Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Эл пикир"

Президенттикке кимди татыктуу деп эсептейсиз?
Артурбек ТУРГУНБАЕВ:
- Мен президенттикке татыктуу деп Кубанычбек Исабековду белгилей алам. Себеби, баарына белгилүү "Кум-Төр" алтын кенин өнүктүрүүгө салым кошкон. Азыр бизде кен байлыктарыбыз бар дегенибиз менен аларды башка мамлекеттер казып кетип жатат. Бул кен байлыктарды сактап калуу башкы максат. Аны албетте, ушул киши сактап кала алат деп ишенемин. Мен ошол себептен Кубанычбек Исабековду гана татыктуу деп ойлойм.


Рабия ЖУМАЛИЕВА:
- Азыркы бийлик башында турган чиновниктердин бирин дагы татыктуу президент болот деп эсептей албайм. Эгер ошого татыктуу болсо көрсөтүшсүн өздөрүнүн буга чейинки жасаган иштерин. Тилекке каршы, кыйратып жасаган иштерин көрө алган жокпуз. Кантип анан ушуларды президент болот деп айтабыз. Эл үчүн жан талашып иштеген киши барбы? Албетте, жок. Баары коркок буларды мамлекеттин келечеги ойлондурбайт. Эптеп эле мамлекетти тоноп, акча жыйнаса, анан тополоң чыгып кетсе, Американы карап качып кетмей.
Асанбек БОЛОТБАЕВ:
- Эми мен чындыгын айтып өтөйүн. Негизинен мындай да. Президент болом деген адам элди, жерди ойлоп, бир аз болсо дагы кызмат кылыш керек. Туура алар кызмат кылып жатат. Бирок, кантип? Көрүп турганыбыздай алар элдин эсебин жеп жатпайбы. Ошондуктан мен эч кимисин колдобойм. Жалгыз мен гана эмес, менин жакын досторум дагы ушул пикирде. Элдин мындай пикирде болгонуна так өздөрү себепкер. Себеби, элдин ишенимин актай алган эмес. Канчалаган мекендештерибиз чет жерлерде жумуш издеп кетишти, жумушчу орундарды түзүп берсе болот беле? Албетте, болмок. Бирок алар андай нерседен баш тартышты. Эми эл эмне десе ошол нерсени күтөбүз. Бул ирет алданганга жол берилбейт деп ишенемин.

Жийдегүл ОРОЗБЕКОВА:
- Азыр Алмазбек Атамбаевди татыктуу деп эсептейм. Ушул киши эле Кыргызстанды башкарса дурус болот беле. Мүмкүн колуна президенттик бийликти тапшырып көрүш керек. Мамлекетти алдыга жылдырып кете алат деп турамын. Балким аз жылдан кийин жакшы жолго түшүп, күчтүү өлкөлөрдүн катарына кирип калабыз деген ишеним бар. Кептин баары экономиканы алдыга жылдырып кетүү болуп жатпайбы. Ошондуктан, экономиканы терең түшүнгөн киши катары Алмазбек Шаршеновичти колдойм.
Болду ҮСӨНОВА:
- Элди башкара ала турган эр керек. Бир нерсени айтып коёюн, бизде, кыргыздарда көп мисалдар болуп жатат. Ошол эле март окуясы, апрель жана июнь окуяларынан, сабак алса деле болот эле. Же булар жалаң жеп-ичип, элдин ырыскысын тебелегени бардыбы Акүйгө? Түшүнбөйсүң! Эртең жооп бергенди ойлонушса болмок жок дегенде. Биздин чоңоюп бараткан балдар кантет? Эртеңки келечеги кандай болот? Минтип отурсак айтуу кыйын. Ал гана эмес, жаштардан чыкчу, лидерлер деле ошол система менен аралашып кетишпедиби. Тың чыгып келатканын эле саясатка аралаштырып акчага оозун толтуруп, ооз ачкыс кылып тарбиялап жатышат. Мен чындыгында кыйратып жиберем дегендердин бирине да ишенбейм.

Канышай АСКАРБЕКОВА:
- Сөздүн кыскасын айтсам, биздин балдардын келечегин ким жакшыртып, жакшы жашоого алып барам десе ошол киши президент болуусун тилейм. Бул киши деп азыр айтпайм. Анткени шайлоо учурунда аткарам деп сөз берип, андан кийин таппай калып жатабыз. Бирок балдардын келечегин ойлогондорун колдойм. Жалгыз мен эле эмес бардык ата-энелердин тилеги ушундай деп ойлойм. Муну колумдагы балам мындан аркы жашоодо жакшы жашасын деп айтып жатам.

Даярдаган Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ




  Суроо талап

Прописканын зарылчылыгы барбы?
Тээ союз маалынан калган прописка деген түшүнүк учурда кыргыз коомчулугунда кату сынга кабылып, бели сынайын деп турган чагы. Учурдагы демократиялашкан коом бул маселенин пайдасмынан зыяны арбын экенин айтып, кызыл чеке талаш жаралууда. Биз буга утурлай бир катар жарандардын оюн угууну туура таптык.
Сейитбек Усманов,
Борбордук Азиядагы Эркин рынок институтунун башчысы:
- Кыргызстандын бийлиги Батыш өлкөлөрүнө тиешелүү болгон ID-card деген түшүнүктү киргизишти. Ал жерде ар бир адамдын өздүгүнө тиешелүү персоналдык номер деген бар. Бүгүн болсо компьютердик технология апогейине жете өнүгүп жаткан чакта прописка институту өзүнөн өзү жоюлушу керек эле. Бирок Өкмөт баштаган ишинин аягына чыгарбай таштап койду. Учурда прописка жеп-ичкичтерге, милицияга эле керек. Мындан жалпы эле байкуш эл жапа чегип жатат. Бир нерсе болсо эле пенсияны каяктан алабыз деп чыга келишет. Эгерде прописка жоюлса пенсия банк аркылуу, атайын кард менен Кыргызстандын каалаган жеринен алып алууга ыңгайлуу болгондой системага түшмөк. буга окшогон прописканын тоскоолдуктары көп.
Нурканбек Керимбаев,
журналист:
- Буга чейин бул маселеге маани деле берген эмесмин. Эми ойлоп көрсөм пропискасы жок мен Бишкекте адам эмес экенмин. Догдурга көрүнө албайм, кечинде көчөдөн менттер кармайт, мен үчүн Бишкектен ооруганга болбойт, анткени менин пропискам Токтогулда, ошол жакка барып оорушум керек. Бул жактан өлүп калсам дагы ооруканага барганга болбойт! Бишкекке келгендерге убактылуу прописка деген балекетти карманбаса милицияга шылтоо табылат. Эгерде андай болсо мен Казакстанда, Россияда деле 3-5 күн пропискасыз жүрө алам. Мен үчүн Бишкекке келген менен Москвага баргандын айырмасы болбой жатпайбы. Андай болсо эмне үчүн бир паспорт менен жүрөбүз? Ар бир облуска өзүнчө паспорт чыгарып, чек ара коюп албайлыбы? Жарандардын ортосунда тең укуктуулук кайда?
Наргиза Турдумаматова,
студент:
- Албетте мен прописканын терс жактарын танбайм. Бирок бул тартип сактоо ыкмаларынын бири. Ал эми милициянын кылыктары болсо паракорлук менен күрөшүү керектигин гана билдирет. Алар каттоосуз адамдарды шаардан чыгып кетүүсүн талап кылганы жок да, болгону өз укуктарын жакшы билбегендерден акча алып жүрүшөт. Ооруканаларда деле каттоосуз кабыл албай койгон учурларды баштан өткөргөн эмесмин. Ошон үчүн бул жерден мен каршымын прописканын жоюлушуна. Прописка ансыз да мыйзамды уруп ойнобогон кыргыздардын канча жана кайда экенин, ишкерлерге байкоо жүргүзүү, ички миграцияны токтотуу сыяктуу нерселерге аз да болсо жардам берет. Анан бир эпизоддун аркасы менен бүтүндөй системаны жоебуз деген туура эмес.
Дайырбек Орунбеков,
журналист:
- Прописка деген болбогон эле бир баш оору. Биз мындан тез арада кутулбасак болбойт. Бир эле мисал, шаарга келсең пропискаң жок деп ооруканага кабыл албай кыйылып акча сурашат. Жок десең законду бетине кармашат. Өздөрү акчага жутунуп жатышканы мыйзамсыз экени менен иштери жок. Баланы мектепке бере албайсың. Ал жерде дагы прописка маселе. Пропискага турайын десең батирдин ээси андан жаа бою качат. Жолдон кетип баратсаң кызыл шапкечендер кармап, чөнтөктөгү акчаңды шыпырып алат. Буга окшогон маселелер өтө эле көп. Кыскасы прописканы жойсо болот эле мобу өкмөт.
Манас Саматов,
Кыргыз Республикасынын Айылдык товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору:
- Бул системаны Фрунзе шаарына кыргыздардын отурукташуусуна каршы ыкма катары советтик фашисттик бийлик ойлоп тапкан жана кеңири колдонуп келген. Кыргыздар айылдарда сакманчы болуп калуусун комсомолдук ураан катары, демилге катары көтөрүшкөн. Ал эми Фрунзедеги ишканаларга Россиядан орустарды көчүрүп келип ишке өздөрү чуркап жүрүп жайгаштырып келишкен. Бүгүн желкебизден басып турган орустар жок. Ансыз да катталган жерлерин таштап жарандарыбыздын көбү Россия, Казакстан жана Бишкекте жүрөт. Демек муну тез арада жоюп, заманбап технологияларга өтүүбүз зарыл.
Даярдаган Акмат АСАНОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??