Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кайчы пикирлер

Алмаз Батырбеков:
"Слесарев менен Жутановду тааныбайм"
Кечээ жакында Өкмөт 7-апрелден кийин түзүлгөн Жаштар министрлигин Миграция жана эмгекке орноштуруу министрлигине кошобуз деген токтом чыгарган. Бүгүнкү күнү өлкөбүздүн башында бийлик жүргүзүп тургандар жаштардын күчтүү толкуну менен келишкенин ким тана алат? Биз бүгүнкү дебатыбызга Республикалык "Жаштар Кеңешинин" өкүлү Мавлян Аскарбековду жана "Республика" фракциясынан депутаты Алмаз Баатырбековду чакырып, ортого жаштар маселесинин айрым көйгөйлөрүн таштадык. Кеп кезеги менен болсун.

А. С. плюс: - Өкмөт Жаштар министрлигин Миграция жана эмгекке орноштуруу министрлигине кошобуз деп токтом чыгарган, бирок, токтом колдоого алынбай калды. Дегеле Жаштар министрлигинин түзүлүшү боюнча пикириңиздер кандай?
Алмаз Баатырбеков:
- Негизи мен өзүмдү саясатка жаңыдан кадам таштап жаткандыгым үчүн жаш саясатчы катары эсептейм. Жаштар коомдун катуу күчү болуш керек. Жаштар министрлиги өзүнчө болгону абдан эле туура. "Кошуп коёбуз" дегени бул бир аз статусун ылдыйлатабыз деген гана ойдо жасалып жатса керек. Тескерисинче, бул министрликке жардам берип, жол көрсөтүш керек деп эсептейм. Бирок, Жаштар министрлиги жакшы иштеп жатат дегенден алысмын, мүмкүн жаңы болгону үчүн бир аз кыйынчылыктар болуп жатат болуш керек.
Мавлян Аскарбеков:
- Мен кыскача эле айта кетейин. Биринчиден, ачыгын айтканда, 2010-жылы Алмазбек Атамбаев Жаштар министрлигин түзөбүз дегенде мен каршы чыкканмын. Себеби, бир багыттуу ишти алып бара турган министрлик эмес. Бирок ага карабай, министрлик түзүлдү, кудайга шүгүр азыр там-туң этип штаттын аздыгына, бюджеттин тартыштыгына карабай, Жаштар минстрлиги иштеп жатат.
А.С плюс: -Министрликке кандай сунуш айтат элеңиздер?
Алмаз Баатырбеков:
- Жаштар жумушка тартылбай жатат деп келгенбиз, жаштарды жумушка тартыш үчүн мыйзамдарды туурараак кылыш керек. Бул тууралу биз өзүбүзчө отурумда талкуу кылганбыз. Мамлекеттик кызматтарга конкурстун негизинде, курагына карап чектөө койсо болот. Чектөө дегеним жумушка документ тапшырып жатканда 25 жашка чейинкилер бул жактарга тапшырсын деп койсок, жаштарга жумушка орношууга мүмкүнчүлүк болуп калмак. А бизде критерий мамлекеттик кызматтарда 5 жыл иштеш керек деп турат. Менин оюмда ушул тармакта иш кылса жакшы эле болот болуш керек.
Мавлян Аскарбеков:
- Мен эми буга чейинки болгондорун эмес, мындан кийинки боло турган иштерди жана өзүмдүн сунуштарымды айтып өтсөм. Биз, жаштар коомдук уюмдары Жаштар министрлиги менен абдан тыгыз иш алып барып жатабыз. Алмаз Баатырбекович мыйзам сунушталган эмес деп айтып өттү, биз бир нече мыйзамдарды сунуш кылганбыз, бир дагы мыйзам ишке аша элек. Жаштар уюмдарынын атынан келген сунуштарды карап иш кылышса.
А.С плюс: -Биздин мамлекетте жаштардын жаш ченеми мыйзам боюнча 14төн 28ге чейин, ушул жаш курак ченеми туура коюлганбы?
Мавлян Аскарбеков:
- Биздин сунуш бул ченемди 18ден 35ка чейин өзгөртүшүбүз керек. Биринчи себеп, 21 жаштан депутат боло алабыз, ошондо 14төн 21 жашка чейинки курак кесилип калып жатат. Туурабы? Экинчиден, 21, 22 жаш куракта адам ЖОЖду бүтөт, эгер фактыларга таяна турган болсок, жаш саясатчы же жаш депутат болуп, мамлекеттик ишке кириш үчүн мыйзамдын чегинде анын 28 жашка чейинки курагында эле мүмкүнчүлүгү бар экен дагы, ал 28 жашынан өткөн соң ал жаш куракка кирбей калат экен. Бизде 15% жаштар депутат болууга укуктуу деген мыйзам бар. 15% болгондо 14төн 28ге чейин депутат болгонго укугуң бар. Бирок, экинчи мыйзамда 21ден өйдө деп турат, мына ушул жерде карама каршылык пайда болуп жатат. Ошондуктан, логикалык негиз болуш үчүн 18ден 35 жашка чейинки куракты жаштардын социалдык бөлүгү деп ченөөсүн биз сунуштаганбыз, тилекке каршы, биздин сунуш өтө элек. Үчүнчүдөн, жакында депутаттар тарабынан мыйзам кабыл алынды, ал мыйзамда мындай дейт "мамлекеттик жумушта иштеген жарандар пенсия курагына келгенде ченеми жок иштей берүүгө укук алат" деп. Кечиресиздер, бул мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамды түздөн-түз бузуу дегенге жатат. Себеби, мамлекеттик кызмат жөнүндө жазылган мыйзамда так чек коюлган, "мамлеккеттик жумушта иштеп жатканда пенсия курагына келгенде пенсияга чыгып жумуштан кетишиң керек" деп. Эми ал чекти булар алып салышты. Кечиресиздер кесипкөй окуусун аяктагандан кийин жумушка орношуп, 5 жылдан кийин жетекчиликке орношууга укугу бар. Ал эми ал жерде жетекчи пенсияга курагы жетип, андан ары ошол эле ордунда иштей берсе, тигил баланын каррерасы өспөй калды дегенге жатат. Дагы айтып кетүүчү нерсе, Жаштар министрлиги эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта болушат. Тилекке каршы, ошондой карым-катнаштарга жаштардын атынан министрдин балдары кетишет. Бир эле мисалды айтып кетейин, ШКУга Кыргызстандын атынан кыргыз жаштарынан алты баланы көрсөтөт. ШКУда жаштар уюму бар ошол жерге жана айтып кеткенимдей, депутаттардын балдары барышат. Анысы аз келгенсип, ошол алты кишинин экөөсү аялы менен күйөөсү. Мен алардын иштерин изилдеп чыктым.
Алмаз Баатырбеков:
- Биринчиден Мавляндын айткандары туура, 35 жашка чейинки деген критерийди өзгөртүш керек. Мындайча айтканда, окууну жаңы бүткөн бала карьера жасайм десе, ага убакыт керек. Теорияны жакшы окуп келген бала практикалык түрдө өз ишин алып кетүүгө жакшы болот. Анан ШКУга ошондой жол менен барышса, албетте туура эмес. Бирок, ошол алты кишини ким көрсөтүптүр?
Мавлян Аскарбеков:
- Өздөрү. ШКУдан бизге 2008-жылы кат келген, бизге алты кишини бергиле деп. Анан бул жактан чоңдордун балдарынын тизмесин салып жиберет. 2008-жылы кабыл алынгандар дагы деле отурушат.
А. С плюс: - Азыр Парламентте жаш депутаттар жок эмес. Ошол депутаттардын бири Курманбек Осмоновдун кызы Нурзат Осмонова өзүнүн мандатын тапшырып берген, бул боюнча кандай пикирдесиздер?
Алмаз Баатырбеков:
- Мандатын тапшырып кетүү ар бир депутаттын өз эрки. Нурзат Осмонова кайрылып жатканда тажрыйбасы жетишей жатат экен деп ойлодум. Муну ал өзү деле айтып өттү.
А. С плюс: -Демек, Мавлян мырзанын жаш курак боюнча айтканына ушул далил болуп бере алат экен да?
Алмаз Баатырбеков:
- Ооба, далил болуп берет десек да болот.
Мавлян Аскарбеков:
- Ар кайсы мамлеккетте ар кандай чектер коюлган. Бирок, биздин мамлекет жаш, себеби, биздин өлкөдө жаштардын пайыздык бөлүгү жогору. Ошол эле Францияны алсак же дагы башка мамлекетти алсак, бул мамлекеттер карып бараткан мамлекеттердин катарына кирет. Ушундай факторлордун негизинде мыйзам жазылыт. Тилекке каршы, бизде жаштарды колдонуш үчүн эле жанагындай мыйзамдар жазылган. Анан Осмоновдун кызы Нурзат Осмонова боюнча пикирим, атасы-кызы ЖКга талапкерлигин коюшту, сот системасы болобу, Жогорку Кеңеш болобу ушундай көрүнүштөргө тыюу салыш керек. Жалаң Осмоновдордун же Бакиевдердин үй-бүлөсү жогорку кызматтарды гана ээлегендей, эмне биздин мамлекетин уругу үзүлүп калды беле? Алмаз мырза айтып кеткен кесип менен иштеп, улам тепкичке көтөрүлүп отуруп, анан жетекчиликке келиш керек дегенине толук кандуу коррупционер болуп чыгат деп 100% кепилдик берем. Ал эми мурда кыргыз мамлекетин түптөгөн инсандар 23, 25 жашта болгон, а бирок аларда тажрыйба болгон эмес да.
Алмаз Баатырбеков:
- Тажрыйбасы бар деген, ал жанагы улам тепкичке көтөрүлүү дегендик эмес. Сен айткандай коррупционер болуп кеткенге чейин кичине болсо да тажрыйба топтош керек дегеним.
А.С плюс: -Азыр айрым жаш депутаттар өздөрүнүн трибунасын таба албай жаткансыйт. Буга көз караштарыңыздар кандай?
Алмаз Баатырбеков:
- Туура айтасыз, азыр көпчүлүк жаш депутаттар өз ордун таба албай жатканы чын. Бирок, көч бара бара түзөлөт деп бекеринен айтылбаган чыгаар. Мисалга өткөн жылдагы шайлоону алсак, жылыш бар, бир аз таза өттү, мына ушинтип отуруп биз дагы өнүгөбүз.
Мавлян Аскарбеков:
- Мен бир мисал айтып өтөйүн, жакынкы күндөрү эле жаштар жыйналып калдык. Анан ал жерде "Ата-Мекен" социалисттик партиясынын мүчөсү ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков бизге либерализм жөнүндө айтып жатат. Мен туруп суроо бердим "Сиз "Ата-Мекен" партиясынын депутатысызбы?" десем, "Ооба",- деди. "Анда "Ата-Мекен" партиясынын идеясы эмнеде?" -десем акырын түшүнүп калды. Ал бизге социалисттик идеяны колдоп туруп, кайра либерализм тууралуу түшүндүрүп жатканын чыккынчылык деп түшүнсөк болот. Себеби, сен социалистсиңби, ошону колдо. Либералистсиңби, анда либералисттик идеяны колдоп чык. Мен ачыгын айтайын, сиз таарынбаңыз, биздин парламентте отургандар чала маңкурттардын биримдиги. Себеби, ал жерде басымдуу бөлүгү жыйырма жыл акчага тойбой жаткандар. Андан сырткары, азыркы парламентке салыштырмалуу Бакиевдин учурунда дагы жаштардын пайыздык бөлүгү Жогорку Кеңеште көп болгон. 7-апрелден кийин элдин баары бийликке жаштар келсин "жададык мына бул акмактардан" деген. Бирок, дагы деле ошол акмактар отурат же жалганбы? Менин конструктивдүү критикам, жаш депутаттар системага аралашып кетишти, булар айта турган нерсени ачык айта албай калышты, булар лидердин артынан баратышат ошол эле жолдо. Мына жаш депутаттардын кетирген кемчилиги ушунда. Эмне үчүн кечээги тарых жаш депутаттарга сабак болуп бербейт. Мамасалиев Алишер эмне болду эле? Мен дагы бир мисал айтып кетейин, биздин Жогорку Кеңешти түрмө деп эсептесек, ал жерде отурган чиновниктер баары чала маңкурт, кургак учук менен ооруйт дейли, ошонун ичине дени сак эки адамды киргизип койсок, ошол коррупционерлер айыгып кетеби? Тескерисинче, жаңы, ден соолугу чың адамдар аралашып кетет. Мына маселе ошондо болуп жатат.
А.С плюс: -Айтсаңыздар, азыр депутаттардын көпчүлүгү добуш бергенде тажрыйбасы жоктугунанбы же болуп жаткан маселени түшүнбөйбү дегеле одоно жаңылыштыктарды кетирип коюп жатышат. Өткөндө Бакыт Калмаматов "адашып басып алыптырмын" деди. Муну эмне себептен деп ойлойсуздар?
Алмаз Баатырбеков:
- Бул жерде юристтерден чыгып жаткан мыйзамды бурмалап айтып койсо "заблуждения" болот да. Себеби, өздөрү юрист эмес. Бирок, ошол эле учурда жарым жылдан бери тажырыйба топтоп жатышат. Мен айтып кетейин көпчүлүк депутаттар жаш, ал гана эмес бирөө айыл өкмөттөн келди, дагы бирөө мугалим болуп жүргөн, кыскасы, ар кайсы системадан келишкен. Башыда чындап эле бирөөнүн эле диктовкасы менен "ушундай турбайбы" деп добуш берип жатышкан.
А.С плюс: -Сиздерге белгилүү азыр Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановдун жетекчилиги алдында Жаштар парламентин түзүп аларды атайын даярдап окуудан өткөрүп жатышат. Ал эми биздин депутаттардын өздөрүн балким, ушундай атайын окуудан өткөрүү керектир?
Алмаз Баатырбеков:
- Партиялар өзүнүн абройу үчүн шайлоого чейин даярдаш керек эле.
Мавлян Аскарбеков:
- Бул жерде парламентке келген депутатты окутуш керек деген болбойт. Бул деген мектеп эмес да чынбы? Биз акмактарды алып келдикпи? Акмактар акмакча иштеп атабы? Мына бизде күнөө! Булардын деңгээлинин төмөн экендиги эмнеде? Биринчиден, акча берип келгендигинде. Экинчиси, квотанын негизинде. Конситуцияда 10 берене эч кандай дискриминация жок, жарандар баары бирдей укукка ээ деп жазылып турат. Мына ошондой фундаменталдык ичинен бузуп жаткан мыйзамдарды, ичинен бузуп жаткан НПОго окшогондор менен күрөшүшүбүз керек. Ошондо окутуш керек деген маселелер өзүнөн өзү жок болуп кетет. Анан дагы кадрдык маселе турат. Мына качан гана азыркы отурган адамдар түрмөгө түшүп же чет мамлекетке качып жок болуп кетмейинче, Кудай өзү түшүп келип мындай система менен иштейсиңер дегенде деле адамдар эки жылдан кийин деле бузуп салат.
Алмаз Баатырбеков:
- Руксат берсеңер, камакка алуу тууралу айтып коёюунчу. Сот жана башка органдарды реформа кылыш керек деп айтылып эле келе жатпайбы. Мисалы, бизде деле телефон менен сүйлөшүп, кармалып жатат. Азыр Американын бир штатынын губернатору бир сенатордун ордун сатканда эмес, жөн гана сатам деп айтып койгону үчүн санкция албай туруп эле жаздырып алган ошол сөзү үчүн соттоп жатышат. Бизде да ошого жеткенде чоңдор ойлонуп сүйлөп калат. А бизде азыр эч ким соттордон коркпойт.
Мавлян Аскарбеков:
- Туура айттыңыз, сиз "Республика" фракциясынансыз ээ?
Алмаз Баатырбеков:
- Ооба.
Мавлян Аскарбеков:
- Мына, атайын фактыларга таянып сүйлөйүн. "Республика" партиясы тарабынан сотторду тандоо кеңешине Василий Слесарёвду колдоп кол көтөргөнсүз, Алмаз Жутановго дагы добуш бериптирсиз, алар өттү. Эми Алмаз менен Василий коррупцияга баткан кишилер, бирок, аларды силер сотторду тандагыла деп дайындап жатасыңар. Алар эртең сотторду тандайт акчасын алып, анан соттор элдин акчасын алат, байкуш эл кайра революцияга чыгууга мажбур болот.
Алмаз Баатырбеков:
- Туура айтасың, биздин фракциядан үчөө көрсөтүлгөн. Бирок ал жерде мен жок болчумун.
Мавлян Аскарбеков:
- Кечиресиз, Бакиевден "бул жак эмне болуп кетти?" десе "мен манты жеп аткан элем" дегендей болуп калып жатпайбы.
Алмаз Аскарбеков:
- Эгер алардын күнөөсү болсо комитеттер өткөрбөй коёт. Буларды күнөөсүз деп айталбайм. Буларды тааныбайт экенмин дагы. Бирок, парламентте биздин депутаттар Жутановду өткөрүп жаткан учурда мына ушул нерселерди карап чыкса керек. Салыштырмалуу тазараактары эле өттү болуш керек.
Мавлян Аскарбеков:
- Мен жана башында айтып кеткендей, баары эле мына ушундай оорудан арыла албай, "Немного беременна" дегендей болуп жатат. Баарыңар эле "кичине, бир аз" деп суудан кургак чыгып кетип жатасыңар. БШКга дагы, сотторго дагы өздөрүнүн адамдарын алып баруу үчүн болгон аракеттерин жумшашты. Бул деген эртең ал жерде көзөмөл жасоо эмес, добуш жасоо дегендик. Элден же көз карандысыз жарандардан комиссия түзсөк эмнеге болбойт? 24 адамды тандап алып, ошолорго табыштап "Силер эч кимге көз каранды эмессиңер, шартыңарды түзүп берелик" дешсе алар макул болот. Ошондо гана эч ким эч нерсе дей алмак эмес.
Алмаз Баатырбеков:
- Мени кара Мавлян, сенин айткандарың теориялык жактан жакшы, минтип айтканга болот, а практикалык жактан болбойт.
Мавлян Аскарбеков:
- Грузиянын тажрыйбасычы?
Алмаз Баатырбеков:
- Грузия эмне көз карандысыз кишилерин алып келип анан шайлаттыбы?
Мавлян Аскарбеков:
- Жок, кечиресиз Грузияда мурда иштеген кишилердин баарын каматып салган, азыр деле түрмөдө отурушат.
Алмаз Баатырбеков:
- Жок, алар мамкызматта иштеген адамдарды гана алып келишкен.
А.С плюс: -Бакиевдин тушунда БШКнын төрагасы болуп иштеп жүргөн Туйгунаалы Абдраимовду кайра шайлап коюшту го?
Мавлян Аскарбеков:
- Эң туура суроо болду. Эмне үчүн кечээги акмакты кайра алып келип дайындап коюп жатат же кыргыздын уругу куруп калдыбы?
Алмаз Баатырбеков:
- Аны эми курамдын ичинен шайлап алышты да.
А.С плюс: - Бул жерде депутаттардын дагы үлүшү бар да?
Алмаз Баатырбеков:
- Парламент кезексиз жыйын өткөрүп, биз кийинки эки мүчөсүн тандап бердик.
Мавлян Аскарбеков:
- Кечиресиздер, мен бир нерсени айтып кетейин. Мен бир жерде конференция уюуштуруп калсам же дагы башка иш-чара өткөрсөм толук бойдон мойнума алам. А Алмаз мырза жанатан бери мен билбейм, ал жерде болгон эмесмин деп жатат. Депутаттардын баары ушундай жоопкерчиликтен качышат ашып барса саясий жоопкерчилик алат.

Уюштургандар
Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ
Азима АКУНОВА,








кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??