Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Зордукпу же кордукпу?

Жер талашка түшкөн жок. Көл менчиктелип жатат
"Жаңы Агым" гезитинин 8-июлда чыккан санында көптөн бери талашка түшүп жаткан Ысык-Көл районунда Өрнөк айылында жайгашкан жыйырма гектар жер тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева "Талашка түшкөн жердин таржымалынан. Комплекс кимдердин колкосуна тикен болууда?" аттуу чакан икаясын чагылдырыптыр. Мен Ысык-Көлдүн кызы болуп туруп, ошол райондун жаштарынын бири болуп туруп, бул чоң талаш маселеге кайдыгер карап коё албадым. Курманжан датка энебиздин атын жамынган Жылдыз Жолдошеванын кылган кылыктарына көз жумуштун өзү күнөө деп эсептейм! Бул маселе тууралуу маалымат берүүдөн, суроолорубузга жооп берүүдөн Жылдыз Жолдошева эки ирет баш тарткан. Мындан улам Ысык-Көлдүн намысын коргоочу Жолдошевадай кыздары жокпу деген суроо туулду. Төмөндө Жылдыз айымдын "Жаңы Агым" гезитиндеги пикирине өз пикиримди кошуп комментарий берүүгө туура келди.

Ж.Жолдошева: "Талашка түшкөн жердин таржымалынан. Комплекс кимдердин колкосуна тикен болууда?"
- Мындай кадамдарды Убактылуу Өкмөттүн айрым бир мүчөлөрү "Коогалаң" даректүү тасмасы даярдалып жатканда жасашты. Алар апрель-июнь окуяларындагы чындык мен тараптан чыкпаса экен деп, айрыкча чагымчыл сөздөрдү көбүртүп-жабыртуу үчүн Убактылуу Өкмөткө кайсы бир күчтөр керек эле, ал күчтөрдү да табышты. Алар республикабыздын эң жогорку кызмат ордунда иштеген, азыркы учурда "Ысык-Көл" фонду аталган уюмдун төрагасы Т. Чынгышев, мүчөлөрү Б.Акунов, С.Урманаев ж.б.
Эмне эле "Ысык-Көл" фонду деп аталган уюмдун жогоруда аты аталган жетекчилери комплекс үчүн берилген жердин тегерегинде акылга сыйбаган сөздөрдү таратып жатышат? Чынында эле алар эл ынтымагын бузганы жатышабы? Же өз кызыкчылыгын көздөп жатышабы? Же болбосо саясый "буюртманы" аткарып жатышабы? Кыргыз элинин биримдиги, эркиндиги жана бүтүндүгү үчүн кызмат кылган, туш тараптан кыскан орус, кытай империясынын, ооган калкынын көрүнөө да, көмүскө да басып алуучулук саясатына айбат көрсөтүп, теңата мамиледе болуп, баатырдыкты, акылмандыкты көрсөткөн, жалпы кыргыз элинин сыймыгы болгон улуу тарыхый инсан Курманжан датка атындагы комплексти курдурбоо максаттарынын артында ким жана эмне турат, о.э. Чынгышевдер эмнени көздөшүүдө? Кыргызды кыргыз кылып түптөгөн тарыхый инсандардын скульптуралык композициясына, кыргыздын, Кыргызстандын тарыхый музейине эмнеге алар каршы, алар өзү кимдер ж.б. суроолорго жооп берип коюну чечтим. Т.Чынгышевдин, Б.Акуновдун, С.Урманаевдин, Т.Керексизовдун ж.б. чыныгы жүзүн эл билсин.
Н.Мамытова: - Ээ айланайын Жылдыз айым Курманжан датканын тарыхый инсан экенин танган киши жок. Бул тарыхый инсандын атын жамынып, анын арбагына сөз тийгизүүнүн өзү күнөө деп эсептейбиз. Чынгышев, Акунов, Урманаевдер менен эмне аласа бересеңер бар экени көлдүк жаштарды кызыктырбайт. Бул жерде саясат эмес, Урманаев эмес, Чынгышев эмес, Акунов эмес, жыйырма гектар жер жөнүндө сөз болуп жатат. Дагы бир жолу айтайын Курманжан датка энебиздин тарыхый инсан экенин танбайбыз ошондой эле бул улуу инсандын аты биз үчүн ыйык бойдон калыш керек деп билем. Курманжан датка десе Ысык-Көлдө чыр болгон жыйырма гектар жерди эстеп, лакап кылып, эске салуунун өзү коркунучтуу деп билем. Ошол себептүү бул жагын да ойлонуш керек. Этият кылыңыз. Курманжан датка энебиздей, тарыхый инсаныбыздын аты булганып калбасын.
Ж.Жолдошева: - Дагы бир жолу кайталап айта кетели, көл жээгинен берилген жер Жылдыз Жолдошованын жери эмес. Курманжан датка кайрымдуулук фондуна Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2003-жылы 20-март №148, 2008-жылы 11-сентябрь №507 токтомдорунун, Ысык-Көл облустук администрациясынын 2002-жыл 9-декабрь №257, 2008-жыл 24-апрель №66, Ысык-Көл райондук администрациясынын 2002-жыл 10-июль №300, 2008-жыл 18-март №635 жана Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин, айыл өкмөттөрүнүн токтомдорунун негизинде мыйзамдын нугунда 49 жылга ижарага берилген. Жер берилип жатканда 2001-жылы, бүт Чоң-Сары-Ой айыл тургундары тарабынан, о.э. облустук, райондук жетекчилер, активисттер, ошол мезгилдеги ЖК депутаттары, айтор коомчулук тарабынан бак-дарактар отургузулуп, куран окутулуп болочоктогу бул комплекске эл батасын берген.
2003-2005-2009-2010-жылдары да эл менен жолугушуулар болуп, музейге таш коюу аземине бүт калайык калк дагы бир ирет катышкан. Фондго эмне себептен Өрнөк айылынын жанынан жер берилип калды, себеби башка айылдарда жаманбы-жакшыбы пансионаттар бар экен, жумуш орду менен алар камсыз болушкан. Ал эми Өрнөк айылынын тургундары да комплекс бүтсө, келечекте сөзсүз жумуш орду менен камсыз болушат. Мунун эмнеси жаман? Анан да Курманжан датканын эстелиги Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" комплексине орнотулсун дегендерин кантесиң. Себеби Чынгышевдер жакшы билет, өз учурунда Т.Керексизов азыркы "Рух Ордону", "Манас Рух Ордосу" деп атаган, тилекке каршы кийинчерээк башкаларга берген соң, Манас атабыздын атын алып салып, жөн эле "Рух Ордо" деп атап койду. Мезгилинде А.Акаев "Манас Рух Ордосу" дегени үчүн ошол жерди Керексизовго бөлүп берген эле.
Бир күнү мен барып калсам, Ташкул агай мага Курманжан датканын эстелигин илбирси, айтылуу ыйык дарагы менен "Манас Рух Ордосуна" койгонун көргөздү. Мен ошондо абдан кубанып, агайга ыраазычылык билдирип, айтарга сөз таппай калгам. Бирок Керексизов көп өтпөй Манастын атын рух ордодон кандай өчүрсө, Курманжан датканын эстелигинин ордуна бакыйтып Н.Назарбаевдин эстелигин коюп, датканын эстелигин алып салган. Бул чындык бүгүнкү күнгө дейре айтылбай келди эле. Эми убактысы жетти окшойт, эл билсин чындыкты. Мен Ташкул агайдай эч ким кыргыздын салтын, тарыхын, үрп-адатын баалабаса керек деп ойлочумун. Көрсө жаңылышыпмын. Ошондуктан Курманжан датканын эстелиги "Рух Ордого" башка эч качан коюлбайт, бир гана комплекске коюлат.
Н.Мамытова: - Ооба биринчиден, өз убагында Сиз айткандай Акаевдик, Бакиевдик режимдин кысымынан чыга албаган айылдык депутаттар жерди берүүгө макулдук берип коюшкан. Бирок, 2011-жылдын май айында айылдык кеңештин депутаттары "Жылдыз Жолдошева берген убадасын аткарган жок. Убагында биз терең ойлонбой жерди берип коюптурбуз. Кайрадан айылдык кеңештин жерди берүү чечимин жокко чыгарабыз" -дешип, үч жүздөн ашык киши чечим кабыл алган. Бул жыйынды КТРдин директору Кубат Оторбаев сизден коркуп бербей койгон. Өз учурунда бул туурасында гезитибиздин 1-санында кенен чагылдырылган.
Экинчиден, Сиз "бул жер Жылдыз Жолдошеваныкы эмес, Курманжан датка кайрымдуулук фондусунуку" -деп жатасыз. А ошол эле Курманжан датка кайрымдуулук фондусун Сиз негиздеп, ушул кезге чейин Сиз жетектеп келбедиңиз беле. Ушул нерсе түшүнүксүз болуп жатат…
Ж.Жолдошева: - Экинчи чындык, ошол "Ысык-Көл" фондуна дагы А.Акаев 20 гектар жер бөлүп берет, алар эмнегедир ал жерге казак элинин тарыхый инсаны Чохан Валихановдун эстелигин салабыз деп, ошол эле биз сыйлаган Н.Назарбаевден акча каражатын сураганга бел байлашат. Ыраматылык М.Садыркулов намыстанып Кыргызстандын мурунку премьер-министри Чынгышев, Акунов ж.б. казак элинин тарыхый инсанына казак президентинен акча сурап эстелик салгандан көрө салбаганы жакшы деп, анан мага комплекске акча сурайлы деп айтып калды. Көрсө, Садыркулов өзү да казак элинин уулу экен. Ошондо мен Садыркуловдон бешбетер намысыма келдим эле. Себеби бул комплексте Барсбек, Махмуд Кашгари, Атаке баатыр, Ормонхан, Боромбай бий, Калыгул, Чолпон-Ата олуялардын, Алымбек датка, Курманжан датка, Шабдан баатыр, Байтик баатыр ж.б. эстелиги салынат.
Н.Мамытова: -Жылдыз айым, эгер Сиз курам деп жаткан комплекске Сиз айткан инсандардын эстелиги курулаары чын болсо анда Ысык-Көлдөн чыккан олуялар жети акенин, Жусуп Абдрахмановдун, Касым Тыныстановдун да эстеликтери бирдей орнотулсун! Мына бул адамдар да кыргыз элинин бүтүндүгүнө, сакталып калышына Курманжан даткабыздай эле кызмат кылышкан. Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов репрессиянын курмандыктары болушкан. Көлдөн чыккан улуу инсандардын эстеликтери Курманжан датка энебиздин катарынан орун алууга эмнеге болбосун?! Эмне аларга өз жеринен орун жокпу?! Ошону менен бирге Манас атабыздын да эстелиги орнотулсун. Анткени Манас атабызга арналып тургузулган тыңгылыктуу эстелик көл өрөөнүндө жок. Эгер жогорудагы инсандардын да эстеликтери тургузулса жыйырма гектар жер тилкеси жетет. Бул маселени эл да колдойт. Нааразычылык да болбойт. Арбактар да ыраазы болуп, Сиздин даражаңыз да көлдүктөрдүн алдында бийик көтөрүлөт. Анткени, көлдөн чыккан инсандарга азыр менменсинген ысык-көлдүк бир да чиновник же бизнесмен эстелик тургузуу демилгесин көтөргөн эмес. Бул демилгени Сиз биринчилерден болуп ишке ашырсаңыз, көлдүн кыйынсынган жигиттери намыстанат деп ойлойм.
Ж.Жолдошева: - Экинчи чети кыргыздын, Кыргызстандын 1917-жылга дейре, совет доорун, эгемендүүлүгүн камтыган тарыхый музейи да курулат. Ошондо мен Медет Чокановичке айттым эле мамлекетибиздин, өкмөтүбүздүн башчысы ким болбосун сөзсүз бул комплексти колдойт, ал эми казак туугандардан акча сурап кыргыз тарыхын түптөбөйм деп. Кийинчерээк "Ысык-Көл" фонду 20 гектар жерин сатып жиберишиптир, чынында эле элге күйсө жок дегенде пансионат салып коюшмак, анда жергиликтүү эл иштемек.
Анан эмнеге "Курманжан датка" фондунан жерди талашып жатат деген суроо туулат, ага үч нерсе себеп. Биринчиси, Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү Жолдошовага Ош окуясы боюнча кысым көрсөтүү керек болчу, аброюна шек келе турган материал издешет, табышпайт. Ошондо алар комплекске асыла баштайт, өздөрү эмес "Ысык-Көл" фонду аркылуу. Алардын макул болгон себеби, мыйзамдуу фонддун 15,6 гектар жерин аларга алып берүүгө убада беришкен. Жеке кызыкчылык да ушул жерде орун алат, аны үстүнө азыркы учурда бул жер өтө баалуу болуп калган. Суусу чыккан, электр зымдары өткөрүлгөн, канализациясы курулган, бир сөз менен айтканда инфраструктурасы бүткөрүлгөн.
Экинчиси, саясый кызыкчылык. Көл кылаасынан президенттик шайлоого да чыга турган инсан бар, "Ысык-Көл" фонду колдогон. Чынгышовдор көптү көргөн чоң саясатчылар, алар жөндөн-жөн эле "буюртманы" аткарышпайт жана мындай чырдуу нерсеге аралашпайт.
2011-жыл Курманжан датка жылы болсо, мындай көрүнүш кимдин болбосун кыжырын кайнатат. Жерди өкмөт алып коё турган болсо, датка жылында кандай гана иш-чаралар өтпөсүн, КР Өкмөтү тарабынан бир тыйынга арзыбай калат. Курманжан датка талашсыз саясый тарыхый инсан, андыктан алардын бул кадамдарын түздөн-түз А.Атамбаевге каршы жасалган кадам десек болот. Мына ушул кадамды А.Атамбаев өз убагында түшүнүп, азыркы учурда комплекстеги музейди куруу үчүн 30 млн. сом өкмөт тарабынан бөлүнүп берилди. Өкмөттүн акчасы фондго эмес, Госстройго түшөт, подрядчик аныкталып курулуш иши башталат. Бирок бул комплекс инвесторсуз бүтпөйт.
Үчүнчү себеби, мына ушул улуу муун, совет доорунда иштегендер, кыргыздын тарыхына күйбөгөнү аз келгенсип, эмнегедир кээ бир калмак туугандарыбыз кыргыздын тарыхын жерий баштаганы да өкүндүрөт. Эмне себептен ушундай инсандарыбыз мекенчил, намыскөй боло алышпай, жеке кызыкчылыгы үчүн өз тарыхын тебелегенге барышат?
Мемориалдык комплекстин курулушу түн уйкусун бузган "Ысык-Көл" фондунун айрым мүчөлөрүнө айтарым, бузуп-жаруучулук аракеттериңиздерге карабастан аталган объект курулат, көл жээгин көркүнө чыгарган курулуш болот. 1,5 миңдей жергиликтүү Өрнөк айылынын калкы жумуш менен камсыз болот, карапайым калктын балдары ушул комплексти тейлешет. Үзүрүн азыркылар гана эмес, кийинки муундагылар да көрүшөт. Чексиз ыраазычылыктарын билдире турган мезгил да алыс эмес.
Курманжан датка элдин ынтымагын, биримдигин, көз карандысыздыгын эңсеген. Бир эл, бир журт болушун тилеген. Мен жакында Республиканын көп жерлерин кыдырып чыктым. Бардык айылдарда мааракеге байланыштуу ураан-плакаттар, портреттер илингенин, иш-чаралар өткөрүлүп жатканын көрүп абдан ыраазы болдум. Эл кызын, улуу тарыхый инсанын өтө аздектеп, датканы сыйлап-урматтап аларына көзүм жетти.
Н.Мамытова: - Ооба, бардыгы Сиз айткандай болсо Ысык-Көл толкуп кетчүдөй. Сиз элге бул убадаларыңызды 2011-жылдын 1-майына чейин орундатам деп убада берип кеткенсиз. Бирок, ал убадаңыз аткарылмак түгүл, ижарага алган жердин да салыгын эмгиче төлөбөй жүрөсүз. Сиз бул жөнүндө эмне үчүн сөз козгобой келесиз. Алган жериңиздин салыгын төлөбөгөндөн кийин сизге ишеним артуунун кереги барбы?! А балким көлдүктөрдү тоготпой жаткан чыгаарсыз. Анткени көл эли башынан маданияттуу эл болуп, орус мүнөз, берешен, жоомарт, ак көңүл, бетпактыкка алдырбаган калк болот эмеспи. Ошондой эле Сиз эмне үчүн Курманжан датка фондусун жетектеп туруп, каражатты өкмөттөн алып жатасыз? Ал эми Сиз жамандап жаткан Убактылуу Өкмөт эмне үчүн жана кайсы мыйзамдын негизинде сиздин жеке фондуңузга акча бөлүп жатат. Ошол эле өкмөт ошол акча менен эмне үчүн өздөрү Курманжан даткага багыштап мамлекеттик комплекс кура албай жатат? Мына ушул сырдын бетин ачып берсеңиз болот эле. Андан да эмне себептен Курманжан датка фондусу тарыхый комплексти Ысык-Көлгө гана кургусу келип жатат? Анткени, Ысык-Көл туристтик аймак болуп саналат. Сезон учурунда бул жерден акча таап, бизнес жасоо оңой. Эгер андай кызыкчылык болбосо эмне үчүн жыйырма гектар жерди Ысык-Көлдүн тескейинен алышкан жок? Тескей жагында жер тартыштыгы азыраак. Ал эми күнгөй жагында жер тартыш. Айылдагы жаштар жер тилкесине ээ боло алышпай, батирден батирге көчүшүп күн кечирип жүрүшөт. Деги эле жаңжал менен, карапайым элдин башын айланткан амал менен курулган комплекс жакшылык алып келеби? Курманжан энебиздин арбагы ыраазы болобу?! Аны келечек көрсөтөт… Өзүңүз айткандай ал мезгил да алыс эмес.
Гезитибиздин кийинки сандарында Ысык-Көлдүн мен-менсинген мырзаларынын, айымдарынын кайдыгерлиги жөнүндө сөз козголот.

Назгүл МАМЫТОВА









кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??