Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Кино, кино, биздин кино

Рыскан Жоомартова:
"Учурда өзүмдүн чакан бизнестерим бар"
Кыргызстанда ушул тапта кино индустриясы бир топ жакшы нукка бурулуп бараткансыйт. Жаңы багыттагы тасмалар тартылып, жаңы таланттардын эшиги ачылып жатат. Албетте, бул продюсер жана режиссёрлордун эмгеги. Биз бүгүн Кыргызстандагы актриса жана продюсер Ырыскан Жоомартова менен маектештик, ал киного кандайча аралашып калганы тууралуу учкай кеп козгоп берди.

- Айтсаңыз, биз сизди актриса катары таанып келебиз, а бүгүн минтип кино тартуу менен алек болуп жүргөн кезиңиз экен. Сиздин кино тартууңузга эмне түрткү болуп жатат?
- Чынын айтсам, киного тартылуу жана кино тартуу менин тээ бала кезимдеги кыялым. Мына бүгүн учуру келип ошол бала кыялдарым орундалып, өзүм кинодо роль ойноп жүрөм. Ошол эле учурда продюсермин десем да болот. "Министрдин кызынын махабатына" тартылганга чейин деле тасма тартсам деп жүргөнмүн. Кино тартып баштаганыма үч жылдын жүзү болуп калды. Ошондой эле, азыр Кыргызстанда кино индустриясы бир аз болсо да өз жолуна түшүп өнүгүп баратат. Албетте, бул нерсе коомчулуктун талабына жараша болууда. Азыр көрүп жүрөбүз баарыбыз эле, жаштардын көпчүлүк бөлүгү 3Dдан кино көргөнгө кызыктар.
- Сизди "Министрдин кызынын махабаты" деген кинодо ойногонуңузду билебиз. Ушул тасмага биринчи жолу тартылдыңызбы? Же ага чейин деле ролдорду аткарып келгенсизби?
- Албетте, бул тасмага чейин эч кандай киного тартылган эмесмин. Бирок, тартылсам деп кыялданып жүргөн элем. Ал эми "Министрдин кызынын махабатына" тартылып калганымдын себеби, сынак боюнча биринчи ирет Асел Чоткараеванын апасы болуп ойногонмун. Бул кино көрүүчүлөрдүн купулуна толгонун баарыбыз жакшы билебиз. Ошол учурдан баштап эле менин киного тартылуу аракетим башталды. "Кандуу сүйүү", "Мен сага ишенем", "Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем" деген тасмаларда жакшы ролдорду ойнодум. Ал эми учурда мен тартылган кинолордун сегизинчиси "Токолдор тополоңу" болду. Бул кино өтө кызыктуу, ары чыныгы жашоодон алынган образдар орун алган.
- Кино тартуу бул өтө эле түйшүктүү, ошол учурда каржы маселеси негизги ролду ойнойт эмеспи, ал эми сиз каражатты кайдан аласыз?
- Туура айтасыңар. Бизде каражат кенен болсо жакшы кинолор тартылат. Эгер акчабыз жок болсо кино актёрлорду да тартуу кыйын. Албетте, кино тартуу үчүн өзүбүздүн казынадан пайдаланууга туура келет. Учурда өзүмдүн чакан бизнестерим бар, мына ошол булактардан алам. Андан сырткары, "Министрдин кызынын махабатына" тартылып бүткөндөн кийин өзүмдүн капчыгымдан атайын тетиктерди сатып алганмын. Кино тартуу аппаратуралар жаңы жана заманбап болбосо жакшы кино тартууга мүмкүн эмес. Ошондуктан, биринчи эле маселелерге басым жасаганмын.
- Өзүңүз билсеңиз керек, азыр "пираттык" жол менен кинодисктерди сатып пайда көргөндөр көбөйбөдүбү . А сизде мындайлар болбойбу?
- Башкаларын билбейм, мен тартылган тасмалардан "Министрдин кызынын махабаты" гана дискке чыгып кетти, анан башка өзүм тарткан кинолорумду чыгарган жокмун. Мен антип "пираттарга" жемимди жедиргим келбейт.
- Азыр чыгып жаткан кинолордо ойногон актёрлордун баары эле ырчылар болуп калды. А сиздердин айылдан чыккан таланттуу жаштарга басым жасай турган ойуңуздар барбы?
- "Жараланган турналарда" Айдин Шер менен Айгерим Расул кызы негизги каарманыбыз болгон. "Дудук кыз" деген тасмада ырчылар катышпайт. Рустам Аташев дагы тарткан кинолорунда эч кандай ырчы-бийчилерди тартпайт, айылдан чыккан таланттуу балдар-кыздарга басым жасайт. Ошол себептен анын кинолору жакшы, эл сүйүп көрөт. Маселен Жоробек кинонун ажарын ачып берди.
- Өзүңүздүн жашооңузда болуп өткөн окуялардан алып тарткан учур болду беле?
- Өзүмдүн жашоомо жакындап кеткен кинолорум жок. Бирок, ушул нерсеге да басым жасаганга аракеттенип жүрөм.
- Кино чөйрөсүндө көрө албастык деген мамилеге тушугуп көрдүңүзбү?
- Биздин арабызда андай көрө албастык жок. Мен актёрлор менен да продюсерлер, режиссёрлор менен да мамилем жакшы. Бири-бирибизге ичи тардык кылып же көрө албастык кылбайбыз. Тескерисинче, жардамдашууга аракет жасайбыз десем болот
- Кино тартып, бизнес кылгандан башка эмне менен алектенесиз?
- Албетте, кино менен гана чектелбейм. Кыргыз Улуттук Университетинин Психология кафедрасында студенттерге сабак берем.

Маектешкен
Жамалидин
ПАРМАНКУЛОВ









кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??