Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Кайчы пикирлер

Айылчы Сарыбаев:
"Криминалитет бийликтегилер менен каалаган бааны коюуда"
Бүгүнкү дебатыбыздын меймандары академик, айыл чарба боюнча эксперт Жамин Акималиев жана экономика илимдеринин доктору, профессор, айыл чарба боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев. Ортого коюлган тема "Бүгүнкү күндөгү айыл чарбанын абалы". Коомчулукта жана бийликте айыл чарбасын реформалоо тууралуу аз эмес пикирлер болуп келген, бирок, тилекке каршы, система ошол эле боюнча бүкүлү. Биз ошол бүкүлү теманы бүгүн аз да болсо талкууга алып, эмне үчүн экономикабыз өркүндөп, элибиз жардылыктан чыга албай жаткандыгынын себептерин издедик. Анда кеп кезеги менен болсун.
А.С плюс:
- Тамак-аштын баасы былтыркы революциядан кийин кескин өсүп кеткени баарыбызга маалым. Эмне үчүн биз бааны бир калыпта кармап кала албадык?
Айылчы Сарыбаев:
- Жыйырма жыл мурда эле айыл чарба системасын реформалайбыз деген шылтоо менен тескерисинче, аны талкалоо башталган. Ал убакта азык-түлүк жетишпей, кымбаттап, чет жерден келет деген эч кимдин түшүнө кирген эмес. Айыл-чарбасын солгундатуунун фундаменти Акаевдин мезгилинде эле түзүлгөн, буга таң калуунун кереги жок. Азыр чек арабыз ачык болгондуктан, чет өлкөдөн ар кандай жасалма продукциялар келип, эл өзү чыгарган таза продукциясын жеп-ичкенге шайы келбей калды, бул биринчиден. Экинчиси, базардагы баа көзөмөлдөнбөйт, дүңүнөн сатып келип кайра чекене сатып жаткан базардагы фирма-компаниялардын баары көмүскө экономикада. Ал турсун кээ бирлеринин ээси жогорку деңгээлдеги кызматтарда отурат же ошолорду сатып алган адамдар. Аларда эч кандай учет, отчет берүү деген жок. Мындай болгон жерде мамлекет эч качан бааларды көзөмөлдөй албайт. Ошондуктан, ким кандай кааласа ошондой сатып жатат.
Жамин Акималиев:
- Кептин баары туура эмес реформа жүргүзүлүп, өнүккөн айыл чарбабызды жоготуп алганыбызда. 90-жылдардын башында Кыргызстан Советтер Союзу боюнча орто эсеп менен 3-орунду, ал эми кант кызылчасынын, жүгөрүнүн түшүмү боюнча биринчи орунду ээлеп турганбыз. Үрөнчүлүктү алсак, Орто Азияны, Кавказды, Германияны, Украинаны жүгөрүнүн, кант кызылчасынын, беденин уруктары менен камсыз кылып келгенбиз. Ошол кез менин эсимде бар, элибизди айыл чарба продукциялары менен 90 % камсыз кылып, арзан, сапаттуу, көзөмөл абдан күчтүү болгон. Ошол гүлдөп турган айыл чарбасын талкалоонун кесепети бүгүнкү күн. Экинчиден, баанын жогорулап кеткени дүйнөлүк тенденция деп айтып жатышпайбы, мунун баары курулай сөз. Дүйнөлүк тенденцияда баанын көтөрүлүшү Кыргызстанга караганда 3 эсе, 4 эсе аз болуп жатпайбы. Кептин баары өзүбүздө, сырттан келген продукциялар өзүнүн баасы менен келет, бирок ортодо ортомчулар кошот. Учурда орто эсеп менен 65 % азык-түлүктү сырттан алып келип жатабыз. Буудай, ундун 32% ын, жашылча, жер-жемиш өзүбүздө турса, 30-35 % ын, өсүмдүк майдын 81 %ын, кумшекердин 91 %ын сырттан алып келип жатабыз. Ошон үчүн мамлекет сөссүз баа саясатына киришиш керек. "Азыр базар экономикасы, биз кирише албайбыз" дешет. Япония, Израил, Корея сыяктуу көп өлкөлөрдү кыдырып келдим, ал жакта мамлекеттин көзөмөлү, тейлөөсү өтө күчтүү, 5 жылдык, 7 жылдык пландар менен иш алып барышат. Мындан алар коммунисттик же социалисттик өлкө болуп кетишкен жок.
А.С. плюс:
- Монополияга каршы саясат жүргүзүү агенттиги бааларды көзөмөлдөш керек беле?
Жамин Акималиев:
- Биз Монополияга каршы агенттикти тилдеп жатабыз, бирок, анын колунан келбей жатат да. Ал тургай агенттик азык-түлүккө көзөмөл жүргүзүүгө киришсин деген ЖКдан токтом чыкты эле, Өкмөт эмдигиче буга кол кое элек. Мамлекет совет мезгилиндегидей баага киришип "башка чаппаса" дагы, ыраатташ керек эле. Мамлекет дыйкандарды колдоп, айыл чарбасын бутуна тургузмайынча өсүү болбойт. Эмне үчүн кызыл кулактар менен күрөшүүгө болбойт? Буга укук коргоо органдарындагылар дагы аралашып кетишкен, керек болсо бийликте отургандардын кызыкчылыгы бар. Ушинтип отурушуп айлыкты көтөрүүнүн канча кажети бар? Эл 2 кило эт алалбаса! Балдарыбыз этсиз кантип өсөт, келиндерибиздин каны аз болуп жатат. Мына койдун баасы алды 8 миңге чыгып кетти, ушул кантип болсун!
Айылчы Сарыбаев:
- Кызыл кулак деген азыркыча айтканда, монополист деген сөз. Булар мафиялык топторду түзүп алган, көчөдөгү криминалитет мамлекет башында отургандар менен биригип алып, өздөрү каалаган бааны коюуда. А бизде Антимонополдук комитет деген монополисттерге каршы, баага каршы иштеш керек эле. Негизи монополисттердин кирешелерин мамлекетке эң жогорку салык менен алыш керек, бул чет өлкөлөрдүн практикаларында бар. Жанагы агай айткан ырааттайт деген сөз ошол. Тартып алынган акчаларды кайра тартып алган механизмдерди киргизгендин ордуна, Антимонополдук комитет таарынбасын, кайра экспортту кыскарталы дейт. Эгер экспортту кыскартса, анда айыл чарбасы дээрлик өлөт. Бул деген экономикалык билимсиздик. Айыл чарба продукциясын тескерисинче экспорттош керек. Ички рынокту толтуруп, элди дагы багыш керек жана сыртка дагы чыгарыш керек. Кыргыздардын келечеги айыл чарбада. Тоо-кен өндүрүү ашып барса 50 жыл, а айыл чарбасы элди дайым бага турган тармак.
Жамин Акималиев:
- Мени таң калтырган ушул, элдин куурап жаткандыгын бийлик тараптан айткан киши жок да, каапыр ай. Же премьер министр, же өкмөт башчысы же болбосо элдин атынан келген депутаттар айтпай эле, баягы эле журналисттер, окумуштуулар, башка эксперттер айтып жатышат. Былтыр Роза Отунбаева аксакалдарды чакырганда биринчи ушул маселени койгом, "Макул, көрөлү" деген, андан бери эч жыйынтык жок. Азыр аларга "кой-ай" деген эч ким жок, эгер баланы деле тыйбаса каалаганын жасай берет да. Эч ким унчукпагандыктан, "көбөйтө берсе боло берет турбайбы" деп тойбогондук кылып жеп, элдин канын соруп жатат.
А.С плюс:
- Былтыр Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында Бабанов 1 млрд. сом элге кредит берем деген эле. Анын жыйынтыгына кандай баа бересиздер?
- 1 млрд. сомдон 600 млнго жакыны гана тийиптир, андан 61 % гана киши алыптыр. Республикадагы 320 миң дыйкан чарбанын 1,5 % гана алган, бул маселе чечпейт. Былтыр айыл чарбасы 110 млрд. сомго азык-түлүк чыгарган, ошонун 1 пайызы 0,9 % болот. Жакында элди аралап келсем, айтылган кредитти "көргөн да жокпуз" дешет. "Майды арзандаттык, баланча миң тонна мынча литрден тараттык" деген маалыматтын жалган экенин айтышып, эл "артынан күлүп" жатпайбы.
Айылчы Сарыбаев:
- Агайдын сөзү сонун болуп жатат. Жанагы айыл чарбасы тууралуу эч ким эч нерсе айтпаганы-ошону комплекстүү, мамлекеттик деңгээлде түшүнүп, мамлекеттик деңгээлде чечүүгө кудурети жетпеген адамдардын мамлекет башында отурушунда. Мына, Жамин Акималиевич Сокулукта райком кезиңизде кызылчадан эмне деген түшүм алдыңыз эле. Уюштуруу иши деп ошону айтса болот.
Жамин Акималиев:
- Сокулук району боюнча 10 миң гектар жерден 509 центнер, алганбыз, азыр 180 центнер алып жатышат.
Айылчы Сарыбаев:
- Мунун негизги себеби уюштуруу ишинде болот. Ошондуктан, айыл чарба тармагын көтөрө ала турган уюштургуч адам келбесе, азыркы министрге окшоп эле статистик болуп калат. Маалыматты статбашкарма деле берет, а министр "Биз момуну жасап, анан жыйынтыгында момуну кылдык" деп айткан жок.
А.С. плюс:
- Мисалы, Ысык-Көл облусунун Жаргылчак айыл өкмөтүндө өрүк бышып, "сары кыздын тойу" башталган кез. Негизинен өрүктүн баасын сыртка экспорттоочу кардарлар сунуштайт, бирок, эл талкууга алып бир келишим баага токтошот. Ошон үчүн жанагы малдын баасын криминалдык топтор жогорулатып жиберди деген балким туура эмесирээк болуп калбайбы, малдын баасы базарда эл арасында эле бычылып калган баа болуп жүрбөсүн?
Жамин Акималиев:
- Кээ бир айыл чарбасында иштеген адистер, кээ бир депутаттар "Бааны көтөрө беришсин, мейли эт 400 сомго чыксын, кумшекер 70 сомго чыксын, картөшкө 40 сомго чыксын, мындан биздин дыйкандар жыргап жатпайбы" дешүүдө. Бирок, бул убактылуу нерсе, анткени биз республикадагы жалпы элди ойлошубуз керек да. Айылдагы 65 % элдин баары айыл чарбасы менен же мал чарбасы менен алектенип жаткан жери жок да. Азыр айылда кээ бирөөнүн 3 кою дагы жок. Ошондуктан, 3 млн. калк эт сатып абдан байып, жыргап жатат деп ойлобош керек. Элетте турган элдин көп болсо 20 %ы картөшкөнүн, эттин эсебинен жан багып жаткандар. Элдин арасында дагы коррупционерлер, элдин атынан сүйлөп, элге баа бычып берип жаткандар бар. Эгер ушундай боло берсе, анда биз дагы бир революциянын үстүнөн чыгабыз.
А.С. плюс:
- Дыйкан чарбаларын ирилештирип, кооперативдерди түзүү учурдун талабыбы?
Айылчы Сарыбаев:
- Жанагы 320 миң, 340 миң деп майда дыйкан чарбалар айтылып жүрөт, ушуларды ирилештирмейинче, анан азыр агай айткан айыл өкмөттөрүндөгү уюштурууга жөндөмдүү, илимдүү жигиттерди алып келмейинче баары бир бизде чыр-чатак боло берет. Мына "Атамбаев убада берди эле, Бабанов убада берди эле" деп акимдер өкмөттүн оозун карап отурушат. А эмне үчүн өздөрү айыл өкмөттөрү менен биргеликте уюшуп, жыл башында эле эки-үч машине күйүүчү май алып коюшпайт? Өздөрү эмне үчүн чуркашпайт? Ошол 300 миң майда чарба жеке менчиктер, өз продукциясын өзү жейт, кыла турган ишин өздөрү пландайт, а бирок, өлүмтүгүн башкага артат. Жергиликтүү бийлик деген азыр өз укугун өзү түшүнө элек.
Жамин Акималиев:
- Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, республикада 1 200 кооператив бар, негизинен Чүй өрөөнүндө. 90-жылдары менчиктештирүү болгондо орус, украин туугандар адистик, түшүнгөндүк кылдыбы, алар сактап калышкан. Азыр Сары-Өзөн Чүйдүн эли ошолордун эсебинен оокат кылып жатышпайбы. Жана жогоруда айтылгандай, майда чарбалардан пайда чыкпайт, себеби, 1,5-2 гектарга которуштуруп айдоого мүмкүн эмес, ушуну мен какшап айтып келатам. Которуштуруп айдоо болмойунча бизде талаачылык өнүкпөйт. Которулуштуруп айдоо үчүн жок дегенде 5 гектар жер болуш керек. Экинчи, алынып келинген тракторлорду 1,5-2 гектарга пайдаланууга мүмкүн эмес. Мурда сокону атка салса, эми эл эшекке салып алыптыр. Совет доорунда айыл чарбасынын 70 пайызын механикалаштырганбыз. Буудай-арпа, кант кызылчасын, пахтаны комбайн менен чогултуп калганбыз. Азыр кол, кетмен, күрөк менен иштеп калдык. Жеке чарба болобу, мамлекеттик болобу өкмөт баары бир жардам бериш керек да. Дагы айта кетчү нерсе, бир райондо бирден МТС уюштуруу зарыл, ошолор майда чарбанын кызматын аткарып берсин. Советтер Союзунда биринчи секретариатка чейин айыл чарбасын чемичке чаккандай билсе, азыркы учурда андайлар аз. Мына кечээ жакында бир топ чет өлкөлөрдө болуп келдим, алар акылдын баарын сатып алып жатышат. А бизде "Сүйлөй берсин, келжирей берсин" деп коюшат, ушинтип илимпоздорду сыйлабаган адамдардын келечеги болобу?
Айылчы Сарыбаев:
- Көрдүңүзбү? Биз баарыбыз ушинтип акылды бекер айтып жатабыз. Бул киши билимди, акылды, тажрыйбаны өмүр бою жыйнаган киши. Бул деген миллиондогон доллар турат. Бул киши бир жерге кеңешчи болсо канчалаган иштерди кылып берет. Мамлекет башындагылар бекер айтылган ойлорду, идеяларды пайдаланганды билбей жатышпайбы. Мындай да, "саясатчыбыз" деп коюшат, саясатчы болуш үчүн ар жагында, дээринде уюштуруучулук бир нерсеси болушу керек. Бизде баардыгы "пустой", сүйлөп-сүйлөп коюшат, а ишке келгенде маселени кантип чечээрди билишпейт. Келжиректик, былжырактык, көрүнгөндү сүйлөмөйдү саясат деп түшүнүшөт, а маселе бүкүлү боюнча калып калат. Ар бир депутат, ар бир министр, ар бир мамлекет башына келген адам "Мен маселе чече алам, мен билем" деп ишеним менен келиш керек, а азыркылар болсо келип алып "Мен окуйм, мен үйрөнөм" дейт, университетте окуп-үйрөнүшкөн жок беле?
Жамин Акималиев:
- Саясаттын пайдубалы экономика, экономиканы алдыга жылдырганда гана саясат болот. Биздеги кемчилик эл менен бийликтин байланышы ажырап калганында. Элдин ишенимине кириш үчүн иштеш керек.
А.С. плюс:
- Дыйкан чарбаларына жер үлүштөрү бөлүнүп берилген соң, бир бүдүр буудай таппай, бир литр май алалбай жерлерин сатып жиберишкендер болгон. Ал жерлерди сатып алган дыйкан чарбалары өздөрүнүн менчиги катары эсептешет. Эгер кооператив түзүлө турган болсо көбү ынабайт. Муну кандай жолго салса болот?
Жамин Акималиев:
- Кооператив тууралуу айтып койсок эле куру кыйкырык менен бүтпөйт. Бул үчүн элди кызыктыра турган механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. Жана мен айткан Чүйдөгү жана башка жерлердеги кооперативдердин тапкан пайдасынын туптуура жарымын мамлекет салык катары алып алышат экен. Эл ошондон коркуп жатат. Кооператив түзүш үчүн биринчиден, салыкты жок дегенде беш жылга убактылуу алып ташташ керек. Экинчиден, кредит же грант болобу биринчи кезекте кооперативдерге үстөгү жок бериш керек. Пайыз болгон жерде сөссүз коррупция бар, балким 9 % деп туруп, 12 % алып жатабы, биз кайдан билебиз? Асыл тукум мал болобу, трактор болобу, күйүүчү май болобу, кооперативдерге берип кызыктыруу зарыл. Коопертив болгон жерде эмгек өндүрүмдүүлүгү 5-7 эсе жогору турат.
Айылчы Сарыбаев:
- Эгер биз айыл чарбасын өнүктүрүп, элди багабыз десек, эч кандай салык албаш керек. Бюджеттин эсебинен өтө узак мөөнөттүү, үстөгү жок же пайызы өтө төмөн кредитти ирилешкен чарбалар гана ала алышкандай кылып, ал эми майда дыйкан чарбаларына салыкты жогорулатуу зарыл. Ошондо алар түшүнүп, кооперативдерге биригишет. Ошол кооперативдер чыгарган продукцияны кайра иштете турган, сата турган ишканаларды куруу керек.
А.С.плюс:
- Дыйкан чарбалары өндүргөн продукцияларды кыйналбастан, эч тоскоолдуксуз сатууну кантип жөнгө салууга болот?
Айылчы Сарыбаев:
- Биринчиден, Жамин агай айтып кеткендей, кайра иштетүүнү колго алыш керек. Советтер Союзунда 55-60 %ы кайра иштетилчү. 2009-жылы "күздүктү көбүрөөк себели" деп 1 млн. 50 миң тонна буудайды өндүрүп бердик. "Мамлекеттик резервге сатып алып, кампага салып коюп кийин кайра саткыла" деген аткарылган жок. 1 млн. тонна буудай өндүрсөк, мамлекет ошонун 200 миң тоннасын гана алышты. Мына ошону сатып алып койсо, "клейковинасы жок, кыргыздын буудайы жаман" деп айтып жаткандар кышында кайра 17 сомдон сатышмак. А эл аны арзан эле сатып жиберген. Эми жакында Атамбаевдин колунан токтом чыгыптыр, "оруп-жыюу иштерин кандай уюштурабыз" деп. Булар Бакиевден дагы өтүп кетти, 10 миң тонна сатып алабыз дейт, ие айланайын кудай, быйыл айыл чарба министри айткандай 1 млн. тонна буудай болбойт. Бул деген билбестик, профессионалдык деңгээлдин жоктугу.
А.С. плюс:
- Жамин агай, "бул жерде коррупцияланган схема түзүп чыгышкан, буудайды Кыргызстандан албай башка жолдор менен алып жатат" деп айтып чыктыңыз эле? Ушуга байланыштуу айтыңыз беле?
Жамин Акмалиев:
- Ошол, ошого тийиштүү. Бакиевдин учурунда Агропродкорпорацияны уюштурушуп, ал аркылуу акчаны жешкен. А акчаны кандай жешкен? Ошого мамлекеттин эсебинен акча беришкен. Менин оюмча, 1 млрддан кем алган эмес. Өзүбүздө буудай ашып-ташып жатса, клейковинасы начар деген шылтоо менен Казакстандан 400 миң тонна буудай алып келишкен. Ошон үчүн Агропродкорпорацияны жоюш керек.
Айылчы Сарыбаев:
- Бул сөз негизинен козголо элек болчу, азыр козгоого туура келет. Мамлекеттик деңгээлде коррупция жок дейт, бири бирине кызмат сатып кырылышып жаткандары менен иштери жок. Коррупциянын биринчи коркунучтуу түрү кызматтарды сатуу, мунун жыйынтыгы айыл чарбаларындагы проблемаларды жаратууда. Кызылчанын Кыргызстанда чыкпай калышы дагы коррупциянын жыйынтыгы. Кызылча өндүрүп жаткандарды өндүртпөй, сырттан кытайдын кумшекерлерин тонналап алып келип сатып, рынокту ээлеп жатышат. Эгер биз өзүбүз кумшекер өндүрүп сата баштасак, алар банкрот болот да.
А.С.плюс:
- Анда Кант заводун улутташтыргандан кийин инвесторлор келбей калды деп чара көрүү курулай сөзбү?
Айылчы Сарыбаев:
- Ал куру сөз.
Жамин Акималиев:
- Совет учурунда ар бир кишиге жылына 35 кг кумшекер жумшалса, а биз 78 кг өндүрчүбүз, Тажикстан, Өзбекстан өндүрчү эмес. 2009-жылы Өкмөт токтом чыгарып, Чудинов кол койгон, сырттан кумшекер алып келүүгө башка мекемелерге тыюу салып, эки гана монополист мекемеге руксат берилген. Дүйшөнкул Чотонов дагы бир кишиге. Ошентип сырттан 35 сомдон алып келип 60 сомдон сатып жатышпайбы, ортодон пайда көрүп. Бул мамлекеттик деңгээлдеги уурулук. Сөз болгон эки монополистке эч ким кирише алган эмес, анткени алардын артында Бакиев турган.
Айылчы Сариев:
- Эмне үчүн Монополияга каршы агенттик Бакиевдер кеткенине карабай, иш баштабайт, эмне үчүн саясат жүргүзбөйт, эмне үчүн антимонополдук механизмдерди иштеп чыгышпайт? Эмне үчүн Атамбаевге кайра-кайра кат киргизип "муну момунтпесек болбойт" деп айтпайт?
А.С. плюс:
- Республикада Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу агенттиги бар, анын иши канагаттандырабы?
Жамин Акималиев:
- Бул бийликтин кереги жок, өзүн өзү башкарган бийлик деп коюп кайра өкмөткө көз каранды болуп жатпайбы, бийлик берсең аягына чейин бер да. Бул жөнөкөй акча жегендин бир түрү. Муну жоюу керек.
А.С. плюс:
- Нариман Түлеев шаардын мэри болуп турганда темир контейнерлерди алып барып орноштуруп, "Дыйкан" базарын куруп, "дыйкандар өздөрү өндүргөн продукцияларын алып келип түздөн түз сатканга шарт" деп түшүндүрүшкөн. Тилекке каршы, ал жерге коюлган контейнерлерди дыйкандар эмес, а алып сатарлар сатып алышкан. Ушуга кандай көз караштасыздар?
Айылчы Сарыбаев:
- Менин көз карашымда, бул өтө эле примитивдүү, эгерде чын эле эл үчүн десе. Антип дыйкандардын маселеси чечилбейт. Экинчи жагынан алганда, бул татынакай эле коррупцияланган, жеке Нариман Түлеевдин жана башка 5-6 адамдын кызыкчылыгы үчүн атайын жасалган иш.
Жамин Акималиев:
- Көп ишкерлер, монополисттер элдин атын жамынып алып иш кылып жатышат. Айылчы туура айтты, элге жардам кылабыз деген шылтоо менен жеке өздөрүнө эле жакшынакай бир базар уюштуруп алышты.
Айылчы Сарыбаев:
- Дагы бир айта кетчү нерсе, бизде уюштуруу, өндүрүү иштери жүргүзүлбөй эле жыл сайын шайлоодон шайлоого даярдана беребиз, "бул шайлоо өтсүн, тигил шайлоо өтсүн" деп иштин баарын токтотуп коюшат. Мындай болбойт да! Бу тирүү адам деген тамак жеш керек, кийим кийиш керек. Мал багып, эгин айдаш керек, бала-бакырасынын курсагын тойгузуш керек. Өзгөчө экономикалык кылмыш иши болсо, шайлоо болобу, балакети болобу жоопко тартуу керек.
Жамин Акималиев:
- Эң туура айтты Айылчы иним. Мисалы, кылмышкерлер кылмышына жооп бермейинче, кийинки кылмышка дагы шарт түзөт деген кеп бар, туурабы? Мени таң калтырганы 121 депутаттын 60ы кол коюп, Калиев деген кылмышкерди "үйүнө чыгарып бергиле" деп кагаз жазып беришти. Бул эмне деген шумдук, минтип отурсак биздин келечегибиз эмне болот? Бул "Жашасын коррупция, жашасын кылмышкер!" деген эле кеп да. Кыргызстанды талап-жей берсин. Мына Бакиевди кармай албай, чыгарып жибердик. Макул, Бакиевге алдары жетпептир, эмне үчүн Данияр Токтогуловичти, Суталиновду жана башкаларды чыгарып жибердик? Кылмышкерлерди элдин алдында жазаламайынча, эч убакта бизде күрөшүү дагы, өсүү дагы болбойт. "Калиевде күнөө жок да, бул бечара бир чабак, күнөөнүн баары Бакиевде" дешет, ушул кантип жакшылык болсун? Анан да депутаттар бет тырмашып, "Биз жөн эле жазып койдук, сот чечет" дешет. Сот эмнени чечмек эле, сотторду тандай турган курамды өздөрү бекитип беришсе, депуттардын айтканын жасашат да алар.
Айылчы Сарыбаев:
- Кат жазган депутаттарды аморалдык-бети жоктук, уятсыздык деп туруп Парламенттен чыгарып ташташ керек. Анткени, алар менин, бул кишинин, силердин, жанагы жетим-жесирлердин, элдин эсебинен жашап жатышат. Парламенттик креслого алып келүүгө салым кошуп окко учкан эр-азаматтарыбыздын үй бүлөлөрүнөн түшкөн салыктын эсебинен жашап жатышат.
Жамин Акималиев:
- Мен угуп жатам, быйылкы жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен Жогорку Кеңештин чыгымына 1 млрд. сом кетет деп угуп жатам. Мен легендарлуу парламентте иштегенде же там жок, же машина жок жөө эл үчүн бекер эле иштеп бергенбиз. Экономиканы башкарып тургандар бир гана профессионалдар эмес, мекенчил, патриоттордун дагы жоктугунан болуп жатат. Элге күйгөн, жерге күйгөн адамдар жок. Мен мактанбайын, бирок, биз эл-жер үчүн башты сайып койгонго даяр болчубуз. Ошол эле учурда элибиз дагы өздөрү ойгонуш керек, мына 20 жыл ичинде кор болуп бүттү го, алданып. Эми жок дегенде таза шайлоо өткөргөнгө аракет кылып, эл дагы бул процесске катышыш керек.
А.С. плюс:
- Бажы союзуна кирүү өлкөгө кандай таасирин бермекчи?
Жамин Акималиев:
- Бул Кыргызстан үчүн өтө коркунучтуу. Бажы союзуна кирген өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыгы жок, булардын саясий, аймактык кызыкчылыгы бар. Кыргызстанды Бажы союзуна биротоло киргизип алып, анан өздөрүнүн айтканын жасатууну көздөшүүдө. Ошон үчүн биз канча кыйынчылык болбосун, Бажы союзуна кирбешибиз керек. Биз бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна эмне үчүн кайрылбайбыз, эмне үчүн Азербайжан өңдүү нефтиге бай өлкөлөр менен байланышпайбыз? Эгер биз Бажы союзуна кирип алсак, булардын кысымы менен баа азыркыдан 3-4 эсе өсүп кетет.
Уюштургандар
Азима АКУНОВА,
Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??