Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Даниярдын эриктирбеген сойку сымал жүрүш-турушунан
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Ильич Нарынбаев Акаев учурунда анын сөзүн сүйлөп, Бакиев учурунда мунун сөзүн сүйлөп, терисин сыйрый койгонду мыкты өздөштүрүп алган жайын жакшы билебиз. Азыркы кызматы канааттандырбай жатканбы, азыр ал Сотторду тандоо кеңешине төрага болгусу келип, тымызын тил эмизип жүргөн кези. Кимге дебейсиңерби? Атамбаев менен Текебаевге. Атамбаевге кирип, "сенин кишиңмин" деп ага бирди сүйлөп, бери өтүп эле Текебаевге кирип, "сенин кишиңмин" деп ага такыр башканы сүйлөп, ошол "төрагалыкты мага бергиле, кыйратам-жыргатам" деп жүргөнүн эшитип калдык. Май-көл, сүт-көл кайда экенин мурду жакшы сезет да анын. Бекер жеринен ушинтип чарпылып жүрөт дейсиңерби. Данияр мырза сотторду тандаган жагына чоң болуп кетсе, биздин шорубуз шорподой каткыдай. Себеби, жакында эле өлкөгө резонанс жараткан Чолпон аттуу кыздын түрк жаранынан токмок жеген ишине Нарынбаевдин Шаардык сотунда иштеген аялы Нарынбаева Людмила Петровна докладчик болуп, Жогорку Сотко чейин жеткен ишке "өйдө жактан ушундай сөз болду, бошотушубуз керек" деп далалаттанган дейт. Ойлогону ишке ашып, тиги түрк куйругун түйгөн бойдон качып кетип, эми "Казакстандан табылды" деп жар салымыш болуп жатышат.
"Аламан"


Будамайлоо
Бектур Асанов элди гана эмес Жогорку Кеңешти да алдап кеттиби?
Жалал-Абад областынын губернатору Бектур Асанов боюнча буга чейин бир топ кептер айтылып келди. Жалал-абаддыктар учурда губернаторуна ачык эле каршы чыгып жаткан учуру. Бирок, мунун баарын бийлик башындагылар билип турса да негедир өз кызыкчылыктарынан уламбы же башка дагы бир нерсеси барбы айтор тиешелүү чара колдонулбай келет. Кечээ жакында Жогорку Кеңешке келген Бектур Асанов парламентте сөз сүйлөп, Жалал-Абадга беш миллион АКШ долларлык инвестиция алып келгенин, май чыгаруучу завод ачканын айтып, оголе көп мактанды. Түштүк жергеси ар дайым журналисттердин иликтөөсүндө болгондуктан, Бектурдун беш миллион долларлык инвестициясын иликтөөнү колго алганбыз. Иликтөөбүздүн негизинде төмөнкү фактыларга күбө болдук.
2005-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна Кыргыз-Пакистан биргелешкен ЖЧКсы "Аулия-Тунук" (2005-жылы 14-ноябрда ГТДТД №270825 номери менен Жалал-Абад шаарында каттоодон өткөн) жалпы суммасы 11млн 773 миң108сомдук май чыгаруучу техника жабдыктарын алып келишкен. "Аулия-Тунук" ЖЧКсы алып келген техника жабдыктарын Кадыржан Батыровдун көмүскө менчиги болгон "Исток-ЛТД" ЖЧКсына сатып жиберет. "Исток-ЛТД" ЖЧКсынын директору Акбар Исаков бул жабдыктарды Сузак районуна караштуу "УТТ-Трейд" ЖЧКсынан сатып алдым деп өзүнө кирештейт. Бирок, Жалал-Абад областтык каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан жабдыктар "УТТ-Трейд" ЖЧКсынан алынбаганы аныкталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле жабдыктарды "УТТ-Трейд" ЖЧКСы эч жерде каттоодо жок "Рабия компаниядан" алдым деп расписка менен "Исток-ЛТД" ЖЧКсынын директору Акбар Исаков Сыдыков Жеңишбекке берип жиберет. Мына ушундай башаламандыкты жараткан көз будамайлоонун айынан мамлекетке 2 млн, 354 миң, 462 сомдук зыян келтирилген. Учурда Сыдыков Жеңишбектен алган жабдыктары менен Мааткасымов аттуу жаран өзүн жеке ишкер катарында көрсөтүп, май чыгаруучу заводун иштетип жатат. Жалал-Абадда мындан башка май чыгаруучу заводду көргөнүбүз жок. Эгер Бектур Асанов айткан беш миллион долларлык инвестиция ушул болсо анда ал элди гана эмес Жогорку Кеңешти да алдап кетти десек болот. Ошондой эле Кадыржан экөөнүн ортосунда да келишим бар болушу мүмкүн. Себеби, май чыгаруучу завод Кадыржан Батыровго тиешелүү техника жабдыктары менен иштетилип жаткандыгы ачыкталып отурат. Мындан улам Бектур Асанов Жалал-Абадга алып келген беш миллион долларлык инвестициясы кайсылар жана кайдан алынып келингендиги боюнча маалымат бериши керек деп ойлойбуз. Болбосо каратып туруп калп айткандай эле болуп жатат.


Курманалиевдин куйругу таза эмес
Учурда парламентте отурган депутаттар бири-бири менен кайым айтышууну токтотуп, мыйзамсыз кеткен жерлерди, ошондой эле мурдагы бийлик учурунда мамлекетке зыян келтирген фактыларды козгоп алып чыгышса жакшы болмок эле. Мурдагы Жаратылыш ресурстары министри Капар Курманалиев 2008-жылы 26 миң гектар жерди Ала-Бука Чаткалдын ортосунан алып, 300 сомго лицензия жасатып койгон. Анан сессияда бул маселе көтөрүлүп, атайын комиссия түзүлүп иликтөө жүргүзүлүп баштаганда, Курманалиев Максимге даттанып барыптыр. Максим атасы Курманбекке айтып отуруп, соттон чечим чыгартып, ишти токтотуп коюшкан экен. Кийин бул маселени көтөрүп чыккан депутаттарды Бакиев сессияда катуу сынга алган дешет. Маалыматтарга караганда Капар Курманалиев Максимге 30млн доллар берген дешет. Ошондой эле Курманалиев Лондон биржасына барып, бул жерден 300 сомдон алган лицензияларды миллиондогон акчаларга саткан дешет. Ошондой эле Курманалиевдин үстүнөн буга чейин прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, ИИМтарабынан издөөгө алыныптыр. Бирок, Курманалиев эч жакка качпастан эле кийин бакыйган министр болуп жатпайбы. Бул маалымат менен Роза Отунбаева да жакшы тааныш дешет. Демек, мамлекетке зыян алып келген фактыларды козгой турчу учур келди.


Атаханов кылмышкерби?
Курманбек Бакиевдин пресс-секретары болуп, андан Иран Республикасына элчи болгон Авазбек Атахановду кимдер гана билбейт. Анын дипломатиялык жөндөмүнө жана билиминин жогорулугуна кеп айтып болбойт. Бирок, ошол эле биз мактап жүргөн Авазбек мырзанын үстүнөн бир кезде ИИМ тарабынан КЖКнын 316-беренесинин негизинде (холатность) кылмыш иши козголгон экен. Бирок, соттун чечими чыккан эмес. Сыягы сүйлөшүү жолдору менен бүтүрсө керек. Бул тууралуу маалымат биздин редакцияга капысынан түшүп калды. Демек биздин Кыргызстанда соттолбогон, тергөөдө суралбаган таза адам калган эмес экен да.


Окурмандардын эсине!
Эгерде Сиздин укугуңуз тепселип, сот, прокуратура, бийлик тараптан акыйкатсыздык болуп жаткан болсо, "Ачык саясат плюс" гезитине кайрылыңыз. Биз журналисттик иликтөө жүргүзүп, ак кайсы, кара кайсы экендигин аныктоого аракет кылмакчыбыз.
Сизден кат, арыз, кайрылуу жана кылмыш иштерине тиешелүү соттук процесстердин документтерин күтөбүз. Ошондой эле, "Ачык смс" рубрикасы сиз үчүн кызмат өтөйт, бул үчүн (0 778) 77 94 79 номерине "смс плюс" деген сөз менен маалыматтарыңызды калтырып койсоңуз болот. Мындан сырткары, (0 312) 90 14 36 номерине чалып байланышыңыз.
Урматтуу окурман!
Көөдөнүңүздү мите курттай жеп, жүрөгүңүздү түйшөлткөн суроолоруңузду, арыз-муңуңузду сот жана бийлик органдарына жеткирүүгө "Ачык саясат плюс" гезити көмөктөшмөкчү.
Биз Сизге жардам берүүгө даярбыз!


кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??