Элдик трибуна

Башкы прокуратуранын алдында
Ушул жуманын 12-июль күнү Башкы прокуратуранын алдында 200гө чукул адам жыйналып Баш прокурор Аида Саляновага нааразы экенин билдирип чыгышты. Ал жерде митингге жыйналган эл Аида Салянова кызматка келгенине эки ай болбой жатып таза иштеген Чүй облусунун прокурору жана райондордун прокурорлорун мыйзамсыз иштен бошотуп туура эмес кадамдарга барып жатканын билдирип чыгышкан. Иштин чоо-жайын билүү үчүн биз нааразы тараптын оюн угуп кайттык.

Мирлан БЕКИТАЕВ, 7-апрель партиясынын төрагасы:
- Демилгечи топ-бул аксакалдардын жана жаштардын тобу. Биз бүгүн талаптарыбыз менен ушул жерге келдик. Башкы прокурор туура эмес кадрдык саясат жүргүзүп жатат. Ошону токтотсун, эгерде токтотпосо, жалпы Чүй облусунун эли митингге чыгып Аида Салянованын өзүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылабыз. Биз бүгүн Президентке жана Премьер-министрге кайрылуу жасап жатабыз. Эгерде майнап чыкпачу болсо, анда биз өзүбүздүн баабызды беребиз. Бакиевдин мыйзамсыз жасаган иштерине кылмыш ишин козгоп жаткан прокурорлорду азыр жумуштан бошотуп жатат. Ал эми бул прокурорлордун ордуна келүүчү прокурорлор Бакиевдин тушунда иштеген жан жөкөр прокурорлор. Ал эми азыркы прокурор Жунушалиев Кемелбекти эл өзү 2010-жылдын 8-апрелинде келип шайлап алган. Чындыгында Кемелбек мырза кызматка келип жатып өзүнө милдеттенме алган "мени эл дайындады мен эл үчүн кызмат кылам жана туура эмес жасалган же болбосо мыйзамсыз аткарылган иштердин бетин ачып, аягына чейин толук аткарам",- деген. Азыр Жунушалиев бир топ иштердин бетин ачып, жакшы эле иш жүргүзүп жаткан эле. Тилекке каршы, Салянова бут тосуп кызматынан бошотуп жатат. Биз ошого нааразы экендигибизди билдирип минтип жыйналып отурабыз.

Сооронбай
САГЫНБАЕВ:
- Мына биз бүгүн бул жерге келип отурганыбыздын бирден бир себеби, Чүй облусунун прокурору Жунушалиевди мыйзамсыз жумуштан бошотуу аракеттери көрүлүп жатат. Мына ошого каршы экендигибизди билдирип келдик. Аида Салянова ким болуп калыптыр, ошону дайындаган бийлик төбөлдөрүнүн дагы мээси жок. Жалаң жеп-ичем дегендерди алып келип жатат. Жанагы эле Бакиевдин кландары же куйруктары кызматтарга отуруп жатат. Эмне биз Бакиевдерди кууп, анан ушулар ошол жолго барсын деп пикетке чыктык беле? Азырынча мына ушул талабыбызды аткарып беришсин. Аткаргылары келбесе, анда кеп башкада.

Төлөн Сатылганов,
демилгечи топтун
жетекчиси:
- Биринчиден сөз жок. Эмнеге дегенде "жакшы иштеп жатат" деген прокурорубуз ушинтип жатса, анда ишеничтен чыгып калышты дегенге барабар. Бул болуп жаткан нерселерди карапайым эл деле түшүнүп жатат. Булар элдин көзүн көр деп элестетип жаңылып жатышат. Биз алгач Аида Салянованы дайындалды дегенде жакшы эле кабыл алган элек чындыгында, эки ай өтпөй жыйынтыгы мындай болуп жатат. Тескерисинче, биз ойлогонбуз акыйкат иштейт деп. Бирок, Аида Салянова дагы 7-апрелден бери прокуратурадагы үчүнчү прокурор болуп келди Буга чейин Байболов мындай иш кылган эмес. Таза иштегендерди Салянова караш керек эле да туурабы? Ал тескери баратат. Кубатбек Байболов текшерип кеткен жумуш боюнча, ал эми Аида Салянова жумушка келээри менен кайра текшерүүгө алган. Бирок эч кандай жыйынтыгын билдирбей туруп мындай чечим чыгарып койгону туура эмес. Мына биз бүгүн каршыбыз деп чыгып алып эртең үйдө отуруп калбайбыз, аягына чейин күрөшүүгө даярбыз. Бирок талаптарды тезинен орундатуусун суранабыз. Себеби, азыр көрүп турасыңар, бир мүнөт бош турууга болбойт. Талаа жумуштары башталып, жыйын кылуучу мезгил жакындап калды. Анан биз бул жерден Жунушалиевге карата жасалып жаткан иштерин толугу менен мыйзамсыз аракеттер деп эсептейбиз. Эгер Салянованын жасаган иши туура болсо "азаматсын, туура кылдың Жунушалиев прокурордук орунга татыксыз, иштен кетсин" деп колдомок элек да. Анан туура иштеп жатса, кантип эле чыгып алмак элек. Болгону ошол биздин талаптарды орундатып берүүсүн суранабыз.

Бактыт,
демилгечи топтон:
- Азыр жыйналып тургандардын көпчүлүк бөлүгү жаштар экенин байкап жатасыздар. Жаштар коомдо чоң күчкө ээ экенибизди унутпайлы, ошондой эле жетекчилер дагы унутушпасын дайым эсинде сактап жүрүшсүн. Алар өздөрү деле билет жаштардын күчү менен, жаштардын каны менен бийликке келгенин. Эмне биз маңкурт болуп калыптырбызбы? Каалаган кишисин кызматка коюуп алганга жол бергидей? Бийлик элдики анан дагы эстерине түйүп, кулактарына сырга кылып илип алышсын, мындай кадамдарга бара берчү болсо дагы биз элди жыйнап азыркы бийликтин жасап жаткан иштерине жана бийлигине каршы чыгабыз.

Эренбүбү
Юсупахунова:
- Эми а дегенеде күнөөнү мойнуна коюп туруп, анан жумуштан бошотуш керек. Эч нерседен кабар бербей туруп эле бошотуу бул туура эмес көрүнүш өзгөчө мыйзамга каршы келет. Мына президенттик шайлоо дагы жакындап калды ошондуктан элге тынчтык керек.
Мен Аида Салянова дайындалса "жакшы иштейт, таза" деп. сүйүнүп жаңылышыптырмын Эми мындай иштерин кылганына күбө болгон соң, жакшы жактары жок экенин билдирип жатат десем болот. Мүмкүн аны комиссиянын курамындагы балдар сатып койду. Мен пенсияга чыксам дагы кереги жок Жунушалиевдин кызматы үчүн деп отуруп алсам болмок. Бирок, бул жигитти жаштайынан билебиз дасыккан, өз милдетин билген жигит. Ошондуктан, мен билгим келет акыйкаттыкты.

Даярдаган
Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ