам басып бара албай жатышат. Ал эми мен балдарымды алып Кыргызстандын аймагынан чыгып кетем, буюрса. Менин үмүтүм үзүлдү, булардын убадалары мени тойгузуп жиберди, айла жок кетүүгө бел байлап отурамын. Бул жашоодо менин балдарым деле ошол чоңдордун балдарынан кем калбай жогорку билимге ээ болуп, жакшы жашаш керек да, же биз байкуш качанкыга чейин булардын жалган жашыктарына алданып күн кечирип келебиз. Акыйкаттык кайсыл жерде болсо мен ошол жерге барып күн кечиргенге кудуретим жетет.
- Демек, Кыргызстанда акыйкаттык жок экен деген чечимге келдиңизби?
- Албетте, минтип улам шайлоонун келишин күтүп отурсак, Кыргызстанда акыйкаттык болот дегенге болобу? Эч качан алдыга жыла албайбыз. Мына кечээ эле менин мойнумду толгогон жигитти таап бере албайбыз деп кайдигер жооп беришти. Ошондой эле бир жумадан бери мен бул жерде көп нерсеге күбө болдум, эми Ак үйдүн батыш жагында жайгашкан ажатканага кирүүгө мүмкүн эмес экен. Мына ушундай эле мисалдар мени иренжитип койду. Өзүңөр деле ойлоп көргүлө биздин мамлекеттин табияты таза деп айтканыбыз менен артыбыз булганып калып жатпайбы. Бирок, мен ишенемин, акыры кыргыздын жаш жигиттери өсүп чыкса, Кыргызстанга акыйкаттык орноп элдин жашоосу оңолот. Мындан үмүтүмдү үзбөйм.
- Сизди Миң-Чынар айылына төрөт үйдү бизнес жасаш үчүн салган деген кептерге кандай жооп айтасыз?
- Жок, алар жаңылышат. Мен салган төрөт үйдү иштетүүгө болот. Ишке кире элек жатып талапка жооп бербейт деп бөлүп-жарган бул ошол врачтардын деңгээлинин төмөндүгүндө. 500 миң сом коротуп өз чөнтөгүмдөн салган төрөт үйдү бир чиновник жасап көрсүнчү. Мен бул төрөт үйүн ойноп курган жокмун да. Мен өзүм төрөттөн кыйналган аялдарды көрүп, ал гана эмес мен аялымды төрөткө алып барганда мамлекеттик деген төрөт үйүнөн акча сурагандарына күбө болгонмун. Ал жерде канчалаган акчалар сол чөнтөктөргө кетип жатат. Кылган кызмат абалы кантет дейсиң. Муну эл билет, азыр төрөтканадагы абалга мышык ыйлайт. Же бир чиновник басып барып абал сурап коюшпайт. Аргасыздыктан мына минтип жардам болсун деп салсам, аны көрө албай мени кайра жарга такап жатышат.

Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??