Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
БШКнын биринчи "подаркеси"
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов туура эмес "подаркелерин" тарата баштады. Тактап айтканда өзү бакиевчи экени аз келгенсип, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчисине Бакиевдин тушунда Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп кызмат кылган Султанов Марат Сейитбаевичти дайындады. Мына ошентип бакиевчилер четинен каалганы кагып, кызматка келе башташты. Дегинкиси кыргыздар эзели жыргабай калдык окшойт. Эми бул шайлоонун да таза өтөөрүнөн күмөн санап калдык.

7-апрель - азыркы бийликтин бактысы
Өткөн жылдын 7-апрелинде элдин толкуну күч алып, эски бийликтин ордуна жаңы бийликти орнотуу үчүн 87 эр азаматтарыбыз набыт болгон эле. Ошол 87 баатырдын өлүмүнө тиешеси бар деп 28 адам соттолууда. Айыпталуучулардын бири Бактыбек Калиевди соттун чечими менен 12-июнда абактан чыгарып, үй камагына бошотулган. Мына бул ишке нааразы болгон 87 баатырдын ата-энелери Ак үйдүн алдында жыйналып, "Толук түрдө жазаларын алышсын жана 61 депутат аларга макулдугун бергени туура эмес" деп, арыз-муңдарын төгүп туру.
7-апрелде баласы окко учкан Дүйшөналиева Саты апанын айтымында, "Биздин балдар жан уруп каза таппаганда, булар минтип какайып жүрө алмак эмес эле" деп зар какшайт. Ошондой эле, "Эгерде балдардын өлүмүнө тиешелүү кишилерди боштондукка чыгарышса, анда биз ачкачылык жарыялайбыз, ал гана эмес, өзүбүздү өрттөгөнгө даярбыз",- деп кошумчалады.

Жалал-Абаддыктар жаңы губернаторун жакшы кабыл алышты
Областтын экс-губернатору кетет-кетет болуп жатты эле бийлик акыры алып тынды. Бектур ака өзү дагы "эт эмес же чел эмес" болуп жүргөн кызматтан чарчаса керек. Үсөн Сыдыков акенин реваншында, азыркы бийликтин бирөөсү да Бектур Асановго окшоп төшүн тосуп күрөшкөн эмес. "Эшек суудан өткөнчө" деген лакап, ушул бийликтегилердин мамилесинен пайда болгонбу деп да койосуң.
Жалал-Абаддын эли да көптөн бери жаңы губернатордун келишин күтүп жүрүшкөн. Бул кызматка жакынкы арада Азиз Турсунбаев деген жигит келди. Жаңы губернатор буга чейин ЖКнын 2 жолку депутаты болуп, вице-спикерликке чейин көтөрүлгөн. Бул 2 жолку чакырылыштагы эски коллегалары Азиз мырза жөнүндө эң жакшы пикирлерин айтышты. Депутаттык корпуста жүргөн шыбыштар боюнча Азиз Турсунбаев вице-спикер болуп турганда бийликке да, оппозицияга да нейтралдуу болуп, ар дайым адилеттүү тарапты колдоого алчу экен.
Депутаттык башка иш, губернаторлук башка иш. Ал эми Жалал-Абад областындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү башка иш. Тажрыйбаны иш көрсөтөт дегендей, Ишиңиз илгери болсун Азиз мырза!

Калмаматов кадырын көтөргөндө
Колунан жарытылуу иш келбеген "Ата-Мекен" партиясынын жарма патриоту Бакыт Калмаматов парламентте өзүн ак көрсөткүсү келдиби, айтор, жалпы депутаттарга "биз 2-класстын окуучусу белек, сүйлөгөндүн маданиятын сактабайлыбы" деп акыл үйрөтүп өттү. Чындыгында, Калмаматов баягы ала көөдөндүгүн коюп, алгач өзү добуш бергенди өздөштүрүп алса дурус болмок эле. Депутат Өмүрбек Абдрахманов "азыркы жаштар жарма патриоттор" дегениндей, Бакыт Калмаматов дагы айрым жарма патриоттордун катарын толуктап келет. Редакциядан бир эмес бир нече жолу чалып, "дебатка келип бер" десек "кадырын" көтөрүп, мага тең келчүү киши жок дегенчелик кылып, ар кайсы шылтоону айтып кутулду. Мүмкүн чындап эле 2-класстын окуучусунун деңгээлиндей бар экенин элге көрсөткүсү келбегендир

Ата-Журт жүрөктө сакталат
Жума башында "Ата-Журтун" съездинде партиянын журтка белгилүү деген маданияттуу мүчөлөрү Ибрагим Жунусов менен Нурлан Шакиев гимн ойнолуп жаткан учурда жүрөгүнүн кайда экенин билбей калыштыбы же фигураны кандай сактап жүрүү керектигин көрсөткүлөрү келдиби, айтор, колдорун курсактарына коюп алганына күбө болдук. Баса, Курманбек Бакиев Германияга барып бөйрөгүнүн кайда жайгашканын билип келди эле, булар деле жүрөктөрүнүн кайда экенин аныктап алса болмок экен. Президент болгуча көп нерсени билип алышпаса, элге чындап уят болушат.


Сибирь аймагында кыргыз диаспораларынын конгресси түзүлдү
2-3-июлда Россиядагы Сибирь федералдык округундагы 12 кыргыз диаспорасы Хакасия республикасында жолугушуп, көп маселелерди талкуулады. Андан тышкары ошол күнү хакас элинин улуттук майрамы "Түн пайрамга" кыргыз өкүлчүлүгү катышты. Эн башкысы "Мекендештер" аталыштагы регионалдык конгресс түзүлүп, конгресске Красноярск, Улан-Удэ, Новосибирск, Хакасия, Тыва, Омск, Алтай крайы, Барнаул шаары, Томск, Чита, Кемерово, Тоолу Алтай диаспоралары мүчө болушту. "Негизги максаты Сибирь аймагындагы кыргыздардын башын бириктирип, маданий, коомдук чөйрөдө таасирин арттыруу болуп саналат. Эмгек мигранттарынын укугун коргоо, социалдык жактан көмөк кылуу, маселелерин чечүүдө шарт түзүлмөкчү" дейт "Мекендештер" конгрессинин өкүлү Азиз Чериков. Мындай биримдик, кыргыздардын жолугушуусу Барс-Бек кагандын мамлекеттүүлүгүнөн кийин алгачкы болуп аткан иш чара. Эске салсак, Хакасиянын көптөгөн аймагында тарыхый жайлар, кыргыздарга тиешелүү мүрзөлөр али күнгө чейин сакталып турат. Хакасиянын борбору Абакандан 60 чакырым аралыкта "Хан Көл" (Барс-Бектин көлү), Шыра (Шире), Туз Көл, Белө (Бөлө) көлдөрү жана жер аталыштары кыргыздын эзелки мекени экенинен кабар берет. Хакас эли дагы кыргыздарды "улуу агабыз" деп тааныйт.


Окурмандардын эсине!
Эгерде Сиздин укугуңуз тепселип, сот, прокуратура, бийлик тараптан акыйкатсыздык болуп жаткан болсо, "Ачык саясат плюс" гезитине кайрылыңыз. Биз журналисттик иликтөө жүргүзүп, ак кайсы, кара кайсы экендигин аныктоого аракет кылмакчыбыз.
Сизден кат, арыз, кайрылуу жана кылмыш иштерине тиешелүү соттук процесстердин документтерин күтөбүз. Ошондой эле, "Ачык смс" рубрикасы сиз үчүн кызмат өтөйт, бул үчүн (0 778) 77 94 89 номерине "смс плюс" деген сөз менен маалыматтарыңызды калтырып койсоңуз болот. Мындан сырткары, (0 312) 90 14 39 номерине чалып байланышыңыз.
Урматтуу окурман!
Көөдөнүңүздү мите курттай жеп, жүрөгүңүздү түйшөлткөн суроолоруңузду, арыз-муңуңузду сот жана бийлик органдарына жеткирүүгө "Ачык саясат плюс" гезити көмөктөшмөкчү.
Биз Сизге жардам берүүгө даярбыз.

Журналисттердин эсине!
Кубанычбек Исабеков төрагалык кылган "Ысык-Көлдүк журналисттер" коому туризмди өнүктүрүү, экологияны жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча жазылган эң мыкты макалаларга (материалдарга) конкурс жарыялайт. Бул конкурска телерадио, Интернет-сайт жана гезит-журналдардын кабарчылары катыша алат.
Конкурстун жыйынтыгы 2011-жылдын 10-сентябрында чыгарылат:
1-орун-санаторияга 10 күндүк жолдомо;
2-орун-беш күндүк 2 жолдомо;
3-орун-үч күндүк 2 жолдомо.

Жарыяланган материалдарды төмөнкү дарекке жиберүү керек:
Бишкек шаары
Киев көчөсү, 58 (3-подьезд)
Тел: (0312) 66-08-09
Факс: (0312) 68-17-30

Талапкерлердин эсине!

ПРАЙС - БАРАКЧА
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана ЖКнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолор боюнча" мыйзамына ылайык "Ачык саясат плюс" коомдук саясий-укуктук гезити КРнын Президенттигине талапкерлердин үгүт иштерин чагылдыруу үчүн үгүт материалдарынын төмөнкүдөй бааларын билдирет:
Түстүү 1-бет - 60 000 сом
8-9-беттер - 50 000 сом
16-бет - 40 000 сом
Түссүз 2-беттен 7-бетке чейин - 40 000 сом
Түссүз 10-беттен 15-бетке чейин 30 000 сом


Талапкерлердин эсине!

ПРАЙС - БАРАКЧА
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана ЖКнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолор боюнча" мыйзамына ылайык "Доор kg" коомдук саясий гезити КРнын Президенттигине талапкерлердин үгүт иштерин чагылдыруу үчүн үгүт материалдарынын төмөнкүдөй бааларын билдирет:

Түстүү 1-бет - 60 000 сом
8-9-беттер - 50 000 сом
16-бет - 40 000 сом
Түссүз 2-беттен 7-бетке чейин - 40 000 сом
Түссүз 10-беттен 15-бетке чейин 30 000 сом






кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??