"Беспредел"

Быйылкы сезонду милиция талкалады…
Бостери айылында жайгашкан "Асыл-Таш" пансионатында жергиликтүү жаштар менен Бишкектен барган ИИМге караштуу кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ортосунда жаңжал чыгып, милиция тарабынан балдарга ок атылган. Атылган октон эки бала жараат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми жарандарга ок аткан милиция кызматкерлери скутерге түшүп, качып жок болушкан. Учурда бостериликтер "Акаев, Бакиев бүтүп, эми милициялар сезонду талкалашты. Көпчүлүк казактар, Россиядан келип жүргөн эс алуучулар жолдомолорун артка кайтарышып жатат" -деп билдиришти.

Көлдүктөр сырттан келген милицияларга нааразы
Болгон окуяны жеринен иликтөө максатында Ысык-Көлгө барган атайын сапарыбызда жергиликтүү тургундар менен пикир алыштык. Алардын айтымында сезон башталган ар жылы милиция кызматкерлеринин саны көбөйүп, кээде тартип бузууларга өздөрү жол беришет. Ал гана эмес эчен жылдан бери соода-сатык менен күн көрүп, сезондо эптеп акча табууну көздөгөн карапайым калктын чөнтөгүн шыпыргандардын катарына милиция кызматкерлеринин да кошумчасы бар экен. "Салыкчылардан жабыр тартканыбыз аз келгенсип, милициянын да кысымына дуушар болобуз" дешип, кыйналгандарын жашырышпады. Андан да быйылкы жылы Ысык-Көлгө кошумча милицияларды көп санда алып киришкен. Бул нерсе да нааразычылыкты туудуруп жаткандыгы ачык билинип жатты. Жергиликтүү тургундар "Өзүбүздүн жергиликтүү милиция кызматкерлери деле ойдогудай иштешет. Ал гана эмес сезондо эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого, коомдук тартипти орнотууга күчү жетет. Эмне үчүн кошумча күч киргизишет" -деп нааразы болушууда.

Жыпара АЛСЕЙИТОВА, Бостери айылынын тургуну:
- Өзүбүздүн милициялар Ысык-Көлдүн коен жатагына чейин билишет. Сырттан келген милициялар акча жасашат, анан 4-июлдагы окуядай болуп башаламандыкты пайда кылышат. Эс алып чардашат. Анын эмне кереги бар? Күзөт милицияларды гана алып келишсе болот. Ал эми жанагы кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн оперлеринин кереги жок. Алар өзүбүздүн деле райондо жетишет. Мына бүгүн Рысалиев келди. Элдин баарын дүрбөтүп эмнеге келди. Мелис Турганбаев келип жүрүп кетти болду жетишет да. Алар келишсе да жөн келишпейт Жолдун баарын тостуруп, адамдарга тоскоолдуктарды жаратышат. Көп болсо үч айга жетпеген сезон болот экен. Жайыбызга коюшса жакшы болот эле. Зарылбек Рысалиев баш болуп, кечээги окуяда көлдүн карапайым элин жаманаттылап коюшту. Эң биринчи ошол чыр чыккан пансионат кимдики экенин, канча акчага жана кандай жол менен менчиктештирилгенин иликтеп чыгышса болмок. Сезонду тынч өткөрүп алгандан кийин ушул маселенин үстүндө иштейли деп жатабыз.

Башаламандык эмнеден келип чыккан?
4-июлдагы окуя тууралуу жергиликтүү тургундар жана жабырлануучулар өз пикирлерин билдирүүдөн баш тартышты. Себебин сезондун тынч өтүшү менен түшүндүрүштү. Биз муну туура кабыл алып, окуянын келип чыгыш себептерин айрым күбөлөрдүн версиялары менен берүүнү туура көрдүк.
Көп жылдан бери жалаң гана жайкы сезондо акча табышып, ошол акчаны кийинки сезонго чейин жеткирип күн көргөн көлдүктөрдүн жашоосун ким түшүнсүн. Ысык-Көлдөгү пансионаттарды ит бекер менчиктештирип алышкан чиновниктер кайсыл жактык болсо ошол жактан өз адамдарын алып келишип, жергиликтүү тургундардын соода кылуучу жайларын тартып алууга аракет жасап жатышканы акыркы жылдары көнүмүш адатка айланган. "Асыл-Таш" пансионатындагы чыр-чатакты бийлик тарап канчалык жашырууга аракет кылып жатышканы менен сезон ийгиликтүү аяктаар замат, башаламандык кайрадан күч алышы мүмкүн.

Максат КЫДЫРГЫЧЕВ, аймактык милиция кызматкери:
- Бостери айылынын аймактык милициясы ден соолугуна байланыштуу ишке чыкпай жаткандыктан, ордуна убактылуу иш алып барып жатам. Учурда Бостериде абал тынч. Эс алуучулар коркпой эле келе берсе болот. Эс алуучулардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоого биздин күчүбүз жетиштүү.
1. Көл жээктеги пляжда соода сатык кылган жаштар менен келгин жарандардын ортосунда талаш жаралат да, жергиликтүү жаштар Бостери айылындагы агаларына чалышат. Ал эми берки тарап милиция чакырат. Ошентип милиция менен жергиликтүү жаштардын ортосунда чоң жаңжал чыгып, милициялар мыйзамсыз курал колдонууга өтүшөт. Курал колдонуп гана тим болбостон, скутерге түшүп качып кетишкен. Жаалданган бостерилик жаштар кыжырданып, элүүгө жакын жергиликтүү жаштар чогулуп, Ысык-Көл райондук ИИБнин башчысына курал колдонгон милицияны алып чыгып берүү талабын коюшкан. Начальник милиция элдин талабын ынандыра албагандыктан, жергиликтүү жаштар начальникке жана акимге кол көтөрүүгө барышкан. Ошондой эле аймактык милиция кызматкерин ур-токмокко алышкан.
2. "Асыл-Таш" пансионатынын ичинде жайгашкан кафенин бир жагында Гуурдун балдары ал эми экинчи жагында жергиликтүү жаштар эс алып отурушкан. Клиенттерди тейлөөгө жетишпей жаткан кыздар тарапка ГУУРдун оперлери тарабынан жаман сөздөр айтылган. Мына ошондо кафенин бери жагында отурган жергиликтүү жаштардын кыжыры келип, милиция менен кагылышууга барышкан.
3. "Асыл-Таш" пансионатынын директору Сагынбек аттуу жарандан жергиликтүү жаштар өзүнө тиешелүү салык алып турушчу экен. Бул жылы да пансионат тиешелүү салыгын жергиликтүү жаштарга берген. Бирок, жаштар кошумча дагы акча сурашкан. Бирок, пансионаттын директору акча берүүдөн баш тарткан. Ошол себептүү 4-июлдагы окуя атайын даярдалган дешет.
Жайкы сезондо гана акча таап, өз оокаттарын кылып калууга жанталашкан жергиликтүү тургундар эс алуучуларды чоочутуп алуудан коркушуп, милициялар менен бир пикирге келүүгө мажбур болушкан. Учуда милициялардан ок жеген бостерилик эки жаш жигиттин бири Чолпон-Ата шаардык ооруканасында. Ал эми абалы кыйыныраагы Бишкек шаарында жайгашкан милиция кызматкерлеринин медициналык госпиталында дарыланууда. Баарынан кызыгы милициялар артын жабуунун максатында жарадарды өздөрүнүн ооруканасына жаткырышканы болууда. Эмне үчүн ок жеген жөнөкөй жаран милициялар дарылануучу атайын госпиталга жаткырылышы керек? Мына бул суроонун артында көптөгөн жашыруун сырлар бар. Алдыда шайлоо, сезондун тынч өтүшү деген шылтоолор менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган милиция кызматкерлеринин жасаган мыйзамсыз кылмыштарынын бети ачылбастан, жабылуу аяк жабылуу бойдон калууда. Болуп өткөн окуя боюнча жергиликтүү бийликтин пикирин өз ооздорунан угууну чечкенбиз. Бирок, тилекке каршы аларды кызмат орундарынан таба албадык. ИИМ министри Зарылбек Рысалиевдин келгендигине байланыштуу, ага сый-урмат көрсөтүп, колдору бошобой жатыптыр. Ысык-Көл районунун акими Нурлан Насирдинов бостерилик жаштардан жаакка жегенден бери кызмат ордуна келе элек экен. Жогорудагы окуя туурасында иликтөө уланууда.

Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Ысык-Көл-Бишкек