Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат…
Алдыда өтө турчу Президенттик шайлоого талапкер катары БШКга он беш адамдын арызы түштү. Муну уккан эл жакасын кармап турган чагы. Азыр эле ошончо, дагы канчасы кошулат, белгисиз. Көрсө Кыргызстанда "башы иштегендер" абдан көп тура. Анан эмне мынча жардыбыз деген суроо туулат. Беш миллион калктын жарымы сырта тентип жүрөт. Эки миллион калкты башкарууга он бештен ашык талапкер чыкса, анда Кыргызстан бир жылга жетпей "бутунан" туруп кетет го. "Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат" деген накта кыргыздар тура. Айтор, улам бир жаңылыгыбыз менен дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп эле жатабыз.


Ташиев да калп айтканды үйрөнүптүр
Июнь окуясынан кийин баатыр болуп чыга келген "чоң муштум" Камчыбек Ташиев "Президент болсом, камактагы өзбектерди чыгарам" дептир. Ой тобоо, Камчынын сөзүнүн калп-чыны билинбей калды го деги. Ал кечээ эле парламенттик шайлоодо "өзбектерди кырам" дегенге чейин барбады беле. Жалал-Абаддык жердештери Ташиевге чаң жугузбай, ай-асманга көкөлөтүп жатышкан. Эми кантишээр экен. Ташиевдин улутчулдугу упай топтоонун гана бир амалы экенин түшүнүшөөр чыгаар. Эми Жалал-Абаддык жердештеринин бетин кантип карайт. Бирок Камчы суудан кургак чыгат эмеспи, дагы бир амалын ойлоп табаар. "Бакиевди алып келем деген жасалма тасма болчу" дегендей, "бул сөзүмдү да жасап коюшуптур" -деп чыгаар.


Каттанинин штабын айланчыктаган чиновниктер
Акыркы кезде катуу чыгып, учурдагы өкмөттүн, бийликтин айласын алты кетирип жаткан Өмүрбек Суваналиев ажолукка аттанып, атайын штаб ачкандан бери анын Москва-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан штабына кечкурун каттаган Атамбаев өкмөтүнүн айрым министрлери арканды алыска таштап жаткан өңдүү. Баарынан кызыгы Атамбаевди айга-күнгө теңеп, алды-артынан жандап жүгүргөн жан-жөкөрлөрү менен КСДПнын айрым депутаттары кечкисин Комиссар Каттани менен чечилише сырдашып, шефинин жоруктарына тоюп бүтүшкөнүн, эгерде Суваналиев экинчи турга чыкса анда ага ачык эле иштешээрин айтышып Өмүкенин алдынан өтүп кетип жаткан кези экен. Мындан тышкары ажолукка ат салышканы турган оппозициянын белдүү лидерлери дагы Каттанинин тегерегине биригүү ниеттерин айтып кетип жатышат дейт. Эмне болсо дагы Атамбаев менен Отунбаеванын бир жыл бою жасагандары мурдунан чыкканы калды окшойт.


Баткендик ичкиликпи же таластык кытайбы?
Акыркы кезде уруу сүрүштүргөндөр күйгүзүп бүттү. Быйыл жыл башында парламентте көпчүлүк коалициясы түзүлүп, Президент Роза Отунбаеванын кабинетинен тамылжып ыраазы болуп чыгышкан Алмазбек Атамбаев, Акматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов баштаган жоон топ мыкчыгерлер ийгиликтерин майлап коюу үчүн спикер Ахматбек Келдибековдун кабинетине чогулушуптур. Кубанычын ичине батыра албай жадыраган Алмаз Атамбаев жанындагы жайнаган дос-душмандарын ылгабай туруп, оң колтугуна Акматты, сол колтугуна Бабановду кучактап туруп: "Бүгүн тарыхый учур болуп жатат. Биз бүгүнкү бийлик конфигурациясын эми ойлоп таап жаткан жерибиз жок. Бул конфигурацияны ата-бабаларыбыз миң жыл мурда эле ойлоп табышкан. Мына, оң жагымда кыргыздын оң канатынын өкүлү Акмат Келдибеков, сол тарабымда кыргыздын сол канатынын өкүлү Өмүрбек Бабанов, ортосунда ичкиликтердин өкүлү мен Алмаз Атамбаев турам. Эй Аскар Шадиев, сен ичкиликсин да туурабы? Биз экөөбүз жакын тууганбыз, билесиңби? Биз ушул конфигурацияны акыр-аягына чейин сактап калышыбыз керек"-деп отургандардын оозун ачырыптыр. Аны уккан кулагына, көргөн көзүнө ишенбеген Канат Исаев баш болгон чүйлүктөр Атамбаевдин бул кылыгына баш чайкап, шашпа, сенин кезегиң келээр деп тиштенишип отурушту дейт. Буга чейин Атамбаев Талас жергесине барганда "Менин түбүм Таластан чүйгө көчүп келген кытай уруусунан болом" деп мактанганын эшиткен жайыбыз бар. Айтымына караганда өзү дагы кайсы уруудан экенин түшүнбөй, башы айланып калса керек да.


Баягы эле Бабановдун кулагы
Базар баасы менен 400 миллион долларга бааланган Мегаком уюлдук байланыш компаниясына көз арткандардын аягы тыйылбай келе жатат. Жакында эле Эл аралык аферист аталып колго түшкөн Раушан Рыкунова (Роза Качиева) "Мени камасаңар көптөгөн бийик даражалуу чиновниктердин түн уйкусу качат" деп айтканы бекеринен эмес экен. Азыр Раушан Рыкунова менен кошо камалган анын бир тууган сиңдиси Айнура Симди "Мегакомго" алардан кем эмес афералык иштер менен айыпталып келе жаткан чуулгандуу биринчи вице Өмүрбек Бабанов ишке орноштурганы белгилүү боло баштады. Ал тургай кыргыздын бүт чоңдоруна Мегакомдон миллиондогон долларбайларды пара кылып берүүгө ортомчу болгон Раушан Рыкунова Бабановго 2 миллион долларды алып бергени айтылууда. Анан да кызыгы, биринчи вице Бабанов Раушан Рыкунованын күйөө баласы, Айнура Симдин жубайы Акылбек Кемеловду былтыркы октябрдагы шайлоодо "Республика" партиясынын тизмесине 55-кылып киргизип, тилекке каршы Акылбек мырзанын иши оңунан чыкпай калыптыр. А бүгүн Раушан менен Айнура абийиримди ачып койбосун деп жан далбас кылып, анын астындагыларды тизмеден кетирип, Акылбек Кемеловду "Республика" партиясынан депутат кылуу амалында күйүгүп чуркап жүрөт дейт.


Жаңы мэр жаңы ишин баштады
Ушул айдын башында, Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын башкармалыгынын милдетин аткаруучу болуп шайланып келген Шабданов Данияр, жеңин түрүнүп өз ишин кол алдындагы кызматкерлеринин тартибинен жана Кара-Балта шаарынын тазалыгынан баштады.
Шаар ичиндеги таштандыларды, өсүп жаткан куурай чөптөрдү көрүп, "тез аранын ичинде шаарды тазалап, көрктөндүрөлү" деген оюн бекемдеди. Ошону менен катар "шаарды жашылдандырып, ар кандай иш орундарын камсыз кылып элибизге жумуш берели, карапайым элибизди ойлоп иш кылалы" -деп билдирди. Эмне демекчибиз "Жаш десе жашка, аш десе ашка тойбой турган" жаштарга ийгилик гана каалайбыз.

"Ачык-саясат плюс"




Жол оңдойм деп жолдон чыккандар
Түп-Кеген жолунда кимдер акча жеп жатат?
Колубузга Түп-Кеген автожолун курууда оң-солго кеткен мыйзамсыз каражаттар тууралуу маалымат келип түштү. Анда 2009-жылдын 27-мартынан баштап "Тера Эйломент Групп" ЖЧКсы 76 кмга созулган Түп-Кеген автожолун курууга 1 949 047,0 сом өлчөмүндөгү тендер утуп алганы жана анын мыйзам бузуулар менен өткөнү жазылган. Тендерди өткөрүүгө жоопкер №4 ПЛУАДдын башкы инженери К.У. Күчүков болгон.
Түп-Кеген автожолун оңдоп-түздөө КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик матрезерв жана сатып алуу боюнча Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүн руксаты менен 2008-жылдын 7-июлунан башталып, бул ишке 143 000,0млн. сом бөлүнгөн.
2009-жылы өткөрүлгөн тендерде 2008-жылы которулган акча каражаты эске алынган эмес.
Ошондой эле "Тера Эйломент Групп" ЖЧКсы 2008-жылы өткөрүлгөн тендерге лицензиясынын жоктугуна байланыштуу катышууга укугу жок болчу, анткени алар лицензияны 2009-жылдын 26-январында гана алышкан.
Мындай мыйзам бузууга аталган ЖЧКнын гендиректору М.З.Айдаровдун атасы З.К.Айдаров жол берген. З.К.Айдаров ошол учурда Автожол башкармалыгынын башкы начальниги болуп иштеп турган жана тендер комиссиясынын башкы төрагасы эле. Ушунун кесепетинен "Тера Эйломент Групп" ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан 12 611,2 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражат тонолуп кеткен.
Тилекке каршы, оперативдүү кызматкерлердин жогорудагы маалыматтары керектүү документтер менен бекемделген эмес. Жогоруда айтылгандардын негизинде материалдарды толук, ар тараптуу жана обьективдүү карап чыгууга, юридикалык баа берүүгө 2010-жылдын 19-сентябрында Биринчи тергөө бөлүмүнүн начальниги М. Сабырбековго жана тергөөчү Н. Бусурманкуловго кайтарылып берилген. Анда З.К.Айдаровдун тендерди өткөрүүдөгү ролу, функционалдык милдеттерин аныктоо, №5 ПЛУАД, №3 ПЛУАДдын жетекчилерин жана Ысык-Көл областтык администрациянын кызматкерлерин кайсыл документтердин негизинде жана кимдин көрсөтмөсү менен кошумча акча каражаттары бөлүнгөндүгүн аныктоо, "Кыргызжолтрансдолбоору" институтунун директору Ж.К.Калилованы Түп-Кеген жолунун долбооруна каралган сумманын тактыгын аныктоо ж.б. фактыларды аныктоо көрсөтүлгөн.
Бирок, ушул күнгө чейин тийштүү адамдар бул ишти колго алган эмес. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, экс-генпрокурор Байтемир Ибраевдин катышуусу менен сөз болуп жаткан кылмыш иши жабылып калган.
Белгилей кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге кат жолдоп, Түп-Кеген жолунун реконструкция иштерин кайрадан колго алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлдүрткөнү маалымат булактарына жарыяланган. "Бербестин ашы бышпас" дегендей, Түп-Кеген жолунун атын жамынгандар ушинтип акча жей бергендей, эмне бюджетибиз өзүнөн өзү акча тууп турабы?







кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??