Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Адам өлтүрүү кечирилгис күнөө!

"Акыйкатсыздыктан чарчадым,
"самосуд" кылууга даярмын"
11.04.2010 саат 11:00 чамасында Сокулук районундагы Комсомол айылынан алыс эмес жердеги, "Ракун" кафесине жакын Сокулук-Дордой токойунан 20-25 жаштардагы аялдын күйүп кеткен денеси табылган.

Бул факт боюнча Сокулук районунун Ички иштер органынын тергөө органы тарабынан №9-10-298 Кылмыш иши боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 97-статьясынын 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, сөөктүн ким экендиги 3 айдан ашык белгисиз бойдон кала берген. Ким экендигин аныктоо жана кылмышкерди табуу үчүн Сокулук райондук ички иштер органына Москва жана Жайыл райондук ички иштер органы, Чүй областынын Ички иштер башкармалыгы, ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы кошулган. Бул боюнча маалымат гезиттерге жарыяланып, теледен көрсөтүлүп, интернет-сайтка жайгаштырылып, кокустук иштери боюнча Бюро текшерилгендигин, ИИМдин дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматтык борборунун тизмеси дагы текшерилип, көңүл ачуучу жайлар, мончо-сауналар дагы иликтөөдөн өткөнү тууралуу "D№…" гезитинин 2010-жылдын 7-июлундагы санына жарыяланган.
Акыры зордукталып, урулуп-токмоктолуп, андан соң бензин чачылып, өрттөлүп кеткен дене: Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын Манас көчөсүнүн №51 үйүнүн жашоочусу, күйөсүнөн ажырашып кеткен, бир кыз, бир уулдун энеси 1983-жылы туулган Ибраева Мээрим Жумабековна болуп чыккан.
Иликтөөдө 2010-жылдын 10-апрелинде 29 жаштагы Мээрим Максат аттуу жигитке 3-жолу жолугуу үчүн болжол менен түнкү саат 22:40та чыгып кеткенин Мээримдин курбулары Гуля жана Назгүл билдиришкен. Мээримдин курбулары Максат тууралуу өтө терең билбестигин, сырткы келбетин сүрөттөө менен, болжолу Манас айылында жашаарын, бирок, так жашаган жерин билбегендиктерин айтышкан. Манас айылындагы 20-25 жаштардагы жигиттердин баары суралып, акырында Мээримдин достору "баягыл Максат" деп Махмудду көргөзүшкөн. Максат Мээримди тааный тургандыгын мойнуна алган.
Максат - Нуржанов Махмуд Махамадович, 03.11.1988-жылы Өзбекстан Республикасында туулган, Манас айылында, Северная көчөсүнүн №23 үйүнүн тургуну, аялы бар, орто билимдүү, мурда соттолгон эмес. М.Нуржанов Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө органынын тергөөчү С.А. Сүйөркулова тарабынан 24.06.2010-жылы 18:00 КРнын Кылмыш, жаза кодексинин 94-статьясына ылайык кармалган. М.Нуржановдун айтымында, ал Мээримди жалгыз өлтүргөн эмес, жанында досу Арипов Риза Усенович болгон.
Арипов Риза Усенович-05.08.1986-жылы Чүй областында туулган, Манас айылынын Дружба көчөсүнүн №2 үйүнүн тургуну, улуту түрк, аялы бар, жогорку билимдүү, мурда соттолгон эмес.
Кармалган бир кеп, бирок, жазага тартуу бүгүнкү күнгө чейин ишке ашпай келет. Мээримдин апасы Калбүбү Ибраеванын айтымында, М.Нуржанов менен Р. Ариповдун үстүнөн козголгон кылмыш иши тийиштүү каралбай жаткандыктан, аларга бүгүнкү күнгө чейин чечим чыга элек. "Муну жетиштүү далил жок",- деп жатышат дейт К.Ибраева. Сокулук районунда тийиштүү каралбай жаткандыгын билдирип президентке кайрылуу жазган, КРнын Президентинин Администрациясынын Сот органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүм башчысы К.Дүйшеев 24.09.2010-жылы К.Ибраеванын жазган арызын Жогорку сотко жибергендигин кат жүзүндө маалымдаган. Ал эми буга Жогорку соттун төрагасынын орун басарынын м.а. М.Осмонкулов 13.10.10унда төмөндөгүдөй кат жүзүндө жооп кылган: "Сокулук районунун маалыматына караганда, Р. Арипов менен М.Нуржановдун кылмыш иши 2010-жылдын 26-июлунда сотко түшүп, ишти кароо күнү 2010-жылдын 12-августунда дайындалган. Бирок, Р. Арипов башка жактоочу жалдап алуусуна байланыштуу ишти кароо күнү 2010-жылдын 25-августуна которулган.
2010-жылдын 12-августунда соттолуучу М.Нуржанов айыпкер катарында жоопко тартуу жөнүндөгү токтомун албагандыгына байланыштуу ишти кароо күнү 2010-жылдын 6-сентябрына которулган.
…Сиздин арызыңыз Чүй областтык сотуна (2010-ж. 16-сентябрында) иштин материалдары менен бирге толук, ар тараптуу, мыйзам белгиленген мөөнөттүн ичинде кароо үчүн жиберилген".
Бирок, бир жыл бою акыйкаттыкты таппаган Калбүбү Ибраева редакциябызга колундагы болгон документтерди көтөрүп алып келди, "Кызымды өлтүргөндөрдүн бири түрк, бири өзбек", -дейт ал. Эненин абалын сүрөттөө дагы оор, ал бул дүйнөгө жалгыз кызын бүткүл кан-жаны менен алып келгендей эле, азыркы абалында дагы кашык каны калганча кызын зөөкүрлүк, мыкаачылык менен кордоп өлтүрүшкөн кылмышкерлер жазаланмайынча эс алалбачудай туюлду. Ким да болсо анын ордунда ошентмек.
Тилекке каршы, К. Ибраеванын айтымында, Сокулук райондук соту прокурор менен биргеликте бир жыл бою процессти артка жылдырып келишет. "Күбөлөр жетишсиз дешүүдө. Муну укканда аргасыз ойлоном, чын эле сот жана прокурор жактоочу менен биргеликте сатылып кетиштиби деп. 15 жолу соттук процесс болгонуна карабай, соттор тарабынан чечим кабыл алына элек",-деген К.Ибраева президент Р.Отунбаевага, Премьер-министр А.Атамбаевге, ЖКнын спикери А.Келдибековго, ИИМдин министри З.Рысалиевге, Генпрокурор А.Саляновага кайрылуу жолдоп, "Мен сиздерден абдан өтүнөм, кызымдын ишин Мамлекеттик иликтөө башкармалыгына (ГСУга) өткөрүп берүүңүздөрдү өтүнөм, себеби, мен мындан ары Сокулук райондук сотуна жана прокуратурасына ишенбейм. Ар бир сотто М.Нуржановдун жана Р. Ариповдун ата-энелери мени шылдыңдап, шакаба чегүүдө. Мен мындай акыйкатсыздыктан чарчадым. Эгерде кайрылуума жакын арада жооп болбосо, кылмышкерлерди жазалоо үчүн жанымды курман кылууга (самосуд) даярмын", -дейт.
Азима АКУНОВА,
"Ачык саясат+"

P.S. Бул кылмыш иши боюнча гезитибиздин кийинки сандарында журналисттик иликтөө жүргүзүүгө аракеттенебиз.







кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??