Кечмеликтен ат которуу-кантип кетээр экен
Түзүн айтканда алдыдагы 30-октябрга дайындалган президенттик шайлоо мыйзамдын негизинде калыс, айкын-ачыктыктын принцибин сактоо менен өтөөрүнө олуттуу шек пайда болду. Демократиялык баалуулуктарды жогору туткан мамлекет башчысы Р.Отунбаеванын шайлоону калыс өткөрүү, тынч жол менен мыйзамдын негизинде бийликти кезектеги президентке өткөрүп берүүнү салтка айлантып, ошону менен өлкөнүн туруктуу өнүгүү тилкесине кирүүсүн камсыз кылуу деген аздектеген тилеги чыпчаң ишке ашып кетээрине кадыресе коркунуч түзүлдү десек аша чаап деле кетпес элек.

Шайлоо кампаниясы башталып башталбай жатып, "быссымылда" деген эле жерден ээрге кыйшык отурганы байкалат. Анын алгачкы опурталдуу симптомдору БШКнын жаңы курамын шайлоодо көрүндү. БШКнын жаңы курамын түзүүдө келечекте шайлоо таза өтөөрүнө көлөкө түшүрүп ишенимди кетире тургандай метамарфозалар болуп өттү. Апрель революциясынын катаал сынагынан мүргүбөй өткөн эски БШнын мүчөлөрү- президент тарабынан көрсөтүлгөн А. Сариев менен Э.Ырыскулбеков парламенттин элегине келгенде жараксыз делинип табылышы күтүлбөгөн окуялардан эле. Ойлобогон жерден Туйгунаалы Абдраимов комиссиянын төрагасына шайланып, шайлоо ишинин "жаңы адиси" болгон Ишенбай Кадырбеков БШКнын бакандай мүчөсү болуп калышы, ачыгын айтканда, алдыдагы жоболоңдуу окуялар кутүп турганын каңкуулайт. БШКнын ишинде адамдык фактордун ролу чоң экенин белгилүү. Борбордук комиссиядагы орун которуштуулар эски диктатуралык режимди реанимациялоону күсөгөн реваншисттик күчтөрдүн мөрөйү үстөм боло баштаганынан кабар бербей койбойт. Утурумдук саясый коньюнктуранын негизинде пайда болгон парламенттеги көпчүлүктүн коалициясы түзгөн жасалма союздаштар менен аларды астыртадан тымызын колдоп турган парламент оппозициясындагы реакциячыл күчтөр кырдаалды өздөрүнүн пайдасына оодаруу, эгер иш оңунан чыгып кала турган болсо, эбактан бери терметип келатышкан реваншисттик идеяларын ишке ашыруу боюнча жең ичинен сүйлөшүп бир пикирге келгенби деген ой пайда болбой койбойт.
Т.Абдраимов менен И.Кадырбековдун БШКда негизги ролго ээ болуп калышы парламентте үстөмдүк кылып жаткан бакиевчилдер менен ультраулутчулдардын арканды алыска таштаган тымызын аракетинин "жемиши" экени көрүнөт. БШКнын курамына экөө тең парламенттик бийликтин көшөгө артындагы манипуляциялары, рефаншисттик күчтөрдүн жең ичинен сүйлөшүүлөрү аркылуу келгени жашыруун болбой деле калды. "Чөкпөс кемелер" Т.Абдраимов БШКнын төрагасы, ал эми комиссиянын бир этегин чойгон мүчөсү И.Кадырбековдун кыйынчылыкка учурабай "шайланып" калышы менен "эски гвардия" А. Сариев менен Ырыскулбековдун "жыгылып калышы" шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын бузулушунун негизинде ишке ашканы ачык айтылып жатат. Президент Р.Отунбаева парламенттин төрагасына атайы кат жолдоп "БШКнын курамынын бир бөлүгү 1997-жылдын мыйзамынын негизинде, ал эми калган бөлүгү жаңы мыйзамга ылайык шайланган кырдаалды белгилөөгө аргасызмын. А эми бул БЩКнын легитимдүүлүгү боюнча азыр да, келечекте деле талаш-тартыштын, келишпестиктердин предмети болуп калаары анык", - деп эскертүүгө мажбур болду. Президенттин тезиси менен "Демократия жана граждандык коом" коалициясынын лидери Динара Ошурахунова да толук макул. Анын айтымында чынында эле " БШКнын курамын түзүүнүн тегерегинде саясый оюндар жүрүп жатат. Ал эми бул болсо шайлоонун жыйынтыгына карата элдин ишенимин кетирип коюшу этимал"-дейт Д.Ошурахунова. БШКнын курамына парламенттин квотасы менен киргизилгендер жалпы тизме аркылуу шайланып, президент Р.Отунбаева сунуштаган тарапкерлердин ар бирине өзүнчө добуш берилгени кош стандартуу (эки жүздүү) мамиле жасалганын айгинелейт. Мыйзам баардыгына бирдей деген фундаменталдуу принципке парламент кайдигер караганын көрбөй койбойсуң. Кайдигерликтин арты жакшы болбостугу башынан белгилүү эмеспи.
БШК нын башына келген Т.Абдраимов менен бакандай мүчөсү И.Кадырбековко шайлоонун тагдыры тапшырылып берилген десек ашкере кетпес элек. Экөө айтканы айткандай, дегени дегендей болуп кала тургандай бийликке ээ. (Өлкөнүн 20 жылдык көзкарандыксыздык тарыхында БШКнын мүчөлөрү административдик-техникалык чиновниктер эмес саясый фигураларга айланганын эстен чыгарбоо кажет ). БШКнын чордонунда жайгашкан эки фигуранын биографиясы кынтыксыз деп айтууга болбос эле. Т. Абдраимов Бакиевдердин тушунда БШКнын башчысы болуп туруп бурмаланган шайлоолордун автору, үй-бүлөлүк диктатура режиминин бекемделишине эмгеги сиңгең "кадырлуу киши" болсо, И. Кадырбеков идеологиялык "универсал" катары жеке керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн, ошону менен сот мекемелери менен такай "жылуу мамиледе болуп келаткан" саясатчылардын катарына кирери белгилүү. Аларды эл ичинде бедели бийик деп айтуу кыйын, репутациясы таза адамдардын катарына кошууга да болбойт. Ага негиз деле жок. Саясый майдандагы, укуктук мейкиндиктеги өтөгөн "ийгиликтерин", өнөкөт оору болуп калган балит иштерин алдыдагы шайлоодо кайра кайталабайт деп эч ким кепилдик бере албасы анык. Ощондуктан Т.Абдраимов менен И.Кадырбековдун жетекчилигинде жүрө турган келечектеги плебецит кынтыксыз таза өтөөрүнө чоң күмөн-күдүк жаралат.
А.Сариевге келсек, иш башка. БШКдагы кыска мөөнөттөгү ишмерлигинде чындыкты бетке айткан принципиалдуулугун, калыстыгын, сатылып кетпес туруктуулугун тумтак далил деген адам катары өзүн көргөзө алды. Кыргызстандын жыйырма жылдык тарыхында А.Сариевдин БШКнын башында туруп өткөргөн элдик плебециттер-парламенттик шайлоо менен Конституция боюнча өткөрүлгөн референдум биринчи жолу эл аралык уюмдар, анын ичинде өлкөдөгү шайлоолорго узак жылдар бою такай байкоо жүргүзүп келаткан ОБСЕ тарабынан калыс деп табылганын, ошодой эле КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары тарабынан жогорку баага татыганы белгилүү. Мындай өткөөл мезгилдин чоң сыноосунан кынтыксыз өткөн адамды "мандемдүү" Т.Абдраимов менен алмаштыруунун себеби эмнеде дейсиз? Себеп белгилүү, саясый күрөштө эски режимди калыбына келтирүүнү көздөгөн күчтөрдүн мөрөйү үстөм болуп жеңишке жетишкенине байланышат. Кечмеликтен ат алмаштыруунун арты ар дайым жакшылыкка алып келбеси башынан анык.
Үсөн Касыбеков




Министр болбосоң кое кал!
Рысалиев Көлбаевдин
заказын аткарабы?
ИИМ министри Зарылбек Рысалиев тирүүлөргө алы жетпей, Рысбектин арбагын козгоп жатканы таң калыштуу болууда. Ал кыргыз тилдүү гезиттердин бирине "Рысбек мен үчүн кылмышкер, ага байланыштуу 14 кылмыш ишин ачып жатам. Сурабалдиевди, Санатбаевди өлтүрткөн" деп өпкөсүн кагыптыр. Мындан улам министр мырзага "арбактын үстүнөн иш козгогонду коюп, тирүүлөрдүн абийирин ачсаң боло" дегибиз келди. Кылмыштуу бийликтин камчысын чаап, заказдарын аткарган Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияевге байланыштуу кылмыштардын бетин ачкандын ордуна эчак өтүп кеткен (Бакиевдердин заказы менен өлтүрүлгөн", Рысбек Акматбаевдин арбагын ала жыгылып жатканы таң калтырууда. Мындан улам, министр мырза Рысбектин айыгышкан душманы Камчы Көлбаевдин заказын аткарып жатабы деп күмөнсанап турубуз. Рысалиевдин гезитке берген маегин окуп маркум Рысбек менен Тынычбектин карыган ата-энесинин жүрөгү тилингенин, ичинен кан өткөнүн, ал эми артында калган жетимдери көздөрүнө жаш алып сыздаганын министр мырза туйду бекен? Кылмыштуу бийликтин кол балдарын качырып жиберип, кылмыштардын бардыгын Рысбекке оодарганы жатканын кандай түшүнүүгө болот? Деги эле азыркы учурда Рысбекти козгоонун кереги барбы? Молдомуса Конгантиев да министр болуп турганда Камчы менен Алманбет жасаган кылмыштарды өлүп калган Рысбекке жаба салып кутулчу. Демек, Зарылбек Рысалиевдин Молдомуса Конгантиевден айырмасы жок экен да. Ошондой эле карыган ата-эненин, жетимдердин жүрөгүндөгү жараны козгоп, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөндөрдүн маалыматын берүүдөн айрым кесиптештерибиз сак болушса демекчибиз.

Назгүл МАМЫТОВА