Ойлорун кандай окурман?
Редакциябыздын сандыгына ар түрдүү мазмундагы каттар, билдирүүлөр, кайрылуулар, смстер келип түшүүдө. Албетте, биз алардын айрымдарын кыскартып жарыялоого мажбурбуз, ошол эле учурда сиздердин каттардын маанисин бузбай берүүгө аракеттенебиз. Урматтуу окурман, эгер сизди түйшөлткөн суроолор болсо жазыңыздар, биз сиздерге кайдыгер карабай, билдирүүңүздөрдү гезит бетине жарыялоого аракет кылабыз.


Бишкек шаарынын тургуну,
Гүлсара Арзыматова:
"Өз өлкөбүздө өзүбүз кор болдук"
- Мен өткөндө гезитиңиздерге жарыяланган "5-канал Орусияныкыбы?" деген жаңылыкты окуп, кайрылып жатам. Ал жерде абдан туура жазылган. Биз кыргыздар өз жерибизде жашап туруп, Россияда жүргөндөй же башка өлкөдө жүргөндөй кемсинип калуудабыз. Мисалы, кечээ жакында бирге иштеген коллегабыздын баласы ооруп, түндө ооруканага алып барыптыр. Кабыл алган орус врачка баласы кандай ооруганын, эмне болгонун түшүндүрө албай кыйналыптыр. Өз жерибизде өз тилибизде түшүндүрүп бере албасак, бул кордук. Же орус аял түшүнбөйт дейт. Мен иштеп жаткан фирмада 15 киши иштейбиз, анын бешөө гана кыргыздар. Биз ошол ишканада орустардан кыргызча сүйлөөсүн талап кылып жатабыз. Жыйынтыгы азыртадан эле көрүнүп жатат, мисалы биздин начальник орус улутундагы адам, бирок, ал биз менен кыргызча саламдашып, кыргызча сүйлөшүүгө аракет кыла баштады. Кыргызча түш жоруп баштады десем жаңылышпайм.


Президенттик такты жакшыны жаман кылабы?
Эмне үчүн биздин мамлекеттин башчылыгына эл шайлаган, тагыраагы, тандалган адамдар келишет да дурус иштеп келатышып эле көз көрүнөө улам жаңылышып, мүдүрүлүп отуруп, анан эле бир паста иттин күчүгүнө ыраа көргүс жаман акыбалга туш болушат. Деги президенттик иш "мыктымын" дегендердин чабал жактарын бат ачып, бат ашкерелей турган өтө оор сыноо окшобойбу.
Эми азыркы Роза эжекебиз тууралуу сөз козгосок. Караңгалгыр бир кадамы оң түшсө, бир кадамы тескери түшүп жатканын өзү да сезип, эмне кылаарын билбей күйүп бүтсө керек. Айталы түшүтүккө барып эки элге (кыргыз-өзбекке) бирдей, калыс, жакын көрүнгүсү келип өзбек баланын башынан сылап, жыттайт. Анан эле жанындагы кыргыз баланы дагы ошентем деп отуруп "тарс" унутуп басып кетет. Ыза болгон кыргыз эне "бизди атайлап бөлүп атат" деп артынан ызылдатып гезиттерге жаздырат, айттырат.
Баарыбыз билебиз, ушул жайда Төлөгөн Касымбеков, Уркаш Мамбеталиевдей кайра табылгыс залкарларыбыз өтүп кетти. Мындай учурларда апчебиз басып барбай, Каптагаевди жөнөтүп кутулду. Бирок, 3-4 күн өткөн соң, жашаарын жашап, карылыгынан көз жумган, качандыр бир жол министриби же өрт өчүргүч болуп иштеген жөөт Фишердин Опера жана балет театрында өткөн тажиясына барды. Жасатынын башында туруп, чамасы көз жеткенге көз жашы кылат. Анткенин көргөн катындар каны кайнап, ич ара шыбыраша карашса, эркектер эмне деген жорук экенин биле алышпай дел болуп турушту.
Жарыктык эже абайлабайбы десеңиз? Мамлекет башчы боло электе эжебиз кыргыз элине кандай кадырлуу эле. Эми ушинтип майда-барат жаза басуулары эч качан токтобочудай, эртең кантет?
Атаганат, мындан кийинкилери да ушундай жөндөмдүрөөк чыгып калса, так ушинтип талпактай гана сүйрөшөт го. Ошого карабай, чама-чаркын билип-билбей эле элге башы көрүнгөн адамдар президент гана болгулары келишет.
Кыргыз бардык алдоолор менен басмырлоолорду башынан өткөрүп, сак болуп, биригип турган кези. Кыргыздын духун үйрөнүп кыргыз болобуз деп орустар келип жатышат. Жириновский араб өлкөлөрүндөгү төңкөрүштөргө "Это киргизский вариант" деп баа берген. Кыргыздын келечеги буйурса жаркырап турат. Кыргызга таң калып, андан үйрөнчү күндөр али алдыда.
Үсөн САРЫБАЕВ, Бишкек шаарынын тургуну


Талас областынын тургуну,
Умар Анарбаев:
"Элдин курсагы ток болсо, саясат менен иши болмок эмес"
Төрт айдан бери Айыл - чарба министрлиги убада кылып жаткан жер семирткичтер (хим.удобрения) акыры келди деп укканбыз. Бирок бизге, тагыраак айтканда Талас областына жеткенин эл билбейт. Быйылкы сезондо эл пайдалана албай калды. Жер-жерлерге убагында жеткирүү механизми иштелип чыкпаса керек.
Жарым жылдан бери Кытай мамлекетинен 31 миллион юань грант берилди айыл-чарба тармагына деп айтылган. Ал айыл-чарба техникасы (трактор) катары келет, Элдин көптөн күткөн тилеги орундалып, социалдык-экономикалык акыбалы оңолот деп ишенип турган. Акыры биринчи транш келди. Азыркы убака чейин обладминистрацияда, же акимиаттарда Өкмөттүн буйругу же токтому жок, же Өкмөт элдин реакциясын күтүп жатабы белгисиз. Айыл банктын жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрүнө (филиалдарына) кайрылсак, төмөндөгүлөрдү оозеки түрүндө түшүндүрүп жатышат.
Тракторлор жылдык пайызы 8-9% менен, мөөнөтү 5 тен 7 жылга чейин, баасы 23 миң долларга чейин деп.
Салыштырмалуу:
Мурунку бийлик убагында доллардын курсу төмөн учурунда, трактор бир шайманы менен (кош, прицеп ж.б.) мөөнөтү 10 жылга чейин баасы 17 миң долларга чейин жана үстөк пайызы жок берилген.
Аргасыздан ой туулат, азыркы Өкмөттүн аппаратында (коммерциялык бөлүм) ачылганбы деп. Элдин жашоо-шартына социалдык -экономикалык акыбалына ушундай жардам болобу. Элдин курсагы ток болсо кийими бүтүн болсо саясат менен иши болмок эмес. Дагы угуп жатабыз лизинг аркылуу же болбосо жер-жерлерде техсервистерди ачуу жөнүндө. Акаевдин убагында Кыргызстан боюнча ар бир райондо тех.сервистер уюшулган. Азыр ал техсервистерден трактор эмес, изи да калган жок. Ал эксперимент өзүн актай алган эмес. Орустун макалындай (наступаем на одни и те же грабли) дегендей болбойбу. Бул коррупцияга жол ачат, жана техниканын иштөө мөөнөтүн кыскартат. Мамлекеттик структураларды децентрализация саясатын ишке ашыруу (кыскартуу) бюджеттин тартыштыгын (дефицит) эске алып ашыкча структура түзүүдөн алыс болуш керек деп эсептейбиз. Азыркы убакта Элдин жашоо-шартын эске алып, себеби калктын 95% кредит менен оокат кылат, үйлөрү банктарда күрөөдө (залогдо) турат. Ушунун баарын эске алып Өкмөт элге ылайыкташтырып жөнөкөй механизм иштеп чыкса.
Техниканы дыйканга (адресный) түрдө берсе. Себеби техникасы бар дыйкан, айылдарда ансыз да мамлекетке салык төлөп, патент алып кызмат көрсөтөт. Ар бир райондо, акимиаттарда (экономиканы өнүктүрүү) деген бөлүм бар. Ал жерде иштегендер дыйкандар менен тыгыз байланышта болуп, ким техникага муктаж экенин билишет. Азыркы угуп жаткан баалар, үстөк пайызы жана мөөнөтү карапайым дыйкандын, бул техниканы алганга мүмкүнчүлүк бербейт. Элдин үмүтү таш капты болду деген кеп.

Кубат Келдибеков,
Бишкек шаарынын тургуну:
"Азыркылар Акаев менен
Бакиевден дагы "хуже"
- Чолпонкул Арабаев жетектеген Коррупцияга каршы агенттик "укмуш иш кылып, баарын талкалап жатабыз" дегендери менен так өздөрү коррупционерлер экенине күбө болуп, күйүп турабыз. Мисалы, мамлекеттик кызматтарга конкурстун негизинде тест менен өтүшөт, бирок, тест алып жаткандар алдын ала тесттин кодун даярдап коюшуп, аны акырын сатышат экен. Муну эч ким билбейт. Биздин туугандарыбыздын бири конкурска катышып, ошондо күбө болуп, жакабызды кармап турабыз. Бирок, өтө кылдат иштелип чыккан система болгондуктан, муну далилдеп берүүгө дагы мүмкүн эмес. Ошол тесттин коддорун сатып жаткандарды калп детекторуна салыш керек. Болбосо, бир Кудайдын өзү жазаласын дегенден башка аргабыз жок. Азыркылар Акаев менен Бакиевден дагы "хуже" болуп кетишти. Мамлекеттик кызмат орундарын сатып алып жаткандар Конституцияны дагы, мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамды дагы билишпейт. Кыскасы, Кыргызстанда "бардак", жогорудагыдай иштерди көрүп алып жийиркенүүдөбүз. Азыркы бийлик өздөрү дагы баягы эле системага аралашып кетишти.


Сокулук районунун тургуну, Өмүрбек Медетбеков:
"Мыйзамдуу жеримди талашып жатышат"
- 2009-жылы Сокулук районундагы Жыламыш деген жайлоосунан 19 миң сомдун 10 миңине үлүш жер берилген, 9 миңине арпа алгам. Кызыл китебим бар. Ошол жер азыр талаш болуп жатат. Кошунам Чечебаевага 52 сотых жер тийиптир, а мага чабан үй менен бирге 85 сотых жер тийген. Эми Чечебаевалар ошол жерди алсак деп жатышат. Алар дагы чабан үйү деп жалган документ жасап алышыптыр. Бул боюнча сотко кайрылганбыз, биринчи район аралык сотто каралган, анда менин жактоочум келбей калган, ошондо Досматов Чечебаевалардын арызын канааттандыруу боюнча чечим чыгарып койду. Соттук отурумда Досматовго телефон чалуу болду, ал чыгып кирип эле ушундай чечим чыгарып койду. Биз кайра арыз менен кайрылып, эми Чүй областтык сотунда каралганы жатат, кандай чечим чыгат, белгисиз.




Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаевага,
Өкмөт башчы
Алмазбек Атамбаевге,
Парламенттин төрагасы
Акматбек Келдибековго,
Жогорку Кеңештин
эл өкүлдөрүнө,
Кыргызстандык жалпы
шайлоочуларга
КАЙРЫЛУУ
Кыргызстанда чыныгы шайлоо же референдум боло элек. Сатып алуу, коркутуу жөн эле бюллетендерди алмаштырып коюу (фальсификация) андан да ашып, жөн эле шайлоо протоколдорун каалагандай оңдоп коюу болуп келе жатканы баардык элге маалым. СССРдин убагында участкалык комиссия начар үгүт жүргүзүп анча-мынча каршы добуш берген бюллетендерди макул деп алмаштырып, келбей койгондорду келди кылып 99,9 пайызга жеткирчү. Бирок, эч ким пара алчу эмес.
Эгемендүү болгондон бери жогорудагы булганыч технология толугу менен өзгөрүүсүз колдонулуп келе жатат. Бир гана айырмасы азыр баардыгына акча төлөнөт. Шайлоочуларга 50 сомдон тартып 2 000 сомдон төлөнсө, участкалык, округдук, республикалык комиссияларга 10 миң деген сомдон миллиондогон сомдор сарпталат. Андан тышкары, кызмат орундар убада кылынат. Былтыркы парламенттик шайлоо эң таза өттү деп дүйнөгө жар салышууда. Эмнеси таза? Акыркы шайлоодо дагы бир өзгөчөлүк шайлоочуларды ортомчу шылуундар аябай тоноду. Элге таратып бер деген акчаларды эч кимге бербей эле жеп коюшту. Борбордук шайлоо комиссиясы кошумча тизме менен шайлоочулардын саны үч миллиондон ашып кетти деп жарыялады. Демек, участкалык шайлоо комиссиясынан баштап БШКнын тизмеси жалган тизме. Ошол жел тизмелер партияларга сатылды. Чындыгында, чет мамлекетте жүргөндөр эмес, Кыргызстандагы адамдар каалап турса дагы ички миграциянын себебинен шайлоого катыша алган жок. Референдумдар Акаевдин тушунда да, Бакиевдин тушунда да, Убактылуу Өкмөттүн тушунда да чиновниктер менен шайлоо комиссиясынын гана катышуусунда өттү. Ачуу чындык ушундай.
Ошондуктан, мен жалпы кыргыз элине, баардык чиновниктерге шайлоону дүйнөдө жок таза, туура өткөрүүгө чакырам!
Көз карандысыз эркин эксперт
Ош облусунун Кара-Суу району
Жаныбек САМИЕВ