Кырдаал

Токтогул КАКЧЕКЕЕВ милициянын полковниги, саясий серепчи:
"АКШнын авиа базасын кетирмек түгүл, Американы карап чүчкүрө да албайт"
- Токтогул мырза айтсаңыз, Кыргызстандын азыркы коопсуздук абалына кандай баа бересиз?
- Кыргызстандын коопсуздугун сактап калууга кепилдик бар. Анткени, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кудурети жетет. Мына Кантта ОДКБнын авиа күчтөрү турат. Ошол авиа күчтөрдүн негизинде Кыргызстанга кол салууга аракеттенген күчтөр башкача айтканда, сырты же ички душмандар Канттагы авиа күчтөрдүн күчү менен өздөрүнүн илептерин ичине тартып, аракеттерин көрсөтө албай турушат. Себеби, бул авиа күчтөрү, керек болсо он миң аскери менен диний экстремисттик уюумдарды же радикалдуу топторду бир сааттын ичинде талкалап коё алат. Муну менен мен кепилдик бар деп ишенем.
- Азыр билесиз Парламентте эл өкүлдөрү, Өкмөт элдин камын ойлобой өз ара мушташканга чейин барышууда. Ушул учурдан пайдаланып, сырткы күчтөр Кыргызстанга кооптуу абалды пайда кылышы мүмкүнбү?
- Ойлобойм. Эл түшүндү кимдин күчү жана кимдин азгырыгы менен элдин каны төгүлүп кеткенин. Кыргыздар да өзбек улутундагы жарандар да көп нерсени билишти. Жыйырма жылдан бери ынтымактуу, бирге иштеп, биринин үйүнөн бири чай ичип жүрбөдү беле. Мындан улам, биз кантип айта алабыз кыргыз өзбек бири-бирине тубаса душман деп. Тескерисинче биздин чиновниктер ошол өзбектерди өздөрүнүн тойлорунда кызмат кылдырат. Буга көп эле жолу күбө болуп атпайбызбы. Ошондой эле, өзбек лидери ЖКдепутаты Кадыржан Батыровдун үйүнөн чай ичпеген, чакырган ресторанына барбаган чиновниктер барбы? Албетте жок. Баары чай ичкен десек болот. Ошентип биз өзүбүздүн баркыбызды кетирип, айбан кейпине келип, акырында алар бийликке талап коё баштаганда, мына кан төгүлүп кетти. Биз чынында Манастын урпагы болсок, чыныгы кыргыз болсок мындай аракеттерге барбашыбыз керек болчу. Азыр кыргыздарда баягы эле адат улана берсе анда сырткы күчтөр кол салышы мүмкүн. Кооптуу абал мына ушундай көрүнүштөрдүн кайталанып жаткандыгынан улам пайда болуп кетиши ыктымал.
- Эки элдин ортосундагы кандуу кагылыш кайрадан кайталанбашына кепилдик бергенге болобу?
- Дагы кайталанбайт деп кепилдик эч ким бере албайт. Он жыл, жыйырма жыл аралыгында эмес бир жылдын ичинде кайра жарааттар тырмалып кайталанышы мүмкүн. Азыр орустардын бизге болгон мамилесинен улам өзбек эли тынчтанып турат. Ал эми согуш учурунда биздин чек-арага Өзбекстандын жүз миң куралчан аскерлери турду. Эгер ошол Өзбекстандын аскерлери кирип келсе бир кыргыз калат беле? Бул нерсени Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп токтотуп калган.
- Көмүскө парламенттин төрагасы Аликбек Жекшенкулов баштаган сасий партиялардын лидерлери АКШнын Кыргызстандагы транзиттик борборун Кыргызстандын аймагынан чыгаруу демилгесин көтөрүп чыгышты?
- Мунун баары жомок. Өз алдарына карап бир нерсе кылыш керек да. Булар саясий упай топтоонун амалын издеп жатышат. АКШнын авиа базасын кетирмек түгүл Американы карап чүчкүрө да албайт. Аликбек Жекшенкулов Президент болгон күндө да, аны Парламент чечет. Биз парламенттик Республикабыз.
- Кыргызстанда АКШнын авиа базасы менен Россиянын базасы орун алган. Бул экөөнүн кайсынысы Кыргызстандын коопсуздугуна кепилдик боло алат деп айта алсыз?
- Россиянын. Негизи Россиянын учактары болгону менен, ОДКБнын учактары болуп саналат. Биздин азыр эмнебиз бар, эч нерсебиз жок. Мына ОДКБнын күчүнө таянып отурабыз. Биздин учактарды эчак эле "Канат" деген программа менен эки вертолёт полкту, бир "стребительный" полкту сатып жиберген. Буларды сактап калсак болот эле да. Ошол учурда Казакстан, Өзбекстан ал гана эмес Тажикистан да кармап калды. Эмне кыргыздардын кылычы кепил болуп бере алабы? Азыр кылыч менен согушка аттануучу мезгил эмес.
- Азыр Кыргызстанда үчүнчү күчтөр бар деп коомчулукта кооптонуу пайда болуп жатат. Мына ошол үчүнчү күчтөрдөн кооптонууга негиз барбы?
- Эми бүгүнкү күндө Кыргызстанда абал туруктуу эмес. Бир убакта кандайдыр бир коркунуч абал жаралып жатат. Мамлекетибиздин түндүк-түштүк болуп эки бөлүнүп жатышынан улам, үчүнчү күчтөр пайда болуп жатат. Ал үчүнчү күчтөр кайсылар? Булар улутчулдар, динчилдер, ошол көмүскө экономиканын мырзалары. Анткени, мамлекет өзү ордун таппай чабышып жатканда, мына ошол күчтөр пайдаланып биздин жерди тартып алгылары келет. Кыргызстанга 25 миллион адамды батырып Швецария мамлекетиндей өнүктүрүп, ар бир адамга иш таап берүүгө болот. Үчүнчү күч бул капысынан чыккан, ойдо жок жерден пайда боло калуучу уюмдар. Мамлекет алсыраган учурда капталдан чыга калып сокку урганды үчүнчү күч деп коёт.
- Азыр Өзбекстанда саясий туруксуздук өкүм сүрүп жатат. Булардын залакасы Кыргызстанга тийбейби?
- Өз маалында Түркистан автономиялуу Республика болуп турганда, Өзбекстан Югаславиянын кейпин кийип калган. Ар кайсы уруудан, ар кайсы улуттан кошулуп отуруп мына ошондон Өзбекстан пайда болуп калган. Адегенде Өзбекстанды Кыпчакия деп коёлу деди. Бирок, Россия "Түрк тилдүү элдер биригип, он жыл аралыгында Россиядан өтүп кетет" деген ойго келип, Түрк тилдүү мамлекеттердин башын ажыратып ар бирин чилдей таратып жиберген. Бул албетте геосаясий иш болуп эсептелинет. Чындыгын айтканда Өзбекстан дагы бай өлкө болуп саналат. Нефть, алтын кендеринин баары чыгып турат. Президенти Ислам Каримов чоң саясатчы болгондуктан Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпей, эки мамлекеттин ортосундагы тынчтыкты сактап турат. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда кандайдыр бир суз мамиле болсо дагы, эки мамлекеттин ортосунда карым катнаш бар. Эртеңки күнү Өзбекстанда кыйынчылык болуп калса Өзбекстандын ич ара чыр-чатактары пайда болуп ыдырап кетиши мүмкүн. Мисалга Өзбекстанда ар кошкон улуттун өкүлдөрү жашайт, ошол эле үч миллионго жакын казактар, үч миллионго жакын тажиктер, кара-калпактар, түркмөндөр жашайт. Эртеңки күнү бийлик алмашып элдин толкуну пайда болсо, Өзбекстан заматта ыдырап кетет. Ал эми Кыргызстанга кооптуу абал туудурбаш үчүн Өзбекстандын жетекчилери менен ийри отуруп, түз кеңешип алып бир чечимге келиш керек болуп калат. Эгер бизден же алардан кетчү болсо, анда аларды жазага тартууга керек. Бул маселе радикалдык жол менен же сепаратисттердин жолу менен ишке ашса, анда аёосуз күрөшүү керек деген чечим кабыл алышыбыз керек. Өзбекстан менен Казакстан кошулушу керек. Аны ОДКБнын ЕврАзЭстин талкуусунда бектишибиз зарыл. Анан эле Өзбекстандан, Афганистандан коркобуз деген болбойт. Кыргызстан эгемендүү Республика. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды, өзүбүздүн маселени эл аралык мыйзамдын негизинде чечишибиз керек.
- Азыр баарына эле маалым Афганистанда кагылышуу болуп жатат. Ушул жактан да тааасир этпейби?
- Таасир этет. 2012-жылы АКШ Афганистандын аймагынан өзүнүн аскерий базасын чыгарып кетебиз деп жатат. Ошондо дагы, байкоочу катары АКШнын чакан куралдуу күчтөрү Афганистанда калат. Бирок, болжолдуу түрдө кийин ошол чакан куралдуу күчтөрүн Орто Азия мамлекеттеринин аймагына жайгаштырабыз деп жатышат. Орто Азияга аскерий базаны жайгаштырууга ыңгайлуу жер бул Өзбекстан менен Кыргызстан болуп эсептелинет. Ошондуктан маселе бул жерде өтө оор болуп жатат. Бир жагынан бул маселеге Россия да көмөктөшүп жатат. Аткени, Россиянын аскерлери Афганистанда согушуп турушу өтө ыңгайлуу. Азыр наркотрафик Афганистандан келип жатат. Россияда үч миллиондой наркотик колдонгон адамдар бар. Россияда болгону 142 миллион адам калды. Бүгүнкү күндө Россиянын жоголуп кетиши, же жаман жагдайга тушугуп калышы биз үчүн оорчулукту алып келет.
- Маалыматтар боюнча алып караганда Иран мамлекети "бизге кайсыл тараптан ок атылса демек биз ошол жакка сокку жасайбыз"- деп жатышат. Американын биздеги базасы сокку жасашы мүмкүнбү?
- Алар бул нерсени бир нече жолу айтып чыгышты. Аны ашып кетсе исламдык бир эки дивизия келип эле талкалап кетет. Мына ошондой болчу болсо Бишкек шаарынын тең жарымын талкалап кетет. Бул өтө чоң маселе.
- Айтсаңыз азыр Кыргызстанда генерал наамын алган тың чыкмаларыбыз көп болуп кетти. Буга сиздин пикириңиз кандай?
- Оо-ой айланайын, алар кайсы кыйратып жасаган иштери үчүн алды генералдыкты? Булар жөн эле Курманбек Бакиевдин командасынанмын деп эле алышты. Эң эле оор абалга туш келген МЧС болду. Ал жерге бардык сабаты жок, паракорлорду жыйнап койду. Келип алып эдирендешип, "министрликти Ошко көчүрүп барсак ал жердеги табигый кырсыктардын саны азаят" -деп чыгышты. Кана азайганы азайган жок. Мына Россияда МЧС Москвада туруп тээ Камчаткадагы аскерий бөлүктөрдү башкара алат. А эмне үчүн биз так ошол кырсык боло турган жерге барып орнотушубуз керек. Бул албетте, биздин жетекчилердин башкаруу тажрыйбасы, маалыматы жоктугунан кабар берет. Ошондуктан мен министрликтерди же дагы бир комитеттерди түштүккө алып баруусуна каршымын. "Ак үйдү баш кылып Ошко алып барып койсок телегейибиз тегиз болуп калат"- деп ойлоп жатышат. Мунун баары жалган.
Маектешкен
Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ
"Ачык саясат+"