Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Түптүктөр Отунбаевага нааразы болушту
Кечээ жакында Президент Роза Отунбаева Ысык-Көл областына иш сапары менен келет экен деп көлдүктөр катуу даярданышкан. Айрыкча түптүктөр Президенттин келишин чыдамсыздык менен күтүп, райондун борборуна Президент өтчү жолдун жээгине чогулушкан. Бирок, түптүктөрдүн Президентке жолугуу максаты ишке ашпай, армандарын айта алышпай, ооздорун ачкан бойдон калып калышты. Чогулган элден чочуладыбы же чоңураагына эле жолугайын дедиби айтор Отунбаева акимге учурашып гана Караколду көздөй зуу койду. Оозун ачкан түптүктөр "бул эмнеси, Бакиев болгондо токтоп, калпты-чынды койгулап сүйлөп көңүлүбүздү алып коймок" дешип бук болуп кала беришти. Чын эле Отунбаева Түптүн эли менен эмнеге жолугушкан жок. Балким Бакиевдин тушунда Каркыраны сатып ийгенсиңер деп таарынып калган чыгаар.


Жылдызды дагы бир кубаныч коштоду
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Аят пресс" гезитинин Башкы редактору Жылдыз Мусабекованы дагы бир кубаныч коштоду. Жылдыз айымдын аты Ат-Башы районунун, Бирлик айылындагы китепканага ыйгарылды. Мына ошентип Мусабекова жердештеринин сыймыгы болуп калды. Ар дайым шайыр жана шар жүргөн кесиптешибизди "Ачык саясат плюс" гезитинин эмгек жамаатынын атынан куттуктайбыз. Чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Бар болуңуз!


Эркиндин эркиндигине бут тоскондор кимдер?
Бакиевдин тушунда бейкүнөө камакка алынып, жаңы өкмөт келгенде "Ак ийилет сынбайт" деген макалдын чындыгы далилденип Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев акталып чыккан. Бирок, коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, Эркин мырзаны көрө албаган атаандаштары тымызын гезиттерге атайын ушактарды таратууга өтүштү. Анын мурда соттолгондугунан бери козгоп, раматылык Рысбекти да жөн жаткырышпай ага да байланыштырышып, айтор Эркинден коркуп айлалары кетип турган чагы. Кечээ жакында кыргыз тилдүү бир гезит "Алиевди атты деп соттолгон Эркин премьер-министрди кайтарат" -деп жыландын башын кылтыйтып коюптур. Түрмөгө түшкөндүн баары эле кылмышкер эмес. Бакиевдин тушунда Исаков, Жекшенкулов деле качып кетпестен, түрмөнүн көк жыттанган дубалында отурушкан. Бирок, Кудай бар экен. Алардын да чындыгы чыгып, бүгүн эркиндикте жүрүшөт. Ошондой эле Эркин мырзанын да актыгы далилденген. Ал эми жансакчы болобу же башка иште иштейби өз эрки. Анын да бул жашоодо татыктуу жашоого укугу бар деп билебиз. Эркин Мамбеталиев акыркы кезде мыйзам жолундагы өз чындыгын табууга, жалган жалаалардан тазалануу багытында күрөшүүдө. Эркин мырзанын ишине ийгилик!


Талант Исаев Петровка окуясында ишке жараган
Кандай болгон күндө да медалдын эки бетин тең кароо керек. Бакиевдин тушунда Ички иштер министринин орунбасары болуп кызмат өтөгөн Талант Исаев деген профессионал мырза бар. Туура, ал Бакиевдин тушунда ИИМде иштеп турду. 2008-жылы апрель айында Петровка айылында 4 жашар кызды күрт улутундагы адам зордуктап коюп, жергиликтүү эл нааразычылык акциясына чыгышкан. Мына ошондо бийлик сексенге жакын адамды камакка алган. Биз жогоруда сөз кылган Талант мырза камакка алынган балдарды чыгарууга чоң жардам берген. Петровкада тикеси менен тик туруп, чогулган эл менен бирге болуп, бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп бергенин жашырууга болбос. Эгер ошол сексенге жакын бала камактан чыкпаганда алар да Эркин Булекбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскуловго окшоп, бир жыл бою СИЗОдо отурушмак. Учурда ИИМге Талант мырзадай болгон профессионал кадрлар жетишпей турганы анык.


Барктабасовду таза эле бандит кылып коюшту
Урмат Барктабасов деген Кыргызстандын кулуну акыркы жылдары урматталбай, барталбай келет. Учурда аны Убактылуу Өкмөт таза эле бандит кылып көрсөтүп коюшту. Урмат Барктабасов 2005-жылы Курманбек Бакиевдин бийлигин бир саатта басып алгандыгына байланыштуу куугунтукка алынган. Көрсө Урмат ошондо эле билиптир да Бакиевдин кылмышкер болуп чыгаарын. Андан кийин опол тоодой ишенген оппозияциябыз бийликке келип, баягы эле Барктабасовго бут тосуп баштады. Деги эле Кыргызстандагы саясатчылардын жүрөк үшүн алган Урматтын кандай сырлары бар болду экен деп турубуз. Андан да азыркы бийликтин баш-аламан саясатында соттор да башаламан чечим чыгарууга өтүштү. Бакиевдин кылмыштуу бийлигин акыр аягына чейин колдоп, Убактылуу Өкмөттүн тушунда өлкөдө башаламандык уюштурган Үсөн Сыдыков жеңил жаза менен чектелип, өлкөнүн казынасына кол салган баласы Бакыт Сыдыков акталып, ал эми Ысык-Көлдөн борборго Курултайга келе жаткан Барктабасов төрт жылга эркинен ажыратылып калгандын өзү эле Кыргызстанда акыйкаттыктын, калыстыктын жоктугунан кабар берип жатпайбы. Учурда Урматты алдыдагы шайлоого карата коё берүүдөн коркуп турушканы да белгилүү. Ал эми бийликчил айрым басылмалар аны таптакыр эле бандит кылып коюшту. Бир күнү болбосо бир күнү Урматтын да чындыгы чыркырап чыгаар.


Абакиров баарына керек окшойт…
Кимдир-бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгынан улам, атайын буйрутма менен камалып Максат Абакиров бир жылдан бери УККнын СИЗОсунда отурат. Анын үстүнөн Биринчи май райондук соту тарабынан эки жылга эркинен ажыратылган чечим чыкканына бир айга жакындап калды. Ал эми Жогорку соттун пресс кызматы бул маалыматты массалык маалымат каражаттарына кечээ таратып, бардык гезиттерге жар салып отурат. Максаттын соттолгонуна бир ай болуп, учурда шаардык сотто иши каралганы турат. Максатты "Водолаз" деп дүңгүрөтүп жатышканына караганда баарына керек болуп турган окшойт…


Маратов мал сойгон эмес
Гезитибиздин өткөн санында Чолпон-Ата шаарынын мэри Мирлан Маратовду Камчы Көлбаевдин уулуна өкүл ата болгонун, кубанычы койнуна батпай жылкы сойгонун жазган элек. Бирок, Маратов редакцияга телефон кагып, мал сойбогонун, бирок өкүл ата болгонун кабарлады. Көрсө Маратовдун ата-энеси Көлбаевдин үй-бүлөсү менен тээ атам замандан бери эле катышып, алыш-бериштери бар экен. Биз Мирлан мырзага мал сойбосоңуң да жылкынын этинен жесеңиз керек десек, "жок жылкынын этин жеген жокмун. Койдун этин жедим"-деп жооп берди. Эмненин этин жесе да Маратовдун өкүл баласы кут болсун!


Анкараны тапкан экенсиз…
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов барган сайын балээнин баарын баштачу болду. Көчөлөрдү гүлдөтөм деп, шаарды венокко толтурганы аз келгенсип эми шаардагы көчөлөрдүн бирине Түркиянын борбору Анкара шаарынын атын ыйгарганы жатат. Кыргыздын аты түгөнүп калгансып. Деги кыргыздар намысы жок эле эл экенбиз. Чынгыз Айтматовдун атын ыйгарса неге болбосун. Ысык-Көлдөгү жети акенин атын ыйгарса неге болбосун. Редакцияга телефон чалгандар "Өмүркулов тапкан экен Анкараны" дешип кыжырданып жатышат. Чын эле Анкараны тапкан экенсиз!


"Ачык-саясат плюс"




кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??