Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Арман... арман!

Рысбек, Тынычбек Акматбаевдердин атасы Абдумалик Акматбаев:
"Балдарымдын өлүмүнө
Кулов аралашкан"
Жогорку Кеңеште депутат болуп, кызмат учурунда каза тапкан маркум Тынычбек Акматбаевге "Эрдик" наамы ыйгарылбай келет. Ошондой эле өзүнүн туулуп-өскөн жери Ысык-Көл районунун эли Чолпон-Ата шаарында өзү окуп бүткөн Киров орто мектебине атын ыйгаруу демилгесин көтөрүп, бирок, айрым адамдардын бут тосуусунан улам, элдин максаты ишке ашпай калган. Учурда маркумдар Рысбек жана Тынычбек Акматбаев тууралуу ар кандай жөө-жомоктор айтылып жатат. Атайын Ысык-Көлгө барган сапарыбызда аз болсо да саз иштеп, ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашап келген маркум Акматбаевдердин атасы Абдумалик Акматбаевге жолугуп, суроолорубузга жооп алдык.

- Ата, көптөн бери Тынычбек байкенин наамын Киров орто мектебине ыйгаруу демилгеси көтөрүлүп, бирок, ишке ашпай келет. Кимдер тарабынан бут тосулуп жатат?
- Сары-Камыш айылынан Чолпон-Атага чейинки айыл тургундары жана мектеп директорлору өздөрүнүн чогулушунда чечим чыгарып, Киров орто мектебине наамын ыйгаруу демилгесин көтөрүшкөн. Тынычбегим өзү окууну ушул мектептен окуп бүткөн. Буга чейин Киров орто мектебинен бир да депутат чыккан эмес. Бирок Назгүл кызым, көрөалбастар бут тосуп жатат.
- Кимдер? Ачык айта аласызбы?
- Киров орто мектебинин директору жана "Тынычбекти тааныбайбыз" деген мугалимдер. А чынында кийин келген мугалимдердин мектепке иштегенине үч-төрт гана жыл болсо Тынычбекти таанышпайт да. Ал эми окуткан мугалимдери жана Тынычтын класс жетекчиси "Тынычбектин атын берели. Он жыл ушул мектепте окуп, ийгиликтүү аяктаган. Чынында аты ыйгарыла турган бала. Бул жигит жөн жүрүп каза болгон жок. Депутатка өтүп, парламентте коопсуздук жана күч структураларына төрагалык кылып, иш үстүндө түрмөдөн бандиттердин колунан каза болгон"-деп колдоп жатышат. Бир миңге жакын окуучулардын ата-энеси жана Чолпон-Атанын тургундары кол коюп беришкен. Бул демилгени көтөргөндөрүнө үч жылдан ашып кетти.
- Жергиликтүү бийлик бул туурасында эмне деп жатат?
- Бири-бирине өткөрмөй адат болду. Губернатор акимге берет акими шаар мэрине ыргытат. Ошентип ыргытып ойногон оюнчуктай эле болуп калды. Мэрге кайрылсак "мугалимдер менин тилимди албайт" дейт. Ошентип эч кимиси укпай, өздөрүн өздөрү билишет. Ушинтип отуруп, биздин өлкөдө чындык бар экендигинен да күмөнсанап калдым.
- Демек жаңы бийлик келгени менен чындыкка дале жете элексиз да?
- Бакиевдин барында го баары белгилүү эле да. Менин балдарым ушул Бакиевдин кол астында каза болду. Азыркы келген өкмөттөн жакшы нерселерди, чындыкты, тең заманды, жакшылыкты күткөнбүз. Элдин арыз муңу угулат го дегенбиз. Эч кандай арыз-муң угулбай эле адам укугу кордолуп жатат. Мына гезитке канча жолу чыгып жатам, эч кандай натыйжа чыккан жок. Кайра менин баламды бандит кылып жүзүнө көө сүйкөп жатышат. Тынычбегим түрмөдөгү бандиттерди текшерип барган жеринен каза болуп жатпайбы. Эгер бандит болсо андай болбойт эле да. Жогорку Кеңеште коопсуздук жана күч структуралары боюнча төрага болбойт эле да. Учурда депутат болуп тургандардын көбү менен Тынычбек чогуу иштешкен.
- "Эрдик" наамы да ушул кезге чейин алынбай келет. Мунун себеби эмнеде?
- 2006-жылы декабрь айында Марат Султанов Жогорку Кеңеште спикер болуп турганда "Эрдик" наамын берүү чечимин кабыл алган. Менин балдарым Бакиев колдуу болуп каза болуп жаткандан кийин Бакиев кантип өзү наам берет. Тигине каза болгон милицияларга наам берилип жатат. Менин балам милициядан чоң кызмат кылса да "Эрдик" наамы" ыйгарылбай келгени өкүнүчтүү болууда.
- Жогорку бийликтен кимдерге кайрылдыңыздар?
- Тынычбегим менен чогуу депутат болушкан Марат Султановго, Акматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге кайрылдым. Уулум ушул адамдар менен чогуу депутат болуп, үйгө келип-кетип даам сызып жүрүшкөн. Ошондон улам "Эрдик" наамын алып берүүгө жардам болобу деп кайрылдым. Андан сырткары Роза Отунбаевага да кайрылдым. Тынычбекке "Эрдик" наамын берүүнү Марат Султанов спикер болуп турганда депутаттарга салып, чечимге кол койгон. Ушул балдар Тынычбектин арбагын сыйласа "Эрдик" наамын ыйгарып беришет го, өзү окуган мектепке атын коюп берет го деп үмүт кылдык эле. Бирок, эмгиче аткарылбай жатат. Акматбек Келдибеков кайра спикер болуп келип отурат. Тынычбек ушул депутаттардын көз алдында каза болгон. Чындык айтылат го десем, негедир чындык ачыкка чыкпай жатат. Президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаевге да кайрылгам. Каптагаев биздин өмүр таржымалыбыздын бардыгын жакшы билет, балдардын чоңойгонунан өйдө жакшы билет, биздин жердин кулуну, өз бала деп мындан бир жыл мурда кайрылгам. Бирок, тилекке каршы бул жигиттен да эч кандай жооп болбоду.
- Ата, учурда карапайым калк сиздин уулдарыңызды баатырга теңеп, чын жүрөктөн ыраазы болуп келишсе, Жогорку Кеңештегилер "бандит" дегенге чейин барып жатышат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Ээ айланайын. Рысбекти бандит атка кондурган ошол чоңдор өздөрү бандит. Керек болсо бандиттен жаман. Өздөрүн кантип жашырууну билбей, башкаларга асылышат. Криминал болсо менин балдарым эл үчүн, жер үчүн чоң баатыр Эртабылдынын, олуя Чолпон-Атанын эстеликтерин салбайт эле да. Эмне криминалдар азыр ошентип жатабы? Криминалдар элди тоноп, атып жатат. Бирөөнүн атын коелу десе ага бут тосуп (Тынычбектин атын мектепке койгонго бут тосуп жаткан криминалдарды айтып жатат) атын койгузбай жатат. Учурда жалаң гана Бакиевдердин, Максимдин кол астында иштеген крминалдар бийлик жүргүзүп жатат. Мына төрт-беш жылдан бери менин баламдын атын өзү окуган мектепке наамын койдурбай, элди тескери жакка үгүттөп жатышат. Эгер уулдарым криминал болсо кыргыз деп жүрөгү сокпойт эле да. Мына мындан бир нече жыл мурда Чолпон-Атага келе жаткандар жолдон уктап өтүп кетишчү. Азыр Рысбегим тургузган олуя Чолпон-Атанын эстелигине токтоп, Чолпон-Атанын дарбазасына келдик дешип, куран окутуп бата кылып кетишет.
- Мектепке Тыныч байкенин наамын ыйгаруу боюнча губернаторго кайрылыпсыз. Губернатор акимге, аким Чолпон-Ата шаарынын мэрине жиберген экен. Шаар мэри кандай аракеттерди жасады?
- Шаар мэри Маратов Мирлан "он күндүн ичинде жыйналыш кылам. Ошондо чечебиз" деген. Көрсө он күн бою дүжүрлөрдү даярдап жатыптыр. Бул мэр өзү үчүнчү күчтөрдөн болот. Мугалимдерди атайын даярдап, тескери үгүттөп, өтүп кеткен уулумду башкача айтканда өлгөн адамга каршы иш жүргүзүп, жайына жөн жаткырбай жаманатты кылыптыр. Бул Кудайдын алдында да, элдин алдында да, биздин чоңдордун алдында да калыстыкка жатпайт. Мындай үчүнчү күчтөрдүн адамдарын тезирээк тазалап, элге күйгөн, эл үчүн иштей турган адамдарды коюшубуз керек. Топ тээп жүргөн, элдин келечегин ойлобогон адамдарды криминалдар такка отургузуп кеткен. Учурда менин абалым оор болуп турат Эгер бир нерсе болсом үчүнчү күчтөрдөн гана көрөм.
- Демек, Ысык-Көл районунда криминалдар коюп кеткен адамдар дагы деле иштеп жатабы?
- Бүт баары иштеп жатат.
- Мындан мурда сиз тууралуу кыргыз тилдүү бир гезит жазып чыкты эле. Мына ошол туурасында айтсаңыз?
- Мени шыбап жаманатты кылып жазган ал гезиттин редакторуна телефон чалып "ай балам мен сени көргөн да, уккан да жокмун. Сага мени каралоого ким заказ берди" -деп сурадым. Көрсө Шайкүл Бектурова деген аял менен Киров орто мектебинин директору Абдыканова Анара экөө телефон чалып мени жаманатты кылышыптыр. "Абдуразаковго убада берип койдук эле. Ал киши бизди көйнөк-кече, чай-пайыбыз менен камсыз кылат. Ал эми Тынычбек эмне кылды эле. Абдуразаковдун атын беребиз" дешиптир. Тынычбектин кылганын ал аялдар көрбөсө дагы Сары-Камыштан баштаган Чолпон-Атага чейинки айылдыктардын бардыгы билет.
- Мектепке атын койдурууга Абдуразаков да чуркап жүрүптүрбү?
- Билбейм балам. Аны уккан жокмун. Болгону жанагы эки аял "Алиби" гезитине ошентип айтышыптыр. Ошондон улам билип отурам. "Мектепте балдарга жүз сомдон берип кетиптир, белек берип кетиптир" деген эле сөздөр чыгат. Эгер менин колумда байлыгым болсо жеке эле Чолпон-Атага эмес бүтүн Кыргызстанга жардам бергим келип турат. Чындап күйгөн атуул бир гана жерге эмес, бардык элге жардам берет.
- Тынычбек жана Рысбек аттуу уулдарыңызды өлтүргөндөр кармалып, тиешелүү жазаларын алыштыбы?
- Эч кандай жазага тартылышкан жок. Керек болсо күнөөлүүлөр кармалышкан дагы жок. Конкреттүү тергөө жүргүзүлгөн жок. Менин уулдарым Тынычбек менен Рысбек Жаныш, жана Максим Бакиевдердин көрсөтмөсү менен жок кылынып жатса кантип кылмышкер табылмак эле. Жаныш Бакиев Сопуев деген немеге "элүү миң доллар берем, Тынычбекти колонияга алып барып жок кыл" -деп көрсөтмө бериптир да. Башында Тынычбек "барбайм" дептир. Бирок, Сопуев "Эркек болсоң барасың" -деп намысына тийиптир. Батукаев менен да алдын ала сүйлөшүп коюшкан. Бул жерде Феликс Кулов да аралашкан. Куловдун буга чейин да кылган көп иштери бар. Эгер алардын баары ачыкка чыкса башкача болот.
- Ата учурда Тыныч байкенин өлүмүнө шектүү делип, күмөндүү ойлорду жаратып жаткан Кулов Жогорку Кеңеште депутат болуп отурат. Мындан улам азыркы бийликке ишенип болобу?
- Азыр Бакиевдин сүрөтүн үйүнө коюп алгандардын бардыгы бийликке келди. Эми арасында бычакка саптуулары деле бар. Качкын депутаттар да бар. Жанагы Америкага качып кетип келген Өмүрбек Абдырахманов деген неме Рысбекти бандит деп жатпайбы. Менин балам бандит экенин ал кайдан билет экен. Алтымышка чыгып калган адам оозуна ээ болуп сүйлөш керек да. Ал эркекпи же аялбы. Аял болсо жоолук салынып алып, ар кайсы жакка ушак айтпайбы. Эркек болсо эркектей болбойбу Америкага качып кетпей. Ал жакка жансоогалап качып барып, анан жаңы бийлик келгенде келе калып эки жүздүүлөнүп жатат. Эркек деген эки жүздүүлөнбөй бир жүз менен жүрүш керек. Менин балдарым бандит болсо ошол Абдырахмановдой болуп качып кетет эле да. Чыныгы бандиттер өлкөдөн качып кетишет. А менин балдарым качпастан, ажалга тике карашты.
- Рысбек аба салдырган олуя Чопон-Атанын эстелиги ар дайым таза болуп, гүлдөп турат. Бул жерди өзүңүздөр карайсыздарбы же жергиликтүү бийлик карайбы?
- Жергиликтүү бийлик карабайт. "Бизге өткөрүп бергиле"-деп жатат. Жергиликтүү бийликке өткөргөндө баары белгилүү да. Бир жылдан кийин фундаментин да таппай калабыз. Анан уулдарым элим-жерим деп салгандан кийин колумдан келишинче көздүн карегиндей сактап жатам. Өзүбүз 2000-жылы кароолчу алганбыз. Көп жылдан бери ошол кароолчуга акча төлөп кайтартабыз. Төрт миң сом пенсия алам. Эки миң сомун кароолчуга берип турам. Мына ушул жерге эл келип, эстеликтин артындагы карагайларда көлөкөлөп эс алышат. Бардыгы болуп үч жарым гектар жер бар. Дем алыш күндөрү биздин гана эл эмес, Таластан, Оштон, коңшу Казакстандан адамдар келишип, мал союп, куран окутуп, сыйынып кетишет.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Чолпон-Ата-Бишкек
"Ачык саясат+"







кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??