Көмүскө оюндар…

"Кумтөрдү" куруткан Үсөновду
Атамбаев неге коргоп жатат?!
1992-жылы 4-декабрда кыргыз өкмөтү жана Канада корпорация "Камеко Корпорэйшн" менен биргеликте "Кумтөр" биргелешкен ишканасын түзүү келишимине кол коюлуп, келишимдин негизинде кыргыз өкмөтүнүн акциясы 66,67%ды, ал эми 33,33% акциясы "Канадалык корпорациясына тиешелүү болгон.

Бирок, тилекке каршы кыргыз өкмөтү келишимдеги бардык көрсөтмөлөрдү аткарып, 2002-жылы канадалыктардын сунушу менен "Кумтөралтын" проектиси алынып, жыйынтыгында "Центерра Голд Инк." компаниясы түзүлгөн. Ошентип кыргыз өкмөтү болгону 32,66% акцияга ээ болуп отуруп калышкан. Мына ушундан тарта "Центерра Голд Инк." компаниясынын аферасы башталган. Бирок, ортодон канча жылдар өтсө да, башка өлкөгө жем болуп жаткан кыргыз кенин иликтөөгө бир да кыргыз чиновниги дааган эмес. Экс-вице спикер Кубанычбек Исабеков "Центерра Голд Инк." компаниясын иликтөөнү колго алып, аталган компания менен 45 жолу соттошуп, кыргыз өкмөтүнө миллиондогон акчаларды өндүрүп бергендиги маалым. Учурда Исабековдун Алмаз Атамбаевге жазган кайрылуусу колубузга тийип отурат. Тактап айтканда качып кеткен мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов 2010-жылдын 25-мартында "Кумтөрдүн" айланасындагы 341 тонна изилденген запас алтыны бар 16 330,8 гектар жерди "Центерра Голд Инк." компаниясына берүү токтомуна кол коюп салган токтому колубузга тийип, төбө чачыбыз тик турду. Көрсө дардаңдаган Данчик жөн кетпей кыргыздын байлыгын башкаларга кармата салып качып кеткен экен. Жогоруда айтылган Данияр Үсөновдун токтомун жокко чыгарып, кыргыздын жерин кайра кайтарып алуу жөнүндө Исабековдун 2011-жылдын 22-мартында Премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жазган кайрылуусу жоопсуз калып отурат. Демек, "Кумтөр" чыры мындан ары дагы уланып, акыры чоң жоготууга алып келбесе эле болгону. Атамбаев далилдүү ишке басым жасабастан, ит бекер кеткен жерди кайтарып алганга даабай жатканына караганда, анын да оозун канадалыктар майлап кеткен окшобойбу. Балким Данчик сүйлөшүүгө чыгып жатпасын. Көрсө кыргыздын жерлери көрүнөөсү көрүнөө, көмүскөсү жең ичинен көмүскө сатылып кетип жатыптыр. Ошентип канадалыктар 341 тонна запасы бар жерди алып, алтынга марып жатышкан чактары.
Кийинки сандарыбызда "Кумтөр" боюнча кызыктуу жана эч жерде жок маалыматтар сандан-санга жазыла баштайт.
Назгүл МАМЫТОВА
"Ачык саясат+"





Беш ыргай
- Ар бир министрликке Коомдук байкоо кеңешин түзүүнүн зарылчылыгы барбы?
Ушул жылдын 25-26-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын демилгеси жана ПРООНдун көмөгү менен Бишкекте Коомдук байкоочу Кеңештин иштерин эффективдүү уютуруу боюнча окуу семинары өткөрүлдү.
Иш-чарага КБКтин мүчөлөрү, Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Алар КБКтин практикалык ишмердүүлүгү тууралуу ой бөлүшүп, ага чакырылган серепчилер мындай кеңештердин эл аралык тажырыйбалары жөнүндө, КБКтин иштерин пландоо, ишмердигиндеги маалыматтык-байланыш түзүмдөрү тууралу ой бөлүштү. Ошондой эле Мамлекеттик башкаруу органдарынын финансылык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгына мониторинг жүргүзүү маселеси да өзгөчө блокто каралды. Семинарды уюштуруучулардын бири Мухабат Мурагзованын айтымында, иш-чара КБКтин потенциалын айкындоого багытталгандыгын айтып өттү. Ошондой эле, "Азыртадан эле кеңештердин алгачкы кыйынчылыктары жана оң тажырыйбалары байкалды", -дейт М. Мургазова.
Маалыматка ылайык, Коомдук байкоочу кеңештер (КБК) 2010-жылы күзүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин демилеси менен мамлекеттик органдардын чечимдерди кабылдоодо ачык-айкындыкты камсыздоодо, мамлекеттик кызматтын сапатын жакшыртуу жана жарандык демилгелерди ишке ашырууга шарттарды түзүү багытында уюштурулган. КБКтин Кыргыз Республикасынын баардык мамлекеттик органдарында уюштуруу 2011-жылдын 11-июнунда аяктаган. Кеңештердин түзүмүнө жарандык коомдун, илимий топтордун, Ишкерлер ассоциацияларынын, коомчулуктун өкүлдөрү киришкен.


Мыктыбек Абдылдаев, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
- Менин пикиримде, Коомдук байкоо кеңешин түзүүнүн Кыргызстанга өтө деле зарылыгы жок. Муну ашыкча нерсе катарында карасак болот. Бир тарабынан министрликтерди кыскартып жатса, экинчи тарабынан дагы жаңы сунуштарды киргизип жатат. Муну менен эч нерсе өзгөрбөйт. Мүмкүн, Өкмөт министрлерге ишенбегендигинен улам байкоо кеңешин түзүп жаткан чыгаар. Канткен күндө да, Өкмөткө андай жыйынтыктуу оң таасир алып келе бербейт. Алардын максатында, "Мына биз коррупция менен күрөшүп жатабыз" деген эле ой. Байкоо кеңеши мамлекеттик структуралардын ишине туура байкоо жүргүзө албайт.
Алымбеков Замирбек, "КСДП" фракциясынын депутаты:
- Менин оюмча, көп нерсеге ошол байкоочулардан таасир этет. Алар туура чечим чыгара алабы? Мамлекетке пайда алып келе алабы? Мына ошондо маселе. Эгерде байкоо кеңеши мамлекетке пайда алып келе турган болсо, кереги бар деп ойлойм. Ошол эле мезгилде, ушул байкоочу кеңешме министрликтердин кайсы бир деңгээлде "рычагы" болуп эсептелинет. Андан сырткары, көз карандысыз структура катары бааласак. Демек, министрликтердин берген отчетторун, жумшаган каражаттарын көзөмөлгө алып турат. Тескерисинче, эл көзүнө гана формалдуу түрдө болсо, анда мындан дагы бир тыянак чыгаруу кыйын.
Бакиров Мирлан,
"Республика" фракциясынын депутаты:
- Пайда жок мындан, бул дагы ашыкча маселе, ашыкча каражат. Өкмөт Министрликтердин өздөрүнө ишениш керек. Байкоочу кеңешме түзүп, анан ага да каражат колдонуунун эмне кереги бар? Мына ОНС деген сайт ачылды, алар эми каражат талап кылат, дагы бир ашыкча чыгым. Анан дагы ага министрлер өздөрү аралашып алышты, эми байкоочу кеңеш деп атоого болобу ушул нерсени? Албетте, жок. Мен каршымын Коомдук кеңешменин түзүлүп жатышына.
Абдыжапар Тагаев,
экс-министр:
- Булардын максаты "Мына биз Коомдук байкоо кеңешин түздүк, коррупция менен күрөшүп жатабыз" деп элди алдап жатат. Бул кандайдыр бир туура жыйынтык алып келе албайт. Анткени, байкоо кеңешинин мүчөлүгүнө министрлер өздөрү аралашып жатпайбы. Мисалы, Энергетика министри Аскарбек Шадиев өзү жүрөт. Ушул кантип болсун?! Үмүт артууга болобу? Коомдук кеңешме деп аты айтып тургандай эле, коомдук уюмдардан туруш керек эле да. Бул өзүн-өзү алдап жаткандык, ага кошо элдин башын айлантып атышат.
Алишер Мамасалиев,
экс-депутат:
- Бул демилгени сөзсүз түрдө колдошу керек. Себеби, бул структура эч кимге баш ийбейт, ошону менен бирге өкмөт структураларынын жумушун көзөмөлдөйт, аларга баа берет. Бүгүнкү түзүлгөн саясый система боюнча өкмөттүн жана алардын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги мыйзамда так жазылган эмес. Байкоо кеңешинин пайдасы барбы, жокпу ага баа бергенге убакыт келе элек. Жок дегенде бир жылдан кийин жыйынтыгына баа берсе туура болот.


Даярдаган
Жамалидин
ПАРМАНКУЛОВ
"Ачык-саясат+"